Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 576 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелери (мындан ары - Коопсуздук эрежелери) "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды (КТУЗ) колдонуу учурунда жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо максатында иштелип чыккан.
2. Коопсуздук эрежелери өнөр жайлык жана химиялык коопсуздукту камсыздоого багытталган талаптарды белгилейт. Коопсуздук эрежелерине КТУЗ колдонулган, атап айтканда КТУЗду өндүрүү, сактоо, сатуу (алуу), пайдалануу жана утилге чыгаруу процесстери жүргүзүлүүчү өндүрүштүк жайларга жана аянттарга коюлуучу талаптар, ошондой эле баштапкы материалдарга, даярдамаларга, полуфабрикаттарга жана бул процесстердин жүрүшүндө колдонулуучу өндүрүштүк жабдууларга талаптар, бул процесстерди жүргүзүүдө жабдууларды жайгаштырууга жана жумуш орундарын уюштурууга коюлуучу талаптар кирет. Коопсуздук эрежелери айрым КТУЗду колдонууда, анын ичинен руданы иштетүүчү өнөр жайда жана өнөр жайдын башка тармактарында кеңири колдонулуучу суюк хлорду, суюк аммиакты, органикалык эмес суюк кислоталарды жана щелочторду колдонуудагы атайын талаптарды белгилейт.
3. КТУЗду урунууда, ушул Коопсуздук эрежелеринин талаптары менен катар өнөр жайлык коопсуздук, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги, жарандардын ден соолугун сактоо, эмгекти коргоо, калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын пайдалануу жагындагы мыйзамдык актыларда белгиленген талаптар дагы аткарылышы керек.
4. КТУЗ жана жогорку уулуу заттар менен болуучу процесстер тирүү организмге таасир эткенде аларды өлүмгө дуушарлантуу жөндөмүнөн улам адамдардын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жаратат. КТУЗ айлана-чөйрө үчүн коркунуч жаратат, анын КТУЗ менен булганышы адамдардын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн өмүрүнө жана саламаттыгына түз же кыйыр зыян келтирет. Мындай коркунуч КТУЗду колдонууда, атап айтканда, КТУЗду өндүрүү, колдонуу, сактоо, реализация (колдонуу) жана утилдештирүү процесстеринде болот.
КТУЗдун топторунун мүнөздөмөлөрү ушул Коопсуздук эрежелеринин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн.
5. КТУЗду колдонууда бул заттарга таандык болгон сапаттарга же шарттарга байланыштуу жарылуудан коопсуздукту, механикалык, өрт, термикалык, электр жана радиация коопсуздугун камсыздоо зарыл.
6. Опурталдуу сапаттары боюнча КТУЗга кирген химиялык продуктуларды классификациялоо өндүрүүчү (өндүрүүчү тарабынан ыйгарым укук берилген адам), химиялык продукцияны импорттоочу жана экспорттоочу тарабынан ишке ашырылат. КТУЗду классификациялоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-февралындагы № 43 токтому менен бекитилген Химиялык заттардын/аралашмалардын коопсуздугун классификациялоо системасы жана опурталдуулук жөнүндө маалымат берүүнүн элементтерине: маркалоого жана Коопсуздук паспортуна талаптар жөнүндө жобону колдонуу керек.
7. Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына баңги каражаттарын жана психотроптук заттардын прекурсорлору болуп эсептелбеген уулуу заттарды ташууда, Евразия экономикалык бирлигинин Коллегиясынын 2016-жылдын 2-июнундагы № 57 "2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 Евразия экономикалык бирлигинин Коллегиясынын чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Евразия экономикалык бирлигинин Коллегиясынын айрым чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө" чечимин жана Евразия экономикалык бирлигинин Бажы аймагына баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлору болуп эсептелбеген уулуу заттарды ташуу жөнүндө жобону колдонуу керек. Баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлору болуп эсептелбеген уулуу заттардын тизмеси ушул Коопсуздук эрежелеринин 2-тиркемесинде берилген.
8. Коопсуздук эрежелери КТУЗ менен болуучу төмөнкү процесстерге колдонулат:
- сатуу максатында КТУЗду даярдоо үчүн зарыл болгон операциялардын жыйындысынан турган КТУЗду өндүрүү процесстери;
- КТУЗга болгон менчик укугун акы төлөмө негизде кабыл алуу-өткөрүү (анын ичинен алмашуу) үчүн зарыл болгон операциялардын жыйындысынан турган КТУЗду сатуу (сатып алуу) процесстери;
- КТУЗду багыты боюнча пайдалануу үчүн зарыл болгон операциялардын жыйындысынан турган КТУЗду колдонуу процесстери;
- белгиленген мөөнөттүн ичинде сакталышын камсыздоо менен КТУЗду жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн орунда аларды тийиштүү абалда сактоо үчүн зарыл болгон операциялардын жыйындысынан турган КТУЗду сактоо процесстери;
- КТУЗга арналган (жана адатта пайдаланылган) максаттардан башка максаттарда пайдалануу үчүн, анын ичинде аларды зыянсыздандыруу же көмүү үчүн зарыл болгон операциялардын жыйындысынан турган КТУЗду утилдештирүү процесстери;
- хлорду өндүрүү, сатып алуу (сатуу), колдонуу, сактоо жана утилдештирүү процесстери;
- суюк аммиакты өндүрүү, сатып алуу (сатуу), колдонуу, сактоо жана утилдештирүү процесстери;
- органикалык эмес суюк кислоталарды жана щелочторду өндүрүү, сатып алуу (сатуу), колдонуу, сактоо жана утилдештирүү процесстери.
9. КТУЗ менен болуучу процесстерди идентификациялоо ушул Коопсуздук эрежелеринин талаптарынын конкреттүү КТУЗ менен болуучу конкреттүү процесске карата колдонулушун жана процесстин бул талаптарга шайкештигин баалоо максатында жүргүзүлөт.
КТУЗду жол транспорту менен ташуу процесстери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 токтому менен бекитилген Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежесине ылайык жөнгө салынат.
Суюк КТУЗду темир жол цистерналары менен ташуу процесстери 1951-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн жана 2009-жылдын 1-июлунда өзгөртүлүп, толукталган Эл аралык темир жол аркылуу жүк ташуу келишими менен жөнгө салынат.
10. Ушул Коопсуздук эрежелеринде негизги түшүнүктөрдүн төмөнкү аныктамалары пайдаланылат:
күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар (КТУЗ) - өтө уулуу жана белгилүү шарттарда (негизинен химиялык опурталдуу объекттердеги аварияларда) адамдарды жана жаныбарларды массалык уулантууга, ошондой эле айлана-чөйрөнү уулантууга жөндөмдүү химиялык бирикмелер;
химиялык заттардын классификациясы - химиялык заттардын опурталдуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган системасынын негизиндеги критерийлерге ылайык заттарды опурталдуулуктун конкреттүү классына (подклассына, тибине) киргизүү;
жумушчу зона - кызматкерлер туруктуу же туруктуу эмес (убактылуу) болуучу, полдун же аянттын деңгээлинен 2 метр бийиктик боюнча чектелген мейкиндик;
операция - эмгек куралдарын колдонуу менен бир жумуш ордунда аткарылуучу процесстин бүткөн бөлүгү;
жумушчу зонанын абасындагы заттын жол берилүүчү концентрациясынын чеги - жалпы иш стажынын ичинде күн сайын (дем алыш күндөрдөн тышкары) иштегенде кызматкердин ден соолугунун абалында аныкталуучу ооруларды жана четтөөлөрдү пайда кылбаган заттын концентрациясы;
зыянсыздандыруу - КТУЗду иштетүү же тазалоо, анын натыйжасында КТУЗ уулуу эмес же таасири күчтүү эмес затка (заттарга) айланат;
абгаздар - табияты же пайда болуусу ар башка болгон өнөр жайлык газдардын чыгышы;
анолит (ЭВР-А) жана католит (ЭВР-К) - суу түтүктүн туздалган сууларынан электролиздин таасири менен алынуучу электр активдештирилген аралашмалар;
газгольдерлер - катуу басым алдында газдарды сактоо үчүн курулма.
компримирлөө - газды өнөр жайлык иштетүү жана даярдоо (кысуу) технологиясы;
ротаметр - белгилүү убакыт бирдигинде чыгымдалган газдын же суюктуктун көлөмүн аныктоо үчүн прибор;
берилген басымдагы шүүдүрүм чекити - абанын курамындагы суунун буусу каныккан абалга жетип жана шүүдүрүмгө конденсациялана баштоосу үчүн аба муздашы керек болгон температура, шүүдүрүм чекити абанын салыштырма нымдуулугу менен аныкталат.
2-глава. КТУЗду урунуу процесстерине карата жалпы талаптар
11. КТУЗду урунуу процесстеринин коопсуздугуна төмөнкүлөрдүн эсебинен жетишилүүгө тийиш:
- заттардын касиеттерин изилдөө;
- заттардын опурталдуу касиеттери жана коргоочу чаралар жөнүндө зарыл маалыматтардын, анын ичинен Химиялык продукциянын коопсуздук паспортунун болушу;
- процесстердин коопсуздугун регламенттеген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда экспертизанын тийиштүү оң корутундулары бар, зарыл болгон долбоордук, технологиялык, эксплуатациялык жана башка документтердин болушу, ошондой эле бул документтерде каралган чечимдердин, иш-чаралардын жана талаптардын аткарылышы;
- адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө зыян келтирүү опурталын максимум азайткан, анын ичинен опурталдуу өндүрүштүк объекттерде жана жашоону камсыздаган объекттерде авариялардын, өрттүн алдын алууга багытталган, анын ичинде КТУЗдун чыгуусуна байланыштуу өзгөчө кырдаалдар жөнүндө калкка билдирүү боюнча чаралар, ошондой эле аварияларды, өрттү жана өзгөчө кырдаалдарды жана алардын кесепеттерин жоюуга, анын ичинен зарыл болгон резервдик материалдык ресурстарды түзүү жолу менен жоюуга багытталган коргоочу чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- КТУЗ менен процесстерди атайын арналган жана жабдылган өндүрүштүк аянттарда, имараттарда жана жайларда оң абалдагы жабдуулардын атайын түрлөрүн жана (же) транспорт каражаттарын, контролдоо жана башкаруу каражаттарын, сигнал бергичти, өрткө каршы коргоону, техникалык регламенттерде, шайкештик сертификаттарында же шайкештик жөнүндө декларацияларда каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда башка техникалык түзүлүштөрдү колдонуу менен жүргүзүү;
- КТУЗду өндүрүүгө, сатып алууга (сатууга), колдонууга, сактоого жана утилдештирүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте берилген уруксат документтердин болушу;
- зарыл болгон квалификациясы жана зарыл болгон медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндөн кийин иштөөгө уруксат берилген кызматкерлер тарабынан процесстерди жүргүзүү;
- жамааттык жана жеке коргоо каражаттарынын бар болушу жана кызматкерлер тарабынан колдонуу.
12. Заттардын опурталдуу касиеттери жөнүндө жана зарыл коргоо чаралары жөнүндө маалыматтары жок КТУЗ менен болгон процесстерди жүргүзүүгө жол берилейт.
13. КТУЗ менен болгон процесстерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген гигиеналык ченемдердин сакталышы камсыздалууга тийиш.
14. Жабык жайларда КТУЗ менен процесстерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген гигиеналык ченемдердин сакталышы камсыздалуучу эсеп менен, процесс башталганга чейин иштетилип жана процесс аяктаганда өчүрүлүүчү тартуучу-чыгаруучу желдетүү иштеп турган учурда жүргүзүү керек.
15. КТУЗ бар объекттерде пайдаланылуучу имараттардын жана курулмалардын, техникалык түзүлүштөрдүн коопсуздугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 516 токтому менен бекитилген Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жаатында иш жүргүзгөн уюмдар тарабынан өндүрүштүк контролду уюштуруунун жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлүүчү өндүрүштүк контроль менен ырасталууга тийиш.
3-глава. Персоналды кесиптик тандап алуу жана медициналык кароолор
16. КТУЗ менен иштөөгө 18 жашка толбогон адамдарга, ошондой эле кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга уруксат берилбеши керек.
17. Жумушка кирип жатканда алдын ала медициналык кароолор жана иш процессинде мезгилдүү медициналык кароолор кызматкерлердин аларга тапшырылган иштерге шайкештигин (жарактуулугун) аныктоо, жалпы кесиптик оорулардын, кырсыктардын алдын алуу максатында дарылоочу-профилактикалык мекемелер тарабынан жүргүзүлүшү керек.
18. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы мыйзамдарына ылайык кызматкерлердин айрым категорияларына КТУЗ менен процесстерди жүргүзүүгө жол берилбейт.
19. Жалпы уюм боюнча алдын ала жана мезгилдүү медициналык кароолордон өз убагында өтүү үчүн жоопкерчилик анын жетекчисине, ал эми бөлүмдөрдө - бөлүмдүн жетекчисине жүктөлөт.
4-глава. Персоналдын билимин текшерүү
20. Уюмдарда КТУЗ менен ишти жетектеген кызмат адамдары жана КТУЗ менен ишке байланышы бар кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 61 өнөр жайлык коопсуздук жаатындагы ченем жаратуучу кошумча ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине өткөрүп берүү жөнүндө токтомунун негизинде иштелип чыккан Өнөр жайлык коопсуздук тармагында адистерди даярдоону жана аттестациялоону уюштуруу жөнүндө жобого жана Уюмдардын жумушчуларын өнөр жайлык коопсуздук жагында окутууну жана билимдерин текшерүүнү уюштуруу жөнүндө жобого ылайык даярдыктан жана аттестациядан өткөрүлүп турууга тийиш.
21. КТУЗ менен иштеген адамдар медициналык текшерүүнү жана иштерди коопсуз аткарууга кесиптик (физиологиялык, психофизиологиялык жана айрым учурларда антропометриялык) жарактуулугун караган атайын тандоодон өтүшү керек. КТУЗ менен иштегендер алдын ала медициналык текшерүүдөн жана 12 айда бир жолудан кем эмес мезгилдүү медициналык кароодон өтүп турушу керек.
22. Окутуу жана эмгектин коопсуздугу боюнча нускамалоо үзгүлтүксүз көп деңгээлдүү мүнөздө болушу керек. Даярдоодо эмгектин коопсуздугуна окутуу эмгектин коопсуздугу боюнча сынак тапшыруу менен аякташы керек.
23. Эмгектин коопсуздугу боюнча киришүүчү нускамалоо ишкананын эмгекти коргоо боюнча кызматы тарабынан жумушка жаңы кабыл алынып жаткан адамдардын баары менен өткөрүлүшү керек. Жумуш ордундагы баштапкы нускамалоо, кийинки, пландан тышкаркы жана максаттуу нускамалоону иштин жетекчиси өзү жүргүзөт.
24. Жумуш ордундагы нускамалоолор аны өткөрүп жаткан кызматкер тарабынан билимди текшерүү менен бүтүшү керек. Билими канааттанарлык эмес болгон адамдарга өз алдынча иштөөгө уруксат берилбейт жана бир айдын ичинде кайрадан нускамалоодон өтүүгө милдеттүү болушат. Персоналга КТУЗ менен иштөөгө уруксат берүү үчүн жоопкерчиликти бөлүмдөрдүн жетекчилери тартышат.
25. Өз убагында жана сапаттуу окутуу жана билимдерин текшерүү үчүн жоопкерчилик жалпы уюм боюнча анын жетекчисине, ал эми бөлүмдө - бөлүмдүн жетекчисине жүктөлөт.
5-глава. Коргоо каражаттарын колдонууга коюлган талаптар
26. КТУЗ менен иштеген персонал бузугу жок жеке коргоо каражаттары менен камсыздалган болушу керек.
27. Кызматкерлерди атайын кийим, атайын бут кийим жана башка жеке коргоо каражаттары менен өз убагында камсыздоо үчүн жоопкерчилик уюмдун жетекчисине жүктөлөт.
6-глава. КТУЗду өндүрүү жана колдонуу процесстерине карата талаптар
28. Өндүрүштү эксплуатациялоо, аны реконструкциялоо, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу процесстерине байланыштуу иш зонасына же айлана-чөйрөгө КТУЗдун бөлүнүп чыгуусу көбөйүшү ыктымалдуу болгон учурларда долбоордук чечимдер иштелип чыгып, ден соолуктун жана айлана-чөйрөнүн корголушун кепилдөөчү кошумча иш-чаралар камсыздалышы керек (күчтүүрөөк вентиляция, башка жамааттык коргоо каражаттарын орнотуу, бөлүнүп чыгуучу заттарды тазалоонун натыйжалуулугун жогорулатуу).
29. КТУЗ менен болгон процесстерде гигиеналык ченемдер белгиленбеген чийки заттарды жана материалдарды колдонууга болбойт.
30. КТУЗ менен болгон процесстерде белгиленген технологиялык режимдерди жана алардын параметрлерин сактоо, зарыл болгон контролдоо каражаттарын колдонуу менен технологиялык процесстердин режимдерин жана алардын параметрлерин контролдоо камсыздалышы керек.
31. КТУЗ менен болгон процесстерде заманбап жылчыксыз жабдууларды, комплекстүү механикалаштырууну жана автоматташтырууну колдонуунун, ошондой эле процесстерди жана операцияларды роботтоштуруунун эсебинен заттар менен жумушчулардын түздөн-түз байланышын жокко чыгаруу керек.
32. Жайларда КТУЗ менен болгон процесстер иш зонасынын абасындагы КТУЗдун концентрациясы жол берилген концентрациянын чегинен ашпагандай болуп эсептөө менен процесс башталганга чейин иштетилип жана ал бүткөндөн кийин өчүрүлүп турган тартуучу-чыгаруучу желдеткич иштеп турган учурда жүргүзүлөт.
33. КТУЗ бөлүнүп чыкпай койбоочу жерлер иш зонасынын абасында жол берилген концентрациядан ашып кетпөөнү камсыз кылган тартуучу желдеткичи бар калканычтар (зонттор) менен жабдылат. Калканычта КТУЗдун буулары конденсацияланышы мүмкүн болгон учурда калканычтын төмөнкү бөлүгү суюктуктарды жабык идишке агызып чогултуучу же технологиялык процесске кайтаргычы бар суюктуктарды топтогуч түрүндө жасалат.
Иш зонасынын абасындагы зыяндуу заттардын жол берилген чектүү концентрациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Иш зонасынын абасындагы зыяндуу заттардын жол берилген чектүү концентрациялары" гигиеналык ченемдеринде берилген.
34. КТУЗду колдонууга же анын жаралышына байланыштуу процесстер жылчыксыз аппаратурада жана коммуникацияларда, процесстердин күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды бөлүп чыгарууну чектеген параметрлеринде (вакуумда, төмөнкү температурада), ошондой эле процесстерди автоматташтыруу жана аралыктан башкаруу каражаттарын колдонуу менен үзгүлтүксүз туюк циклде жүргүзүлөт.
35. КТУЗ колдонулган жайларда (реагенттик, флотация, сорбция, десорбция, регенерация, коюлткуч, кургаткыч, өнөр жай калдыктарын зыянсыздандыруучу) иш зонасынын абасында КТУЗдун концентрациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген иш зонасындагы зыяндуу заттардын концентрациясынан ашык экенин билдирип туруучу газ анализаторлорун орнотуу керек.
36. КТУЗ идиштерден дозалоочу аянттарда жайгашкан контакттык чандарга, флотациялык машиналарга жана башка агрегаттарга жылчыксыз автоматтык дозаторлордун жардамы менен жабык коммуникациялар боюнча берилиши керек.
37. Суюк жана газ түрүндөгү КТУЗду өндүрүштүк жайларга бул заттардын таасирине чыдамдуу материалдардан жасалган өткөргүч түтүктөр боюнча жиберүү керек. КТУЗду жеткирүүчү өткөргүч түтүктөрдүн бекиткич арматурасы жана фланец бириктиргичтери жылчыксыз жана бул заттардын чыгып кетишин болтурбагыдай болушу керек.
38. Газ түрүндөгү КТУЗ менен иштеген компрессордук түзүлүштөрдү долбоордо же түзүлүштүн конструкциясында каралган автоматташтыруу, контролдоо каражаттары жана тосмологуч системалары жок болсо же бузук абалда болсо пайдаланууга болбойт. Компрессор түзүлүштөрдү жана арматураны аралыктан башкаруу машинисттин бөлмөсүнөн, диспетчердик, оператордук бөлмөдөн жана башка коопсуз орундардан болушу керек.
39. Күлмайда, чаңдаган КТУЗду вакуум-пневматикалык системалар боюнча же толук жабылган жана жергиликтүү тартуучу желдеткич менен жабдылган транспортерлордун жардамы менен транспорттоо керек.
40. Суюлтулган, кысылган жана эритилген газ түрүндөгү КТУЗду ташуу үчүн атайын идиштер (цистерналар, контейнерлер, челектер жана баллондор) колдонулат. Газ түрүндөгү КТУЗ кампанын идиштеринен өткөргүч түтүктөр аркылуу жиберилсе да болот.
41. Суюк жана суюлтулган газ түрүндөгү КТУЗ үчүн кабыл алуучу резервуарлардын көлөмү транспорттук цистерналардын көлөмүнөн чоң болушу керек, бул резервуарларды агызуучу түтүктөрдү которуштурууга байланышкан кошумча операцияларсыз толтуруу үчүн керек.
42. Газ түрүндөгү жана суюлтулган газ сымал КТУЗду алууда системадагы газдын басымын контролдоо жана коммуникацияларга жана идишке суунун жана бөтөн газдардын келүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу керек.
43. Курамында КТУЗ бар химиялык аралашмаларды жамааттык жана жеке коргоо каражаттарын пайдалануу менен желдеткич иштеп турганда атайын түзүлүштөрдө даярдоо керек. Химиялык компоненттерди дозалоону жана аралаштырууну долбоорго ылайык жабык өткөргүч түтүктөрдө, реакторлордо жана идиштерде жүргүзүү керек.
44. Анализ үчүн идиштерден, реакторлордон жана башка жабдуулардан сынамдарды алууну вакуумдук ыкма менен же КТУЗдун бөлүнүп чыгуусун жокко чыгаруу максатында жергиликтүү соргучтар менен жабдылган атайын сынам алгычтар аркылуу жүргүзүү керек.
45. Суюк КТУЗдун ашып-ташып кетишин болтурбоо үчүн аппараттар жана идиштер толтуруунун максималдуу жол берилген көлөмү жөнүндө сигнал берүүчү шаймандар жана азыктандыруучу жана авариялык агымдарды чогултуучу идиштерге туташтырылган түтүктөр менен жабдылган болушу керек.
46. Чыпкалоо, суспензияларды центрифугалоо, кристаллдаштыруу операцияларын жана башка окшош операцияларды механикалаштарылган жүктөгүчү жана түшүргүчү бар герметикалуу аппараттарда жүргүзүү керек.
47. Курамында КТУЗ бар орто аралык жана акыркы продуктуларды чыгарып алууда кызматкердин терисине жугуп калышын болтурбоо керек.
48. КТУЗ бар коммуникацияларды органикалык эриткичтер менен жууп-тазалоону туюк схема боюнча жүргүзүү керек.
49. Курамында КТУЗ бар сырьену, орто аралык жана акыркы продуктуну жүктөө жана чыгаруу механикалаштырылып, ырааттуулукту сактоо менен уюштурулушу керек жана газдардын, буулардын, аэрозолдордун бөлүнүп чыгуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылган жерлерде аткарылышы керек. Бүткүл система герметизацияланган жана чыгарылган абаны зыяндуу заттардан тазалагычы бар тартуучу желдеткич менен жабдылган болушу керек.
50. Иш зонасына КТУЗдун бөлүнүп чыгышын болтурбоо мүмкүн болбосо, ошондой эле авариялык жагдайларга карата КТУЗдун буулары, газдары жана аэрозолдору абага бөлүнүп чыгышын жана таралышын чектөөчү чаралар жана каражаттар алдын ала каралышы керек.
51. Жабык жайларда процесстерди жүргүзүүдө колдонулуучу жабдууларды изоляцияланган кабиналарда, жайларга жана бул жабдууларды пульттардан жана оператордук зоналардан башкаруусу бар зоналарга жайгаштырууну алдын ала кароо керек. Мындай учурларда жабдуулар жайгаштырылган кабиналарда, жайларда жана зоналарда, ошондой эле авария мүмкүн болуучу участоктордо оңдоочу жана авариялык иштерде кызматкерлердин шлангдуу противогаздарды же автономдуу изоляциялагыч дем алуучу аппараттарды колдонуусун алдын ала кароо керек.
52. Процесстерди контролдоо жана башкаруу системаларында, ошондой эле суюк КТУЗду өндүрүүдө жана куюштуруучу пункттарда авариядан сактоо системаларында жана эстакадаларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген гигиеналык ченемдердин сакталышын камсыздоочу автоматташтыруу каражаттары жана продуктуларды автоматтык контролдоо методдору алдын ала каралышы керек.
53. Мурда КТУЗ болгон аппараттарды жана идиштерди тазалоо, жуу, буулоо жана зыянсыздандыруу иштерин атайын жабдылган буулоо-жуугуч станцияларда же пункттарда жүргүзүү керек. Аппараттарды тазалоо боюнча операциялардын баарын (калдыкты кетирүү, жуу, буулоо жана заянсыздандыруу) атайын эстакадада механикалаштырылган ыкма менен жүргүзүү керек.
54. Материалдарды майдалоодо жана электен өткөрүүдө жана КТУЗдан чаң бөлүнүп чыгышы менен коштолгон башка иштерде чаңдын пайда болушун азайтуу үчүн долбоорго ылайык материалдардын касиеттерине жараша сууну пайдаланып, чаңды басуу ыкмаларын колдонуу керек (нымдоо, нымдуу пол, гидролук кармап калуу, нымдаштыруу ж.б.у.с.).
55. Иш зонасына жана айлана-чөйрөгө КТУЗдан чаңдын бөлүнүп чыгышын азайтуу максатында курамында алар бар материалдарды кургак майдалоодо туюк системалар боюнча аппараттарга кесек фракцияларды артка кайтаргычы бар вакуум-пневматикалык транспортту колдонуу керек.
56. Материалдарды бир убакта кургатуу менен жүргүзүлгөн майдалоодо, ошондой эле майдаланган продуктуну кармап калуу үчүн колдонулган кездеме түтүк чыпкалардын материалдары агрессивдүү чөйрөлөрдүн жана жогорку температуранын таасирине чыдамдуу болушу керек. Тегирменден сорулуп алуучу газдардын температурасы шүүдүрүм чекитинен төмөн болбоого жана кездеме бузула турган температурадан жогору болбоого тийиш. Тигилген эмес, бүтүн токулган кездеме түтүктү пайдалануу керек.
57. Иш зонасынын абасына бөлүп чыгууну болтурбоо жана технологиялык процесстин үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо максатында чубурма КТУЗду таразага тартууну жана дозалоону үзгүлтүксүз иштеген автоматтык дозаторлор аркылуу жүргүзүү керек.
58. Күлмайда материалдарды ачык электер менен элегенге болбойт. Жалпак электер, элек-бураттар, виброэлектер, ошондой эле майда бөлүктөр үчүн бункерлер жабылган жана тартуучу желдеткич менен жабдылган болушу керек.
59. Курамында КТУЗ бар материалдарды фракцияларга бөлүштүрүүнү пневмотранспорттун туюк циклин бузбай, мисалы, аба сепараторлорунда же электр классификаторлорунда жүргүзүү керек.
60. Курамында КТУЗ бар күлмайда жана паста сымал материалдарды кургатууну үзгүлтүксүз иштеген жабык аппараттарда жүргүзүү керек (калактуу, вальцалуу, тасма жана чачыраткыч кургаткычтар, кургатуучу барабандар, ошондой эле "кайнак катмар" кургаткычтар).
61. Курамында КТУЗ бар чубурма материалдар жүктөлүүчү орундар, мештер, кургаткычтар, генераторлор жана башка аппараттар жана алардан алынган продуктулар түшүрүлүүчү орундар толук жабык жана жергиликтүү тартуучу желдеткич менен жабдылган механикалык азыктандыргычтар менен жабдылган болушу керек.
62. Кызматкерлер КТУЗдан жабыркаганда шашылыш алгачкы жардам көрсөтүү үчүн иш орундарынын жанында абаны тартып келип желдетүүчү жана медициналык каражаттар (алгачкы жардамдын жамааттык аптечкалары) менен камсыздалган жайлар жабдылышы керек.
63. КТУЗ колдонулуучу өндүрүштүк жайларда иштөөгө үзгүлтүксүз иштеп туруучу тартуучу-чыгаруучу желдеткич жана газ анализаторлору болсо гана уруксат берилет. Желдетүү системалары бузулуп иштебей калган учурда тейлөөчү персонал дароо имараттан чыгып кетиши керек. Имаратка кирүүгө желдеткич кайра иштетилип жана иш орундарынын атмосферасында зыяндуу заттар (синиль кислотасы ж.б.) иш орундун ЖКЧ чейин азайганда гана уруксат берилет.
64. Вакуум-соргуч менен сорулуучу газ-аба аралашмасы атмосферага чыгарылганга чейин зыяндуу компоненттерден жана майлардан тазаланышы керек жана тартуучу желдеткич системалардын аба алуучу түзүлүштөрүнө кирбеши керек.
65. Вакуум-насостордун абаны чыгаруучу жана аба алуучу түзүлүштөрдүн жайгашкан жерлери колдонуудагы курулуш ченемдерине жана регламенттерине ылайык иштелип чыккан долбоорго шайкеш келиши керек.
66. Цианид аралашмаларын даярдоо үчүн жайлар башка жайлардан изоляцияланган, дайыма жабык болушу керек, ал эми саркынды суулардын жана андан чыккан калдыктардын дренажы - башка реагенттерден бөлүнүп чыккан саркындылардын дренажынан бөлөк болушу керек.
67. Цианиддештирүү жана цианид аралашмаларын даярдоо үчүн бөлүмчөлөрдө сыртка чыгаруучу желдеткич менен кетирилүүчү аба жайдын жогорку зонасынан алынышы керек. Ичке тартуучу желдеткич системалардын абасы иш зонасындагы туруктуу иш орундарына жана өткөөлдөргө долбоордук чечимдерге ылайык берилиши керек.
68. Тейлөөчү персоналдын цианид аралашмалары (пульпа) менен түздөн-түз контагын болтурбоо жана иш зоналарына уулардын бөлүнүп чыгышын азайтуу үчүн цианиддештирүү бөлүмүндөгү жабдуулар жана тыгыздалган же жергиликтүү соруп желдеткичтери бар калкалар менен жабдылган болушу керек.
69. Технологиялык процесстерди контролдоо жана жабдууларды башкаруу толук автоматташтырылган болушу жана аралыктан жүргүзүлүшү керек.
70. Цианиди бар идишти ачуу, аны бункерге жана чан-эриткичтерге салуу, ошондой эле эритүү жана даяр аралашмаларды сактоо үчүн арналган аппараттардын жана түзүлүштөрдүн баары дыкат жабылган жана тыгыздалган, резервдик желдеткич система менен туташтырылган тартуучу соргуч желдеткичи бар болушу керек.
71. Цианид процессинин жабдуулары жана идиштери аралашмалардын (пульпа) кокусунан ашып кетүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу автоматтык түзүлүштөр (пульпа) жана кайра куйгуч өткөргүч түтүк менен жабдылышы керек.
72. Цианид аралашмалары жана алардын буулары (пульпа) менен тийишүүчү жабдуунун деталдары, өткөргүч түтүктөр, арматура жана башка түзүлүштөр цианидге чыдамдуу материалдардан жасалышы керек. Электр өткөргүч жана түстүү металлдардан жана алардын эритмелеринен (жез, жез-цинк, алюминий ж.б.у.с.) жасалган деталдар цианид менен контакттан изоляцияланган болушу керек.
73. Десорбциянын жана регенерациянын жуугуч аралашмаларын кайра цианид процессине кайтарууга аларды щелочтор (акиташ, щелоч натрий ж.б.у.с.) менен алдын ала нейтралдаштырылгандан кийин гана жол берилет.
74. Курамында цианид бар өнөр жайлык саркындыларды зыянсыздандыруу үчүн жайлар фабриканын башка жайларынан изоляцияланган, аралыктан башкаруусу бар тартуучу-чыгаруучу жана авариялык желдеткич менен жабдылган болушу керек
75. Хлор продукттарын жана реагенттерди (суутектин перекиси, озон жана башкалар) колдонуу менен курамында цианид бар өнөр жай саркындыларын зыянсыздандырууга аспирация (аба соргуч), контролдоочу приборлор жана аралыктан башкаруу менен камсыздалган герметикалуу жабдууларда гана уруксат берилет.
76. Иштетүүчү өндүрүштүн аймагынан КТУЗ менен булганган кийимдерди алып чыгууга жана анын чегинен сыртта атайын кийимдер менен жүрүүгө тыюу салынат.
