Каталог
Аталышы, номери же коду боюнча издөө жана чыпкалоо.
Табылган документтер: 211 145
Постановление · № 23
Кадамжай шаардык кенешинин 2025-жылдын 5-февралындагы №23 "Шаар аймагына маршруттук каттамын уюштурууга 2 даана автобус жана “Кадамжай-Тазалык” муниципалдык ишканасына лизинг аркылуу атайын техника сатып алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык мэриянын кайрылуусун, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүруу боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27,34,39-беренелерине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаар аймагына маршруттук каттамын уюштурууга 2 даана автобус жана “Кадамжай-Тазалык” муниципалдык ишканасына лизинг аркылуу атайын техника сатып алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Кабыл алынган: 5 февраля 2025 годаКадамжайский городской кенешКүчүндө