77. Ар бир КТУЗ үчүн чандар жана тундургучтар кайра куюлуучу түтүктөр жана өлчөм ченегичтер менен, ошондой эле таасири катуу уулуу заттардын даана жазылган аталыштары менен жабдылышы керек.
78. Өткөргүч түтүктөрдүн жана идиштердин баарын символдук сүрөттөрү жана тийиштүү реглементтерге ылайык коопсуздук белгилериндеги түшүндүрүүчү жазуулары бар шарттуу түстөр менен сырдоо керек.
79. Чыпкалоо, суспензияларды центрифугалоо, кристаллдаштыруу операциялары жана башка окшош операциялар механикалык жүктөгүчү жана түшүргүчү бар жылчыксыз аппараттарда жүргүзүлөт.
80. Тазалагыч жана тундургуч түзүлүштөрдөгү чыпкаларды чыгаруунун алдында чыпкалагыч чехолдорду (кездемелерди) цианиддер толук кеткенге чейин суу менен жууш керек.
Чыпкалагыч кездемени (чехолдорду, полотнону жана башкаларды) кислота менен жууп-тазалоого тартуучу-чыгаруучу желдеткич менен жабдылган изоляцияланган жайларда гана уруксат берилет.
81. Чыпка кездемени регенерациялоо боюнча иштердин баары (кислота менен тазалоо, жууш, кургатуу) максималдуу механикалаштырылган болушу керек.
82. Өзгөчө учурларда гана чыпка пульпадан бошотулгандан кийин жана цианиддер толук кеткенге чейин суу менен аны дыкат жуугандан кийин гана түздөн-төз чыпкада чыпкалагыч кездемени кислота менен иштетүүгө уруксат берилет.
83. Курамында КТУЗ бар орто аралык жана акыркы продуктуларды аралаштыруу, ошондой эле аларды идиштерден жана аппараттардан чыгаруу абага КТУЗду бөлүп чыгарууну жана алар менен кызматкердин терисин булгабоочу ыкмалар менен жүргүзүлөт.
84. Чайырды колонкалар боюнча орун которуштурууда карагыч терезелер жана колонкалардын капкагы жылчыксыз жабылган болушу керек.
85. Чайырды чөйрөнүн башка курамы бар колонкага транспорттоо (щелочтон кислотага жана тескерисинче) процессинде аралашмалар толук бөлүнүшү керек. Аралашмаларды чайыр менен бирге транспорттоого тыюу салынат.
86. Чайырдын жана аралашмалардын сынамдарын колонкалардын капкагындагы люктар же капталындагы эшиктер аркылуу гана алууга уруксат берилет. Сынамдарды алуу үчүн колонкалардын капкактарын ачууга тыюу салынат.
87. Электролизердогу катоддук блокторду алмаштырууда кызматкерлер резиналанган атайын кийимдерди, резина өтүктөрдү, фартук, кол кап кийиши жана коргоочу көз айнектерди колдонушу керек.
88. КТУЗ бар коммуникацияларды органикалык эриткичтер менен жууп-тазалоо туюк схема боюнча жүргүзүлөт.
89. Курамында КТУЗ бар сырьену, орто аралык жана акыркы продуктуларды жүктөө жана түшүрүү операциялары механикалаштырылган, ырааттуулук сакталышы уюштурулган болушу керек жана газдардын, буулардын, аэрозолдордун бөлүнүп чыгуу мүмкүндүгүн жокко чыгарган орундарда жүргүзүү керек. Жалпы система герметикалуу жана чыгарылган газдарды зыяндуу аралашмалардан тазалагычы бар тартуучу желдеткич менен жабдылышы керек.
90. Иш зонасына КТУЗдун бөлүнүп чыгышын жокко чыгаруу мүмкүн болбосо абага газдардын жана суюк аэрозолдордун зыяндуу газдары чыгарылышына тоскоол болгон чаралар жана каражаттар алдын ала каралышы керек (тартуучу желдеткичи бар калкалар, присадкалар, сүзүүчү шарлар).
91. Иш жайларынын атмосферасына КТУЗдун бууларынын жана газдарынын чыгышын алдын алуу үчүн тийиштүү бөлүмчөлөрдүн жабдуулары (пачкутар, колонкалар, грохоттор) толук жылчыксыздалып, ал эми газдарды соруп чыгаруу - түздөн-түз калкалардын алдынан жүргүзүлүшү керек.
92. Сорбция, десорбция жана регенерация процесстерин контролдоо жана башкаруу автоматташтырылган болушу керек.
93. Реагенттерди сорбциялоо, десорбциялоо, электролиз, регенерациялоо, сактоо жана даярдоо жайлары долбоорлорго ылайык жумуш орундарында ЖКЧ ашык концентрацияларда синиль кислотасынын буулары, кислотанын буулары жана суутектин буулары ашык экенин билдирүүчү сигнализация (үн жана жарык) менен блоктолгон тартуучу-чыгаруучу жана авариялык желдеткич системалары жана аба чөйрөсүн автоматтык контролдоочу үзгүлтүксүз иштеген приборлор менен жабдылышы керек. Приборлордун ишинин бузук эмес экендигин адистештирилген уюм (ишканалардын кызматтары) текшерет. Приборлорго бул кызматтар тарабынан пломбалар басылышы керек.
94. Зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышы мүмкүн болгон КТУЗ түшүрүлүүчү орундар, тараларды жана идиштерди ачуу, аралашманын чандары, тундургучтар жана башка аппараттар долбоорго ылайык имараттын жалпы желдеткичинен тышкары тыгыздагычтары бар жергиликтүү тарткыч түзүлүштөр жана калкалар жана жергиликтүү соргучтар менен жабдылышы керек.
95. КТУЗ менен иштегенде алардын чачыроо, чаңдоо жана кыртышка, полго, жабдууларга, тарага жана кийимдерге төгүлүү мүмкүндүгүн алдын алуучу чараларды көрүү керек.
96. Полго же аппаратурага түшүп кеткен КТУЗ тазаланышы, нейтралдалышы жана суу менен дыкат жуулушу керек.
97. КТУЗ сакталуучу, жүктөлүүчү жана түшүрүлүүчү орундарда төгүлгөн же чачылган реагенттерди зыянсыздандыруу үчүн жетиштүү сандагы каражаттар болушу зарыл.
98. КТУЗдун аралашмаларын даярдоо бөлүмчөлөрүндө териден химикаттарды тез кетирүү үчүн суусу бар авариялык душ же ванналар, ошондой эле көздү жууш үчүн кичинекей оргума түзүлүштөрдү орнотуу каралышы керек.
99. КТУЗ сакталган же алар менен иш жүрүп жаткан жайларга бөтөн адамдарга кирүүгө тыюу салынат.
100. КТУЗдун аралашмалары даярдалган бөлүмчөлөрдө, ошондой эле кампаларда оңдоо иштерине, желдеткич системаларды жана реагент өткөргүчтөрдү тазалоого, идиштерди тазалоого жана зыянсыздандырууга уруксат берилген адамдар иштердин жетекчисинен адегенде нускама алышы, иштин көлөмү жана коопсуздук чаралары көрсөтүлгөн наряд-уруксаты бар болушу керек.
101. Иштетилген материалдарды ыргытууга, ошондой эле аларды чандардын жана аппараттардын ичине калтырууга тыюу салынат.
102. КТУЗ бар жайларда жеке кийимдерди жана тамак-аш продуктуларын сактоого, ошондой эле персонал тарабынан тамеки тартууга жана тамак ичүүгө тыюу салынат.
103. Аралашмаларды сактоону, даярдоону жана флотореагенттерди ташууну жана пайдаланууну ишкананын жетекчиси тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген сарптоонун орточо ченемдерине ылайык жүргүзүү зарыл.
104. Иштеп жаткандардын флотореагенттер менен контакты мүмкүн болгон бөлүмчөлөрдө муздак жана ысык суусу бар жуунгучтар орнотулган, териге тийген заттарды суунун агымы менен тез кетирүү үчүн түзүлүштөр орнотулган, көздү жууш үчүн кичинекей оргумалар каралган болушу керек.
105. КТУЗду сактоо үчүн идиштер жана аларга байланышкан коммуникациялар реагенттерди толук кетирүү үчүн долбоорго ылайык түзүлүштөр менен жабдылышы керек.
106. КТУЗду ташуу үчүн өткөргүч түтүктөрдү иш орундагы өткөөлдөрдүн жана иш аянттарынын үстүндө жайгаштырбоо керек.
107. Зыяндуу газдар олуттуу санда күтүүсүздөн бөлүнүп чыгышы мүмкүн болгон реагенттерди даярдоо бөлүмчөлөрүндө авариялык тартуучу желдеткич каралышы керек. Нөөмөттө иштеп жаткан курамдын максималдуу тизмесинен 50%га көп болушу керек болгон противогаздардын запасын бул максатта орнотулган орунга сактоо керек.
108. Аралашмалардын чаңдарын жана тундургучтарды, ошондой эле аларга байланышкан коммуникацияларды алардын ичиндеги реагенттерди зарыл болгон учурда реагенттерди даярдоо бөлүмчөлөрүндөгү авариялык идиштерге толук которуп алгыдай кылып орнотуу керек.
109. Реагенттерди даярдоо бөлүмчөлөрүндө аралашмалардын чаңдарын толтуруунун деңгээлин автоматтык контролдоо, үн жана жарык сигналдары алдын ала каралышы керек.
110. Процесстерди контролдоо жана башкаруу системаларында, ошондой эле аварияга каршы коргоо системаларында жана суюк КТУЗду куюштуруучу эстакадаларда кызматкерлердин КТУЗ менен контагын болтурбоочу автоматташтыруу каражаттары жана продуктулардын курамын автоматтык контролдоо методдору алдын ала каралышы керек.
111. Рудаларды жана орто аралык продуктуларды берүү үчүн агрегаттарды, аларды куюштуруучу жана жабдууларга жүктөөчү орундарды (азыктандыргычтар, кургатуу үчүн агрегаттар, электр статикалык жана электр магниттик сепараторлор, флотомашиналардын көбүк кабыл алуучу ноолору, реагенттердин аралашмалары бар идиштер жана башкалар) аспирациялык системалары же гидро чаңсыздандыргыч системалары бар калкалар менен жабдылышы керек, алардын иши өндүрүштүк жабдуулар менен блоктолгон болушу керек. Системанын түзүлүштөрүн блоктоо аларды иш башталганга 3-5 мүнөт калганда иштетүүнү жана жабдуулар токтогондон кийин же жүктөмү жок иштегенден 5 мүнөттөн кийин өчүрүүнү камсыз кылышы керек.
112. Цинк тунмаларын кургатуу, майдалоо, сынам алуу жана таңгактоо үчүн жайлар цианиддөөчү бөлүмчөлөрдөн изоляцияланган жана саркындыларды технологиялык жана санитардык тазалагычы бар тартуучу-чыгаруучу желдеткич менен жабдылышы керек.
113. Цинк тунмаларын кургатуу тыгыздалган кургатуучу шкафтарда (мештерде) вакуум алдында жүргүзүлөт. Цинк калдыктарын ачык плиталарга кургатууга тыюу салынат.
114. Кургатылган цинктин тунмалары бар табаларды тыгындалган шкафтарда вакуум алдында муздатуу керек.
115. 20 ккал/м3 жогору жылуулук бөлүп чыгуучу жайларда чатырдын түзүлүшү булганган абанын кайрадан агып келишин жоко чыгарышы керек. Бул максатта корпустарга шамалдын коргоочу панелдери бар жарык-аэро коргоочу чырактарды долбоорлоо зарыл.
116. Олуттуу жылуулук бөлүнүп чыгуулардын булагы болгон өндүрүштүк жабдуулардын (кургатуучу, күйгүзүүчү мештер жана башкалар) үстүңкү бети долбоорго шайкеш келген температураны камсыздаган термикалык изоляциясы болушу керек.
117. Иш жайларында кызматкерлер КТУЗдан жабыркоо ыктымалдыгында шашылыш биринчи жардам көрсөтүү үчүн орундар уюштурулат.
118. Цианиддештирүү бөлүмчөсүнүн иш аянттарынын баарында биринчи медициналык жардам көрсөтүүчү профилактикалык пункттар түзүлүшү керек. Аларды аталган пункттардан бардык цианид куюлган жабдууларга чейинки аралык 25 метрден ашпагандай кылып жайгаштыруу керек.
119. Пункттарга келүүчү жолдор жакшы жарык кылынып, оңой жеткиликтүү, жабдуулар жана коммуникациялар менен тосулбаган болушу керек.
120. Профилактикалык пункт ууларга каршы каражаттар, аларды колдонуу боюнча нускамалар, медикаменттер жана таңуучу каражаттар, ошондой эле зарыл болгон идиштери бар биринчи жардамдын аптечкасы менен жабдылышы керек.
121. Профилактикалык пунктка полдон 2 метр аралыкта орнотулган, чоргого аралаштыргыч аркылуу берилүүчү муздак жана ысык суу киргизилген болушу керек.
122. Чорголорго чачыраткычтарды орнотууга жол берилбейт.
123. Полдорду нымдап тазалоо каралган жайлардын, ошондой эле нымдуу технологиялык процесстери бар бардык цехтердин полдорунун баары суу өткөрбөгүдөй беттелип төшөлүүсү керек. Суу агышы үчүн полдун жантаюу деңгээли 0,02 (1,8º) аз болбошу керек. Негизги өткөөлдөрдө полдордун жантайышы 0,04 (2,6º) ашык болбошу керек, кызматтык өткөөлдөрдө - 0,1 (6º) ашпашы керек.
124. Фабриканын аймагынан жердин бети менен агып чыгуучу сууларды жана полду жуугандан чыккан сууларды көлмөлөргө куюунун алдында тазалоо керек.
125. Жабык жайлардагы процесстер иш зонасынын абасындагы КТУЗдун концентрациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген иш зонасынын абасындагы зыяндуу заттардын санынын гигиеналык ченемдерине шайкеш келгидей эсептөө менен, процессти баштоонун алдында иштетилип жана ал бүткөндөн кийин өчүрүлүп турган тартуучу-чыгаруучу желдеткичтер иштеп турган учурда жүргүзүлүшү керек.
126. Жаңы курулган жана реконструкцияланган желдетүүчү түзүлүштөрдү пайдаланууга ишкананын жетекчилиги тарабынан дайындалган комиссия тийиштүү кабыл алуу актысын түзүү менен кабыл алышы керек.
127. Бузуктары бар жана натыйжасыз иштеген желдетүүчү түзүлүштөрдү пайдаланууга кабыл алууга тыюу салынат.
128. Желдетүүчү түзүлүштөрдү пайдалануу жана кам көрүү тартиби ишкананын жетекчилиги тарабынан бекитилген өзүнчө нускамалар менен аныкталышы керек.
129. Технологиялык жабдуу иштеп жаткан убакта бардык негизги тартуучу-чыгаруучу желдеткич жана аспирациялык түзүлүштөр үзгүлтүксүз иштеп турушу керек.
130. Желдетүүчү системалар бузулган учурда чаң жана газ бөлүп чыгаруучу технологиялык жабдууларды иштетүүгө тыюу салынат.
131. Желдетүүчү системанын иши токтогондо же зыяндуу заттардын концентрациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген санитардык ченемдерден ашып кеткенде жайдагы ишти дароо токтотуп, адамдарды дароо таза абага чыгаруу керек.
132. Желдетүүчү жана аспирациялык түзүлүштөрдүн иши негизги жана көмөкчү жабдуулар менен блоктолгон учурга карата желдетүүчү жана аспирациялык жабдуулардын кошумча иштетүүчү түзүлүштөрү алдын ала каралышы керек.
133. Технологиялар жабдуулар менен блоктолгон желдетүүчү система иштетилгенге чейин технологиялык жабдууларды иштетүүгө тыюу салынат.
134. Желдетүүчү түзүлүштөр аба өткөргүчтөрдөгү жана жүгүртүлгөн абанын көлөмүн жөнгө салуучу түзүлүштөрдөгү абанын ылдамдыгын, басымын жана температурасын контролдоо жана өлчөө үчүн шаймандар (люктар, штуцерлер) менен жабдылышы керек.
135. Абанын курамындагы чаңды аныктоо үчүн сынам алууну, ошондой эле абанын температурасын, нымдуулугун жана ылдамдыгын текшерүүнү аспирациялык жана желдетүүчү түзүлүштөр нормалдуу шартта пайдаланылган учур менен катар, технологиялык режим өзгөргөн учурда, реконструкциядан жана капиталдык оңдоодон кийин дагы системалуу түрдө жүргүзүп туруу керек.
136. Абанын сынамдары алынуучу орундар жана мезгилдүүлүгү ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилген планда же графикте белгиленет.
137. Реагенттердин пайдаланууга жараксыз, булганган калдыктарын жана КТУЗду даярдоо бөлүмчөсүнүн саркындыларын химиялык тазалоону технологиялык циклдын башка жайларынан бөлөк турган жайда жүргүзүү керек. Бул жайларда бөтөн адамдардын болушуна тыюу салынат.
138. Өз ара таасирге киргенде уулуу заттарды жаратуучу же өткөргүч түтүктөрдү булгоочу эрибеген тунма-калдыктарды пайда кылган саркындыларды (күкүртсуутеги, цинаид суутеги, мышьяк суутеги жана башкалар) бириктирүүгө жол берилбейт.
139. Барабандарды ачкан, ири бөлүктөрдү майдалаган, аларды аралаштыргыч-бактарга жүктөгөн учурдагы коопсуздук чаралары жумушчу нускамаларда баяндалышы керек.
140. Флотореагенттердин аралашмаларын даярдоодо жергиликтүү жарыктандыруу үчүн чыңалуусу 12 Вольттон ашпаган көтөрүп жүрмө чырактарды пайдаланууга уруксат берилет.
141. Реагенттик бөлүмчөнүн иш жайларына тараны сактоого тыюу салынат. Тараны зыянсыздандыруу жана кампага тапшыруу тартиби ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилген нускамада белгиленет.
142. Цианид бирикмелеринин идишин дароо зыянсыздандыруу жана кампага башка идиштерден өзүнчө тапшыруу керек.
143. Концентратты кургатуу жана гранулдоо, аны жүктөөгө берүү процесстерин башкарууну, ошондой эле желдетүү жана чаңдан-газдан тазалоо системаларынын ишин башкарууну оператордун бөлмөсүндө орнотулган пульттардан жүргүзүү зарыл. Кургатуучу агрегаттарды тейлөөчү орундарда берилүүчү абанын температурасын автоматтык жөнгө салгычы бар түзүлүштөр алдын ала каралышы керек.
7-глава. КТУЗ менен процесстер жүргүзүлүүчү имараттарга жана жайларга коюлуучу талаптар
144. КТУЗ менен процесстер долбоорго шайкеш келген өндүрүштүк жана көмөкчү имараттарда жана жайларда жүргүзүлүшү керек.
145. КТУЗдун зыяндуу газдары жана буулары бөлүнүп чыгышы же болушу мүмкүн болгон жайлардын тамбур-шлюздарына жана тепкичтүү жайларына сырттан аба берип турууну алдын ала кароо керек.
146. Бир өндүрүштүк жайда зыяндуулугу боюнча ар башка болгон участоктор жайгашкан учурда өндүрүштүк жай боюнча зыяндуу заттардын таралышын болтурбоочу чараларды алдын ала кароо керек.
147. Кабаттардын ортосундагы монтаждык тешиктер, ошондой эле жабдуулар жана коммуникациялар үчүн тешиктер бүтөлгөн болушу же жабылма калканчтары болушу керек.
148. КТУЗду бөлүп чыгаруучу экинчи булактардын пайда болушун алдын алуу максатында өндүрүштүк жайлардын ички жасалгасы материалдарга бул заттардын чаңынын, бууларынын сорбциясынын жана газдарынын топтолуу мүмкүнчүлүгүн болтурбашы керек жана жайларды системалуу түрдө нымдуу тазалоого мүмкүндүк бериши керек. Чаңды пайда кылуучу тазалоого жол берилбейт.
149. Дубалдар менен шыптардын сыры бөлүнүп чыгып жаткан чаңдын түсүнөн айырмаланып турушу керек. Дубалдардын бурчтары, шыптын жана полдун дубал менен бириккен бурчтары, полду тосмолор, колонналар жана башка конструкциялар менен бириккен бурчтары иймейтилип жасалышы керек.
150. КТУЗ менен операциялар жүргүзүлгөн өндүрүштүк жайларда аккан саркындыларды чогултуу үчүн полдор жантайыңкы болушу керек. Полдордун түзүлүшү электр статикалык заряддын топтолуу мүмкүндүгүн жокко чыгарышы керек. Полдордун каптамдарынын материалдары химиялык таасирге чыдамдуу болушу керек жана КТУЗдун сорбциясын болтурбашы керек. Үстүңкү бети бузулган, тешиктери бар, текши эмес полдорду пайдаланууга болбойт.
151. КТУЗ түзүлүүчү же колдонулуучу өндүрүштөрдүн баарында долбоорго ылайык санитардык-тиричилик жайлары болушу керек.
152. Өндүрүштүк жайлардын абасындагы КТУЗду жана микроклиматтын шарттарын системалуу түрдө контролдоп туруу керек.
153. Ар бир өндүрүштүк участок үчүн иш зонасынын абасына бөлүнүп чыгышы мүмкүн болгон заттар аныкталышы керек. Абада бир нече КТУЗ бар болсо абанын чөйрөсүн контролдоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген гигиеналык ченемдерге ылайык алардын эң коркунучтуусуна багыт алуу менен жүргүзүү керек.
154. КТУЗдун курамын автоматтык түрдө үзгүлтүксүз контролдоп туруу үчүн сигнализациясы бар, тез иштеген жана инерциясы аз газ анализаторлорун колдонуу керек. Контролдоонун мезгилдүүлүгү күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар үчүн айдын декадасында бир жолудан аз эмес белгиленет.
155. Аба чөйрөсүн контролдоону технология жана иштин режими өзгөргөн учурда, желдеткич жана химиялык өндүрүштөр реконструкцияланган учурда да, жана мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдарынын кызмат адамдарынын талабы боюнча да жүргүзүү керек.
156. КТУЗ менен операциялар жүргүзүлгөн жайларга, ошондой эле алар сакталган орундарга эскертүүчү белгилерди илип коюу керек.
157. Эвакуациянын жолдору имараттын жайларында болгон адамдардын баарын эвакуациялык эшиктер аркылуу коопсуз чыгарууну камсыз кылышы керек. Эки каалгалуу дарбаза сыртка ачылышы керек, ал эми эшиктер - имараттан чыгуучу эң жакын жакты карай ачылышы керек.
158. Өндүрүштүк жайлардын жылытуусу, желдетүү жана абаны кондициялоо системалары аларды монтаждоонун долбооруна ылайык болууга тийиш.
159. Табигый желдетүүсү жок болгон өндүрүштүк жана администрациялык-тиричиликтик (дайыма адамдар болуучу) жайлардын тартуучу-чыгаруучу желдетүү системаларынын ар биринде талап кылынуучу аба алмашуунун 50%ын камсыздоочу экиден аз эмес тартуучу жана экиден аз эмес чыгаруучу желдеткичтер каралышы керек. Аба алмашууну уюштурууда КТУЗ көбүрөөк болгон, же жарылып кетүү коркунучу бар газдар, буулар же чаңдар бар абанын бөлөк бөлмө-жайлардан келишин болтурбоо үчүн КТУЗ аз жайларда абанын аларды келтирбөөчү басымын түзүү керек.
160. Өндүрүштүк жайлардын желдеткичин иштердин оордугунун категорияларын көңүлгө алуу менен конкреттүү өндүрүштөр үчүн КТУЗга эсептеп долбоорлоо керек. Иш зонасындагы абанын чөйрөсүнүн талап кылынган параметрлерин камсыздоо үчүн зарыл болгон абанын саны бөлүнүп чыгуучу КТУЗдун санына жараша, ошондой эле иш зонасындагы жылуулуктун жана нымдын саны жайдын бийиктигине жараша текши эмес бөлүнөөрүн эске алуу менен аныкталат.
161. Чаңдын жана жеңил конденсациялануучу буулардын соруп чыгарылышын, ошондой эле аралашканда күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды пайда кылуучу заттарды жана алардын аралашмаларын соруп чыгаргычтарды жалпы бир түзүлүшкө бириктирүүгө болбойт. КТУЗ менен иш жүргүзүлүп жаткан жайларда желдетүү жана аба менен жылытуу системаларында абаны рециркуляциялоого жол берилбейт.
162. Агрессивдүү чөйрөсү бар жайларга жайгаштырылган, ошондой эле агрессивдүү чөйрөсү бар абаны кетирүү үчүн арналган жылыткыч-желдеткич жабдуулардын, өткөргүч түтүктөрдүн жана аба өткөргүчтөрдүн дат баспагыдай жасалышын караштыруу керек.
163. Чаң, конденсациялануучу буулар жана газдар үчүн желдетүү системаларында аба өткөргүчтөрдүн жана желдеткичтердин ички бетине бул заттардын жабышып калышын алдын алуу, ошондой эле аларды тазалоо боюнча чаралар каралышы керек.
164. Күн сайын тейлөөнү талап кылган жана КТУЗ, абанын орточо салмагынан ашык болгон орточо салмактагы буулар жана газдар бөлүнүп чыгуучу имараттарда жайгашкан тереңдиги 0,5 метр жана андан ашык болгон чуңкурчалар үчүн, ошондой эле кароо жүргүзүүчү ноолор үчүн жасалма иштеткичи бар киргизүүчү-тартуучу же тартуучу желдеткич каралышы керек.
165. Өндүрүштүк жайга берилүүчү абанын курамындагы КТУЗ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген иш зонасынын абасындагы зыяндуу заттардын санынын гигиеналык ченемдеринен 30% дан ашык болбошу керек.
166. Желдетүүчү жабдуу үчүн жай аркылуу күйүүчү суюктуктары жана газдары бар түтүктөрдү тартууга тыюу салынат.
167. Кокусунан КТУЗ, буулар же аэрозолдор келиши мүмкүн болгон өндүрүштүк жайлар үчүн авариялык желдетүүнү караштыруу керек.
168. Жылыткыч жана желдеткич жабдуулардын, өткөргүч түтүктөрдүн жана аба өткөргүчтөрдүн беттеринин жылуулукту изоляциялоочу конструкциясынын бетиндеги температура жайдагы газдардын, буулардын, аэрозолдордун же чаңдын өзү от алып кетүү температурасынан 20%дан кем эмес муздак болгудай кылып изоляциялоо керек.
169. Бардык желдетүүчү системалар бузугу жок абалда болушу керек жана иш зонасындагы аба Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген гигиеналык ченемдерге шайкеш келбестиги аныкталса, ошондой эле желдетүүчү системаларда оңдоо жүргүзүлгөндөн кийин пайдалануу процессинде сыноодон өткөрүлүшү керек.
170. Агрессивдүү чөйрөлөрү бар жайларда жайгаштырылган желдетүү системалары бир жылда бир жолудан аз эмес аба өткөргүчтөрүнүн, желдетүүчү түзүлүштөрдүн жана тазалагыч курулмалардын дубалдарынын жана бекитүүчү элементтеринин абалын жана бекемдигин текшерүүдөн өтүп турушу керек.
171. Жылытуу системасы жайдагы абанын бир кылка жылытууну, гидравликалык жана жылуулукка чыдамдуулукту, жарылуудан, өрттөн коопсуздукту, жергиликтүү жөнгө салуу жана өчүрүү мүмкүнчүлүгүн, ыңгайлуу пайдаланууну, ошондой эле тазалоо жана оңдоо үчүн жетүүнү камсыздашы керек. Таасири күчтүү уулуу чаңдар бөлүнүп чыгышы мүмкүн болгон жайларга кабыргалуу түтүктөрдү жана конвекторлорду жайгаштырууга болбойт.
172. Суу менен реакцияга кирип, КТУЗду бөлүп чыгарууга жөндөмдүү заттар бар жайларда аба жылыткычын долбоорлоо керек. Учма КТУЗ бар болсо жайга бөлүнүп чыгуучу газдардын, буулардын, аэрозолдордун жана чаңдын өзү от алып кетүү температурасын эске алуу менен аба жылыткыч системаларды долбоорлоо керек.
173. Жылытуу сезону башталаардын алдында бардык жылытуучу системаларды жана приборлорду текшерип жана зарыл болсо оңдоо керек.
174 КР КЧ 23-05:2019 "Табигый жана жасалма жарык берүү" курулуш нормаларына ылайык өндүрүштүк жайлардын табигый жана жасалма жарыктандыруусу долбоорго ылайык жана иштерди коопсуз аткаруу, адамдардын коопсуз болушу жана кыймылдап жүрүшү үчүн жетиштүү жарыкты камсыз кылышы керек.
175. Жайдын аба чөйрөсүнүн мүнөзүн (өндүрүштүк жайлардын абасындагы чаң, ным, агрессивдүү заттар, туман, түтүн болуу мүмкүнчүлүгү, өрт опурталы ж.б.) эске алуу менен корголуп жасалган чырактар коюлушу (чаң-ным өткөрбөгөн, өрттөн жана жарылуудан коопсуз) каралат.
176. Авариялык жарыктандыруунун чырактарын жумушчу жарыктандыруудан көз каранды эмес тармакка туташтыруу керек.
177. Өрт чыгуу коркунучу жана жарылуу коркунучу бар жайларда өткөргүчтөрдү жарылуудан коопсуз түрдө жасоо керек. Бул жайларга өчүргүчтөрдү, рубильниктерди, сактагычтарды жана электр учкунун пайда кылуу мүмкүндүгүнө байланыштуу башка түзүлүштөрдү орнотууга тыюу салынат. Электр чарбасынын абалы өндүрүштүк контролго алынууга тийиш.
178. Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо тармактарын техникалык суу бергич тармак менен бириктирүүгө болбойт. Ичүүчү суу Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-майындагы № 34 "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамына ылайык ичүүчү суунун коопсуздугунун ченемдик көрсөткүчтөрүнө шайкеш келиши керек.
179. КТУЗ менен операциялар жүргүзүлгөн өндүрүштүк жайларда көздү жана терини жууш үчүн авариялык душтар жана кичинекей оргумалар орнотулушу керек
180. КТУЗ өндүрүлүүчү, жаралуучу жана колдонулуучу өндүрүштөр үчүн курамы, агрессивдүүлүгү жана башка көрсөткүчтөрү боюнча ар башка болгон сууларды агызуу үчүн арналган бир нече канализация системалары болушу керек. Бул саркынды суулар аралашуудан мурда алар алдын ала тазаланышы керек.
181. Газдарды бөлүп чыгаруучу өндүрүштүк саркындыларды агызууда жана чыгарууда алардын бөлмө-жайга кирип кетишин болтурбоочу чараларды караштыруу керек.
8-глава. Пайдаланылуучу өндүрүштүк аянттарга талаптар
182. Өндүрүштүк аянттын курулушу долбоорго шайкеш келиши керек жана имаратты бардык тараптан жакшы желдетүүнү камсыз кылышы керек.
183. Уюмдун аянтында шамалдын көп болуучу тарабын эске алуу менен негизги технологиялык процесстердин имараттары жана курулмалары үчүн зоналар, транспорттук-кампалык жана администрациялык-чарбалык зоналар бөлүнүшү керек, алардын ортосуна абага чыгарылган өнөр жайлык саркындылардын көлөмүн жана өнөр жайлык аянттын аймагынын чегинде алардын таралуусунун конкреттүү шарттарын эске алуу менен санитардык ажырымдар жасалат.
184. Өндүрүштүн мезгилдүү процесстеринде, төмөнкү температуралык шартта контролдук-өлчөөчү приборлордун ишинин ишенимдүүлүгү жетишсиз болсо, аппараттарды жана коммуникацияларды бүтөп калып технологиялык процессти бузууга алып келүүчү продуктулар пайда боло турган болсо КТУЗду колдонуу жана алуу менен болуучу процесстер жана реакциялар жүрүүчү технологиялык жабдууларды ачык аянтчаларга орнотууга тыюу салынат.
185. Ачык өндүрүштүк аянтчаларда КТУЗдун концентрациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген иш зонасынын абасында зыяндуу заттардын болушунун гигиеналык ченемдерине ылайык келиши керек.
186. Ачык өндүрүштүк аянттардын беттери химиялык заттардын кыртышка (бетонго, асфальтка) сиңип кетишин болтурбоо, кардан эриген, жаандын, сугаттын суулары агып кетиши үчүн жантайыңкы, катуу жана тегиз болушу керек. Аянтчалардын үстүңкү бетин кирден, кардан жана муздан тазалап туруу зарыл.
187. Атмосферага КТУЗ бөлүп чыгаруучу процесстер үчүн ачык түзүлүштөрдү, ошондой эле сырьену, көмөкчү материалдарды сактоо, калдыктарды чогултуу үчүн ачык аянтчаларды шамалдап туруучу жана өндүрүштүк аянтчанын жана жакын жайгашкан калктуу конуштардын булганышы минималдуу болгудай кылып желдеп туруучу зоналарга жайгаштыруу керек. Жабдуулар зарыл болсо чаңды-газды тазалагыч курулмалар менен жабдылышы керек.
188. Ачык аянттарда жана чатырлардын алдында аэрозолдуу упаковкаларды күйбөгөн контейнерлерде гана сактоого жол берилет. Чубурма чийки затты жана алардын колдонулган упаковкаларын ачык аянтта сактоого тыюу салынат.
189. Өндүрүштүн калдыктарын чогултуу жана сактоо үчүн долбоорго ылайык тосмолору бар жана кирүүчү жолдору бар атайын аянтчалар бөлүнүшү керек.
190. Уюмдун аянтына аймакты дайыма сугаруу, өткөөлдөрдү жана жолдорду жууп туруу үчүн түзүлүштөрдү орнотуу керек.
9-глава. Өндүрүштүк жабдууларды жайгаштырууга жана жумуш орундарын уюштурууга коюлуучу талаптар
191. Жумуш орду, анын жабдуулары жана шаймандары долбоорго шайкеш болушу керек.
192. Жумуш орундарынын ортосундагы аралыктар эмгек операцияларын коопсуз жана ыңгайлуу аткарууну, кызматкерлердин жана транспорт каражаттарынын коопсуз кыймылын, материалдар, сомдомолор, полуфабрикаттар менен ыңгайлуу жана коопсуз иш-аракеттерди, ошондой эле өндүрүштүк жабдууларды техникалык тейлөөнү жана оңдоону камсыз кылышы керек.
193. Жумуш орундарын жүк көтөрүүчү каражаттар менен ташылуучу жүктөрдүн жолунан тышкары жайгаштыруу керек. Зарыл болсо жумуш орундарынын жанында деталдарды жана материалдарды иштетилгенге чейин жана иштетилгенден кийин чогултуп коюу үчүн аянтчалар каралышы керек.
194. Баштапкы материалдарды, полуфабрикаттарды, акыркы продуктуларды жана калдыктарды бул максатта бөлүнгөн орундарга гана, алар жумуш ордун тоспогондой же чачылып кетпегендей кылып жайгаштыруу керек. Аталган материалдарды иш өтүүчү жолдорго коюуга болбойт.
195. Иш орундарынын өз ара жайгашуусу жана компоновкасы иш ордуна коопсуз жетүүнү жана авариялык жагдайда тез эвакуациялоо мүмкүндүгүн камсыз кылышы керек.
196. Өндүрүштүк жабдуунун конструкциясына кирген атайын техникалык жана санитардык-техникалык каражаттар эмгек иш-аракеттерин аткарууну татаалдантпашы керек.
197. Контролдоочу-өлчөөчү приборлорду жана башкаруу такталарын ыңгайлуу жана жеткиликтүү орундарга жайгаштыруу керек, мында башкаруу систамаларын жайгаштыруунун эргономикасына талаптар сакталышы керек.
198. Иш ордунун өлчөмдөрү жана анын элементтерин жайгаштыруу иш операцияларын аткарууну камсыздашы жана кызматкердин кыймыл-аракеттерин татаалдаштырбашы керек.
10-глава. Өндүрүштүк жабдууларды колдонууга коюлган талаптар
199. Өндүрүштүк жабдуулар жана контролдук-өлчөөчү приборлор долбоорго шайкеш келиши керек, жалпы пайдаланылган мезгилде коопсуздуктун талаптарына жооп бериши керек жана авариясыздыкты, автоматтык контролдоону, жөнгө салууну камсыз кылышы керек.
200. Өндүрүштүк жабдуулардын иштөөсү иш чөйрөсүнө жана атмосферага КТУЗду бөлүп чыгаруу менен коштолгондо, КТУЗду жок кылуучу курулма түзүлүштөрү болушу керек же конструкцияга кирбеген мындай түзүлүшкө кошулуу мүмкүндүгүн камсыз кылышы керек.
201. КТУЗду жок кылуучу түзүлүш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген жумуш зонасында жана калктуу жерлердин абасында зыяндуу заттардын ченемдери сакталгандай иштеши керек Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелинде бекитилген № 201 токтомуна ылайык, иштегенде иш зонасына КТУЗду бөлүп чыгаруу менен коштолгон өндүрүштүк жабдууларда аларды тазалай турган орнотулган түзүлүштөрү бар болушу керек жана же конструкцияга кирбеген мындай жабдууларды туташтыруу мүмкүнчүлүгү бар болушу керек.
202. КТУЗду тазалаган жергиликтүү желдетүүчү системалар технологиялык жабдуунун иштеткич түзүлүшү менен блоктолгон болушу керек, жабдуу иштетилген убакта бирге иштетилиши керек жана бул жабдууда иш токтотулгандан кийин бештен кем эмес мүнөттөн кийин өчүрүлүшү керек.
203. Технологиялык жабдуу менен блоктолбогон жергиликтүү жел тартуучу орнотмолорду технологиялык жабдууларды иштетүүгө беш мүнөт калганда иштетүү жана иштеп бүткөндөн беш мүнөттөн кийин өчүрүү керек.
204. Бирикмелери жарылууга кооптуу аралашмаларды же КТУЗду пайда кылууга алып келген заттар үчүн технологиялык жабдуудан жергиликтүү соргучтарды өз-өзүнчө кароо керек. Күйүүчү жана КТУЗдун жергиликтүү соргучтарын жалпы системага бириктирүү долбоордун технологиялык бөлүгүндө негизделген болушу керек.
205. Жел тартуучу системалардын аба өткөргүчтөрүнүн материалдары желдетүүчү системалар менен тазаланып жаткан абадагы химиялык заттарга карата датка чыдамдуу болушу керек.
206. Агрессивдүү заттар үчүн аппараттардын, идиштердин, ошондой эле өткөргүч түтүктөрдүн ички беттери датка чыдамдуу материалдардан даярдалган же алар менен капталган болушу керек.
207. Суюк КТУЗ үчүн өлчөгүчтөрдү жана чогулткучтарды толуунун максималдуу деңгээли жөнүндө сигнал берген шаймандар жана азыктандыруучу жана запастык идиштерге байланышкан кайра агуучу түтүктөр менен жабдуу керек.
208. Суюк КТУЗдун жана алардын аралашмаларынын деңгээлдерин өлчөөнү аппараттардын люктарын ачуу зарылчылыгын жокко чыгарган деңгээл өлчөгүчтөрдүн жардамы менен ишке ашыруу керек.
209. Аппаратура оңдолуу учурунда, ошондой эле мүмкүн болуучу авариялык токтотууда андан суюк КТУЗдун жана алардын аралашмаларын төгүп алуу үчүн запас идиштер алдын ала каралышы керек.
210. Пайдалануунун шарттары боюнча жумушчу басымдан ашып кеткен басым пайда болушу мүмкүн болгон КТУЗду камтыган өндүрүштүк жабдууларды жана коммуникацияларды жол берилген мааниден ашык болгон басымдан алдын ала сактагыч түзүлүштөр менен жабдуу керек.
211. Интенсивдүү коррозиянын шарттарында иштеген жабдуулардын жана коммуникациялардын дубалдарынын эскиришинин маанилерин жыл сайын текшерип туруу керек.
212. Аппараттардагы, өткөргүч түтүктөрдөгү жана коммуникациялардагы фланец бирикмелер герметикалуу болушу керек. Прокладкалар үчүн фланец бирикмелеринин тибин жана материалдарды тандоо химиялык заттардын касиеттерин көңүлгө алуу менен жүргүзүлүшү керек.
213. Жабдууларды, приборлорду, арматураны жана механизмдерди тейлөө үчүн полдон 1,8 метр бийиктикке атайын аянтчаларды жабдуу керек.
214. Полдон 3 метрден аз бийиктикке жайгаштырылган технологиялык жабдуунун машиналарынын жана аппараттарынын бардык кыймылдуу бөлүктөрүн коргоочу түзүлүштөр менен тосуу керек.
215. Коргоочу тосмо түзүлүштөрдүн бузук эместиги жумушчулар тарабынан ар бир нөөмөттүн иши башталаардын алдында текшерилип, кийин нөөмөттүн начальнигине (мастерге) баяндалып жана нөөмөттү кабыл алуу жана тапшыруу журналына алардын абалы жөнүндө милдеттүү жазылышы керек. Коргоочу түзүлүштөрү бузулган жабдуу менен иштөөгө тыюу салынат.
216. Иштеген учурда олуттуу санда чаң пайда болгон өндүрүштүк жабдуулар максималдуу тыгыздалып жана өндүрүштүк жайга чаңдуу абанын келишин жокко чыгарган аспирациялык түзүлүштөр менен жабдылышы керек.
217. Күлмайда сымал заттарды дозалоо жүргүзүлгөн өндүрүштүк жабдуулардын үстүңкү беттерин нымдуу тазалоого мүмкүн болгон материалдар менен жаап коюу керек.
218. Күлмайда сымал жана паста сымал уулуу же жогорку уулуу заттарды кургатуу үчүн колдонулган жабык типтеги жана үзгүлтүксүз иштеген кургаткыч аппараттар суюлуу алдында иштеши керек.
219. Мештерге, генератор кургаткычтарга жана башка аппараттарга чубурма материалдар жүктөлгөн жана чыгарылган орундар толук жабылган жана механикалык азыктандыргычтар менен жабдылган болушу керек. Бул орундар жергиликтүү аба тартуучу желдеткич менен жабдылышы керек.
220. Өндүрүштүк жабдуу коопсуздукка таасир берүүчү процесстердин параметрлеринин бузулушу жөнүндө эскертүүчү сигнал бергич каражаттар, ошондой эле өрткө каршы автоматтык коргоо системалары менен камсыздалган болушу керек.
221. Авариялык жагдайларда иштөөгө арналган башкаруу органдарынын үстүңкү беттери кызыл түскө сырдалышы керек.
222. Түздөн-түз машиналарга жана аппараттарга орнотулган контролдук-өлчөөчү приборлор байкоо жүргүзүү жана тейлөө үчүн ыңгайлуу болушу жана алардын багыттарын аныктоо үчүн жазуулары болушу керек.
223. Бузук контролдук-өлчөөчү приборлорду колдонууга уруксат берилбейт.
224. Ишканада (уюмда) контролдоо жана коргоо каражаттарын текшерүүнүн жана аларды оңдоонун мезгилдүүлүгүн, көлөмүн аныктаган колдонуу боюнча нускамаларды иштеп чыгуу керек.
225. Активдүү кычкылдантуучу болгон затты камтыган жабдууну жылуулук изоляциялоо үчүн алар менен байланышканда өзү күйүп кетме жана физикалык-химиялык касиеттерин өзгөрткөн, анын ичинен өрт чыгуу коркунучу бар материалдарды колдонууга болбойт.
226. Иш орундарындагы жабдуулардын жана тосмолордун ысыган үстүңкү беттеринин температурасы 45 ºС дан ашпашы керек, ал эми ичиндеги температурасы 100 ºС барабар же андан аз болгон жабдуулар үчүн үстүңкү беттин температурасы 35 ºС дан ашпашы керек.
227. Үстүнө статикалык электр топтолуп калышы мүмкүн болгон өндүрүштүк жабдуулар жерлештирилген болушу керек.
228. Өндүрүштүк жабдууларга жана аппаратурага кам көрүүнү жана пайдаланууну аларды пайдалануудагы жана тейлөөдөгү коопсуздук жана эмгекти коргоо боюнча нускамага ылайык жүргүзүү керек.
229. Мезгил-мезгили менен зыянсыздандырылып, тазаланып жана жуулуп турган өндүрүштүк жабдууларга буу, суу жана башка зарыл каражаттар тартылышы керек. Мындай жабдууларды пайдаланууда жабык агындылардын түзүлүштөрү жана агынды сууларды тазалоо үчүн аппаратура каралышы керек.
230. Идиштерди жана аппаратураны тазалоону жана оңдоону идиштердин жана аппаратуранын ичинде адамдардын болуу зарылчылыгын жокко чыгарган ыкма менен жүргүзүү керек.
231. Өндүрүштүк жабдууну тазалоо жана оңдоо үчүн ачуунун алдында инерттүү газ менен, андан кийин таза аба менен үйлөтүп жана суу менен жууш керек.
11-глава. КТУЗду сактоо процесстерине коюлган талаптар
232. КТУЗдун кампалары базалык, чыгымдалуучу жана темир жолдук болуп бөлүнөт.
Базалык кампалар - чоң сандагы КТУЗду узак убакытка сактоо үчүн жана аларды керектөөчүлөрдүн чыгымдалуучу кампаларына чыгарып берүү үчүн арналат.
Чыгымдалуучу кампалар - ишканалардын өндүрүштүк муктаждыктары үчүн зарыл болгон санда КТУЗду сактоо үчүн арналат же буудайды ж.б. түздөн-түз дезинсекциялоо, тазалоо максаттары үчүн колдонулат.
Темир жол кампалары - базалык же чыгымдалуучу кампаларына жөнөтүү алдында КТУЗду убактылуу сактоого арналат.
233. КТУЗду сактоо үчүн атайын арналган орундар долбоорго ылайык жабдылышы керек. КТУЗ сакталган убактысына жана көлөмдөрүнө жараша кампа жайлары базалык, чыгымдалуучу жана темир жолдук болуп бөлүнөт.
234. КТУЗ кампалары өнөр жай, санитардык, өрткө каршы жана экологиялык көзөмөлдөө органдарынын, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, долбоордук уюмдун жана ишкананын өкүлдөрүнөн турган комиссия пайдаланууга кабыл алат. Кампаны пайдаланууга кабыл алуу акты ишкананын техникалык жетекчисинде сакталат. Ишкана жыл сайын күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын кампа жайларынын абалын жогоруда аталган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тарабынан коопсуз пайдалануу предметине текшерип турууну уюштурат. Мындай текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлөт.
235. Ишкананын жетекчисинин буйругу менен КТУЗдун кампасынын башчысы дайындалат, ага Коопсуздук эрежелеринин ушул главасынын талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик жүктөлөт.
236. Базалык кампалар чоң сандагы КТУЗду узак убакытка сактоо үчүн жана аларды керектөөчүлөрдүн чыгымдалуучу кампаларына чыгарып берүү үчүн арналат. Базалык кампалардын көлөмү чектелбейт.
237. КТУЗдун базалык кампаларын долбоорго ылайык жана ушул Коопсуздук эрежелеринин талаптарын көңүлгө алуу менен калктуу конуштан тышкары, суунун булактарынан алыс, ишкананын объекттерине карата желдеп турган тарабынан, ачык, жакшы желдеп турган, суу кирбеген, кыртыштын сууларынын деңгээли 2,0 метрден бийик эмес болгон жер участогуна жайгаштыруу керек.
238. Базалык кампаларга КТУЗду чачыранды, бири-биринен өрткө каршы ажырым аралыкта турган жана өз кезегинде бири-биринен толук изоляцияланган бөлүктөрдө жана секцияларда турган бир нече имаратка сактоо керек.
239. КТУЗду ачык асман алдындагы, навес алдындагы базалык же убактылуу кампаларда, темир деңиз контейнерлеринде, нымдуу бөлмөлөрдө жана жер төлөөлөрдө сактоого тыюу салынат.
240. Базалык кампасынын аймагына КТУЗ бар таңгактарды бузуу жана аларды өндүрүшкө (чыгымдалуучу кампаларга) берүү үчүн өзүнчө жайларды курууга жол берилет. Аталган жайларды башка КТУЗду сактоочу жайлардан 20 метрден аз эмес аралыкка жайгаштыруу керек.
241. Чыгымдалуучу кампалар ишканалардын өндүрүштүк муктаждыктары үчүн зарыл болгон санда КТУЗду сактоо үчүн арналат. Ишканалардын чыгымдалуучу кампаларында КТУЗдун максималдуу саны суткасына жалпы 500 кг чейин керектөөсү кварталдан, 500 кг дан 1 т чейин - 45 күндүк, 1 ден 5 т чейин - 10 күндүк, 5тен 10 т чейин - 5 күндүк жана 10 т - 3 күндүк муктаждыктан ашпоого тийиш (бирок 100 тоннадан көп эмес).
242. Суу жана канализация чарбаларындагы кампаларда сакталган КТУЗдун максималдуу саны, 2 айлык муктаждыктан ашпоого тийиш.
243. КТУЗдун чыгымдалуучу кампаларынын бардык топторун өзүнчө, жабылган, жакшы желдетилген жайларга, турак, коомдук жана ишкананын иш-аракеттерине байланышы жок өндүрүштүк имараттардан 300 метрден аз эмес аралыкка жайгаштыруу керек. Аталган кампалардын эшиктерине эскертүүчү белгилерди илип коюу керек.
244. КТУЗдун чыгымдалуучу кампаларынын бардык топторун турак үйлөрдүн, өндүрүштүк жана көмөкчү имараттардын жер төлөлөрүнө жайгаштырууга тыюу салынат.
245. Кампалардын имараттарында тараны бузууга жана продукцияны чыгарууга байланыштуу операциялардын баарын сакталган орундан изоляцияланган жайларда жүргүзүү керек.
246. КТУЗ сакталган орундарга КТУЗдун тибин жана санын, алардын кепилдик берилген сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен такталарды илип коюу керек.
247. Кампа жайлардагы температура, абанын салыштырма нымдуулугу жана ылдамдыгы КТУЗду сактоо технологиясына ылайык тандалат. КТУЗду жылыткыч приборлорго жакын сактоого тыюу салынат.
248. Кислоталарды, щелочторду жана башка суюк КТУЗду сактоочу кампалардын аймагы суюктук төгүлгөн учурда кийин төгүлүүнү чектөө жана кесепеттерин жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө мүмкүн болгон коопсуз изоляцияланган жерге агызууну камсыз кылган арыктар болушу керек.
249. Кычкылдануучу заттарды сактоодо оттон коргоочу курам менен иштетилбеген оңой күйгөн материалдар менен алардын байланышын жокко чыгарган чараларды көрүү керек.
250. Суу менен өз ара таасирлерге жөндөмдүү КТУЗ, алардын сууланышы жана ушул учурда зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгышы жокко чыгарылган шарттарда сакталышы керек.
251. Кислоталарды сактоо үчүн кампада жана аянтчада кокустан төгүлгөн суюктуктарды нейтралдаштыруу үчүн акиташты, сооданы, ошондой эле аларды чогултуу үчүн кумду сактоо үчүн идиштер орнотулат.
252. Суюк КТУЗду кабыл алуу үчүн идиштердин ташып кетүүсүн алдын алуу үчүн өлчөгүч, автоматикалык жабылган клапандар жана сигнализация менен жабдылат жана сакталган КТУЗдун санын эске алуу менен көмүлөт.
253. Күлмайда КТУЗ чаңды басуучу жогорку эффективдүү (98-99% дан кем эмес) орнотмолор менен камсыздалган пневматикалык ноолордун, шнектердин жана пневмотранспорт каражаттарынын системалары менен кампаларга берилет жана түшүрүлөт. Бул системалардагы аба сыртка чыгаруунун алдында чаңдан тазаланат. Каптардан, барабандардан чубурма материалдарды чаңдатпай түшүрүү үчүн аспирациялык фасовкалоочу машиналар жана вакуум-пневматикалык түзүлүштөр колдонулат.
254. Майда тарадагы (барабан, баллон, бөтөлкө) КТУЗдун бардык топторун сактоодо базалык жана чыгымдалуучу кампалардын жайлары долбоорго ылайык тейлөө үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү текчелер жана тарага шайкеш келген уячалар орнотулган стеллаждар менен жабдылышы керек, ошондой эле бөтөлкөлөр, баллондор, барабандар коюлган атайын жылдырма жүк коюучу столчолору болушу керек. Жүктөп жана түшүрүп жаткан убакта оордуктарды (барабандар, баллондор) жылдыруу үчүн кол менен же механикалык шаймандарды колдонуу керек.
255. КТУЗду сактоо, таңгактоо жана куюу үчүн жайлар бул жайлардын абасында тийиштүү КТУЗдун бар экени жөнүндө сигнал берүү үчүн автоматтык же эң жөнөкөй индикатордук түзүлүштөр менен камсыздалышы керек.
256. Чыгымдалуучу жана базалык кампаларда КТУЗду сактоо үчүн идиштер катары темир жол цистерналарын колдонууга жол берилбейт.
257. Бардык КТУЗдун базалык жана чыгымдалуучу кампаларында төмөнкүдөй тиричилик жайлары болушу керек: өткөргүч менен кийим илүүчү жай, жуунуучу жай, дааратканаларды, иш кийимдерин сактоочу жана зыянсыздандыруу жайларды, ал эми базалык кампаларда мындан тышкары жумушчулардын жылынуу жана тамак-аш ичүүчү жайлары болушу керек.
258. КТУЗдун чыгымдалуучу кампаларында атайын тиричилик жайлары каралбайт, эгер мындай жайлар кошуна өндүрүштүк же көмөкчү имараттарда болсо.
259. КТУЗдун чыгымдалуучу кампаларында жайгашкан тиричилик жайлары КТУЗду сактоо жана кутулоо (куюу) жайларынан обочолонгон болушу керек жана өзүнчө тамбур аркылуу көз карандысыз кирген эшиги болушу керек.
260. КТУЗду базалык кампаларга же КТУЗду убактылуу (3 суткадан ашык эмес) сактоо үчүн чыгымдалуучу кампаларга жүктөп жиберүүнүн алдында темир жол кампалары орнотулушу керек, алар кампаны жалпы пайдалануудагы темир жол менен байланыштырган темир жол менен камсыздалышы керек. Темир жолдун участоктору ишканада белгиленген тартипте бекитилген жана темир жолдун ээси менен макулдашылган атайын нускаманын негизинде ишкана тарабынан пайдаланылат.
261. КТУЗ темир жол кампаларынын сактоочу жайларынын (жайларын) жайгашуусу жана курулушу долбоордун талаптарына жана Коопсуздук эрежелеринин ушул главасынын бул бөлүмүнө шайкеш келиши керек.
262. КТУЗдун темир жол кампаларын ишканалардын рельстердин жанындагы кампаларынын (өткөөл базалар) жалпы аймагына ушул Коопсуздук эрежелеринде баяндалган талаптар сакталган учурда жайгаштырууга жол берилет.
263. КТУЗдун темир жол кампаларын туюк жолго, турак жана коомдук имараттардан 300 метрден аз эмес аралыкка жайгаштыруу керек. Туюк жол жүктөө-түшүрүү иштеринин коопсуздугун камсыз кылган түзүлүштөр (бекиткич) жана сигнализация менен жабдылышы керек. КТУЗдун темир жол кампасынын аймагы куралдуу күзөт менен кайтарылышы керек.
264. Темир жол кампаларына КТУЗду темир жол цистерналарында же вагондордо жана заводдун тарасында (таңгагы) сактоо керек.
265. Өнөр жайлык жана экологиялык коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча КТУЗду ишканалардын рельстердин жанындагы кампаларында КТУЗдун белгилүү тибин сактоо үчүн атайын курулган сактоочу жайларга убактылуу сактоого жол берилет.
266. Темир жол кампаларынын аймагына жер үстүндөгү же жер алдындагы цистерналар түрүндө КТУЗду сактоочу жайларды, ошондой эле кампа имараттарын курууга жол берилбейт.
267. КТУЗдун бардык темир жол кампаларын жумушчулардын жеке коргоо каражаттары (противогаздар, кычкылтек приборлору), жабыркагандарга биринчи жардам берүүдө аптечка менен ууларды зыянсыздандыруу үчүн каражаттар менен камсыздалышы керек.
268. КТУЗдун темир жол кампаларынын сыйымдуулугу чектелбейт.
269. Базалык, чыгымдалуучу жана темир жол кампаларында суюк КТУЗду сактоо үчүн вертикалдуу жана горизонталдуу цистерналар аларга топтолгон тунмаларды мезгил-мезгили менен бошотуп туруу үчүн кир чыгаргычтар менен жабдылышы керек.
270. Цистерналардан чыгарылган кирлерди канализацияга агызуунун алдында же атайын бул максатка арналган орундарга ташып кетүүнүн алдында кирлерди кабыл алуу жана зыянсыздандыруу үчүн цистерналардын жанында чыдамдуу материалдан жасалган жылдырма же стационардык резервуарлар болушу керек.
271. Суюк КТУЗ үчүн өткөргүч түтүктөрдү болоттон жасалган (цианидге чыдамдуу) бүтүн тартылган түтүктөрдү минималдуу сандагы фланецтери бар ширетип бириктирүү менен даярдоо керек. Өткөргүч түтүктөрдү жууп-тазалоону КТУЗ менен өз ара байланышка кирбеген суюктук менен жүргүзүү зарыл.
272. Цистерналарга жүктөөнү, агызууну жана кысып чыгарууну КТУЗдун абага бөлүнүп чыгышын же жумушчулардын терисине тийишин жокко чыгарган ыкмалар менен жүргүзүү керек.
273. Газ сымал жана суюк КТУЗду төккөндө же орун которгондо кабыл алуучу цистерналардан кысып чыгарылган абадан бул заттар тазаланышы керек.
12-глава. КТУЗдун кампасынын аянтына коюлган талаптар
274. КТУЗдун кампасынын аймагын бийиктиги 2,4 метрден кем болбогон тосмо менен тосуу керек. Кампа орду боюнча аймакка кишилердин жана жаныбарлардын кирип кетүүсүнө тоскоол болгон материалдар менен тосулат. Тосмого автотранспортту киргизүү үчүн дарбаза жана адамдарды өткөрүү үчүн эшик орнотулат. Дарбаза менен эшик илме кулпулар менен бекитилет, алардын ачкычтары кампа башчысында сакталат.
275. Долбоордо каралган санда КТУЗдун тийиштүү типтерин сактоо үчүн жай (сактоочу жай) жайгаштырылган кампанын аянты тегизделген болушу керек жана үстүңкү бети катуу (бетон же асфальт) болушу керек. Аймактын жалпы жантайышы жакын жайгашкан табигый суу агызгычка багытталышы керек.
276. КТУЗдун кампасы тосулган, кампанын жайлары (сактоочу жайлары) иш эмес убакта жабык, мөөр басылган жана күнү-түнү куралдуу күзөт (ички иштер органдары менен макулдашуу боюнча) менен кайтарылган болушу керек, ал эми кампага кирген жолдор түнкү убакта - жарыктандырылган болушу керек.
277. Аймактын ичинде жана ага барган жолдо автотранспортту киргизүү үчүн автожолдор курулат. КТУЗдун кампаларынын аймагындагы кирүүчү жолдордун жана аянттардын конструкциясы долбоорго шайкеш келиши керек.
278. КТУЗдун кампасынын тосмосунан баштап жакын жайгашкан турак-жай, коомдук жана өндүрүштүк ишкананын имараттарына чейин 300, 500 же 1000 метр аралык болушу керек. Санитардык-коргоочу зона (СКЗ) долбоор менен КТУЗдун кампасынын топторуна жараша орнотулат (ушул Коопсуздук эрежелерине 1-тиркеме):
КТУЗдун кампалары | |||
Топ | 1 | 2, 3А, 4А, 5 | 3Б жана 4Б |
Аралык | 300 м | 500 м | 1000 м |
Бул зонанын чегинде КТУЗдун кампасынын көмөкчү жайларын жана көмөкчү имараттарын жайгаштырууга жол берилет. Санитардык-коргоочу зона жашылдандырылган болушу керек.
279. Жаңы долбоорлонгон ишканалардын (объекттердин) аймагында жайгашкан КТУЗдун чыгымдалуучу кампаларынан санитардык-коргоочу зона ишкананын өзүнүн санитардык классына ылайык белгиленет.
280. Колдонуудагы ченемдерге ылайык зарыл болгон санитардык ажырымдары жок болгон реконструкцияланып жаткан өнөр жай ишканаларынын КТУЗдун чыгымдалуучу кампаларынын санитардык-коргоочу зоналарынын өлчөмү ар бир конкреттүү учурда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо" санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдеринин негизинде белгиленет.
13-глава. КТУЗдун кампаларынын жайларынын (сактоочу жайларынын) түзүлүшүнө коюлган талаптар
281. КТУЗдун кампасынын аймагында долбоорго ылайык кыртыштын жана жер алдындагы суулардын булгануудан тосо турган түзүлүштөрү болушу керек.
282. КТУЗдун кампасынын сактоочу жайлары өрткө каршы ажырым аралыгында жайгашат жана бири-биринен толук изоляцияланган бөлүктөргө бөлүнөт. Ар бир бөлүктө кампанын жайларын өтмө желдетүүнү камсыздоо үчүн имараттын карама-каршы тараптарында эки эшиги болушу керек.
283. Ар бир кампа жайына (сактоочу жай) алар арналган жана жабдылган КТУЗдун үч тобун гана сактоого жол берилет. КТУЗдун базалык кампасынын сактоочу жайларынын жалпы сыйымдуулугу чектелген. Бир имараттын сыйымдуулугу 500 тоннадан, ал эми бөлүктүн сыйымдуулугу 50 тоннадан ашык болбошу керек.
284. Кычкылдуу чөйрөдө технологиялык операциялар жүргүзүлгөн жайлардын дубалдарынын, полдорунун, панелдеринин жана кабаттарынын ортосундагы тосмолордун каптамдары даттан коргоо касиеттерине ээ болушу керек.
285. КТУЗду сактоо үчүн кампа жайларынын дубалдарын, шыптарын жана ички конструкцияларын жасалгалоо үчүн үстүңкү бетине чаңды жана бууларды топтобогон, конструкцияны КТУЗдун химиялык таасирлеринен коргоого жөндөмдүү материалдарды колдонуу керек. Алар үстүңкү беттерди оңой жууп жана тазалоону камсыздашы керек. Дубалдардын пол менен жана шып менен биригүүлөрү иймекей формада болушу керек. Сактоочу жайлардын полдору тегиз, жылмакай жана оңой жуулган, ошондой эле сууларды агызуу жана чыгаруу үчүн жетиштүү жантык болушу керек. Агып чыгуучу орундарга агынды суюктукту нейтралдаштыруу үчүн резервуар орнотуу зарыл, анын биригүүлөрүнүн баары тегерек формада болушу керек.
286. Илимий-изилдөө институттарынын, химиялык-аналитикалык лабораториялардын муктаждыктары үчүн керектелүүчү бир аз сандагы (50 кг чейин) КТУЗ долбоорго ылайык алардын имараттарынын габариттериндеги желдеткич, суу түтүк жана канализация менен жабдылган атайын бөлүнгөн бөлмөдө, бузугу жок кулпулары бар бекем сейфтерге сакталат.
287. Лабораторияларга жалпы көлөмү 2 л ашык эмес концентрацияланган органикалык эмес суюк кислоталарды айнек тыгын жана капкак менен жабылган калың айнек идишке, поддонго коюлган дат баспаган материалдардан жасалган тартма шкафка сактоого жол берилет.
Эскертүү: курамында кислоталар бар аралашмалар канализацияга төгүлбөгөн шартта гана синиль кислотасынын туздарынын зыянсыздандырылган аралашмаларын канализацияга төгүүгө жол берилет.
14-глава. КТУЗ кампаларынын имараттарын (сактоочу жайларын) күтүүгө коюлган талаптар
288. Бир кампанын жайына (сактоочу жайына) бири-бири менен өз ара таасирге кириши мүмкүн болгон КТУЗдун ар башка типтерин бирге сактоого жол берилбейт (мисалы, цианид бирикмелери менен кислоталар, цианид кислотасы менен хлорпикринди ж.б.у.с.). Аталган КТУЗду сактоого бир кампа имаратынын такыр изоляцияланган бөлүктөрүнө (секцияларына) же каршы эки тарабына өз алдынча эшиктери бар бири-биринен изоляцияланган жайларына сактоого уруксат берилет.
289. КТУЗду долбоорго жана атайын нускамаларга ылайык жабык кампа жайларына же чатырдын алдына сактоо керек. Аэрофлоттордун КТУЗ кампасынын тосулган аймагына флотореагенттерди, майларды, туз кислотасын, натрий сульфогидратын, керосинди, металл резервуарларда жана цистерналарда түз тийген күндүн нуруна жана атмосферанын жаан-чачындарынан корголгон чатырдын алдына сактоого жол берилет.
290. КТУЗ сактоо үчүн кампа жайлары экиден аз эмес бөлүмчөлөрдөн (бөлмөлөрдөн) турушу керек:
- ууларды сактоо жана берүү үчүн бөлүмчө;
- атайын кийимдерди, жеке коргоо каражаттарын (противогаз, респиратор жана изоляциялоочу костюм, суу, самын, ысык жана муздак суусу бар жуунгуч, ошондой эле биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн аптечка) сактоо үчүн бөлүмчө.
291. Кампалардагы эшиктер жана дарбазалар авария же өрт болгон учурда персоналды эвакуациялаган багытта ачылышы керек. Кампанын эшигине авария болгон учурда суюктуктун жайылып кетүүсүн алдын алган пандус же босого орнотулат.
292. Жайларда сыртынан кулпу менен бекитилген темир же темир менен капталган жыгачтан жасалган бекем эшиктери болушу керек.
293. Жайлардын терезе тешиктери металл торлор менен корголушу керек, торчонун туурасынан кесилиши 1,5 см2 кем эмес жана көзчөлөрү 15 х 15 см көп болбошу керек.
294. КТУЗду сактоочу жайларды абада зыяндуу аралашмалардын (цианид бирикмелери) бар экени жөнүндө сигнал берген автоматтык же эң жөнөкөй индикатордук түзүлүштөр менен жабдуу керек.
295. Кампа жайынын абасындагы зыяндуу газдардын, буулардын жана чаңдын белгиленген концентрацияларынын жол берилген чегинен ашык кетпөө үчүн табигый желдетүү жана жергиликтүү мажбурлап желдетүү аба алмаштыруунун долбоордук эсебине ылайык аларды тазалоону камсыздашы керек. Соруучу орнотмолор менен кампа жайларынан чыгарылып жаткан абаны атмосферага чыгаруунун алдында тазалоо керек.
296. КТУЗдун кампасынын жайлары ууларды зыянсыздандыруу (дегазизация) каражаттары, жумушкерлердин жеке коргоо каражаттары (противогаздар, кычкылтек приборлору), ошондой эле биринчи медициналык жардам берүү үчүн аптечка жана байланыш каражаттары менен камсыздалышы керек.
297. Иш эмес убакта КТУЗдун кампа жайлары жабык, пломба басылган жана күзөткө тапшырылган болушу керек.
15-глава. КТУЗду кабыл алуу, сактоо, эсепке алуу жана чыгаруу процесстерине коюлган талаптар
298. КТУЗду чыгарган жана колдонгон бардык ишканалар, ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилген реагенттердин (алардын аралашмаларынын) кооптуулук классы, жана ушул Коопсуздук эрежелеринин талаптары эске алынган КТУЗду коопсуз сактоо, эсепке алуу жана реагенттик режимди сактоо боюнча нускамалар болушу керек.
299. Автомобиль транспортунан кампалардын сактоочу жайларына КТУЗду кабыл алуу КТУЗду ташуу жана сактоо үчүн жооптуу кызмат адамдарынын милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт. Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды кампага кабыл алуу ишканага жүк келип түшкөн күнү жүргүзүлөт, эгер жүк түнкүсүн келсе, анда ал эртең менен кабыл алынат. Кампага жүк кабыл алынганга чейин КТУЗ пломба басылган түрүндө күзөттө турушу керек.
300. КТУЗ жүктү кабыл алуунун алдында КТУЗду сактоо үчүн жооптуу кызмат адамы коопсуздук чараларынын сакталышына, КТУЗ салынган таранын бүтүндүгүнө, ал соккуга кабылбаганына, ыргытылбаганына, сүйрөтүлүп ташылбаганына ж.б.у.с. көз салып турушу керек. Тарада (таңгакта) жеткирип берүүчүнүн трафареттери жок болсо, КТУЗ таңгактарында бузуктар табылса кампа башчысы бул тууралуу кабыл алуу актына белгилеп, кийин трафареттерди калыбына келтирип жана ишкананын жетекчилигине билдириши керек. Ишти противогаз менен жүргүзүү керек.
301. Тарасында маркалоосу жана тийиштүү белгилери (жазуулары) жок болсо КТУЗ бар идиштерди кампага ташып кирүүгө жана сактоого жол берилбейт.
302. Тарада өндүрүүчү же сатуучу ишкананын аталышы, заттын аталышы, классы, продукциянын чыгарылган сериясынын номери, брутто жана нетто салмактары, кооптуулук белгиси көрсөтүлгөн жана "Уу" жазуусу болушу керек
303. КТУЗду ташууда заводдун жана чекене тарадан тышкары алар өзгөчө тыгыз жашиктерге салынып, аларга башка товарлардан жана материалдардан өзүнчө пломбалар басылат.
304. КТУЗ төмөнкүчө таңгакталышы мүмкүн:
- жакшы кыналган тыгындары бар айнек банкалар (сөзсүз текшерилет), банканын оозу парафин менен бекитилген жана ага резина калпак кийгизилген болушу керек. Айнек банкалар бузулуудан алдын ала коргоо үчүн жана агып же төгүлүп калган учурда сиңирүү үчүн жетиштүү сандагы жумшак төшөмө материалы (идиштин түбүндө, капталдарында жана үстүндө) бар металл калай футлярга салынат. Калай банкалардын капкак менен бириккен орундары каңдалат, тыгыз жыгач жашиктерге салынат жана кыймылдабасы үчүн кизельгур же таарынды менен жабылат: жашиктерге жиберүүчүнүн пломбасы басылат, жашиктин капкагында белги коюлат: "Жогору, этият бол";
- прокладкасы бар сайлуу тыгын менен жабылган металлдан жалтыратылган банкалар;
- төрт миллиметрдик фанерадан же жыгачтан жасалган барабанга салынган герметикалуу бекитилген металл барабандар. Барабандардын үстү жана асты темир алкактар менен бекитилген, фанера барабандардын туурасына кеткен тигиштери алкак метал менен бекитилет;
- төрт катмарлуу крафтцеллюлоза каптар;
- көп катмардуу кагаз каптар джут каптарга салынат, ошондой эле фанер жашиктерге же темир барабандарга салынган кагаз, зыгыр же джут каптар;
- болоттон жасалган баллондор жыгычтан жасалган тыгыз жашиктерге салынат жана аларга прокладкалар менен бекитилет.
305. Тарага уунун кооптуулугунун даражасы жана аны урунууда этияттык чаралары жөнүндө эскерткен жарлыктар чапталат. Аталган жарлыктар жүктүн ар бир ордунун каптал тарабынын бир жагына жана үстүнө чапталат. Жазуулардын баары тарага мамлекеттик жана расмий тилдерде жуулбаган боёк менен так, ачык түшүрүлөт.
306. КТУЗ бар тараны жээктегенге, ыргытууга, сүйрөөгө, ага башка жүктөрдү коюуга тыюу салынат.
307. Күкүрт көмүрсууну жүктөө (түшүрүү) күндүзгү убакта гана (табигый жарык менен) жүргүзүү керек.
308. КТУЗду жүктөө жүктү жөнөтүүчүнүн жооптуу кызмат адамынын, ал эми түшүрүү - жүктү алуучунун кызмат адамынын милдеттүү катышуусу менен жүргүзүлөт. Эки учурда тең жүктү коштоп жүргөн жооптуу кызмат адамы катышууга милдеттүү.
309. КТУЗду системалуу жүктөө болбогон пункттарда жүктөө же түшүрүү боюнча иш сутканын жарык мезгилинде жүргүзүлөт.
310. КТУЗду жүктөө жана түшүрүү үчүн турак жана өндүрүш имараттарынан, жүк кампаларынан 125 метрден аз эмес аралыктагы орундар тандалат; күкүрткөмүртекти жүктөө жана түшүрүү үчүн - 500 метрден аз эмес.
311. Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды жүктөө жана түшүрүү үчүн арналган аянттар шарттуу белгилер менен тосулат (кызыл желектер, чырактар), куралдуу күзөт менен кайтарылат.
312. КТУЗду кол менен жүктөөгө жана түшүрүүгө тыюу салынат.
313. Авариялык жагдайда КТУЗду кол менен жүктөөгө жана түшүрүүгө жол берилет. Бул учурда жүк көтөргүчтөр жеке коопсуздук чараларын жана жүктөрдү агып калуудан, чачыроодон, таңгакты бузулуудан алдын ала коргоо чараларын, ошондой эле өрткө каршы коопсуздуктун чараларын сактоого милдеттүү болушат.
314. КТУЗду сактоо үчүн кампаларды аларды жүктөө жана түшүрүү операцияларын толук механикалаштырууга жана коопсуз кылууга мүмкүндүк берген көтөрүүчү-транспорттук каражаттары менен жабдуу керек.
315. Кампа жайлары таза, кургак, чатырларында жана полдорунда бузугу жок болушу керек, стеллаждардын, секциялардын, кирүүчү жана чыгуучу эшиктердин ортосунда жарыктандырылган өтмөктөрү болушу, дайыма тазаланып жана оңдолуп турушу керек.
316. КТУЗ бар баллондор (контейнерлер) аларга кийгизилген башмактар менен бирге пломба басылып, атайын уяларга же торлорго вертикалдуу абалында сакталышы керек. Башмактары жок баллондор жыгач алкактарга же стеллаждарга горизонталдуу абалында сакталышы керек. Баллондордун вентилдерин бир тарапка каратуу керек. Калпактарды баллондорго бурап бекитүү керек. Толтурулган баллондорду бош баллондордон өзүнчө сактоо керек.
317. Суюлтулган газ сымал КТУЗду сактоо үчүн резервуарларды, башка жабдууларды, өткөргүч түтүктөрдү ишке киргизүүнүн алдында КТУЗ менен өз ара таасирлери жок болгон инерттүү газ менен үйлөтүү жолу менен алардан абаны чыгаруу керек.
318. Суюлтулган КТУЗду кысылган аба менен кысканда бөлүнүп чыккан абаны жана калдык газдарды (абгаздар) атмосферага чыгаруунун алдында тазалоо жана нейтралдаштыруу керек.
319. КТУЗдун базалык, чыгымдалуучу жана темир жол кампаларындагы желдетилген абаны чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген санитардык ченемдерге ылайык жүргүзүлөт.
320. Кампаларда жана өндүрүш жайларында сымап буралып киргизилме болот тыгындары жана төмөнкү бөлүгүндө сымапты төгүү үчүн краны бар болоттон жасалган атайын баллондорго сакталышы керек. Крандын туткасында кокустан кранды ачып алууну жокко чыгарган блоктогуч болушу керек. Өндүрүштүк жайларда сымап герметикалуу жабылган калың айнек же механикалык, химиялык жана башка таасирлерге чыдамдуу болгон башка идиштерге желдеткичтин алдында убактылуу (бир суткага чейин) сакталышы мүмкүн. Идиш жыт чыгаргычы бар футлярга салынат жана атайын поддонго орнотулат.
321. Лаборатория жайларында сымап атайын поддонго коюлган жыпар жыт чыгаргычтары бар футлярга салынган, герметикалуу жабылган калың айнек идиште же башка сынбаган идиште сакталат.
322. Иштетилген сымап ошол эле шарттарда калий перманганатынын кычкылдандырылган аралашмасынын катмарынын алдында сакталат. Каңдалган айнек ампуладагы бир аз сандагы сымапты (ар бири 20-30 мл) жалпы лабораториялык шкафтарга сактоого болот. Бул учурда ампулалар кокустан бузулганда сымаптын төгүлүшүн токтоткон тыгыз футлярга салынат.
323. КТУЗду сактоо, куюу жана таңгактоо үчүн жайлар бул жайлардын абасында тийиштүү КТУЗ бар экени жөнүндө сигнал берүүчү автоматтык же эң жөнөкөй индикатордук түзүлүштөр жана каражаттар менен камсыздалышы керек.
324. КТУЗдун төгүлүп кеткен майдалары чогултулуп жана жабылуучу атайын металл тараларга салынышы керек, ал эми төгүлгөн орунду зыянсыздандыруу керек.
325. Кампалардын сактоочу жайларына сакталып турган КТУЗду урунуу боюнча жана аларды зыянсыздандыруу чаралары боюнча нускамаларды жана эрежелерди илип коюу керек. Кампаларга тарасы бузулган реагенттерди сактоого жол берилбейт.
326. Базалык кампаларда КТУЗду фасовкалоого жол берилбейт. КТУЗду фасовкалоону бул максат үчүн атайын жабдылган жайларда жүргүзүү керек.
327. КТУЗду фасовкалоо жана куюу үчүн жайлар алар сакталган жайлардан изоляцияланган болушу керек. Мындай жайлар башка максаттарга колдонууга жол берилбеген майда кадак таштары бар өзүнчө таразалар менен жабдылат. Фасовкалоо үчүн жайдын алдына кирдеген тараны зыянсыздандыруу үчүн жай бөлүнүшү керек.
328. Чыгымдалуучу кампаларда чубурма КТУЗду зарыл санда жана кандайдыр-бир кошумча операцияларсыз уулуу заттарды түздөн-түз өндүрүшкө берүүгө мүмкүн болгон тараларга фасовкалоо сунушталат.
329. Газ толтурулган баллондорду аларга күндүн нурунун түз тийишин жокко чыгарган шарттарда сактоо керек.
330. КТУЗдун чыгарылып жаткан санын эсепке алууну кампа башчысы атайын белгиленген формадагы журналга жүргүзөт, журналдын формасы ушул Коопсуздук эрежелерине 3-тиркемеде келтирилген.
Ар бир журнал номерленген, тигилген жана КТУЗду коопсуз сактоо боюнча талаптардын сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырган мамлекеттик органдын мөөрү менен бекитилген болушу керек. Ууларды кириштөө жана чыгыштоо күн сайын бул заттардын канча санда экенин аныктоого мүмкүн болгондой эсептөө менен жүргүзүлөт.
16-глава. КТУЗду сатуу процесстерине коюлган талаптар
331. КТУЗду сатуу процесстери бул заттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-февралындагы № 43 токтому менен бекитилген Химиялык заттардын/аралашмалардын коопсуздугун классификациялоо системасы жана опурталдуулук жөнүндө маалымат берүүнүн элементтерине: маркалоого жана Коопсуздук паспортуна талаптар жөнүндө жобонун, химиялык продукцияны сатуу процесстерине коюлган талаптарды белгилеген башка ченемдик документтердин, жана ушул Коопсуздук эрежелеринин талаптарына шайкеш келген талаптагыдай таңгакталган, маркаланган, коопсуз сатуу жана сактоо боюнча сунуштамалар менен жабдылган болушу керек.
332. КТУЗ сатылган тара алардын керектөөчүлүк касиеттерин сактоо үчүн, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү алардын таасиринен коргоо үчүн атайын ыңгайлаштырылган болушу керек.
333. КТУЗду сатып алуучуга продукциянын кооптуулугунун мүнөзү жөнүндө жана коопсуз колдонууга коюлган талаптар жөнүндө толук маалыматты берүү керек (керектөөчү таңгакта маркалоо жана/же нускамалар, сунуштамалар же химиялык продукцияны коопсуз колдонуу боюнча башка документтер түрүндө).
Сатып алуучунун сурамы боюнча ага мындай продукцияны жеткирип берүүчү тарабынан таанышуу үчүн химиялык заттын коопсуздугунун паспорту берилиши керек.
334. КТУЗду сатуу процесстерин жүзөгө ашырган персоналдын коопсуздугун төмөнкүчө камсыз кылуу керек:
- КТУЗдун кишилерге жана айлана-чөйрөгө таасирин жокко чыгарган иштин ыкмаларын жана методдорун колдонуу;
- зарыл болгон жеке коргоо каражаттарынын жана атайын кийимдердин, жеке гигиена каражаттарынын, санитардык каражаттардын бар болушу;
- алдын ала эскертүүчү маркалоону колдонуу;
- персоналды КТУЗ менен коопсуз иштөө чаралары менен тааныштыруу;
- авариялык жагдайлардын алдын алуу жана жоюу боюнча чараларды иштеп чыгуу.
17-глава. КТУЗ кампаларынын тиричилик жайларын түзүүгө коюлган талаптар
335. Базалык жана чыгымдалуучу КТУЗ кампасынын алдында долбоорго ылайык төмөнкүдөй тиричилик жайлары болушу керек:
- гардеробу, душтары жана жуунгучтары бар өткөрүүчү жай;
- дааратканалар;
- жумушчу кийимдерди сактоо жана зыянсыздандыруу үчүн жайлар;
- тамак-аш жылытуу жана ичүү үчүн жайлар.
336. Тиричилик жайларында ички суу түтүктөр, мажбурлап сордуруучу желдеткич, жарыктандыруу жана канализация болушу керек.
337. Бардык топтордогу КТУЗду сактоо үчүн жайларды жылытуу зарылчылыгы КТУЗдун физикалык-химиялык касиеттери, кампалар жайгашкан райондун климаттык шарттары жана КТУЗду керектөөчүлөрдүн техникалык талаптары менен аныкталат.
338. КТУЗду сактоо, ошондой эле бөлүп салыштыруу жана куюу үчүн жайлардын жасалма жарыктандыруусу КР КЧ 23-05:2019 "Табигый жана жасалма жарык берүү" талаптарына жооп бериши керек.
339. Кампа имараттарынын габариттеринде жайгаштырылган тиричилик жайлары КТУЗду сактоо жана бөлүп салыштыруу үчүн жайлардан изоляцияланган болушу керек жана өзүнчө тамбур аркылуу кирген өз алдынча эшиги болушу керек.
18-глава. КТУЗ кампаларын өрткө каршы коргоо түзүлүшү боюнча талаптар
340. КТУЗ кампасын өрткө каршы коргоо "Өрт коопсуздугун камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жооп бериши керек. Өрткө каршы коргоо каражаттарынын жана инвентардын саны жана жайгаштырылган орундары долбоордо белгиленет жана өрткө каршы көзөмөлдөө жүргүзүүчү мамлекеттик органдар менен макулдашылат.
341. КТУЗ кампаларынын алдындагы күзөт жайында мүмкүн болуучу өрт чыккан учурдагы персоналдын иш-аракеттеринин тартиби жөнүндө нускаманы илип коюу керек.
342. КТУЗду I жана II даражадагы отко чыдамдуу кампа жайларында сактоо зарыл.
343. Оңой кычкылдануучу КТУЗду сактоодо оттон коргоочу курамдар менен иштетилбеген оңой күйүүчү материалдар менен алардын байланышын жокко чыгарган чаралар көрүлөт.
344. Органикалык жана башка өрт чыгуу жана жарылуу коркунучу бар заттарды аралаштыруу үчүн аппаратура учкундун пайда болушун жокко чыгаргандай жасалышы керек.
345. Металлдардын фосфиддери алардын суу болушу жана ошол учурда зыяндуу газдардын пайда болуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылган шарттарда сактоо керек.
19-глава. КТУЗду утилдештирүү процесстерине коюлган талаптар
346. КТУЗ менен процесстердин долбоордук документтерин бул заттарды утилдештирүү зарылчылыгын көңүлгө алуу менен иштеп чыгуу керек.
347. Өзүнүн түз багыты боюнча колдонууга мүмкүн болбогон КТУЗ сатуучу уюмга кайтарып берилүүгө тийиш. КТУЗ тапшыруу жөнүндө аны сактоого лицензия берген өнөр жайлык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик органга эсептен чыгаруу үчүн билдирилет.
348. Өзүнүн керектөөчүлүк касиеттерин жоготкон жана сатуучу уюмдарга кайтарып берүүгө жарабаган КТУЗду, ошондой эле бул заттарды өндүрүүнүн калдыктары ушул Коопсуздук эрежелеринин, ошондой эле башка ченемдик документтердин талаптарын сактоо менен утилдештирилет (зыянсыздандыруу, экинчи чийки зат катары колдонуу, жок кылуу).
349. КТУЗ талаптагыдай идентификацияланган, таңгакталган, маркаланган жана утилдештирүүнү жүргүзгөн уюмда аларды коопсуз утилдештирүү боюнча нускама болгон шартта КТУЗду утилдештирүүгө уруксат берилет.
350. Процесстердин курамында КТУЗ бар бардык кыйыр продукттарды көбүнчө алар пайда болгон стадияда максималдуу утилдештирүү керек. Процесстерге колдонулбаган КТУЗду кишилердин өмүрү жана ден соолугу үчүн алардын кооптуулугун, айлана-чөйрөнүн булганышын көңүлгө алуу менен утилдештирүү, зыянсыздандыруу керек.
351. Полго төгүлүп кеткен курамында КТУЗ бар ар кандай химиялык аралашмаларды дароо зыянсыздандыруу керек жана таарындынын же кургак кумдун жардамы менен тазалоо керек, полду тийиштүү эриткич менен сууланган чүпүрөк менен жууш керек, андан кийин төгүлгөн орунду жуугуч каражаттар же соданын 10% эритмеси кошулган суу менен дыкат жууш керек.
352. Сүртүүчү чүпүрөктөрдү жана кездеменин үзүктөрүн керектегенден кийин капкак жабылган атайын жашиктерге салуу керек жана нөөмөттүн соңунда атайын бөлүнгөн орундарга чыгарып, кийин утилдештирүү керек.
353. Ар бир нөөмөттөн кийин атайын кийимдерди дыкат зыянсыздандыруу, айрым тактарды жана КТУЗ менен булганган орундарды атайын сунушталган аралашмалар менен сүртүп, зыянсыздандыруу зарыл. Атайын кийимдер кирдегенине жараша, бирок жумасына бирден кем эмес жолу жуулушу керек. Катуу кирдеген же күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар сиңип калган атайын кийимдер алдын ала иштетилбесе жана жуулбаса кайталап колдонууга жол берилбейт.
354. Бардык КТУЗдун калдыктарын канализацияга төгүүгө тыюу салынат. Мындай калдыктарды топтоо жана аларды жайгаштыруучу объекттерге жайгаштыруу өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын урунуу жаатындагы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
355. КТУЗду зыянсыздандыруу боюнча операциялардын баары жеке коргоо каражаттарын колдонуу менен жүргүзүлөт (противогаздар, респираторлор, кол каптар ж.б.у.с.).
356. Негизги зыянсыздандыруу каражаттары төмөнкүлөр:
- щелочтордун жана кислоталардын аралашмалары;
- щелочтор үчүн кислоталардын аралашмалары;
- зыяндуу эмес заттарды пайда кылуу менен кислоталар же щелочтор менен өз ара таасирге кирүүгө жөндөмдүү заттар үчүн кислоталардын жана щелочтордун эритмелери;
- зыяндуу эмес заттарды пайда кылуу менен кычкылданууга жөндөмдүү заттар үчүн курамында кычкылданткыч заттары бар эритмелер же курамдар;
- зыяндуу эмес заттарды пайда кылуу менен кислоталуу же щелочтуу чөйрөдө кычкылданууга жөндөмдүү заттар үчүн курамында кислоталар жана кычкылдантуучу заттар же щелочтор жана кычкылдантуучу заттар бар эритмелер, аралашмалар же курамдар.
357. Зыянсыздандыруу каражаттары жана ыкмалары сатып алуучуларга берүүчүлөр тарабынан берилген Паспортто көрсөтүлүшү керек.
358. КТУЗ чачылган (төгүлгөн) орундар, күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар менен булганган транспорт каражаттары, идиштер, өткөргүч түтүктөр жана арматура, жабдуулар, инвентарь, тара, коргоочу каражаттар жана шаймандар механикалык жол мнен тазаланат жана кийин зыянсыздандырылат.
359. Негизги зыянсыздандыруучу каражаттар болуп щелочтордун эришмелери (3% каустикалык сода, 5% кальцийленген сода, 10% жаңы өчүрүлгөн акиташ), хлордуу акиташтын боткосу (1 бөлүк хлор акиташы 3 бөлүк сууга).
360. Сымап жана анын бирикмелери төмөнкү ыкмалардын бири менен зыянсыздандырылат: хлордуу темирдин суулуу 20% дык эритмеси; туз кислотасы менен кычкылдандырылган калий перманганатынын 10% эритмеси (5 мл кислота 1 л сууга); бир салмактык бөлүгү марганецтин окисинен жана эки салмактык бөлүгү 5% туз кислотасынан турган паста.
361. Сымап-органикалык бирикмелер хлордуу акиташтын эритмеси менен зыянсыздандырылат (1 кг хлордуу акиташ 4 л сууга), андан кийин хромкүкүрт натрийдин 3-10% эритмеси же марганецкычкыл калийдин 10% эритмеси менен иштетилет.
362. Синиль кислотасынын туздары - цианэритмелер (күмүштүн, жездин, коргошундун эритилбеген цианиддеринен тышкары) - жана цианиддүү бирикмелер 2 бөлүгү темир купоросунун 10% эритмесинен 1 бөлүгү өчүрүлгөн акиташтын 10% эритмесинен турган аралашма менен зыянсыздандырылат.
363. Мышьяк жана анын бирикмелери көк таштын 10% эритмеси менен, андан кийин бир сутканын ичинде 1:1 катнаштагы кальцийленген соданын 2% эритмеси менен зыянсыздандырылат.
364. Карбонаттар туз кислотасы менен кычкылдандырылган калий перманганатынын 1% эритмеси менен зыянсыздандырылат (5 мл кислота 1 л эритмеге).
365. Дихлорэтан, метилхлорид, бром метили ысык буу менен иштетүү жолу аркылуу зыянсыздандырылат.
366. Күкүрт көмүртеги калцийленген соданын 5% эритмеси же щелочтун 3-5% эритмеси менен зыянсыздандырылат.
367. Фосфорорганикалык жана хлорорганикалык бирикмелер, динитрофенол жана анын туундулары кальцийленген соданын 3-5% эритмеси менен зыянсыздандырылат: кальцийленген сода (300-500 г бир чака сууга) 5-6 сааттын ичинде.
368. Фосфорорганикалык жана хлорорганикалык бирикмелердин тарасы механикалык тазалангандан кийин кальцийленген соданын 5% эритмеси же каустикалык соданын 3% эритмеси анын 5-10% көлөмүндө куюлат, 5-6 сааттын ичинде тараны тоголотуу же аңтаруу менен бардык ички беттер жуулат, эритменин калдыктары төгүлөт, ал эми тара идиш бир нече жолу таза суу менен жуулат.
369. Сымапорганикалык бирикмелердин тарасы күкүрт натрийинин 1% эритмеси; цинктин фосфидинин тарасы - күкүрт кислотасынын 2% эритмеси; цианид эритмелеринин тарасы - 2:1 катнашындагы темир купоросунун жана акиташтын аралашмасынын 10% суспензиясы менен зыянсыздандырылат. Цинктин фосфидинин жана цианид эритмесинин тарасын зыянсыздандырууда уулуу газдар бөлүнүп чыккандыгына байланыштуу чыпкалоочу противогаздар колдонулат.
370. Фосфорорганикалык бирикмелер, динитро-феноль бирикмелери жана жездин бирикмелери менен булганган атайын кийимдер 2-3 саатка соданын 2% эритмесине чыланат, андан кийин 30 мүнөттүн ичинде самын-соода эритмесине (270 г самын жана 50 г сода 10 кг кургак кийимге) жуулат же кайнатылат, кийин ысык, жылуу жана муздак сууга чайкалат.
371. Хлорорганикалык заттар менен кирдеген атайын кийимдер 6 саатка сооданын 2% эритмесина чыланып, барабанга интенсивдүү айландырылат. Эритме үч жолу алмаштырылат, андан кийин атайын кийимдер самын-сода эритмесине (250 г самын жана 50 г сода бир чака сууга) 30 мүнөттөн эки жолу кайнатылат. Кургак кийимдин ар бир килограммына 5 литрден аз эмес эритме зарыл.
372. Мышьяктын бирикмелери менен булганган атайын кийимдер көк таштын ысытылган 1% эритмесине 6 саатка чыланат, андан кийин күкүрт кислота аммонийдин 2% эритмесине чыланат, чайкалат (көк боёк жоголгонго чейин), андан кийин самын-сода эритмесине 30 мүнөт кайнатылат. Иштерди соргуч желдеткичтин алдында же ачык абада аткаруу керек.
373. Сымаптын органикалык бирикмелери менен булганган атайын кийимдер сооданын 1% эритмесине же калий перманганатын 1% эритмесине 6 саатка чыланат, андан кийин алкилсульфонаттардын негизиндеги синтетикалык кир жуугуч каражат кошулган самын-соода эритмесине үч жолу 30 мүнөттөн жуулат.
374. Коргошундун бирикмелери менен булганган атайын кийимдерди зыянсыздандыруу жана жуу сульфонафтен кислотасы кошулган самын-соода эритмеси менен жүргүзүлөт жана кийин хлордуу натрийдин 5% эритмеси менен иштетилет.
20-глава. Өндүрүштүн калдыктарын колдонууга, зыянсыздандырууга жана көмүүгө коюлган талаптар
375. Өндүрүштүн калдыктарын убактылуу кампага коюу төмөнкүчө жүргүзүлөт:
- калдыктарды негизги өндүрүүчүлөрдүн (даярдоочулардын) өндүрүштүк аймагында;
- КТУЗду кайра иштетүү жана зыянсыздандыруу боюнча адистештирилген ишканалардын аймагында жана жайларында;
- ачык, бул үчүн атайын жабдылган аянттарда.
376. Өндүрүштүк аймактарда калдыктарды убактылуу сактоо төмөнкүлөргө арналат:
- калдыктардын өзүнчө түрлөрүн селективдүү чогултуу жана топтоо үчүн;
- көмөкчү өндүрүштөрдө зыянсыздандыруу (нейтралдаштыруу), жарым-жартылай же толук кайра иштетүү жана утилдештирүү максатында кийинки технологиялык процесске калдыктарды пайдалануу үчүн.
377. Калдыктардын технологиялык жана физикалык-химиялык мүнөздөмөлөрүнө жараша аларды төмөнкүчө убактылуу сактоого жол берилет:
- өндүрүштүк же көмөкчү жайларга;
- стационардык эмес кампа курулуштарына (үйлөмө, ажур жана чатыр конструкциялардын алдына);
- резервуарларга, топтогучтарга, танктарга жана башка жер үстүндөгү жана тереңдеги атайын жабдылган идиштерге;
- вагондорго, цистерналарга, вагонеткаларга, платформаларга жана башка көчмө каражаттарга;
- ачык, калдыктарды сактоо үчүн ыңгайлаштырылган аянттарга.
КТУЗдун чубурма жана учма калдыктарын жайларга ачык түрүндө сактоого жол берилбейт.
378. КТУЗду убактылуу сактоо үчүн пайдаланылган жабык кампаларда заттарды мейкиндикте изоляциялоону жана өзүнчө бөлүктөргө (үкөктөргө) поддондорго (төшөмдөргө) сактоону алдын ала кароо керек.
379. Өндүрүштүк аймакка калдыктарды чогултуу жана убактылуу сактоо цехтик принцип боюнча же борборлоштурулуп жүргүзүлөт.
380. Кыргыз Республикасынын аймагында КТУЗдун калдыктар колдонуу талаптары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 885 токтому менен бекитилген Кыргыз Респубикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөөнүн тартиби аркылуу жөнгө салынат. Бул учурда КТУЗдун катуу калдыктары бир гана герметикалуу жүгүртмө (алмаштыруучу) идиштерге (контейнерлер, челектер, цистерналар) сакталат.
381. КТУЗдун зыянсыздандырылган калдыктарын рельефтин табигый же жасалма тереңдиктерине (котловандар, карьерлер, чуңкурлар жана башкалар) жайгаштырууга долбоордук чечимдердин негизинде атайын орун даярдалгандан кийин жол берилет.
382. Калдыктардын курамында ар башка кооптуулуктагы заттар бар болсо бир жолу сактоо үчүн алардын санынын чеги эң кооптуу КТУЗдун болушу жана орто салмагы менен аныкталат.
383. Уюмдун аймагына бир убакта жайгаштырууга жол берилген калдыктардын санынын чеги ар бир конкреттүү учурда материалдардын балансынын, калдыктарды инвентаризациялоонун жыйынтыктарынын негизинде, алардын макро жана микро курамын, физикалык-химиялык касиеттерин, анын ичинен агрегаттык абалын, уулуулугун жана калдыктардын компоненттеринин атмосферанын абасына миграциялануу деңгээлин көңүлгө алуу менен аныкталат.
384. Уюмдун аймагына калдыктарды чогултуунун чегинин критерийи катары иш зонасынын абасы үчүн (жерден 2 метрге чейин) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген белгиленген гигиеналык ченемден ашык болбошу керек.
385. Ачык сакталган учурда жыйналган калдыктардын санынын чеги алардын топтолушуна жараша аныкталат.
386. Өнөр жайлык аймактарда жыйналган төмөнкү калдыктардын санынын чеги ченемделген эмес:
- толук герметикалуу тарага таңгакталган бөтөн кишилердин кирүүсү жокко чыгарылган жабык жайлардагы КТУЗдун катуу калдыктары, концентрацияланган суюк жана паста сымал калдыктары;
- тийиштүү ишенимдүү металл же пластик тарада сакталган КТУЗдун катуу чубурма жана тоголоктошкон калдыктары;
- 2 жана 3-кооптуулук классындагы ишканаларга Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 8-майындагы № 151 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Мыйзамына ылайык.
Көрсөтүлгөн учурларда аймактагы калдыктардын убактылуу санынын чеги химиялык заттардын коопсуздугуна коюлган жалпы талаптарды, өрт жана жарылуу коркунучун, ачык же жарым ачык сактоо шарттарында кооптуу экинчи бирикмелердин пайда болушун көңүлгө алуу менен белгиленет.
387. Уюмдун аймагынан жыйналган калдыктарды ташып чыгаруунун мезгилдүүлүгү өнөр жай ишканасын өнүктүрүү долбоорунун курамында аныкталган өнөр жайлык калдыктарды жыйноонун лимиттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5 августундагы № 559 токтому менен регламенттелет.
388. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтомуна ылайык жыйноонун лимиттери бузулганда же гигиеналык ченемдер атмосферанын абасында, топуракта, сууда ашып кеткен учурда жыйналган калдыктар аймактан токтоосуз ташып чыгарылууга тийиш.
389. Уюмдун аймагында калдыктарды орун которуштурууда өнөр жай ишканаларынын аймактары жана жайлары үчүн гигиеналык ченемдер сакталышы керек. Жабык жайларда калдыктарды орун которуштурууда гидро- жана пневмосистемаларды колдонуу керек.
390. Чубурма калдыктар үчүн бардык түрдөгү, биринчи кезекте, пневмовакуумдук типтеги өткөрүүчү түтүк транспортун колдонууга артыкчылык берилет.
391. Негизги ишканадан калдыктарды көмөкчү өндүрүштөргө жана кампа полигондоруна ташуу негизги өндүрүүчүнүн же адистештирилген транспорттук фирмалардын атайын жабдылган транспорту менен жүргүзүлөт.
392. Адистештирилген транспорттун конструкциясы жана пайдалануунун шарттары ташылуучу жолдо жана калдыктарды транспорттун бир түрүнөн экинчи түрүнө которуп салууда авариялык жагдайлар, жоготуулар жана айлана-чөйрөнү булгоо мүмкүндүгү жокко чыгарышы керек. Негизги жана көмөкчү өндүрүштөрдө калдыктарды жүктөөгө, ташууга жана түшүрүүгө байланышкан иштердин бардык түрлөрү механикалаштырылган жана мүмкүн болушунча герметикаланган болушу керек.
21-глава. Хлор менен процесстердин коопсуздугуна коюлган жалпы талаптар
393. Жаңы өндүрүштөрдү долбоорлоодо жана иштеп жаткандарын реконструкциялоодо:
- технологиялык блоктордун жана орнотмолордун уулантуу коркунучуна жана жарылуу коркунучуна баа берилет;
- химиялык уулануу, мүмкүн болуучу бузулуулардын жана персоналдын жаракат алуу зоналарынын радиустары эсептелет;
- коргоо каражаттарынын жана чараларынын натыйжалуулугу жана ишенимдүүлүгү жөнүндө, алардын бул блоктун жана жалпы технологиялык объекттин коопсуздугун камсыздоо жөндөмдүүлүгү жөнүндө корутундулар берилет;
- жайлардын, имараттардын жана сырткы орнотмолордун жарылуу коркунучу жана өрт коркунучу боюнча категориялары белгиленет;
- хлор булутун индикациялоо жана локалдаштыруу, өрттү аныктоо жана өчүрүү автоматтык орнотмолору менен коргоо системаларынын зарылчылыгы жана типтери белгиленет;
- электр коопсуздугун камсыздаган талаптар аныкталат.
394. Колдонуудагы технологиялык системага, аппараттык тариздөөгө, өрткө каршы коргоо системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоор боюнча жүргүзүлөт. Технологиялык схема өзгөртүлгөн учурда долбоордун иштеп чыгуучусу алдын ала тажрыйбалык өндүрүштүк регламентти жана долбоорду, ошондой эле авариялык жагдайларды локалдаштыруу жана алардын кесепеттерин жоюу планын иштеп чыгат.
395. Ар бир өндүрүш жана объект үчүн технологиялык регламентти бекитүү керек.
396. Өндүрүштүк цехтердин, участоктордун жана сырткы орнотмолордун кооптуу орундарына көрүнүп турган орундарга коопсуздук белгилери илинет.
397. Өндүрүштүк жайларда операторлордун жумуш орундарына өткөргүч түтүктөрдү, блоктордун ортосундагы жана блоктордун ичиндеги арматураны жана контролдук-өлчөөчү приборлордун жана автоматиканын функциялык схемаларын көрсөтүү менен өндүрүштүн технологиялык схемасы илинет. Аппараттардын (идиштердин) номерлери цехтин бирдиктүү технологиялык схемасында, долбоордо жана техникалык регламентте болушу керек жана жабдууларга түшүрүлгөн номерлерге шайкеш келиши керек.
22-глава. Электролиз методу менен хлор өндүрүү процесстерине коюлган талаптар
398. Бардык жаңы долбоорлонуп жаткан жана реконструкцияланып жаткан хлор өндүрүштөрү сымапты колдонууну жокко чыгарган мембраналуу же диафрагмалуу электролиздер менен жабдылышы керек. Хлор алуу технологиясы иштин регламенттик режимдеринде технологиялык жабдууда жана коммуникацияларда хлор менен суутектин жарылууга кооптуу аралашмаларын пайда кылуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышы керек.
399. Электролиз методу менен хлор өндүрүшү долбоордо жана техникалык регламентте аныкталган параметрлердеги суу, буу, кысылган аба (азот) менен үзгүлтүксүз жабдылып турушу керек.
400. Электролизерлордун сериясы, хлорду жана суутекти агызуу боюнча компрессорлордун электр кыймылдаткычтары, хлорду кургатуучу колоннадагы күкүрт кислотасын циркуляциялоо үчүн насостор, хлор сиңирүү системасы (санитардык колона) аркылуу аралашманы циркуляциялоо үчүн насостор, мембраналуу электролизердогу рассолду циркуляциялоо үчүн насостор, электрощелоктор үчүн насостор, электролизге рассолду берүү үчүн насостор, туз кислотасын электролизерго берүүчү насостор, суюк хлор үчүн насостор, кысылган аба үчүн компрессорлор, суюк хлор өндүрүшү үчүн муздатуучу орнотмолордун электр кыймылдаткычтары, хлор толкунун локалдаштыруу тармагындагы басымды жогорулатуу үчүн насостор, авариялык желдеткич тутумунун желдеткичтери электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздалышы керек.
401. Электролиз залдарына электрлизерлорду жана жабдууларды орнотууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 359 токтому менен бекитилген "Электр коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин талаптарын аткаруу керек.
402. Бардык элетролизерлор үчүн жерден, ошондой эле аларга бириктирилген өткөргүч түтүктөрдөн электр изоляциялоону камсыздоо керек. Электролиз залында хлордун, суутектин, рассолдун жана башка коллекторлор, ошондой эле аларга байланыштуу аппараттар жерден электр изоляцияланган болушу керек. Металл өткөргүч түтүктөрдү колдонууда электр изоляциялагыч коймолорду, подвескаларды же изоляторлорду колдонуу керек. Электроизерлордун бардык штуцерлерин электр өткөрбөөчү материалдардан жасалган бириктиргичтердин жардамы менен, же мындай материалдардан жасалган коймолор аркылуу коллекторлорго туташтыруу керек. Электрлизерлорду жана коллекторлорду тейлөө үчүн тепкичтер, стремянкалар, аянтчалар жана төшөмөлөр жерден жана металл конструкциялардан электр изоляцияланган же диэлектр материалдардан жасалган болушу керек. Электролиз залдарындагы электр жүк көтөрүүчү түзүлүштөрдү жерден изоляциялоо зарыл. Крандын илгичинин изоляциясынын ырааттуу баскычтарынын саны үчтөн аз эмес болушу керек (илгич полиспасттан, арабанын рельстери көпүрөдөн, крандын рельстери рельстин алдындагы конструкциялардан).
403. Электр изоляциялоочу түзүлүштөрдү (койгучтар, изоляторлор, илмектер ж.б.) кирдеп кетүүдөн системалуу түрдө тазалап туруу керек жана мезгил-мезгили менен, кварталына бир жолудан кем эмес изоляция каршылыгынын маанисинин долбоордо белгиленген мааниге шайкештигин текшерип туруу керек.
404. Электролизерлерди шунттоону ачык жасалган стационардык же көчмө өчүргүчтөр (кыска туташтыргычтар) менен жүргүзүү керек. Көчмө шунттоочу түзүлүш жерден электр изоляцияланган болушу керек. Көчмө шунттоочу түзүлүштөрдүн байланыштык беттерин муздатуу үчүн тузсуздандырылган сууну (конденсатты) колдонуу керек. Бириктиргич шлангдар электр өткөрбөгөн ийкемдүү материалдардан даярдалышы керек.
405. Электролиз залында жабдууларды, өткөргүч түтүктөрдү электрдик химиялык дат басуудан (сызылып чыгуунун агып кетишин) коргоо алдын ала каралышы керек. Сызылып чыгуунун агып кетишин азайтуу үчүн коллекторлордун металл участоктору агындыларды топтогучтар менен корголот. Агындыларды топтогучтар орнотулуучу жерлер долбоор менен негизделет. Электролизердин электролит щелочун коллекторго төгүү агымды токтоткуч аркылуу жүргүзүлөт.
406. Электролизерлерди иштетүүнүн алдында чыгарылган газдардагы кычкылтек көлөмдүн 2%ынан ашпагыдай болгонго чейин суутек коллекторлорун азот менен үйлөтүү керек.
407. Суутекти свечага чыгарууда суутек менен абанын жарылууга кооптуу аралашмаларынын пайда болбошу үчүн свечага азот же суу үзгүлтүксүз берилиши керек. Берилген азоттун (буунун) өлчөмү жабдууну монтаждоо боюнча долбоор менен негизделиши керек.
408. Технологиялык максатта (хлорду кысуу, үйлөтүү, конденсация болгондо аралаштыруу ж.б.) колдонулуучу аба (азот) сөзсүз түрдө алдын ала механикалык аралашмалардан тазаланат жана кургатылат.
409. Хлорду сордуруп куюштурган бөлүмдөрдө минималдуу эки резевдик компрессор орнотулат (бирөө - иштөөгө даяр турат, экинчиси - резервде). Суутекти сордуруп куюштурган бөлүмдө бир резервдик компрессорду орнотууга жол берилет (компрессор иштебей калганда суутек свечага чыгарылышы керек).
410. Азыктандыруучу туздуу суудагы жана хлорду муздатуу үчүн аралаштыруучу муздаткычтарга берилген суудагы аммоний туздарынын концентрациясы аммиакка кайра эсептегенде литрге он миллиграммдан ашык болбошу керек.
411. Хлорду кургатуу бөлүмчөсүнүн кургатуучу мунаралары жана аралаштырып муздаткычтары мембраналуу алдын ала коргоочу түзүлүштөр менен жабдылышы керек.
412. Электролиз залынын жалпы хлор коллекторлорунда басымдын жана вакуумдун алдын ала коргоочу гидравликалык жапкычтары болушу керек. Жалпы жана катарлуу суутек коллекторуна нормадагы басымдан ашып кеткен учурда суутекти свечага чыгара турган гидравликалык затвор болушу керек. Гидравликалык затворлорду алардын тоңуп калышын жана тыгылып калышын жокко чыгарган шарттарда пайдалануу керек. Гидравликалык затвор менен басымдын булагынын ортосуна жапкыч түзүлүштү орнотууга жол берилбейт.
413. Жумушчу суюктук катары күкүрт кислотасы колдонулган хлор компрессорлору үчүн шыкагыч өткөргүч түтүктөгү күкүрт кислотасынын тамчыларын кармап калуу үчүн түзүлүштөрдү караштыруу керек.
414. Кургатылбаган суутекти өткөргүч түтүктөрдө конденсатты бөлүүчү түзүлүштөрдү орнотуу керек.
415. Кургатылган суутектин жабдуулары жана өткөргүч түтүктөрү статикалык электрден корголушу керек. Электролиз залынын, суутекти, суутек компрессорлорун тазалоочу, кургатуучу жайлардын жогорку зоналарынан табигый желдетүү каралышы керек. Чатырдын түзүлүшү желдетилбеген зоналар пайда болбогудай жасалышы керек.
416. Хлор компрессорлорунан кийин өткөргүч түтүктөргө компрессордун электр кыймылдаткычын токтоткуч жана иштеткич система менен блоктолгон артка карай (кайтарым) же токтотуучу клапандар орнотулат.
417. Агрессивдүү жана жегич продуктулар үчүн насостор дат басууга чыдамдуу материалдардан жасалган поддондор же лотоктор менен жабдылат.
418. Өндүрүштүк агынды сууларды чыгарган ар бир цехте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежелерине ылайык агынды суулардын курамын контролдоп туруу керек.
419. Электролиздин диафрагмалык методу менен хлор өндүрүүдө төмөнкүдөй талаптар аткарылышы керек:
- жалпы хлор бөлүмүндө хлордогу суутектин көлөмдүк үлүшү 0,5%дан ашпоосу керек.
- топтук суутек коллекторундагы сейректенүүнү хлордун топтук коллекторунан 50-150 паскалга (5-15 мм суу мамысы) жогору кармап туруу керек;
- жалпы коллектордогу суутектеги кычкылтектин көлөмдүк үлүшү 0,5%дан ашпоосу керек;
- технологиялык регламентте жана авариялык жагдайларды локалдаштыруу жана алардын кесепеттерин жоюу планында каралгандан башка учурларда диафрагмалык электролизерлердин серияларын өчүрүүгө жол берилбейт;
- электролизерлерде диафрагманын жогорку жээгинин үстүндөгү аноддук электролиттин (анолиттин) деңгээлин жөнгө салуучу жана анын уруксат берилген чектен төмөндөшүн сигнал аркылуу берүүчү түзүлүштөр камсыздалышы керек;
- диафрагмалык электролиз залындагы туруктуу ток өчүрүлгөндө топтун суутек коллекторунан жана катод мейкиндигинен суутекти свечага азот менен сүрүп чыгаруу керек.
420. Электролиздин мембраналык методу менен хлор өндүрүүдө төмөнкүдөй талаптарды аткаруу керек:
- жалпы хлор коллекторунда хлордогу суутектин көлөмдүк үлүшү 0,5%дан ашык болбошу керек;
- электролизердин аноддук мейкиндигинде 100-200 паскаль сейректенүүнү (10-20 мм суу мамысы) кармап туруу керек. Анод мейкиндигинде басым алдында электролизердин иштөөсүнө кошумча коопсуздук чаралары иштелип чыккан учурда жол берилет;
- электролизердун катод мейкиндигинде 100-6000 паскаль (10-600 миллиметр суу мамычасы) басымды кармап туруу керек;
- жалпы суутек коллекторундагы суутектеги кычкылтектин көлөмдүк үлүшү 0,5%дан ашык болбошу керек;
- электролизерди иштетүүнүн алдында мембраналардын бүтүндүгү, ал эми электролизердин жылчыксыздыгын текшерүү керек;
- электролизерлерде анолиттеги натрий хлоридинин концентрациясын жана католиттеги натрий гидроксидинин концентрациясын автоматтык кармап туруу камсыздалышы керек;
- электролиз бир сааттан ашык өчүрүлгөн учурда хлор жана суутек коллекторлорун азот менен үйлөтүү керек.
421. Электролиздин сымап методу менен хлор өндүрүүдө төмөнкүдөй талаптарды аткаруу керек:
- жалпы хлор коллекторунда хлордогу суутектин көлөмдүк үлүшү 1,5%дан ашык болбошу керек;
- амальгама ажыраткычтарында суутектин басымы 100-150 паскалдан (10-15 мм суу мамычасы) кем эмес кармалып турушу керек; басымды суутектин жалпы коллекторуна жана ар бир ажыраткычка орнотулган приборлор менен контролдоо керек;
- сымап циркуляциясы токтогон жана бир электролизерде сымап насосу токтоп калган учурда электролизер автоматтык түрдө шунтталышы керек; оордугу 50дөн аз килоампер болгондо электролизерди кол менен шунттоого болот; туруктуу ток өчүрүлгөн учурда амальгама ажыраткычтарына азот берүү, суутекти тазалоого чыгаруу жана электролизерлердеги тыгындарды ачуу зарыл;
- металл сымаптын ачык турган үстүнкү бетине суу куюу керек, сымапты жана курамында сымап бар калдыктарды жылчыксыз жабылган идиштерге сактоо керек;
- электролиз залында жана сымапты регенерациялоо бөлүмчөсүндө вакуум-өткөргүч түтүктөрдүн экиге ажыраткычы жана төгүлгөн сымапты чогултуу үчүн буфердик идиштер болушу керек;
- өндүрүш агынды сууларды сымаптан локалдуу тазалагыч менен жабдылышы керек; сымаптан булганган калдыктарды кайра иштетүүгө жиберүү керек;
- жайлардын хлор жыттануусунан жана сымаптын буулары менен булгануусунан качуу үчүн электролизерлердин чөнтөктөрүндө сейректенүүнү кармап туруу керек;
- электролизерлердин чөнтөктөрүндөгү абгаздар, ошондой эле аба анолитти хлорсуздандыруу колонналары үйлөтүлгөндөн кийин хлордон жана сымаптан тазаланышы керек;
- сымап менен иштөөнү, иш жүргүзүлгөн жайларды тазалоону жана күтүүнү гигиеналык ченемдерди сактоо менен жүргүзүү керек;
- сымап менен иштеп жаткан жайларда ар бир нөөмөттө иш зонасындагы абада сымаптын бууларынын болушуна анализ жүргүзүлүшү керек.
422. Туз кислотасынын электролизинде төмөнкүдөй талаптарды аткаруу керек:
- жалпы хлор коллекторунда суутектин көлөмдүк үлүшү 1%дан ашык болбошу керек;
- жалпы коллектордогу хлордун суутектеги көлөмдүк үлүшү 2,5%дан ашык болбошу керек; суутектин көлөмдүк үлүшү жуулгандан кийин 99,5%дан кем болбошу керек, эгерде 1 мг/м3дан ашпаган хлор болсо;
- электролизердин алдында агрессивдүү чөйрөнүн таасирине чыдамдуу поддон болушу керек; электролизерлердин тобуна жалпы поддон орнотууга болот.
423. Суюк хлор өндүрүүдө төмөнкүдөй талаптарды аткаруу керек:
- конденсациянын абгаздарындагы суутектин көлөмдүк үлүшү 4%дан ашык болбошу керек;
- хлоргазды эритүү жана конденсациянын абгаздарындагы суутектин көлөмдүк үлүшүн кармап туруу үчүн зарыл болгон абанын (азоттун) өлчөмү 4%дан көп эмес, суюлтуунун температуралык параметрлеринен жана суюлтуунун жалпы коэффициенттеринен улам эсептөө жолу менен аныктоо керек; суюлтуу системасына берилген абанын басымы берилип жаткан хлоргаздын басымынан 0,1 мегапаскалдан кем эмес жогору болушу керек;
- хлорду суюлтуунун экинчи баскычына келип түшүп жаткан абгаздарды аралаштыруу үчүн абаны (азот) кургатуу зарыл; кургатылган абанын шүүдүрүм чекитинин температурасы экинчи баскычтагы хлордун конденсациясынын тийиштүү температурасынан төмөн болушу керек;
- газ-суюктук аралашмаларын бөлүштүрүү системасы газ фазасынын суюктукка түшүүсүн жана суюктукту газ фазасы менен алып кетүүнү токтоткон фаза бөлүштүргүчтөр менен жабдылышы керек; конденсациянын абгаздарынын суюк хлорду кабыл алгычтарга түшүүсүнө жол берилбейт.
23-глава. Хлор менен иштөө процесстеринде технологиялык жабдууларды, өткөргүч түтүктөрдү жана арматураларды колдонууга коюлган талаптар
424. Хлордун бууларынын жүздөн жети (0,07) мегапаскалдан ашык басымы алдында иштеген идиш жабдуулар басым алдында иштеген жабдуулардын коопсуздугун камсыз кылышы керек.
425. Суюк хлор сактоо үчүн идиштер төмөнкүдөй талаптарга шайкеш келиши керек:
- суюк хлор куюлган идиштердин эсептик басымы бир бүтүн ондон алты (1,6) мегапаскалдан кем эмес кабыл алынышы керек;
- идиштин материалдары жана конструкциясы температуралардын иш диапазонунда: идишти пайдалануунун шарттарына шайкеш келген мүмкүн болуучу минималдуудан максималдуу температурага чейин анын бекемдигин жана ишенимдүү пайдаланылышын камсыз кылышы керек; ачык аянтка же жылытылбаган жайларга орнотууга арналган идиштер үчүн материалдарды тандоодо бул регион үчүн сырткы абанын абсолюттук минималдуу жана максималдуу температураларын көңүлгө алуу керек;
- идиштин капталынын эсептик калыңдыгын эсептелген пайдалануу мөөнөтүн, эсептелген басымды жана дат басууну компенсациялоо үчүн бир миллиметрден кем эмес кошумчалоону көңүлгө алуу менен аныктоо керек (идиштердин штуцерлеринде дат басууга эки миллиметрден аз эмес орун берилиши керек).
426. Пайдалануунун шарттары боюнча жол берилген мааниден ашык басым пайда болушу мүмкүн болгон суюк хлордун технологиялык жабдуулары жана коммуникациялары алдын ала коргоочу түзүлүштөр менен жабдылышы керек.
427. Алдын ала коргоочу клапанды дат басуунун таасиринен коргоо үчүн анын алдында мембраналуу алдын ала коргоочу түзүлүштү орнотуу керек, бул учурда мембрананын бүтүндүгүн контролдоочу каражаттар алдын ала каралышы керек.
428. Мембрананы иштеткен жана алдын ала коргоочу клапанды ачкан басым, анын өткөрүү жөндөмү, анын ичинен вагон-цистерналар үчүн өткөрүү жөндөмү долбоорду же жабдууну иштеп чыгуучу тарабынан аныкталат.
429. Суюк хлорду алуу үчүн суюк хлор бар идиштин төмөнкү бөлүгүнө штуцер орнотууга жол берилбейт.
430. Суюк хлор сактоо үчүн идиш жабдууда (резервуарлар, танктар, чогулткучтар) суюк хлорду куюу жана төгүү линиялары, абгаз хлорунун линиялары, кысып чыгаруу үчүн кысылган газдын линиялары түздөн-түз бири-биринин артына орнотулган бекиткич вентилдер менен жабдылышы керек, алардын бири аралыктан башкарылат, ал эми экинчиси кол менен кыймылга келтирилет, түздөн-түз идиштин штуцерине туташтырылат.
431. Жабдуулардын жана өткөргүч түтүктөрдүн жылуулук изоляциясы жана аны орнотуу зарылчылыгы хлор менен иштөө процесстерин ишке ашыруу үчүн жабдууларды жана өткөргүч түтүктөрдү монтаждоо долбоору менен аныкталышы керек.
432. Хлор чөйрөсүндө иштеген жылуулук алмаштыргычтардын, бууланткычтардын жана конденсаторлордун түтүк бөлүгүн жиксиз түтүктөн жасоо керек. Тулкусунун жана түтүк бөлүгүнүн материалы пайдалануунун басымына жана температуралык шарттарга шайкеш келиши керек.
433. Суюк жана газ сымал хлор үчүн өткөргүч түтүктөр төмөнкүдөй талаптарга шайкеш келиши керек:
- суюк хлордун өткөргүч түтүгү үчүн эсептик басым бир бүтүн ондон алты (1,6) мегапаскалдан аз эмес;
- хлордун өткөргүч түтүгү хлорго чыдамдуу материалдардан жасалып, температуралардын жана басымдын жумушчу интервалында ишенимдүү пайдаланууну камсыздашы керек;
- хлор өткөргүч түтүктүн бетинин калыңдыгын эсептик басымды жана дат басууга кошумчаны көңүлгө алуу менен кароо керек, ал бир миллиметрден аз болбошу керек;
- атмосферадан төмөнкү басым регламенттелген хлор өткөргүчтөрдү газ сымал хлор чөйрөсүнө чыдамдуу айнек же полимер материалдардан даярдоого жол берилет, басым атмосферанын басымына чейин көтөрүлгөн (регламенттелген басымдан жогору болгон) учурда хлорду берүүчү булактан хлор өткөргүч автоматтык түрдө ажыратылган шартта.
434. Суюк хлордун өткөргүч түтүктөрүн тартууда ширеткичти колдонуу менен бириктирилген жиксиз болот түтүктөрдү колдонуу керек. Арматура орнотулган жана жабдууларга туташтырылган орундарда, ошондой эле пайдалануунун шарттары боюнча өткөргүч түтүктөрдү тазалоо жана оңдоо үчүн мезгил-мезгили менен ажыратып туруу талап кылынган участоктордо фланец бириктиргичтерин колдонууга болот. Фланецтердин саны минималдуу болушу керек. Ширеткичти колдонуу менен бириктирилген фланецтерди даярдоодо колдонулган болот түтүктүн материалына шайкеш келиши керек.
435. Хлордун өткөргүч түтүктөрүнүн бурулуштарынын ийилген жеринин радиусу түтүктүн үч диаметринен аз болбошу керек. Эгер чоң бүктөм зарыл болсо, негизги түтүккө ширетилген тик ийилген муунчаларды колдонуу керек.
436. Хлорду транспорттоо үчүн өткөргүч түтүктөр эреже катары, төмөнкүлөр камсыздалгандай болуп эстакадалар аркылуу тартылышы керек:
- кулаган предметтерден коргоо (өткөргүч түтүктүн үстүнө көтөрүүчү түзүлүштөрдү жана жеңил ыргытылуучу чатырларды жайгаштырууга болбойт);
- транспорт каражаттарынын мүмкүн болуучу соккуларынан коргоо, бул үчүн өткөргүч түтүк кооптуу участоктордон алыс жайгаштырылат же алардан барьер менен тосулат; транспорттук магистралдар менен кесилишкен орундарга гильзага оролгон хлор өткөргүч түтүктөрдү жер алдынан тартууга жол берилет;
- дат басууга активдүү жана күйүүчү заттардын таасиринен өткөргүч түтүктөрдү коргоо; суюк жана газ сымал хлордун өткөргүч түтүктөрү жылуулук булактарынан жана күйүүчү заттары бар өткөргүч түтүктөрдөн бир метрден аз эмес аралыкта болушу керек;
- туруктуу бекитүү, ыңгайлуу тейлөө жана карап чыгуу.
437. Заводдор аралык хлор өткөргүч түтүктөрдү, күзөтүлбөгөн зонадан өткөн өткөргүч түтүктөрдү, узундугу бир километрден ашык болгон суюк хлор өткөргүч түтүктөрдү, ошондой эле жер алдына жаткырылган өткөргүч түтүктөрдү долбоорлоодо жана орнотууда алардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чараларды караштыруу керек.
438. Басымдуу хлор өткөргүчтөрдүн фланец туташтыргычтары жылчыксыз болушу керек. Хлор өткөргүч түтүктүн аппаратка же арматурага туташкан түйүнүнүн конструкциясы долбоордо аныкталат.
439. Хлор өткөргүчтөрдүн фланец туташтыргычтары үчүн прокладкаларды хлордун таасирине чыдамдуу материалдардан даярдоо керек. Прокладкаларды кайталап пайдаланууга жол берилбейт. Хлорго чыдамдуу резиналардан жасалган прокладкаларды вакуумдук линияларда гана колдонууга болот. Вакуум өткөргүч түтүктөрдүн бөлүктөрүн туташтыруу штуцер-торец же стандарт жасалган 4 (кыйыштырып бекитүү) жана 5 (ноочо) фланец болушу мүмкүн.
440. Хлор өткөргүч түтүктөргө атайын хлорго арналган бекиткич арматураны колдонуу керек. Бекиткич арматуранын затворлорунун жылчыксыздыгынын ченемдери жана класстары "Түтүк өткөргүч арматура. Затворлордун жылчыксыздыгынын ченемдери" ГОСТ 9544-2015 мамлекеттер аралык стандартына ылайык колдонулушу керек.
Арматуранын конструкциялык материалдары хлордун чөйрөсүнө чыдамдуу болушу, температуранын жана басымдын жумушчу диапазонунда арматуранын ишенимдүү пайдаланылышын камсыз кылышы керек. Бекиткич арматура тейлөө үчүн ыңгайлуу жерлерге орнотулушу керек.
441. Хлор өткөргүч түтүктөрдү сырткы дубалдар менен жана хлор өндүрүлбөгөн, сакталбаган жана пайдаланылбаган көмөкчү, чарбалык, администрациялык, тиричилик, өндүрүштүк жана башка жайлар аркылуу жаткырууга жол берилбейт. Өткөргүч түтүктөрдү хлор өндүрүлгөн, пайдаланылган же сакталган жайлардын сырткы дубалдары менен, ошондой эле бул жайлардын чатырчалары аркылуу тышкы орнотмого тартууга жол берилет.
442. Хлорду ташыган өткөргүч түтүктөргө башка өткөргүч түтүктөрдү (ширетилбей бекитилген жылуулук коштоочулардан башка) бекитүүгө болбойт.
443. Өткөргүч түтүк аркылуу суюк хлорду ташууда өткөргүч түтүктөгү жабылган эки вентилдин ортосунда суюк хлордун тыгылып калуу мүмкүндүгү болгон жерлерде регламенттелгенден жогору басымдан өткөргүч түтүктү коргоо үчүн түзүлүштөр алдын ала каралган болушу керек.
444. Өткөргүч түтүктөр менен газ сымал хлорду ташууда температура төмөндөгөндө аппараттарда жана өткөргүч түтүктөрдө хлордун конденсациялануу мүмкүндүгүн болтурбоо керек, буга төмөнкүчө жетишилет:
- газ сымал хлор өткөргүч түтүктөрдүн капталынын сырткы беттерин жылуулук жандоочтор, жылыткыч электр кабелдери менен жылытуу аркылуу; мында хлордун басымынын жана температурасынын маанилери кабыл алынган эсептик маанилерден ашык болбошу керек;
- аппаратурадагы жана өткөргүч түтүктөгү хлордун бууларынын парциалдык басымын төмөндөтүү менен (басымдын чоңдугу конденсация температурасындагы хлордун бууларынын басымынан төмөн болушу керек);
- имарат жайдан тышкары орнотулган аппараттарды жылыткыч менен жылытуу аркылуу, мында хлордун басымынын жана температурасынын маанилери кабыл алынган эсептик чоңдуктардан ашык болбошу керек.
445. Суюк жана газ сымал хлор өткөргүч түтүктөрдү жаткыруу коммуникациялардын эң аз аралыгын камсыздашы, салаңдап калууну жана токтоп калуучу зоналарды болтурбашы керек. Хлордун өткөргүч түтүктөрүн тартууда компенсаторлорду алдын ала каралышы зарыл.
446. Өткөргүч түтүктөрдү өзүнүн агымы менен бошотуу мүмкүндүгүн камсыздоо максатында хлор өткөргүч түтүктөрдү берүүчү же кабыл алуучу идиштерди карай жантайтуу менен куруу керек.
447. Хлору бар өткөргүч түтүктөр үчүн аларды кургак кысылган аба (азот) менен үйлөтүү (шүүдүрүм чекити минус кырк градус Цельсия) же үйлөтүлгөн газдардагы хлордун калдык концентрациясы 1 мг/м3 көп эмес болгонго чейин кургак кысылган аба менен үйлөтүп вакуумдоо жолу менен бошотуу мүмкүндүгү каралышы керек.
448. Суюк жана газ сымал хлорду транспорттоо үчүн цехтердин ортосундагы өткөргүч түтүктөрүндө бошотуу, үйлөтүү жана пресстөө үчүн бекиткич арматурасы же бекиткичтери бар штуцерлери болушу керек.
449. Технологиялык жабдуунун жана өткөргүч түтүктөрдүн жайгашуусу аппаратураны жана анын элементтерин тейлөө, оңдоо жана алмаштыруу боюнча иштерди аткарууда ыңгайлуулукту, ошондой эле жабдуунун жана өткөргүч түтүктүн сырткы бетинин абалын визуалдуу контролдоо мүмкүндүгүн камсыздашы керек.
450. Хлор чөйрөсүндөгү иштеген жабдуунун жана өткөргүч түтүктүн сырткы бетинде дат басууга каршы каптамы болушу керек.
451. КТУЗ классификациясын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-февралындагы № 43 токтому менен бекитилген Химиялык заттардын/аралашмалардын коопсуздугун классификациялоо системасы жана опурталдуулук жөнүндө маалымат берүүнүн элементтерине: маркалоого жана Коопсуздук паспортуна талаптар жөнүндө жобого ылайык өткөргүч түтүктөрдүн таанып-билүү түсү, эскертүүчү белгилери жана маркалоочу такталары болушу керек.
452. Шарттуу диаметри элүү миллиметр жана андан жогору болгон газ сымал хлор өткөргүч түтүктөрдүн жана суюк хлор өткөргүч түтүктөрдүн баарынын паспорту болушу зарыл.
453. Хлор өткөргүч түтүктөрдүн чыдамдуулугу жана тыгыздыгы кургак аба (азот) менен сыналышы керек.
454. Пайдаланууга киргизүүнүн алдында хлор өткөргүч түтүктөр төмөнкүдөй болушу керек: үйлөтүү жана вакуумдап андан кийин үйлөтүү жолу менен кургатылган; газ сымал хлорду кошуу менен кысылган абаны (азотту) өткөргүч түтүккө берүү жолу менен жумушчу басымдагы жылчыксыздыгы текшерилген болушу керек. Өткөргүч түтүктөрдү пневматикалык сыноодо жол берилген ылдамдык саатына 0,05%дан ашык болбошу керек.
455. Өткөргүч түтүктөрдүн жылчыксыздыгын текшерүүнү эреже катары, өткөргүч түтүктөрдү, бекиткич арматураны жана жабдууларды монтаждоодон, оңдоодон жана ревизиялоодон кийин жабдууларды текшерүү менен бирге жүргүзүү керек.
456. Хлор өткөргүч түтүктөрдү, бекиткич арматураны жана алдын ала коргоочу клапандарды ревизиялоонун көлөмү жана мөөнөтү даярдоочунун сунуштамаларына шайкеш келиши керек.
457. Алдын ала коргоочу клапандарды сыноолордо өзү жазгыч каттоо приборлорунун жардамы менен клапандар иштеген басымды каттоону камсыздоо керек, сыноолордун жыйынтыгынын диаграммаларын кийинки сыноого чейин сактап коюу керек.
458. Пайдаланууга киргизүүнүн алдында хлор менен иштөөгө арналган бардык жабдууларды жана өткөргүч түтүктөрдү бөтөн аралашмалардан, нымдуулуктан арылтып жана хлор аппаратурасын кургатуу жана контролдоо боюнча уюштуруу нускамасына ылайык кургак аба менен үйлөтүү керек.
459. Хлорду колдонууда технологиялык жабдууларды жана өткөргүч түтүктөрдү ушул Коопсуздук эрежелеринде белгиленген мөөнөттө күбөлөндүрүү, ревизиялоо жана карап чыгуу керек (ушул Коопсуздук эрежелеринин 4-тиркемеси).
24-глава. Хлор менен иштөө процесстеринде контролдоо, башкаруу, сигнал берүү системаларын жана автоматиканы пайдаланууга коюлган талаптар
460. Хлор өндүрүү, сактоо жана керектөө технологиялык процесстерин контролдоо, жөнгө салуу жана башкаруу, эреже катары, башкаруучу жайда жайгашкан оператордун жумуш ордунан жүргүзүлөт жана жабдуулар жайгашкан жерде кайталанат. Технологиялык процесстерди контролдоо жана башкаруу системалары, ошондой эле аварияга каршы коргоо системалары микропроцессордук техниканын негизинде курулушу керек.
461. Технологиялык параметрлерди (чыгым, басым, температура ж.б.у.с.) өлчөө жана жөнгө салуу дат басууга, хлор чөйрөсүнө чыдамдуу же анын таасиринен корголгон контролдук-өлчөөчү жана жөнгө салуучу приборлорду пайдалануу менен жүргүзүлүшү керек (бөлүштүргүч түзүлүштөр, пневматикалык кайталагычтар, инерттүү газды үйлөтүү ж.б.).
462. Бузук, калибрленбеген, ошондой эле текшерүү мөөнөтү өтүп кеткен контролдук-өлчөөчү приборлорду колдонууга жол берилбейт.
463. Автоматтык жөнгө салгычтардын аткаруучу органдарын технологиялык арматура жана коммуникациялар менен бирге сыноо зарыл.
464. Аварияга каршы коргоочу блоктогучтардын жана сигнал бергичтин схемаларынын, электрондук, релелик жана электр схемаларынын бузук эместигин ай сайын жана технологиялык процесс ар бир жолу токтотулганда текшерип туруу керек.
465. Хлор менен суутек бар импульстук түтүкчөлөрдү башкаруучу жайга киргизүүгө уруксат берилбейт.
466. Электролиз орнотмолору төмөнкүлөрдү контролдоо, сигнал берүү жана башкаруу системалары менен жабдылышы керек:
- электролизерлердин сериясындагы чыңалууну жана токтун күчүн;
- электролиз залынан жана башкаруучу жайдан, ошондой эле хлор компрессорлорунун жайынан аларды токтотууда туруктуу токтун булактарын авариялык өчүрүү;
- электролизерлерди азыктандырган туруктуу ток кокустан өчкөндө хлор жана суутек компрессорлорунун электр кыймылдаткычтарын ток өчкөндөн үч-төрт секунддан кийин автоматтык токтотуу (электролиздин сымап методунан тышкары бардык методдорунда); электролиздин сымап методунда компрессорлор үч мүнөткө чейин кармап туруу менен автоматтык түрдө өчүшү керек; ошол эле убакта хлорду авариялык сиңирип алуу системасы иштетилиши керек;
- хлор компрессорлору капыстан өчкөн учурда, эгер хлор компрессорлору өзү иштебесе, ошондой эле сымап насостору токтотулганда электролизерлерди азыктандырган туруктуу токтун булактарын автоматтык өчүрүү (үч-төрт секунддан кийин); электролиз залына, башкаруучу жайга бир убакта сигнал берилиши керек;
- иштеп жаткан бир нече хлор компрессорлорунун бири капыстан өчкөндө электролиз залына, кайра түзүүчү подстанцияга жана башкаруучу жайга сигнал берүү;
- сымаптын насосу токтотулганда же сымап котоду бар электролизерлерде сымаптын циркуляциясы токтотулган учурда электролиз залына жана башкаруучу жайга сигнал берүү;
- сымап электролизерлерди азыктандырган басымдык бактардагы рассолдун жана тазаланган суунун деңгээлин жана катуу катоду бар электролизерди азыктандырган басымдык бактардагы рассолдун деңгээлин автоматтык жөнгө салуу, ошондой эле жол берилген маанилерден төмөн болгон деңгээлдерде сигнал берүү;
- электр щелокторду жана каустикти топтогучтардагы деңгээлди автоматтык жөнгө салуу, ошондой эле маанинин жол берилген чегине жеткени жөнүндө башкаруучу жайга сигнал берүү;
- электролиздин диафрагмалык методунда суутек коллекторунда сейректенүү регламенттен ашып кеткенде жана электролиздин сымап жана мембраналык методдорунда суутек коллекторунда басым регламенттен төмөн түшүп кеткенде башкаруучу жайга сигнал берүү;
- суутектин ашыгын атмосферага (свечага) чыгаруу менен компрессорлордун шыкагыч өткөргүч түтүктөрүндөгү суутектин басымын автоматтык жөнгө салуу;
- хлор коллекторлорундагы суутектин концентрациясынын ашып кеткени жөнүндө сигнал берүү;
- электролиздин диафрагмалык методу үчүн коллекторлордогу хлордун жана суутектин сейректенүүсүн жана электролиздин сымап жана мембрана методдорунда хлордун сейректенүүсүн, суутектин басымын автоматтык жөнгө салуу;
- абадагы суутек жарылууга чейинки концентрацияга жеткенде суутекти, суутек компрессорлорун тазалаган жана кургаткан жайларга сигнал берүү жана авариялык желдетүүнү иштетүү.
467. Суюк хлорду өндүрүүдө төмөнкүлөрдү алдын ала кароо керек:
- хлор конденсаторлорунун киришиндеги жана чыгышындагы муздаткычтын, ошондой эле конденсаторлордун чыгышындагы суюк хлордун температурасын автоматтык контролдоо;
- хлордун конденсация стадиясындагы абгаздардагы суутектин коопсуз концентрациясын автоматтык контролдоо жана кармап туруу;
- конденсациянын абгаздарында суутектин көлөмдүк үлүшү 4%дан ашып кеткен учурда башкаруучу жайга сигнал берүү.
468. Цехтердин ортосундагы өткөргүч түтүктөрдө жана цехтин ичиндеги суюк хлордун коллекторлорунда суюк хлор өткөргүч түтүктөгү басым эскертүүчү мааниге жеткенде иштей турган сигнал берүү жана маанинин уруксат берилген чегине жеткенде өрткө каршы коргоо системасынын иштеши камсыздалган болушу керек.
469. Суюк хлордун резервуарлары, танктар, чогулткучтар төмөнкүлөр менен жабдылышы керек:
- башкаруучу жайга көрсөткүчтөрдү чыгаруу менен басымды контролдоо приборлору;
- идиш регламенттелген ченемге чейин толтурулганда жана бошотулганда башкаруучу жайда жана орду боюнча үн жана жарык сигналдарын автоматтык түрдө иштетүү менен суюк хлордун салмагын (деңгээлин) өлчөгөн жана контролдогон көз карандысыз эки система;
- башкаруучу жайга жана орду боюнча орнотулган, басымдан 1,2 мегапаскалдан ашып кеткени жөнүндө сигнал берүү системасы.
470. Танктардагы хлор кампалары, өзүнчө турган бууланткыч жайлар, хлор куюучу-төгүүчү пункттар, тундуруучу темир жол туюктары жана хлор тарасын которуп жүктөө пункттары анын концентрациясынын жол берилген чегинен ашып кетүү жөнүндө сигнал бергичи бар хлордун агып калууларын контролдоочу сырткы контур менен жабдылышы керек. Хлордун агып калууларын контролдоо системасынын датчиктеринин сезгичтигинин босогосу, датчиктердин саны жана жайгашкан орду долбоор менен аныкталат жана негизделет.
471. Хлордун сигнал бергичтеринде 0,5 мг/м3 деңгээлинде коштоочу компоненттери менен хлор боюнча тандагычы болушу керек жана хлордун концентрациясын өлчөөнүн суммалык каталыгы 25%дан көп эмес болушу керек.
472. Контролдоонун сырткы контуру орнотулган жерде хлордун концентрациясы 20-25 мг/м3 диапазонундагы маанилерге жеткенде төмөнкүлөр иштеп башташы керек:
- автоматтык түрдө: коргоочу суу чүмбөтү менен хлор толкунун локалдаштыруунун стационардык системасы;
- автоматтык түрдө же кол менен: электрондук эсептөөчү машинаны пайдалануу менен хлордун жайылышын болжолдоо системасы (сыйымдуулугу 25 тоннадан ашык бирдиктеги идиштерге хлорду сактоо каралган объекттер үчүн).
473. Жылуулук алмашуучу аппаратурада суюк хлорду буулантууда төмөнкүлөр караштырылышы керек:
- суюк же бууланган хлорду чыгымдоону автоматтык контролдоо;
- бууланган хлордун басымын автоматтык контролдоо жана жөнгө салуу;
- бууланткычтагы хлордун ашык басымынан коргоо үчүн автоматтык алдын ала коргоочу түзүлүш;
- хлордун температурасы же жылуулук алып жүрүүчүнүн температурасы минималдуу жол берилген температурадан төмөн болсо, бууланткычтан хлордун чыгышын автоматтык токтотуу;
- бууланткычтагы жылуулук алып жүрүүчүнүн температурасын автоматтык контролдоо жана жөнгө салуу;
- бууланткычтын иши бузулган учурда бууланган хлордун агымы менен алынып чыккан суюк хлорду кармап калуу жана буулантуу үчүн түзүлүш.
“Экертүүсү: Берилген эрежелердин 473-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 1-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
474. Контейнерлерден жана баллондордон газ сымал хлорду алууда хлордун басымын жана чыгымын контролдоо керек.
475. Өндүрүштүк жайлар, суюк хлор сактоочу жайлар, тарага куюлган суюк хлор менен иш жүргүзүлгөн жерлер авариялык жагдайларды локалдаштыруу жана алардын кесепеттерин жоюу планына ылайык маалымат берүү үчүн байланыштын ар башка эки түрү менен камсыздалышы керек.
25-глава. Суюк хлорду сактоо процесстерине коюлган талаптар
476. Багытына жараша суюк хлордун кампалары төмөнкүдөй бөлүнөт:
- уюмдун ичинде хлорду өндүрүүдө жана пайдаланууда катуу байланышууларды жоюу максатында, ошондой эле вагон-цистерналарга, контейнерлерге, баллондорго куюлган суюк хлорду башка уюмдарга үзгүлтүксүз жүктөп жиберүүнү камсыздоо максатында резервуарлардагы (танктардагы) суюк хлордун оперативдүү запастарын түзүүгө арналган суюк хлор өндүргөн уюмдардагы цехтин алдындагы кампалар;
- вагон-цистерналар менен суюк хлор алган керектөөчү-уюмдарда резервуарлардагы (танктардагы) суюк хлорду чыгымдоочу кампалар;
- жеткирип берүүлөрдүн ортосунда уюмдун күндөлүк керектөөлөрү үчүн зарыл болгон санда контейнерлерде, баллондордо сактоого арналган суюк хлорду чыгымдоочу кампалар;
- кийин керектөөчүлөрдүн чыгымдалуучу кампаларын тараларга куюлган хлор менен камсыздоо үчүн контейнерлерге же баллондорго суюк хлорду куюу менен вагон-цистерналар менен келип түшкөн суюк хлорду кабыл алууга арналган резервуарлардагы (танктардагы) базалык хлор кампалары;
- контейнерлердеги жана баллондордогу суюк хлордун оперативдүү запасын түзүү жана белгилүү региондун керектөөчүлөрүнүн чыгымдалуучу кампаларын тараларга куюлган хлор менен камсыздоого арналган тарадагы суюк хлордун куст кампалары;
- кийин вагон-цистерналарга куюп жана керектөөчү-уюмдарга жөнөтүү менен суюк хлорду кабыл алууга арналган резервуарлардагы (танктардагы) региондук суюк хлор кампалары.
477. Уюмдун аймагында бир жолку туруучу суюк хлордун саны минималдуу жана долбоордо негизделген болушу керек. Хлорду өндүргөн уюмдардагы анын жол берилген өлчөмү үч суткалык өндүрүүдөн ашпоосу, бирок эки тоннадан ашпашы керек, ал эми керектөөчү уюмдар үчүн - 15 суткалык керектөөдөн ашпоосу керек.
478. Суюк хлорду төмөнкүдөй ыкмалар менен резервуарларда (танктарда) сактоого болот:
- атмосферанын басымында суюк хлордун кайноо температурасында (изотермикалык сактоо ыкмасы);
- айлана-чөйрөнүн температурасынан төмөнкү температурада муздатылган абалда; мындай ыкмада хлорду сактоо параметрлери авария болгон учурда атмосферага чыгарылуучу хлордун көлөмдөрүн мүмкүн болушунча максималдуу чектеши керек;
- айлана-чөйрөнүн температурасында (хлорду сактоонун мындай ыкмасы хлор кампасынын аварияга каршы туруктуулугун жогорулатуу боюнча атайын чараларды көрүүнү талап кылат жана өнөр жайлык коопсуздук жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча гана жүзөгө ашырылат).
479. Танктарга суюк хлор сактоонун конкреттүү ыкмасы жана параметрлери, ошондой эле сакталуучу жалпы көлөмү жана жалгыз идиштин оптималдуу көлөмү адамдардын топтук жабыркоосун болтурбоо зарылдыгынын шарттарына негизделип аныкталат. Кабыл алынган чечимдердин оптималдуулугун авариялык чыгаруу жана авария болгон учурда атмосферага хлордун жайылуу процесстерин моделдөө методдорун колдонуу менен хлор кампаларынын коопсуздугун талдоого негизделиши керек.
480. Суюк хлордун кампалары үчүн кооптуу зонанын радиусу төмөнкүдөй кабыл алынат:
- баллондордогу хлор кампалары үчүн - 150 м (хлор чыгарууну ыкчам локалдаштырууну камсыздаган атайын техникалык иш-чаралар жүзөгө ашырылган учурда кооптуу зонанын өлчөмүн кыскартууга жол берилет; кооптуу зонаны кыскартуу жөнүндө чечим тийиштүү техникалык негиздеме берилген учурда өнөр жайлык коопсуздук жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан кабыл алынат);
- контейнерлердеги хлор кампалары үчүн - 500 метр (хлор чыгарууну ыкчам локалдаштырууну камсыздаган атайын техникалык иш-чаралар жүзөгө ашырылган учурда кооптуу зонанын өлчөмүн кыскартууга жол берилет; кооптуу зонаны кыскартуу жөнүндө чечим тийиштүү техникалык негиздеме берилген учурда өнөр жайлык коопсуздук жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан кабыл алынат);
- танктардагы хлор кампалары үчүн - жабыркатуучу концентрациясы бар хлор булутунун жайылуу тереңдигинин чегинде (эсептөө менен аныкталат).
481. Кооптуу зонанын радиусунун чегинде турак жай, маданий-тиричилик багытындагы объекттерди жайгаштырууга болбойт. Кооптуу зонанын чегинде өнөр жайлык курулуш максималдуу чектелген болушу керек.
482. Хлор кампаларынан суюк хлор өндүрүшүнө (керектөөгө) байланышы жок уюмдардын өндүрүштүк жана көмөкчү объекттерине чейинки жол берилген минималдуу аралык танктын жылчыксыздыгы бузулган учурда пайда болгон биринчи хлор булутунун гравитациялык жайылышынын максималдуу радиусунун чегинде белгиленет (эсептөө менен аныкталат).
483. Хлор кампаларынын жарылууга кооптуу объекттерге чейинки жол берилген минималдуу аралык хлор кампаларынын объекттеринин сокку толкунуна жана жылуулук нурлануусуна чыдамдуулугунун шарттарынан улам аныкталат.
484. Колдонуудагы хлор кампаларын реконструкциялоодо өнөр жайлык коопсуздук жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы менен макулдашылган хлор кампаларынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча атайын чараларды иштеп чыгуу керек.
485. Жаңы долбоорлонуп жаткан суюк хлор кампаларын эреже катары, башка имараттарга жана курулмаларга салыштырмалуу жапызыраак орундарга жана жакынкы калктуу конуштар жайгашкан жерлерди карай шамалдын көпчүлүк багыты сокпогон тарабына жайгаштыруу керек.
486. Суюк хлор кампасынын аймагына кампанын бардык тарабынан көрүнүп тургудай шамалдын багытын көрсөткүчтү орнотуу керек. Танктарда хлор кампасы бар уюмдар метеостанция жана хлордун атмосферага жайылышын болжолдогон система менен жабдылышы керек.
487. Хлор кампаларында авариялык жагдайдын баштапкы мезгилинде газ толкунунун жайылышын чектөө үчүн жана кампанын аймагына бөтөн адамдардын кирүүсүн болтурбоо үчүн бийиктиги 2 метрден кем болбогон туюк туташ тосмосу, туюк, тыгыз жабылуучу дарбазасы болушу керек.
488. Суюк хлордун кампасына өрт өчүргүч автомобилдер жана газдан куткаруучу кызматтын автомобилдери кире турган жол куруу керек.
489. Хлор кампасынын аймагына хлор кампасында жүргүзүлгөн өндүрүштүк процесстерге түздөн-түз тиешеси жок жабдууларды жана орнотмолорду жайгаштырууга уруксат берилбейт. Суюк хлор кампасын хлорду суюлтуучу, буулоочу жана контейнерлерге жана баллондорго куюучу түзүлүштөр менен, гипохлорид, хлор темирин алуу менен хлорду суюлткуч түзүлүштөр менен, вакуумдагыч жана кысуу үчүн кысылган аба алуучу түзүлүштөр менен блоктоого жол берилет.
490. Хлор кампаларын жер үстүндөгү жана жарым тереңдетилген бир кабат имараттарга же жер алдындагы курулмаларга жайгаштырууга болот. Танктарга ачык хлор кампаларын чатыр алдына курууга өнөр жайлык коопсуздук жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча тийиштүү негизделген учурда гана жол берилет.
491. Суюк хлордун жабык кампаларын курууда төмөнкү талаптарды аткаруу керек:
- хлорду резервуарларда (танктарда) сактоо үчүн жер үстүндөгү жана жарым тереңдетилген жайлардын авариялык хлор төгүлгөн учурда имарат жайдын конструкциясын алдын ала коргоочу түзүлүш болушу керек жана башка өндүрүштүк жайлардан туюк, күйбөй турган дубалдар менен бөлүнүшү керек;
- ар бир танктын алдына поддон орнотуу керек; поддондун сыйымдуулугу танктын жалпы көлөмүнөн кем болбошу керек;
- хлор кампаларынын эшиктери эвакуациянын багыты боюнча ачылышы керек;
- полдордун материалдары, дубалдардын, шыптын жана металл конструкциянын жасалгасы хлордун агрессиялык таасирине чыдамдуу болушу керек.
492. Резервуарларда (танктарда) суюк хлорду сактоо үчүн ачык типтеги кампаларды төмөнкүдөй талаптарды сактоо менен долбоорлоо жана пайдалануу керек:
- резервуарлар атмосфералык жаан-чачындардан жана күндүн түз тийген нурунан корголгон болушу керек;
- ар бир идиштин алдында авариялык төгүлгөн хлорду чогултуу үчүн поддон (же бийиктетүү) турушу керек.
Агып калууларды локалдаштыруу үчүн ар бир танктын алдына тосмолорду орнотуу менен эң чоң резервуардын толук көлөмүнөн кем болбогон сыйымдуулуктагы жалпы поддондун болушуна жол берилет.
493. Резервуарлар (танктар) үчүн поддондор жылуулук өткөрүү коэффициенти төмөн болгон материалдардан жасалып, кыртыштын сууларынан корголушу керек, ал эми ачык кампалардын поддондору атмосфералык жаан-чачындардан корголушу керек.
494. Резервуарлардагы (танктардагы) суюк хлордун кампасы үчүн сөзсүз түрдө резервдик идиш болушу керек, анын көлөмү кампанын сыйымдуулугун аныктоодо эске алынбайт. Резервуарларды байлаштыруу схемасы алардын ар бирин резерв катары колдонуу мүмкүндүгүн караштырышы жана авариялык идиштен (танктан, цистернадан) хлорду эвакуациялоону камсыздоосу керек.
495. Суюк хлору бар идиштерди жана өткөргүч түтүктөрдү пайдаланууда аларга суунун жана температураны, басымды жогорулатууга же хлор менен жарылууга кооптуу аралашмаларды пайда кылууга жөндөмдүү заттардын түшүү мүмкүндүгүн болтурбоо керек.
496. Суюк хлорду сактоо үчүн идишке (резервуар, танк, вагон-цистерна, чогулткуч) киргизүүчү жана чыгаруучу линиялардын конструкциясы сырткы өткөргүч түтүк бузулган учурда суюктуктун артка агып калышын токтотууну камсыз кылышы керек.
497. Газ сымал хлорду алууну эреже катары, бууланткычтарды пайдалануу менен ишке ашыруу керек. Бууланткычтар катары көбүнчө агымдык жылуулук алмашуучу аппараттарды пайдалануу керек. Көлөмдүү бууланткычтарды колдонууга тийиштүү техникалык негизделген жана өнөр жайлык коопсуздук жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы менен макулдашылган учурда гана жол берилет. Жылуулук алып жүрүүчүнүн температурасынын чегин анын касиеттерин көңүлгө алуу менен аныктоо керек жана суюк хлорду бууланткычтын конструкциялык аткарылышына шайкеш келиши керек. Керектөөгө газ сымал хлорду алуу үчүн идиш катары резервуарды, танкты, чогулткучту колдонууга болбойт. Керектөөгө газ сымал хлорду алуу үчүн идиш катары темир жол вагон-цистернасын колдонууга жол берилбейт.
498. Резервуарларды жана вагон-цистерналарды сактоого, толтурууга жана бошотууга, суюк хлорду ташууга байланыштуу технологиялык операциялар коопсуздукту камсыздоо максатында так регламенттелген болушу керек жана аларды жүргүзүүгө автоматтык өзү жазуучу приборлорду колдонуу менен дайыма туруктуу контролдоо жүргүзүү керек.
499. Суюк хлорду идишке (резервуар, танк, чогулткуч, вагон-цистерна) куюуда хлордун идиштери үчүн белгиленген ченемден (1,25 кг/дм3) ашык толтурбоо керек, буга ушул Коопсуздук эрежелеринин талаптарын сактоо менен, ошондой эле төмөнкүлөр аркылуу жетишилет:
- идиштин ичине абгаздарды чыгаруу линиясына кыскартылган сифонду (кайра куюучу түтүк) орнотуу, анын төмөнкү кесилиши идиштеги суюк хлордун максималдуу жол берилген деңгээлине шайкеш келиши керек;
- идиштин сыртына абгаздарды чыгаруучу өткөргүч түтүккө (түздөн-түз жапкыч вентилдерден кийин) суюк хлор абгаз линиясына чыгып кеткени жөнүндө сигнал берүүчү түзүлүштү орнотуу.
500. Суюк хлорду төмөнкү температурадагы изотермикалык шарттарда сактоодо төмөнкү талаптарды аткаруу зарыл:
- резервдик резервуардын сыйымдуулугу эң чоң изотермикалык идиште сакталган хлордун өлчөмүнө шайкеш келиши керек;
- изотермикалык идиштен суюк газды бошотуу резервдик насостор болгон учурда суюк хлорду куюштурууга арналган насосторду пайдалануу менен термокомпрессиялык метод аркылуу жана кургатылган аба менен кысуу методу менен (долбоордо негизделет) жүргүзүлүшү мүмкүн;
- изотермикалык резервуарларды байлаштыруу аларды резервуардын эсептик басымынан жогору болгон басым алдында иштеп жаткан линиялар жана аппараттар менен туташтыруу мүмкүндүгүн болтурбоосу керек;
- киргизилген өткөргүч түтүктөрдү жана бекиткич арматураны суукка чыдамдуу, хлордон дат басууга туруктуу материалдардан даярдоо керек;
- резервуардын бириктиргичине кирген магистралдардын баарында аралыктан башкарылган бекиткич арматура болушу керек;
- изотермикалык резервуардын сырткы бетинин жылуулук изоляциясы резервуарда белгиленген температураны колдоого энергиянын чыгымдарын максималдуу азайтууну көңүлгө алуу менен эсептелиши керек;
- сырткы бетти жылуулук изоляциялоо үчүн колдонулган материал отко чыдамдуу, суюк жана газ сымал хлорго химиялык чыдамдуу жана суу кирбегидей (же суу кирбеген каптам менен капталган) болушу керек;
- изотермикалык резервуарды суюлтулган хлор менен толтуруу режими анын жогорку жана төмөнкү бөлүктөрүнүн температурасынын айырмасынан пайда болгон резервуардын корпусундагы жол берилбеген чыңалууларды болтурбоо керек.
501. Резервуарды жумушчу режимге чыгарууда төмөнкүлөрдү текшерүү керек:
- жүктөлүп жаткан хлордун көрсөткүчтөрүнүн өндүрүүчү билдирген көрсөткүчтөргө шайкештигин;
- резервуардын жалпы бийиктиги боюнча температуралардын өзгөрүүлөрүн.
502. Суюлтулган хлор резервуарга регламенттелген сактоо температурасына чейин муздатылган абалда келип түшүшү керек.
503. Хлорду изотермикалык сактоо үчүн капталдары кабатталган резервуарларды колдонууда төмөнкүлөрдү караштыруу керек:
- тышкы жана ички резервуарлар үчүн иштин регламенттелген режимдери бузулган учурда басымдын жогорулашынан коргоо үчүн арналган түзүлүштөрдү (алдын ала коргоочу клапандар, тез иштеген затворлор ж.б.у.с.);
- коргоочу түзүлүштөрдү кайталоо;
- тышкы жана ички резервуарлардын ортосундагы мейкиндикти минус 40 ºС шүүдүрүм чекитине шайкеш келген нымдуулукка чейин кургатылган аба менен (инерттүү газ менен) дайыма үйлөтүп туруу;
- үйлөтүүчү газдагы хлорду контролдоочу автоматташтырылган системанын жана авариялык сигнал берүүнүн болушу;
- резервуарды ички жылуулук изоляциялоо күйбөгөн, кургак, суюк жана газ сымал хлорго химиялык чыдамдуу болушу керек.
504. Туруктуу жумушчу орундары болбогон өндүрүштүк жайларды кол менен иштетилүүчү жалпы алмашуучу желдетүү системалары менен жабдуу керек. Сыртта имараттын эшигинде жайдын ичинде хлор газынын ашыкча экендиги жөнүндө жарык сигнал бергич жана жайдын ичиндеги абада санитардык ченемдерди канааттандырган хлордун концентрациясына чейин жайды желдетүү үчүн авариялык желдетүүнү күйгүзүү каралышы керек. Оңдоо иштерин жүргүзүүдө бул жайларды жылытууну көчмө жылыткыч түзүлүштөр менен ишке ашыруу керек.
505. Хлор кампаларында, топтоочу станцияларда, бууланткычтарда жана хлордогучтарда авариялык жагдайларды жоюу үчүн ушул Коопсуздук эрежелерине ылайык газ анализаторунун сигналы боюнча автоматтык түрдө иштей турган авариялык желдетүү каралышы керек. Авариялык желдетүүнүн өндүрүмдүүлүгү долбоордун технологиялык бөлүгү менен аныкталат жана негизделет.
26-глава. Суюк хлорду төгүү жана куюу операцияларына коюлган жалпы талаптар
506. Пайдаланууда турган тара (танк, вагон-цистерна, контейнерлер жана баллондор) басым алдында иштеген жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламенттерге ылайык эсепке алынууга жана күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Суюк хлор ташууга арналган вагон-цистерналарды, контейнерлерди жана баллондорду эсепке алуу жана каттоо хлордун тарасы балансында турган уюм-топтогучта жүргүзүлөт. Бул үчүн ишканада төмөнкүдөй документтер жүргүзүлөт жана сакталат:
- вагон-цистерналарга - басым алдында иштеген идиштин паспорту, вагон-цистернанын техникалык баяндоосу жана колдонуу боюнча нускамасы, оңдоо жана толтуруу журналдары;
- контейнерлерге жана баллондорго - колдо болгон бардык таранын жалпы паркынын картотекасы, толтуруу журналы, сыноолордун журналы.
507. Вагон-цистерналардын, контейнерлердин жана баллондордун сырткы беттеринин боёгу, айырмалоочу тилкелери жана жазуулары стандарттарга жана даярдоочунун техникалык шарттарына шайкеш келиши керек. Жаңы даярдалган вагон-цистерналардын, контейнерлердин жана баллондордун боёгу жана аларга жазууларды түшүрүү даярдоочу тарабынан жүргүзүлөт, андан ары пайдалануу процессинде - хлордун тарасы балансында турган уюм-топтоочу тарабынан ишке ашырылат.
508. Вагон-цистерналарга, контейнерлерге жана баллондорго даана көрүнгөн паспорттук маалыматтарды түшүрүү керек, анын ичине продуктунун курамы, партиянын сандык курамы жөнүндө маалыматтар, толтуруу журналындагы маалымат (заводдук номери, таранын нетто, брутто салмагы, куюлган хлордун салмагы, тараны кийинки күбөлөндүрүүнүн мөөнөтү). Идиштин паспорттук маалыматтары түшүрүлгөн тамганын орду ачык окулганга чейин тазаланган, түссүз лак менен капталган жана алкак түрүндө ак сыр менен курчалган болушу керек.
509. Суюк хлорду бузугу жок, атайын бул багыттагы вагон-цистерналарга, контейнерлерге жана баллондорго гана толтуруу керек.
510. Башка продуктуларга арналган вагон-цистерналарга, контейнерлерге жана баллондорго, ошондой эле төмөнкүдөй учурларда суюк хлор толтурулбашы керек, эгерде:
- вагон-цистернанын, контейнердин жана баллондун күбөлөндүрүү мөөнөтү өтүп кеткен же керектөөчүгө келип түшкөн учурдан тартып 15 сутканын ичинде өтүп кетиши мүмкүн болсо;
- алдын ала коргоочу клапанды жана мембрананы ревизиялоо мөөнөтү өтүп кетсе (вагон-цистерналар үчүн);
- тарада механикалык бузулуулар же башка дефекттер (жаракалар, кабырылган чуңкурлар, формасы өзгөргөн, жаралуу дат басуу) болсо, ошондой эле жүрүүчү бөлүктүн бузуктары болсо (вагон-цистерналар үчүн);
- талаптагыдай боёгу жана жазуулары жок болсо, ошондой эле энтамганы окууга мүмкүн болбосо;
- башка продуктунун калдыктары болсо;
- бекиткич арматура бузук болсо;
- баллондордон сифон түтүктөр ажыратылбаса.
511. Бош жана толтурулган вагон-цистерналарды, контейнерлерди жана баллондорду таразага тартууга байланыштуу операциялардын баарын мамлекеттик текшерүүдөн өткөн, бузугу жок таразалар менен жүргүзүү керек.
512. Идишке куюлуучу суюк хлордун салмагын көз карандысыз эки контролдоочу системанын жардамы менен өлчөө керек. Идиштин (резервуардын, танктын, вагон-цистернанын, чогулткучтун) ашыкча толуп кетишин токтотуу үчүн хлорду куйганда ушул Коопсуздук эрежелеринин тийиштүү талаптарын сактоо керек. Тара белгиленген ченемден ашык толтурулган учурда ашыкча суюк хлорду эвакуациялоо керек (эвакуациялоонун тартиби уюм-толтуруучунун нускамасында көрсөтүлөт).
513. Суюк хлорду төгүүнү жана куюуну бошотулуп жана толтурулуп жаткан идиштердин ортосунда басымдын өзгөрүүлөрүн түзүүнүн эсебинен кысып чыгаруу методу менен, ошондой эле суюк хлорду куюштурууга арналган насостордун жардамы менен жүргүзүү керек.
514. Суюк хлорду кысып чыгарууну төмөнкүдөй методдор менен аткарууга болот:
- бошотулуп жаткан идишке кысылган кургак абаны (азотту) же башка идиштен жана термокомпрессордон газ сымал хлордун бууларын шыкап киргизүү менен;
- бошотулуп жаткан идиштеги хлордун бууларынын өзүнүн басымынын жана толтурулуп жаткан идиштен хлорду алуунун эсебинен;
- аралаш ыкма менен.
515. Кысылган газды пайдалануу менен суюк хлорду төгүү-куюу боюнча операцияларда төмөнкүдөй талаптарды аткаруу керек:
- кысылган абаны (азотту) даярдоо жана берүү системасы автономдуу болушу керек жана хлор аппаратурасын кысып чыгарууга, пресстөөгө, үйлөтүүгө гана арналышы керек;
- кысылган аба (азот) кошундулардан тазаланган жана кургатылган болушу керек; кургатылган абадагы (азоттогу) нымдуулук (- 40ºС) ашпаган шүүдүрүм чекитинин температурасына шайкеш келиши керек, ал жол берилген нымдуулуктан ашып кетүү жөнүндө сигнал бергичи бар автоматтык нымдуулукту өлчөгүч менен тынымсыз контролдонуп турушу зарыл;
- газ сымал хлор менен суюк хлорду кысып чыгарууда басымдын өзгөрүүлөрү төгүү-куюунун регламенттик параметрлерин камсыздоонун шарттары менен аныкталат;
- кысылган абаны (азотту) берүү системасы алдын ала коргоочу клапаны менен жабдылган ресивер жана кысылган абанын (азоттун) линиясына хлордун түшүүсүн токтотуучу түзүлүш менен жабдылышы керек.
Кысып чыгарууда кысылган абанын (азоттун) басымы 1,2 мегапаскалдан ашпоосу керек жана хлор кысылып киргизилип жаткан идиштеги басымдан 0,1 мегапаскалдан кем эмес жогору болушу керек.
516. Вагон-цистерналар менен суюк хлор алган же жөнөткөн уюмдар суюк хлорду төгүү-куюу пункттарын алдын ала карашы керек, аларды уюмдун кирүүчү темир жолдорунун туюк участокторундагы хлор сактоочу жайларга түздөн-түз жакын жайгаштыруу керек. Вагон-цистернаны тейлөө үчүн аянтчанын бети тегиз жана цистернага ар башка багыттардан эркин бара алгыдай болушу керек.
517. Кийин транспорттоого же бошотууга арналган вагон-цистерналар үчүн токтоп туруучу жолдорду (туюктарды) жабдуу керек, алардын жайгашуусу жана сыйымдуулугу долбоордо аныкталат жана негизделет. Токтоп туруучу жол (туюк) бир убакта жөнөтүлгөн же келген, бирок он бирдиктен ашпаган бир партиянын вагон-цистерналарын жайгаштырууну камсыздашы керек.
518. Төгүү-куюу пункту жана токтоп туруучу жолдор хлордун агып калууларын контролдогон жана хлордун толкунун локалдаштырган сырткы контур менен жабдылышы керек, сутканын түнкү убактысында жарыктандырылган, тийиштүү белгилери, ошондой эле туюкка кыймылдуу курамдын уруксатсыз киришин жана бөтөн адамдардын өтүп кетишин токтоткон каражаттары болушу керек. Туюкта турган вагон-цистерналар ишенимдүү чиркелген жана жылып кетүүдөн кол тормозу же башмактар менен бекитилиши керек. Вагон-цистерналар жайгаштырылган туюкка кирип жатканда милдеттүү түрдө төрт жүзгө алты жүз миллиметр өлчөмүндөгү "Токто. Жол Жабык. Хлор" жазуусу бар белгини, ошондой эле кызыл түстүү сигналды жана туюкка уруксат берилбеген кирүүнү токтотуучу атайын тоскуч түзүлүштү орнотуу керек.
519. Жаңы долбоорлонуп жана реконструкцияланып жаткан төгүү-куюу пункттарын хлор кампасына максималдуу жакын жайгашкан атайын боксторго жайгаштыруу керек жана жарылуу же өрт чыгышы мүмкүн болгон объекттерден коопсуз аралыкта турушу керек.
520. Төгүү-куюу пунктуна стационардык өткөргүч түтүктөргө вагон-цистерналарды ыңгайлуу жана коопсуз туташтыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу керек.
521. Жердин үстүндө жайгашкан вагон-цистерналарды тейлөө үчүн платформанын (жумуш ордунун) бети же төшөмөсү, тоскучу жана тосмолору тайгаланбагыдай болушу керек, ал бекем, күйбөгөн болушу керек жана авариялык жагдайда кишилерди эвакуациялоо үчүн ыңгайлуу стационардык курулма түрүндө курулушу керек.
522. Төгүү-куюу пунктунда төмөнкү өткөргүч түтүктөрдүн стационардык системалары болушу керек:
- кысып чыгаруу үчүн вагон-цистернага кысылган абаны (азотту) же хлорду берүү үчүн;
- суюк хлорду төгүп-куюунун өткөргүч түтүгү;
- керектөөгө же сиңирүүгө газ сымал хлорду агызуучу өткөргүч түтүк.
523. Вагон-цистернаны төгүү-куюу пунктуна коюуда жана төгүү-куюу операцияларын жүргүзүүнүн алдында вагон-цистернаны эки тарабынан тормоздук башмактар менен бекитип, жердештирип жана иштеген учурда темир жол цистернасындагы жана технологиялык өткөргүч түтүктөгү бекиткич арматураны автоматтык жабууну камсыздаган төгүү-куюу пунктун аварияга каршы автоматтык коргоо системасына кошулган вагон-цистернанын кыймылын сигнал бергичке туташтыруу керек. Төгүү-куюу пунктуна алып барган жебе которгуч кыймылдуу курамдын кирип кетишин болтурбай турган абалга орнотулган, ал эми төгүү-куюу пунктунун темир жол участогу атайын түзүлүш менен тосулган болушу керек.
524. Вагон-цистернаны стационардык өткөргүч түтүктөргө туташтыруу ийкемдүү, салмактын өзгөрүшүнүн эсебинен вагон-цистернанын өзүнүн илмегинде табигый вертикалдуу кыймылын, ошондой эле бириктиргич түйүндү ыңгайлуу туташтыруу мүмкүндүгүн жана жылчыксыздыгын камсыздашы керек. Бириктирүү үчүн туташтыргычтардын төмөнкүдөй түрлөрүн колдонуу керек:
- шарнирлүү бурулма туташтыргычтар;
- ийкемдүү металл шлангдар же металл чопкут капталган атайын материалдан жасалган шлангдар.
525. Вагон-цистерналар, контейнерлер же баллондор менен жүктөп чыгарылып жаткан хлордун ар бир партиясы паспорт менен коштолот, анда продуктунун курамы жана партиянын сандык курамы жөнүндө маалыматтары, ошондой эле толтуруу журналынын маалыматтары (заводдун номери, таранын таза салмагы, брутто салмагы, куюлган хлордун салмагы, таранын кийинки күбөлөндүрүү мөөнөтү) көрсөтүлөт. Паспорттун бир нускасы керектөөчүгө жиберилет.
526. Уюмдарда суюк хлорду төгүү-куюуну даярдоо жана жүргүзүү ишкананын буйругу боюнча дайындалган инженердик-техникалык кызматкердин жетекчилиги алдында жүргүзүлөт.
27-глава. Вагон-цистерналарга суюк хлор куюуга коюлган талаптар
527. Суюк хлорду ташуу үчүн өндүрүүчү заводдун тийиштүү техникалык маалыматтарына шайкеш келген жана төмөнкүдөй түзүлүштөр жана арматура менен жабдылган вагон-цистерналарды колдонуу керек:
- өткөргүч түтүк айрылган учурда суюк хлордун чыгышын автоматтык түрдө токтоткон ылдам жабылуучу клапандар менен жабдылган сифондуу түтүктөр менен суюк хлорду куюу (төгүү) үчүн цистернанын туурасынан кеткен огун бойлой жайгаштырылган эки вентиль;
- вагон-цистернага белгиленген ченемден ашык куюуну болтурбаган кыска сифондор менен бириктирилген, газ сымал хлорду (абгаздарды) чыгаруу же суюк хлорду кысып чыгаруу үчүн газ берүүгө арналган, цистернанын туурасынан кеткен огуна перпендикуляр жайгаштырылган эки вентиль;
- чыгарылма манометр үчүн вентилдүү штуцер;
- мембраналуу алдын ала коргоочу түзүлүш, мембрананын бүтүндүгүн текшерүү үчүн түйүн жана алдын ала коргоочу клапан;
- коргоочу калпактар.
Вагон-цистернанын бекиткич вентилдеринин конструкциясы аларды аралыктан башкаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышы керек.
528. Уюмга келген вагон-цистернаны анын жүрүүчү бөлүгүнүн бузугу жок экенин, ошондой эле вагон-цистернанын казанынын рамага бекитилгенин текшерүү максатында уюмдун өкүлү карап чыгышы керек. Карап чыккандан кийинки корутунду атайын китепке (техникалык кароо журналы) жазылат. Бузугу жок вагон-цистерна жана жазуунун көчүрмөсү суюк хлор цехине берилет.
529. Вагон-цистернаны куюуга даярдоо атайын жабдылган орунда же төгүү-куюу пунктунда төмөнкүдөй ырааттуулук менен жүргүзүлөт:
- белгиленген күбөлөндүрүү мөөнөтү, ошондой эле алдын ала коргоочу клапанды жана мембрананы ревизиялоо мөөнөтү өтүп кеткен вагон-цистерналарды аныктоо жана жараксыздоо;
- вагон-цистернанын (тулкусунун, көлөкө каптамынын, арматуранын, мембраналуу алдын ала коргоочу түзүлүштүн) сырткы бетин механикалык жана башка дефекттерин (жаракалар, формасынын өзгөрүшү, дат басуу ж.б.у.с.) аныктоо максатында, ошондой эле сырынын жана жазуулардын абалын визуалдык карап чыгуу;
- манометрикалык вентилден тыгынды чыгаруу жана манометрдин жардамы менен вагон-цистернадагы басымдын калдыгын аныктоо;
- суюк хлордун калдыгы бар экенин аныктоо максатында вагон-цистернаны таразага тартуу;
- вентилдерден тыгындарды чыгаруу жана вагон-цистернанын жалпы бекиткич арматурасынын герметикалуулугун текшерүү;
- вагон-цистернанын туурасынан кеткен огун бойлой жайгашкан вентилге продукттун өткөргүч түтүгүн туташтыруу, ал эми абгаз өткөргүч түтүгүн - вагон-цистернанын туурасынан кеткен огуна кайчылаш жайгашкан вентилдерге туташтыруу; продукттун жана абгаздын өткөргүч түтүктөрүн туташтыруунун алдында ушул Коопсуздук эрежелеринин тиешелүү талаптары аткарылышы керек;
- цистернанын герметикалуулугун текшерүү, бул үчүн кургак кысылган газ линиясы менен туташтырылган абгаз вентилин ачуу менен вагон-цистернада 1,2 мегапаскаоль басым түзүлөт жана мембрананын бүтүндүгү (мембрананы текшерүү үчүн вентилди ачуу жолу менен), арматуранын жана бирикмелердин герметикалуулугу текшерилет;
- вагон-цистернанын герметикалуулугун текшерүү уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт, ал сыноонун жыйынтыгы оң болгон учурда вагон-цистернаны толтурууга уруксат берет.
530. Вагон-цистернада ашык басым жок болсо, бир тоннадан ашык суюк хлордун калдыгы бар болсо, ушул Коопсуздук эрежелеринин талаптарын бузуу аныкталган учурда вагон-цистернаны толтурууга даярдоо боюнча кошумча иш-чаралар жүргүзүлөт, бул тууралуу толтуруу журналына уюмдун жооптуу кызмат адамы тарабынан тийиштүү жазуу киргизилет.
531. Бузук арматураны (вентилдерди, мембрананы, алдын ала коргоочу клапанды) алмаштыруу же мембрана-алдын ала коргоочу түзүлүштү ревизиялоо вагон-цистернадан хлор алынгандан кийин жүргүзүлүшү керек. Арматураны алмаштыруу (ревизиялоо) үчүн зарыл куралдарды, көзөнөктү жабуу үчүн тыгынды жана даярдоочунун паспортуна ылайык басым менен стендде сыналган запастык бузугу жок арматураны даярдап коюу керек.
532. Арматура алмаштырылгандан (ревизиялангандан) кийин вагон-цистерна аба (азот) менен үйлөтүлөт, андан кийин вагон-цистернага газ сымал хлор толтурулат, кургак кысылган аба (азот) менен басым бир жарым мегапаскалга жеткирилет, андан кийин чогултулган вагон-цистернанын герметикалуулугу текшерилет.
533. Даярдоодон жана герметикалуулугун текшерүүдөн өткөн вагон-цистерналарга суюк хлор төмөнкү ырааттуулук менен толтурулат:
- вагон-цистернага продукттун жана абгаздын линияларын колдонуудагы схемага ылайык туура туташтырылганы, киргизилген линияларда бардык вентилдердин жабылганы, ошондой эле манометрдин бар экени текшерилет;
- абгаздарды сиңирүү схемасынын ишке жөндөмү текшерилет, андан кийин абгаздын вентили ачылат жана вагон-цистернадагы басым абгаз линиясындагы басым менен теңдештирилет.
- вагон-цистернадагы продукттун вентили ачылат жана вагон-цистернанын салмагы боюнча толушу контролдонот; толтурулуп жаткан мезгилде арматуранын жана бириктиргич линиялардын герметикалуулугун контролдоо камсыздалышы керек;
- бош вагон-цистернанын (таранын) салмагын, вагон-цистернанын көлөмүн жана белгиленген толтуруу ченемин (таза салмакты) көңүлгө алуу менен суюк хлор толтурулган вагон-цистернанын салмагы жазылат (брутто салмагы);
- толтуруу бүткөндөн кийин вагон-цистернадагы продукттун жана абгаздын вентилдери кезеги менен жабылат, өткөргүч түтүктөр хлордон бошотулат, хлордун калдыгы тазаланат жана алар вагон-цистернадан ажыратылат, андан кийин уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү чакыртылат.
534. Уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү цехтин персоналы менен бирге төмөнкүлөрдү текшерет:
- толтурулган вагон-цистернанын салмагынын хлорду куюунун ченемине шайкештигин;
- арматуранын, фланец бириктиргичтердин герметикалуулугун жана мембрананын бүтүндүгүн.
Текшерүүдөн кийин манометрдин алдындагы вентиль жабылат, манометр алынат, бардык вентилдерге жаңы поронит прокладкалар, болот тыгындар орнотулат. Уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн толтурулган вагон-цистернанын белгиленген талаптарга шайкештиги жөнүндө корутундусу толтуруулардын журналына жазылат. Цехтин өкүлү вагон-цистернанын люгунда жайгашкан вентилдерге пломб басат, андан кийин вагон-цистернанын люгуна жана алдын ала коргоочу клапанга коргоочу капкактар орнотулат, аларга уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү пломб басат. Вагон-цистернага куюлган хлорго паспорт түзүлөт, ага цехтин өкүлү, уюмдун өкүлү кол коюшат.
535. Суюк хлор толтурулган вагон-цистерналар милдеттүү түрдө бир сутканын ичинде уюмдун аймагына тундуруу үчүн токтотулуп, ар бир нөөмөттө виузалдык кароодон жана хлордун агып калышынан контролдоодон өтүп турушу керек.
536. Тундурулгандан кийин вагон-цистерналар конкреттүү керектөөчүлөргө жиберүү үчүн партия болуп түзүлөт жана коштоочу проводник менен кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилет. Вагон-цистерналарды тапшыруу-кабыл алуу тартиби суюк хлору бар темир жол вагон-цистерналарын коштоп жүрүү боюнча проводниктин нускамасында аныкталат.
28-глава. Суюк хлору бар вагон-цистерналарды кабыл алууга же бошотууга коюлган талаптар
537. Уюмдун өкүлү коштоп келүүчү менен бирге вагон-цистернаны визуалдык карап чыгууну жүргүзөт, пломбалардын бар экенин, бекиткич арматура бузук эмес экенин, бекиткич арматуранын герметикалуулугун, ошондой эле берилип жаткан жүктүн кабыл алуу-өткөрүү актына жана вагон-цистернанын паспорттук маалыматтарына шайкештигин текшерет (зарыл болсо вагон-цистернаны таразага тартат жана суюк хлордун курамын текшерет).
538. Вагон-цистерна бузук болсо, берилип жаткан жүк актынын жана паспорттун маалыматтарына шайкеш келбесе, бузуктар жоюлганга жана айырманын себеби аныкталганга жана жоюлганга чейин кол коюлбайт, бул тууралуу тийиштүү жазуу киргизилет. Зарыл болгон учурда уюм-топтоочунун өкүлү чакыртылат.
539. Вагон-цистернаны бошотуу нускамага ылайык жана ушул Коопсуздук эрежелеринин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
540. Бошотуу системасында хлорду төгүү аяктаганын аныктаган параметрлерге жеткен учурда автоматтык түрдө иштеген төгүү бүткөнү жөнүндө жарык жана сигнал бергич бар болушу керек.
541. Вагон-цистерна өткөргүч түтүктөрдөн ажыратылат, манометр алынат, бекиткич арматурага стандарттуу тыгын орнотулат. Чогултулган вагон-цистернанын герметикалуулугу текшерилет, андан кийин коргоочу капкактар орнотулат.
29-глава. Контейнерлерди жана баллондорду толтурууга коюлган талаптар
542. Керектөөчүдөн келип түшкөн контейнерлер жана баллондор ушул Коопсуздук эрежелеринин талаптарына шайкеш келбеген идиштерди аныктоо үчүн кароодон өтүп турушу керек.
543. Контейнерлерди жана баллондорду толтурууга даярдоо тартиби нускамада каралышы керек жана төмөнкүлөр каралышы керек:
- хлордун калдыгын вакуумдоо менен эвакуациялоо, үйлөтүлгөн газдагы хлордун регламенттелген курамына чейин кургатылган аба менен үйлөтүү;
- бекиткич арматураны чыгаруу жана ревизиялоо;
- идиштин сыртын жана ичин визуалдык карап чыгуу;
- сырткы бетин сырдоо (зарыл болсо);
- бузугу жок бекиткич арматураны орнотуу жана бош тараны таразага тартуу;
- жумушчу басым алдында идиштин жана бекиткич арматуранын герметикалуулугун текшерүү;
- кошундулардын белгилери бар болгон жана техникалык күбөлөндүрүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен идиштерди төмөнкү көлөмдө техникалык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү: хлордун калдыгын вакуумдоо менен эвакуациялоо, үйлөтүлгөн газдагы хлордун регламенттелген курамына чейин кургатылган аба менен үйлөтүү, арматураны чыгаруу, жууп-тазалоо, ичин карап чыгуу, идиштин бекемдигин гидравликалык сыноодон өткөрүү (техникалык күбөлөндүрүү мөөнөтү өтүп кеткен идиштер үчүн), кургатуу, энтамга басуу.
544. Хлордун калдыгын эвакуациялоону хлорду коопсуз жана толук кетирүүнү камсыздаган орнотмолордо жүргүзүү керек.
545. Визуалдык карап чыгуу көрүнгөн деффекттери бар, ошондой эле техникалык күбөлөндүрүүгө жаткан контейнерлерди жана баллондорду аныктоону камсыз кылышы керек. Жара дат баскан, жаракалары бар, формасы өзгөргөн контейнерлерди жана баллондорду пайдалануудан алып салуу керек.
546. Ичин карап чыгуу идиштин ички көңдөйүнүн дефекттерин, ошондой эле бөтөн кошундуларды (суу, кир, ширенди) аныктоону камсыз кылышы керек, алар бар болсо контейнерлер жана баллондор бул кошундуларды кетирүү үчүн жууп-тазалоого жана кийин дыкат кургатууга жиберилет.
547. Таразага тартуу бош таранын факты жүзүндөгү салмагын аныктоо жана идиштин паспорттук маалыматтардан четтөөлөрүн табуу үчүн жүргүзүлөт. Таранын салмагы жол берилген мааниден ашык чоңдукка кичирейген учурда идишти кезексиз техникалык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү керек.
548. Контейнерлер менен баллондорду толтуруунун алдында таразага тартууну жана текшерүүнү уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусу жана контролдоосу менен жүргүзүү керек.
549. Суюк хлор толтурулуп жаткан идиштерди таразага орнотуп жана таразанын эркин иштөөсүн камсыз кылган ийкемдүү бириктиргич туташтыргычтардын жардамы менен суюк хлор берүүчү линияга туташтыруу керек.
550. Контейнерлерди же баллондорду суюк хлор менен толтуруу алардын белгиленген куюу ченемдеринен ашык толуп кетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу максатында тараза менен контролдонуп турушу керек.
551. Контейнерлерди толтурууну горизонталдуу абалда, вентилдер бири биринин үстүндө жайгашкан абалда жүргүзүү зарыл. Хлорду куюуну абгаздарды чыгарбастан жүргүзүү керек. Куюп бүткөндөн кийин суюк хлорду куюу температурасында каныккан буулардын тең салмактуу басымына шайкеш келген басымдын калдыгына чейин абгаздарды чыгарууга жол берилет.
552. Толтурулгандан кийин контейнерлер менен баллондор киргизилген коммуникациялардан ажыратылат жана уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда контролдук таразага тартылат. Кайталап таразага тартууда толтуруунун журналынын маалыматтарынын контролдук таразага тартуунун маалыматтарына шайкештиги текшерилет. Таранын герметикалуулугу текшерилгенден кийин вентилдерге тыгындар орнотулат, капкактар кийгизилет, андан кийин уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү контейнерлерге пломба басат.
553. Хлор даярдоо жана тарага толтуруу жүргүзүлүп жаткан жайларда толтурулган контейнерлерди жана баллондорду топтоого тыюу салынат. Газ пайда болгон учурда газдын пайда болгон себептери аныкталып жана жоюлганга чейин жайдагы ишти токтотуп туруу керек.
554. Толтуруучу станциялардагы толтуруучу рампаларды компрессордук станциядан жана башка жайлардан (ичинен суюк хлор кампа жайларынан) туюк дубалдар менен изоляцияланган өзүнчө турган жайларга жайгаштыруу керек. Хлордун тарасын куюуга даярдоо боюнча операциялардын баарын жүргүзүү үчүн жайларды бир жайга бириктирүүгө жол берилет. Мындай учурда толтуруучу жайлардын тара даярдоо бөлүмчөсү тараптагы дубалдарында толтурууга даярдалган контейнерлерди берүү үчүн эшиктердин бар болушуна уруксат берилет.
555. Толтурулгандан кийин контейнерлер жана баллондор кампага келет, ал жерден алар партияларга комплекттелет. Жаңыдан комплекттелген партиялар кампага бир суткадан кем эмес кармалат. Герметикалуулугу бузулган контейнерлер жана баллондор хлордун агып калышынын себептерин жоюу үчүн цехке кайтарылат.
556. Хлор тарасы толтуруу жүргүзүлгөн уюмдарда толтурулган контейнерлерди жана баллондорду чатыр алдында сактоого коопсуздуктун төмөнкү талаптары сакталган учурда жол берилет:
- жаан-чачындан жана түз тийген күндүн нурунан коргоону камсыздоо;
- контейнерлерди жана баллондорду жайгаштыруу ушул Коопсуздук эрежелеринин тийиштүү талаптарына жооп бериши керек;
- контейнерлер жана баллондор жайгаштырылуучу аянтча кирүү жана жүктөө иштерин жүргүзүү үчүн ыңгайлуу болушу керек жана авариялык контейнерлерден жана баллондордон мүмкүн болуучу хлордун агып калышын табуу жана локалдаштыруу системасы менен жабдылган болушу керек;
- толтурулган контейнерлер менен баллондордун чатырдын алдында туруу убактысы эки суткадан ашык болбошу керек.
30-глава. Технологиялык жабдууларды, өткөргүч түтүктөрдү жана арматураны техникалык тейлөөгө жана оңдоого коюлган талаптар
557. Технологиялык документтерде жабдууларды жана өткөргүч түтүктөрдү пайдалануунун конкреттүү шарттарын, ошондой эле негизги идиштик, жылуулук алмашуучу жабдууларды жана өткөргүч түтүктөрдү техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча иштердин минималдуу көлөмүн жана мезгилдүүлүгүн эске алуу менен аларды техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча иштерди уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартибин аныктоо керек.
558. Хлор чөйрөсүндө белгиленген кызмат өтөө мөөнөтүн (он жылга чейин) иштеп бүткөн жабдууларды, өткөргүч түтүк арматураны жана өткөргүч түтүктөрдү, темир жол вагон-цистерналарын, контейнерлерди жана баллондорду пайдаланууга техникалык абалын экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин жана жаңы дайындалган кызмат өтөө мөөнөтү бар болгон учурда гана жол берилет.
559. Өткөргүч түтүктөрдү мезгилдүү тандалма ревизиялоодо төмөнкүлөр контролдонууга тийиш:
- ар бир агрегаттан (компрессор, муздаткыч, конденсатор, буфер ж.б.) экиден аз эмес участокту;
- ар бир танктан же өлчөгүчтөн газ сымал хлорду куюучу, төгүүчү өткөргүч түтүктүн экиден участогу;
- ар бир коллектордун жана узундугу 100 метрге чейинки цехтердин ортосундагы өткөргүч түтүктөрдүн экиден участогу жана ар бир толук 200 метрден бирден участок, ошондой эле калган калдыгы.
560. Өткөргүч түтүктөрдүн дубалдарынын калыңдыгын бузбай контролдоо методу менен аныктоо керек. Көзөө менен дубалдардын калыңдыгын аныктоо контролдоонун бузбаган методун колдонуу кыйын же мүмкүн эмес болгон орундарда гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
561. Өткөргүч түтүктөрдү тандалма ревизиялоонун жыйынтыктары канааттандыраарлык эмес болсо кошумча тандалма ревизия дайындалат.
562. Өнөр жайлык коопсуздук жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын талабы боюнча өткөргүч түтүктөрдү мөөнөтүнөн эрте ревизиялоо дайындалышы мүмкүн.
563. Өткөргүч түтүктөрдү кошумча тандалма ревизиялоо ар бир өткөргүч түтүктө аппараттар менен коллектордун ортосундагы эки орунга, ошондой эле коллекторлор менен цехтердин ортосундагы өткөргүч түтүктөрдүн ар бир 25 метрден кийин контролдоонун бузбаган методу менен дубалдардын калыңдыгын өлчөө менен жүргүзүлөт.
564. Эгер өткөргүч түтүктүн дубалынын калыңдыгы даярдоочу тарабынан коопсуз пайдалануу үчүн белгиленгенден аз болсо, кошумча тандалма ревизиянын жыйынтыгы канааттандыраарлык эмес деп эсептелет.
565. Өткөргүч түтүктү кошумча тандалма ревизиялоонун жыйынтыгы канааттандыраарлык болбогон учурда толук ревизия дайындалышы керек, анын жыйынтыгы боюнча өткөргүч түтүктөрдү жарым-жартылай же толук алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынат.
31-глава. Хлорду керектөөчүлөргө жеткирип берүүнү уюштурууга коюлган талаптар
566. Тараланган хлорду жеткирип берүүнү уюштуруу калк жыш отурукташкан райондордо жайгашкан керектөөчүлөрдө сакталып турган хлордун запастарын чектөө, хлорду жеткирип берүүнүн транспорт каражаттарын жана каттамдарын оптималдаштыруу, бош тараны кайтарып берүүнү тездетүү жана тартипке салуу максатында бир региондо (облуста, шаарда) жайгашкан керектөөчүлөрдү, эреже катары, бир жеткирип берүүчүдөн борборлоштуруп камсыздоо принцибинен улам болушу керек.
567. Калк жыш отурукташкан орундарда жайгашкан керектөөчүлөрдү камсыздоону көбүнчө хлордун базалык жана куст кампаларынын системасы аркылуу жүзөгө ашыруу керек.
568. Суюк хлорду вагон менен жеткирип берүүнүн колдонулган системасынын шарттарында кусттук жана базалык кампалардын негизги багыты конкреттүү керектөөчүлөрдүн контейнерлерге жана баллондорго болгон керектөөлөрүн ыкчам канааттандыруу, айрым керектөөчүлөрдөгү суюк хлордун запастарын чектөө, кайтарылуучу тараны жүгүртүүнү тездетүү жана тартипке салуу.
569. Багытына ылайык хлордун базалык кампасы төмөнкүнү камсыз кылышы керек:
- жеткирип берүүчүдөн хлору бар вагон-цистернаны кабыл алуу;
- танктык сактоочу жайларга хлорду төгүү;
- хлорду контейнерлерге жана баллондорго куюу;
- бош тараларга алмаштырууга автомобиль транспорту менен тараланган хлорду жөнөтүүгө берилген керектөөчүлөрдүн сурамдарын аткаруу.
570. Хлордун куст кампасы төмөнкүлөрдү камсыздашы керек:
- хлорду темир жол аркылуу вагондор менен жеткирип берүүнү эске алуу менен тараланган хлорду кабыл алуу, сактоо;
- хлорду автомобиль транспорту менен жөнөтүү боюнча керектөөчүлөрдүн сурамдарын аткаруу;
- бош тараны чогултууну уюштуруу жана аны толтуруучу-уюмга тартипке салынган түрдө кайтарып берүү.
571. Тараланган суюк хлорду ташууда ушул Коопсуздук эрежелеринин тийиштүү талаптарын аткаруу керек.
572. Тараланган суюк хлорду транспорттун бир түрүнөн экинчисине которуп жүктөө пункттары үчүн аянтчалардын катуу беттери болушу керек, тийиштүү жүк көтөрүүчү механизмдер, кантователдер, хлордун агып калууларын тышкы контролдоо контуру, ошондой эле авариялык жагдайларды локалдаштыруу каражаттары менен жабдылган болушу керек.
573. Жүктөө-түшүрүү иштеринин уюштурулушу которуп жүктөө пункттарында контейнерлерди жана баллондорду узак (суткадан ашык) убакытка сактоону жокко чыгарышы керек.
32-глава. Контейнерлердеги жана баллондордогу суюк хлордун кампаларын жайгаштырууга жана курууга коюлган талаптар
574. Хлордун кампасын куруу үчүн аянттар ушул Коопсуздук эрежелеринин тийиштүү талаптарын көңүлгө алуу менен тандалышы керек.
575. Хлордун базалык жана куст кампаларынын сыйымдуулугу Коопсуздук эрежелеринин тийиштүү талаптарын жана региондун бардык керектөөчүлөрүн тараланган хлор менен ритмдүү камсыздоо зарылчылыгын көңүлгө алуу менен долбоордо аныкталат.
576. Хлордун чыгымдалуучу кампасынын сыйымдуулугу минималдуу болушу керек жана уюм тарабынан аны 15 суткалык керектөөдөн ашык болбошу керек.
577. Контейнерлердеги (баллондордогу) хлорду сактоо үчүн арналган кампаларды өзүнчө турган жер үстүндөгү жана жарым тереңдетилген имараттарга жайгаштыруу керек.
578. Хлордун кампаларын отко чыдамдуу жана жылуулукту аз өткөрүүчү материалдардан куруу керек.
579. Сактоочу жайлардын дубалдарын, шыптарын, ички конструкцияларын жасалгалоо конструкцияны хлордун химиялык таасиринен коргошу керек.
580. Кампа жайларынын полдорунун беттери тегиз болушу керек жана кислотага чыдамдуу материалдардан (асфальт, бетон, плитка) жасалышы керек.
581. Хлор кампаларында жайгашкан тиричилик жайлары суюк хлорду сактоого, куюуга жана колдонууга байланыштуу жайлардан изоляцияланган болушу керек жана өз алдынча чыккан эшиги болушу керек. Бул жайлар жылытуу, суу менен камсыздоо жана канализация системалары, жарыктандыруу менен жабдылышы керек.
582. Суюк хлордун кампаларында, эреже катары, жылытуу каралбайт. Чыгымдалуучу хлор кампасына суюк хлору бар тарадан тышкары хлор чарбасын пайдаланууга байланышкан технологиялык жабдуулар орнотулган учурда кампа жайын аба менен жылытуу каралат.
583. Тараланган хлорду сактоо үчүн жайларды башка жайлардан туюк күйбөгөн дубалдар менен бөлүү керек.
584. Хлор кампасында имараттын же жайдын карама-каршы тараптарына чыга турган эки эшиги болушу керек.
585. Хлордун кампаларындагы эшиктер жана дарбаза эвакуациянын багыты боюнча ачылышы керек.
586. Хлор бөлүнүп чыгышы мүмкүн болгон жайлар хлордун газ анализаторлору (газ сигнал бергичтери) менен жабдылышы керек, алардын саны жана жайгашкан орду иш зонасындагы хлордун курамын үзгүлтүксүз контролдоону камсыз кылышы керек жана долбоордо негизделген болушу керек.
587. Авариялык желдетүүнү иштетүүнү автоматтык түрдө - газ анализаторунан (газ сигнал бергичинен) дагы, ошондой эле кол менен - кирүүчү эшиктердин жанында кароо керек. Баллондордогу хлордун кампалары үчүн авариялык желдетүүнү кол менен иштетүүгө жол берилет.
588. Контейнерлердеги жана баллондордогу хлор кампаларында хлору бар идиштерди жайгаштыруу төмөнкү талаптарды канааттандырышы керек:
- горизонталдуу коюлганда хлору бар идиштер дубалдын жанына бир катар жана өткөөлдөргө эки катар жайгаштырылат; штабелдин бийиктиги баллондор үчүн беш ярустан жана контейнерлер үчүн бир ярустан ашык болбошу керек; баллондорду стеллаждарга жайгаштырууга жол берилет, бул учурда баллондордун жогорку катары полдун деңгээлинен бир жарым метрден ашык болбошу керек;
- вертикалдуу коюлганда дубалдардын жанына баллондорду эки катардан ашырбай жана контейнерлерди бир катардан ашырбай жайгаштыруу керек, өткөөлдөргө тийиштүү түрдө төрт жана эки катар жайгаштыруу керек; баллондорду транспорттук торлорго жайгаштырууга жол берилет; аларды жайгаштыруунун схемасы долбоордо негизделет;
- хлордун кампасына идиштерди жайгаштырууда аларды кулап кетишинин же жылып кетишинин алдын алышы керек жана бекиткич вентилдерге эркин жетүүнү камсыз кылышы керек (горизонталдуу коюлганда вентилдерди өткөөл тарапка жайгаштыруу керек);
- хлору бар идиштердин ортосундагы туурасынан жана узунунан кеткен өткөөлдөрдүн өлчөмдөрү жана жайгашуусу долбоор менен негизделиши керек жана кампадан каалаган контейнерди же баллонду эвакуациялоо мүмкүндүгүн камсыз кылышы керек.
589. Коопсуздук эрежелеринин тийиштүү талаптары сакталган шартта кампанын аймагына бош тараны түз тийген күндүн нурунан жана атмосферанын жаан-чачындарынын таасиринен коргогон чатырдын алдына сактоого жол берилет.
590. Суюк хлордун кампасынын аймагында суунун запастары жана өндүрүмдүүлүгү боюнча суу көшөгөсүнүн стационардык системасын жана коргоочу суу көшөгөсүн түзүү үчүн көчмө чачыраткычтарды туташтыруу мүмкүндүгүн камсыздаган өрткө каршы суу өткөргүч тармагы болушу керек.
33-глава. Контейнерлерди жана баллондорду кабыл алууга жана бошотууга коюлган талаптар
591. Кампага келип түшкөн контейнерлерди жана баллондорду кабыл алуу уюм боюнча буйрук (тескеме) менен дайындалган кызмат адамы тарабынан жүзөгө ашырылышы керек.
592. Контейнерлерди (баллондорду) кабыл алууда негизги көңүл хлор тарасынын кезектеги күбөлөндүрүлгөн мөөнөтүнө, контейнердин (баллондун) иш жүзүндөгү салмагынын куюу ченемине шайкеш келишин, таранын герметикалуулугун жана коргоочу капкактарынын бар экенине буруу керек. Тараны толтуруунун белгиленген ченеминен ашып кеткен учурда ашыкча толтурулган контейнерди (баллонду) токтоосуз түрдө бошотууга жөнөтүү керек. Контейнерди ашыкча толтуруу факты жөнүндө толтуруучу-заводго жана толтуруучу-заводдун жайгашкан орду боюнча өнөр жайлык коопсуздук жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына билдирүү зарыл.
593. Бузугу бар (вентилдери ачылбаган) хлор тарасын сактоого жол берилбейт. Мындай тара табылган учурда бузукту жоюу боюнча чараларды көрүү зарыл. Хлор толтурулган бузугу бар идиштерди жана техникалык күбөлөндүрүү мөөнөтү өтүп кеткен идиштерди ташууга жол берилбейт. Бузугу бар идиш коопсуздуктун талаптарын сактоо менен авариялык бошотулууга тийиш.
594. Жаңыдан келип түшкөн хлору бар контейнерлердин жана баллондордун партияларын кампада турган башка партиялардагы контейнерлер жана баллондор менен аралаштырууга болбойт жана таразага тартып, таранын герметикалуулугун текшерип, формасынын өзгөрүшүн, кабырылган жерлерин табуу, ошондой эле тыгындарынын жана капкактарынын бар экенин текшерүү үчүн сырткы кароодон өткөрүү керек.
595. Бузулган белгилери бар жана техникалык күбөлөндүрүү мөөнөтү өтүп кеткен идиштерди биринчи кезекте бошотууга жиберүү керек.
596. Хлорду алуу жүргүзүлгөн жайга бууланткычтарды, газ сымал хлорду тазалоо үчүн аппаратураны, ресиверлерди, дозалагыч түзүлүштөрдү жайгаштырууга уруксат берилет.
597. Хлорду тандап алуу технологиялык схемасы системадагы хлордун басымын контролдоп карашы керек жана хлордук коммуникацияларга жана тарага суунун жана хлордоонун продукттарынын келүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышы керек.
598. Сууну иштетүү процесстеринде хлорду дозалоодо автоматтык вакуумдук хлораторлорду пайдалануу керек, алар төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:
- бардык түйүндөрдө жана вакуумдук жөнгө салгычтан кийинки хлор өткөргүчтөрдө, анын ичинен ротаметрдин жана хлорду чыгымдоону жөнгө салуу үчүн түзүлүштүн алдында вакуумду кармап туруу;
- хлор өткөргүчтөргө жана хлордогучтун түйүндөрүнө эжектордон суунун өтүп кетишинен коргоо;
- эжекторго азыктандыруучу сууну берүү токтотулган учурда хлордогуч менен хлор берүүнү автоматтык токтотуу.
599. Контейнерлерден (баллондордон) хлорду алуу ушул Коопсуздук эрежелеринин талаптарына ылайык суюк түрүндө алынып, кийин бууланткычта буулантылат. Хлорду чектелген колдонууда газ сымал хлорду түздөн-түз тарадан алууга жол берилет. Алынып жаткан хлордун буулануусунун талап кылынган интенсивдүүлүгү бул учурда табигый же мажбурлап конвекциялоонун эсебинен айланадагы абанын жылуулук агымдары менен камсыздалышы керек, аны тийиштүү эсептөөлөр менен негиздөө керек.
600. Баллондон газ сымал хлорду алуy (сифону жок) баллондун вертикалдуу же горизонталдуу абалында жүргүзүү керек, бул учурда вентиль жогорку абалында турат (жантаюу бурчу он беш градустан көп эмес). Суюк хлорду алуу баллондун жантайган абалында жүргүзүлөт - вентиль төмөн карап турат.
601. Контейнерден хлорду алуу анын горизонталдуу абалында жүргүзүлөт. Вентилдери биринин үстүнө бири жайгашат, бул учурда жогорку вентиль сифон аркылуу газ фазасы менен байланышат, ал эми төмөнкү вентиль - суюк фаза менен байланышат.
602. Баллондордон жана контейнерлерден суюк хлорду алуу тарадагы хлордун өзүнүн басымынын эсебинен жүргүзүлөт. Контейнерлерди колдонгон учурда 1,02 мегапаскалдан ашпаган басымда хлор же аба (азот) менен кысып чыгарууга жол берилет. Бир убакта эки жана андан көп идиштен суюк хлорду алууга жол берилбейт.
603. Баллондордон жана контейнерлерден газ сымал хлорду алууну төмөнкү шарттар аткарылган учурда ушул берененин 599-пунктунун талаптарын көңүлгө алуу менен жүргүзүү керек:
- алуунун технологиясы идиштин тоңуп калуусун жокко чыгарышы керек;
- бир убакта туташтырылган идиштердин саны экиден ашык болбошу керек;
- керектөө линиясына газ сымал хлорду берүүнү механикалык кошундулардан тазалоо системасы аркылуу жүргүзүү керек.
604. Баллондордон жана контейнерлерден хлорду алууда хлордун чыгымын жана идишти бошотуунун бүткөнүн туруктуу контролдоп туруу керек.
605. Бошотулган идиштеги басымдын калдыгы жүздөн беш мегапаскалдан кем болбошу керек.
606. Идиштен (контейнерден же баллондон) хлорду алуу бүткөндөн кийин идиштин вентилдерин жаап жана герметикалуулугун текшерүү керек, андан кийин тыгындарды жана коргоочу капкактарды орнотуу керек.
607. Бош, ташууга даяр идиштер герметикалуу болушу керек жана толтурулган идиштерден өзүнчө жайгаштыруу керек.
34-глава. Хлорду утилдештирүү процесстерине коюлган талаптар
608. Электролиз методу менен хлор өндүрүүдө суюлтууга келип түшкөн газ аралашмасында камтылган, хлорду суюлтуу жана кысуу процессинде конденсацияланбаган кошундулар, хлордун идиштери үйлөтүлгөн газдар керектөөгө же хлордон тазалоо үчүн сиңирүүчү системага жиберилиши керек.
609. Алдын ала коргоочу клапандардан, мембраналуу алдын ала коргоочу түзүлүштөрдөн (электролизерлордун ажыратуучу мембраналарынан тышкары) жана гидравликалык затворлордон чыгарылган, курамында хлору бар агындыларды өзүнчө өткөргүч түтүктөр аркылуу тазалоонун сиңирүүчү системасына жиберүү керек.
610. Электролиз бөлүмчөлөрүндө курамындагы щелочтун салмактык үлүшү 10-20% болгон щелочтун суудагы эритмеси менен электролиз системасындагы хлорду авариялык сиңирип алуу системасын кароо керек. Жегичтин авариялык запасы максималдуу долбоорлонгон токтун жүктөмүндө 10-15 мүнөттүн ичинде бардык электролизерлор өндүргөн хлорду сиңирип алуу үчүн жетиштүү болушу керек.
611. Хлор бөлүнүп чыгышы мүмкүн болгон жайлар хлорду аныктаган жана контролдогон автоматтык системалар менен жабдылышы керек. 1 мг/м3 га барабар болгон хлордун жол берилген концентрациясынын чегинен ашып кеткен учурда жарык жана үн сигнал бергичтер жана авариялык сиңирип алуучу система менен блоктолгон авариялык желдеткич иштеши керек.
612. Авариялык чыгарууларды кармап калуунун абсорбциялык методунун системасын колдонууда хлордун датчигинин сигналы боюнча санитардык колоннаны суулоого нейтралдаштыруучу аралашманы берүү үчүн насостор иштеши керек жана андан кийин санитардык колоннага суу кылуучу аралашманы берүү үчүн зарыл болгон убакытка кечигүү менен авариялык желдетүү иштеши керек.
613. Эки босоголуу хлордун газ анализаторун колдонууда куб метрге бир миллиграммга барабар болгон хлордун концентрациясынан ашып кеткен учурда жарык жана үн сигнал бергичтери иштеши керек, ал эми хлордун концентрациясы бир куб метрге 20 мг/м3 дан ашып кетсе - авариялык сиңирүү системасы менен блоктолгон авариялык желдетүү иштеши керек. Хлордун концентрациясы 20 мг/м3 жеткен учурда сигнал бергичтин иштеп баштоо убактысы 30 секунддан ашык болбошу керек.
614. Хлор кампаларынын аймагында, ошондой эле өзүнчө турган бууланткычтарда, хлордун тарасын которуп жүктөө пункттарында, төгүп-куюу пункттарында жана хлору бар темир жол вагон-цистерналары үчүн токтоп туруучу туюктарда хлордун авариялык чыгышын контролдогон автоматтык системаларды жана суу көшөгөсүнүн жардамы менен аларды локалдаштыруу жана (же) коопсуз концентрацияларга чейин чачыратуу системаларын же орнотмолорун алдын ала кароо керек.
615. Газдуу хлор булуту суу көшөгөсү менен локалдаштыруу системасы ишкананын башка керектөөлөрүнө суунун эң көп чыгымдалышын көңүлгө алуу менен хлордун агып калуусун жоюу үчүн жетиштүү болгон убакыттын ичинде үзгүлтүксүз иштөөгө эсептелген суунун зарыл болгон запастары менен камсыз болушу керек.
616. Чачыраткычтардын, гидранттардын саны, алардын жайгашуусу жана талап кылынган суунун запасы долбоордо аныкталат жана негизделет. Агып жаткан хлорду көбүк менен локалдаштыруу системасында хлорго химиялык нейтралдуу болгон көбүктөрдү колдонуу каралышы керек.
617. Суюк хлорду сактоодо авариялык желдетүүдөн чыгарылгандарды хлорду сиңирүү системасына жиберүү керек. Стационардык хлор сиңирүү систамаларында төмөнкүлөрдү алдын ала кароо керек: системаларды колдонулган желдеткичтерди, насосторду резервдөө, ошондой эле сиңирүүчү аппарат аркылуу хлордун чыгып кетишин контролдоо. Хлорду авариялык сиңирүү системасын иштетүү авариялык желдеткичтин иштеткичи менен блоктолгон болушу керек.
618. Хлорду авариялык сиңирүү системасынын өндүрүмдүүлүгү жана сиңирүүчү каражаттардын запасы долбоордо негизделиши керек жана авариялык жагдайларды жоюу үчүн жетиштүү болушу керек.
619. Хлорду төгүү-куюу, буулантуу, танктарга сактоо участоктору, хлору бар контейнерлерди жана баллондорду туташтыруу-ажыратуу орундары хлорду соруучу жана сиңирүүчү локалдуу системалар менен жабдылышы керек.
620. Вагон-цистерналарга суюк хлорду толтуруунун алдында вагон-цистернадан хлордун калдыктарын алып салуу зарыл болгон учурда хлорду эвакуациялоонун кысуу, вакуумдоо, вагон-цистернаны кургатылган аба (азот) менен үйлөтүү жолу менен жүргүзүүгө болот. Хлорду эвакуациялоонун тартибин нускамага чагылдыруу керек.
621. Суюк хлору бар вагон-цистернаны бошотууда хлорду төгүү бүткөндөн кийин вагон-цистерналардагы абгаздар 0,05 мегапаскалдан кем болбогон басымдын калдыгына чейин абгаз системасына чыгарылат. Вагон-цистернадагы басымдын калдыгынын жогорку чеги айлана-чөйрөнүн температурасына шайкеш келген идиштеги хлордун каныккан бууларынын басымынан ашык болбошу керек.
622. Контейнерлердеги жана баллондордогу суюк хлордун кампаларындагы хлор менен булганган абаны хлорду сиңирүү системасына тазалоого жиберүү керек. Хлорду сиңирүү системасын иштетүү ушул Коопсуздук эрежелеринин талаптарына ылайык авариялык желдетүүнүн иштеткичи менен блоктолгон болушу керек.
623. Хлорду сиңирүүчү орнотмо ушул берененин 612-пунктунун талаптарына шайкеш келиши керек.
624. Хлорду сактоо үчүн кампалар авариялык контейнерден же баллондон хлор агып чыккан учурда аны локалдаштыруу жана (же) коопсуз концентрацияга чейин чачыратуу үчүн техникалык каражаттар же системалар менен жабдылышы керек.
35-глава. Жеке коргоо каражаттарын колдонууга коюлган талаптар
625. Хлор, сымап, щелочтор, кислоталар жана башка КТУЗ менен иштерди терини, көздү жана дем алуу органдарын коргогон каражаттарды колдонуу менен жүргүзүү керек. Хлор менен иштерди атайын кийимдер жана жеке коргоо каражаттары жок жүргүзүүгө тыюу салынат.
626. Аппаратураны туташтырууга жана хлор берүүгө, идиштүү жабдуулардан жана өткөргүч түтүктөрдөн тыгындарды алууга байланыштуу бардык иштер газ коркунучу бар иштер жана иштеп жаткан кишинин дем алуу органдарын коргоочу каражаттар болгон учурда жүргүзүү керек.
627. Дем алуу органдарын хлордон коргоо үчүн колдонуучуларда көчмө же тагынма (жеке) хлордун агып калууларын сигнал бергичтер болгон шартта жана абадагы хлордун концентрациясы сигнал бергичтин мүмкүн болуучу өлчөө чегинде, бирок көлөмү боюнча 0,5%дан ашык эмес болгон учурда гана өнөр жайлык чыпкалоочу противогаздарды колдонууга жол берилет. Хлордун концентрациясы жогору болсо изоляциялагыч дем алуу аппаратты, өзүн сактагычтарды жана изоляциялагыч костюмдарды колдонуу зарыл.
628. Аварияларды жоюу жана өндүрүштүк персоналды эвакуациялоо үчүн объектте техникалык каражаттардын жана жеке коргоо каражаттарынын зарыл болгон запасы сакталып турушу керек.
629. Авариялык иштерди жүргүзүү үчүн жеке коргоо каражаттары "хлор толкунуна" бир убакта туш болушу жокко чыгарылган эки орунда сакталышы керек. Чыпкалагыч противогаздардын жана өзүн сактагычтардын саны жана жайгашкан орду долбоордо аныкталат.
630. Атайын кийимдерди, атайын бут кийимдерди, алдын ала коргоочу шаймандарды берүү, сактоо жана аларды колдонуу тартиби пайдаланган уюмдун нускамасы менен аныкталат.
631. Сымап менен булганган атайын кийимдерди иштетүү металл сымап жана анын бирикмелери менен булганган атайын кийимдерди тазалоо боюнча нускамага ылайык жүргүзүлөт.
632. Хлор өндүрүлгөн же керектелген уюмдун персоналы төмөнкүлөрдү билиши керек:
- хлордун айырмалуу белгилерин жана потенциалдуу кооптуулугун;
- хлор толкуну пайда болгон учурда эвакуациялоонун жолдорун;
- хлордон жабыркоодон жекече коргонуунун ыкмаларын жана каражаттарын;
- жабыркагандарга биринчи жардам берүү эрежелерин.
633. Дарыгерге чейинки алгачкы жардам берүү үчүн ар бир өндүрүштүк участокто медициналык аптечка болушу керек.
634. Хлор менен иштеген уюмдарда жана объекттерде өндүрүштүк жайлардагы, ошондой эле суюк хлор өткөргүч түтүктөр курулган, же танктардагы хлор кампаларына, өзүнчө турган бууланткычтарга, төгүү-куюу пункттарына, токтоп туруучу темир жол туюктарына жана хлор тарасын которуп жүктөөчү пункттарга жакын жайгашкан аймактагы аба чөйрөсүнүн абалын куралдар менен туруктуу контролдоп турууну уюштуруу керек.
36-глава. Авариялык-куткаруу кызматы
635. Хлору бар объекттерди пайдаланган уюмдар "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кесипкөй авариялык-куткаруучу кызматтар (түзүмдөр) менен тейлөөгө келишим түзүшү керек, ал эми "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда ишкананын жумушкерлеринин ичинен өздүк кесипкөй Жарандык коргонуу түзүмдөрүн түзүшү керек жана алардын Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды өткөрүү даярдыктарын колдошу керек.
636. Өздүк кесипкөй Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн түзүлүшү жана саны долбоордук уюм тарабынан аныкталат, ал эми иштеп жаткан объекттерди пайдаланып жаткан уюмдарда - курамында уюмдун техникалык жетекчиси, газ, жарылуу, өрт чыгуу коркунучу бар цехтердин техникалык жетекчилери, өндүрүштүк контролдоо кызматынын жетекчиси, өнөр жайлык коопсуздук жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын өкүлдөрү кирген ведомстволор аралык комиссия тарабынан аныкталат жана уюмдун жетекчисинин буйругу менен таризделет.
637. Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн саны жана түзүмү аварияларды локалдаштыруу жана кишилерди куткаруу боюнча анын иш-аракеттеринин ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылышы керек.
638. Уюмдардагы Жарандык коргонуу түзүмдөрү авария болгон учурда зарыл болгон чараларды көрүү үчүн уюмдун диспетчердик кызматы менен жана калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы милдеттерди чечүүгө ыйгарым укуктуу болгон аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы менен байланышы бар болушу керек.
639. Жарандык коргонуу түзүмдөрү хлорду урунууда авариялык жагдайларды жоюу үчүн зарыл каражаттар менен жабдылган болушу керек.
37-глава. Суюк аммиакты сактоо процесстерине коюлган жалпы талаптар
640. Ушул главанын талаптары суюк аммиакты төмөнкүлөргө сактоо процесстерине жайылтылат:
- суюк аммиакты сактоо үчүн долбоорлонуп жаткан, реконструкцияланып жаткан жана иштеп жаткан кампаларда;
- аммиакты өндүргөн, товардык продукция чыгаруу үчүн чийки зат же көмөкчү материал катары пайдаланган, аммиакты өнөр жайлык муздаткыч орнотмолорунда жана башка максаттарга колдонгон уюмдардын аймактарында жайгашкан заводдун кампаларында;
- порттордогу заводдордо жана суу транспортунун базасында жайгашкан өткөөл кампаларда;
- ишканалардын аймактарынан тышкары жайгашкан жана темир жол цистерналарынан суюк аммиакты кабыл алууга, аларды резервуарларга сактоо жана керектөөчүлөргө автоцистерналарга таратуу үчүн арналган темир жолдун жээгиндеги кампаларда;
- аммиак өткөргүчтөн аммиак алып турган райондордо жайгашкан таратуучу станцияларда.
641. Ар бир суюк аммиак кампасы үчүн аны курууга долбоордук документтерди иштеп чыгуу керек, ал эми кампа кеңейтилген, реконструкцияланган, техникалык кайра жабдылган, консервацияланган же жоюлган учурда - аны кеңейтүүгө, реконструкциялоого, техникалык кайра жабдууга, консервациялоого же жоюуга долбоордук документтерди иштеп чыгуу керек.
38-глава. Суюк аммиакты сактоонун ыкмалары
642. Суюк аммиакты сактоо ыкмасы, резервуарлардын саны, сыйымдуулугу жана тиби коопсуз пайдаланууну камсыздоо шарттарынан келип чыккан долбоор менен аныкталат.
643.Суюк аммиакты кампаларга сактоону төмөнкүчө жүргүзүүгө болот:
- резервуарларга 2 мегапаскалга (кошо алганда) чейинки ашыкча басым алдында, аммиакты чыгарбастан. Резервуардагы жумушчу басым күндүн радиациясын, жылуулук изоляциялоону жана коргоочу конструкцияларды көңүлгө алуу менен курчап турган абанын максималдуу температурасынан улам кабыл алынат;
- резервуарларга 1 мегапаскалга (кошо алганда) чейинки ашыкча басым алдында, жылуулуктун агымынан бууланган аммиакты чыгаруу менен, аны керектөөчүгө берүү менен же бууланган аммиакты компримирлөө менен, кийин конденсациялоо жана аны резервуарга кайра кайтаруу менен;
- атмосфералык басымга жакын басым алдында изотермикалык резервуарларга, бууланган аммиакты чыгаруу, компиримирациялоо, конденсациялоо жана резервуарга кайра кайтаруу же керектөөчүгө берүү менен (сактоонун изотермикалык ыкмасы).
644. Резервуарлардын толуу коэффициенти сактоонун шарттарын жана келип түшкөн аммиактын параметрлерин эске алуу менен долбоордук уюм тарабынан аныкталат, бирок аммиак ашыкча басым алдында сакталган учурда резервуардын геометриялык көлөмүнүн 0,85 бөлүгүнөн жана изотермикалык резервуардын цилиндр бөлүгүнүн бийиктигинин 0,93 бөлүгүнөн ашык эмес аныкталат.
645. Бир кампадагы резервуарлардын санын жана тибин долбоордук уюм аныктайт. Аммиак басым алдында сакталган учурда аны башка резервуарларга же атайын орнотулган резервдик резервуарга өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу керек. Кампанын сыйымдуулугун аныктоодо резервдик резервуардын сыйымдуулугу көңүлгө алынбайт. Изотермикалык резервуарда бузук пайда болгон учурда долбоордук документтерде аны бошотуу, төгүлгөн аммиакты чогултуу жана жок кылуу боюнча иш-чаралар каралат.
39-глава. Суюк аммиак кампасынын аймагына коюлган талаптар
646. Кампаны райондун жагдайлык планын жана аймактын табигый шарттарын көңүлгө алуу менен кишилер көп жашаган конуштарга, бала бакчаларга, мектептерге, ооруканаларга жана кишилер көп топтолгон башка орундарга карата шамалдардын көп соккон багыттарынан корголгон тараптагы суу баспаган жер участокторуна жайгаштыруу керек.
647. Суюк аммиактын кампаларынан жарандык жана өндүрүштүк багыттагы объекттерге чейинки аралык долбоорго шайкеш келиши керек жана суюк аммиактын кампаларында авариялар болгон учурда абадагы аммиактын концентрациясынын жана газ булутунун жайылышынын эсептерин көңүлгө алуу менен аныкталат.
648. Суюк аммиактын кампаларын төгүлгөн учурда аммиактын газ булутунун жайылышын токтотуучу (аны дисперстик сууга эритүүнү тездетүү, суу көшөгөлөрүн колдонуу) жана буулануунун ылдамдыгын азайтуучу (төгүлгөн орунду көмүр кислоталуу, көбүктүү курамдар менен жабуу) каражаттар менен жабдылышы керек.
649. Суюк аммиак кампасынан баштап кампанын аймагынан тышкары жайгашкан объекттерге чейинки аралыктарды бул резервуарлардын тосмолорунун ички жогорку кырларынан баштап горизонталь боюнча аныктоо керек (авария болгон учурда резервуардан төгүлгөн буулануунун чек аралары).
650. Ишканадан тышкары жайгашкан кампанын аймагы бийиктиги 2 метрден аз эмес күйбөгөн материалдардан дубал менен тосулат, ал эми ишканада жайгашкан кампа - торчо тосмо менен тосулат.
651. Суюк аммиак кампасынын аймагында кампанын персоналына жакшы көрүнүп турган шамалдын багытын көрсөткүч орнотулат.
652. Кампанын аймагына аммиакты кабыл алуу, сактоо жана керектөөчүлөргө берүү технологиялык процесстери жана кампанын, тейлөөчү персоналдын нормалдуу ишин камсыздоо үчүн зарыл болгон имараттарды жана курулмаларды гана жайгаштырууга уруксат берилет, анын ичинде:
- суюк аммиакты кабыл алуу жана сактоо үчүн резервуарлар;
- аммиак-муздатуучу орнотмолордун компрессор жайлары жана насос жайлары;
- май топтогуч пункт;
- аммиак суусун даярдоо үчүн орнотмолор жана аларды сактоо үчүн резервуарлар;
- буулантуучу орнотмосу бар пропан же жаратылыш газ кампасы;
- суюк аммиактын буулантуучу орнотмосу;
- газ сымал аммиакты жылытуучу орнотмо;
- контролдук-өлчөөчү приборлордун абасын компримациялоо жана абаны кургатуучу блоктор, азоттук буфер менен автоматташтыруу орнотмолору;
- талап кылынган параметрлери бар бууну алуу үчүн редукциялык муздаткыч орнотмолор;
- конденсатты чогултуучу станция;
- суюк аммиактын жана аммиак суусунун төгүү-куюу пункттары, анын ичинен темир жол жана автомобиль цистерналарынын төгүү-куюу эстакадалары;
- кампанын факелдик орнотмосу;
- аммиак баллондорун толтургуч жана аларды сактагыч орнотмолор;
- рампасы бар азот баллондорунун блоктору, аба баллондорунун блоктору;
- авариялык идиш, авариялык душтар, газ анализатор жайлары;
- суу менен камсыздоо жана канализация тармактары;
- электр менен камсыздоо тармагы;
- кампаны башкаруунун борбордук пункту;
- көмөкчү жана өндүрүштүк багыттагы имараттар жана жайлар, кампанын персоналына багытталган тиричилик жана администрациялык жайлар.
653. Суюк аммиакты сактоо үчүн ар бир өзүнчө турган резервуар же ар бир резервуарлар тобу туташ тосмо менен тосулат (үйүлгөн топурак, темир-бетон дубал ж.б.у.с.). резервуардын тышкы дубалынан баштап тосмого (ички откостун төмөнкү кырына) чейинки горизонталь боюнча аралык, тосмонун бийиктиги, резервуарлардын ортосундагы аралык бузулган резервуардан агып чыккан аммиактын тосмонун сыртына агып чыгышын жокко чыгарууну жана авария болгон учурда тосмонун чегинде төгүлгөн аммиактын минималдуу буулануучу бетин көңүлгө алуу менен долбоордо аныкталат.
654. Болоттон жасалган, тулкусу бирдей бекем болгон резервуарлардан тышкары, долбоорлонуп жаткан изотермикалык резервуарлардын же изотермикалык резервуарлардын тобунун тосмосун резервуар бузулушу мүмкүн болгон учурда төгүлгөн суюктуктун (аммиак же суу) динамикалык таасирин көңүлгө алуу керек.
655. Суюк аммиакты сактоо үчүн резервуарлардын тосмосунун бийиктиги төгүлгөн суюк аммиактын эсептик деңгээлинен 0,3 метрден аз эмес бийигирээк, бирок 1 метрден аз эмес болушу керек, ал эми изотермикалык резервуарлар үчүн - 1,5 метрден аз болбошу керек. Үйүлгөн топуракты, ошондой эле чуңкурдун жээктерин атомосфералык суулардын жууп кетишинен коргоо керек. Үйүлгөн топурактын үстүнүн туурасы 1 метрден аз болбошу керек.
656. Резервуарлардын тосмосундагы пландагыч белгиден тартып суюк аммиактын эсептик деңгээлине чейинки эркин көлөм аммиак сактоо үчүн резервуарлардын алдындагы тирегич конструкциялардын, жолчолордун жана бөлүп турган дубалдардын көлөмдөрүн чыгарып салгандан кийин төмөнкүчө болушу керек:
- бир резервуарды орнотууда - анын сыйымдуулугунан аз эмес;
- резервуарлардын тобун орнотууда - эң чоң резервуардын сыйымдуулугунан аз эмес.
657. Ар башка типтеги резервуарларды бирге орнотууда суюк аммиактын төгүлүүлөрүн локалдаштыруу үчүн резервуарлардын ортосуна туташ тосмо орнотулушу мүмкүн. Тосмонун максатка ылайыктуулугу жана түзүлүшү кампанын долбоорунда аныкталат.
658. Суюк аммиакты сактоо үчүн резервуарлардын эки сырткы тосмолорун бириктирүүгө жол берилет.
659. Суюк аммиакты сактоо үчүн резервуарлар тейлөө жана оңдоо учурунда иштерди аткаруунун коопсуздугун камсыздаган тейлөөчү аянтчалар менен жабдылышы керек.
660. Кампага кирүү жана анын аймагы аркылуу имараттарга жана куралмаларга баруу үчүн автомобиль жолдору жана резервуардын же резервуарлардын тобунун тосмосунан айланып өткөн, туурасы 3,5 метрден кем эмес жолдор каралат. Резервуарлардын тосмолоруна тийишкен имараттар тарапка айланып өтүүчү жолду резервуарлардын тосмолорунан тартып долбоордо көрсөтүлгөн аралыкка жайгаштырууга жол берилет.
661. Суюк аммиакты сактоо үчүн резервуарлардын тосмосунун ичинде агып калган аммиакты жана атмосферанын жаан-чачындарын чогултуу жана эвакуациялоо үчүн чуңкурчалар каралат. Суюк аммиакты сактоо үчүн резервуарлардын тосмолорундагы аймакты чуңкурчага карай жантайтуу менен пландоо зарыл.
Изотермикалык шарча резервуарлардан төгүлгөн учурда аймак боюнча аммиак жайылып аккан аянтты азайтуу үчүн аймакты резервуарлардын тосмосунан баштап резервуарлар жайгашкан фундаментти карай жантайтуу менен пландоо керек. Аммиакты чуңкурчага агызуу үчүн фундаменттин периметрине аймактын жантайышынын төмөнкү белгисинин деңгээлинде ноочолор куралат.
Бул учурда резервуарлардын фундаментинин жогорку тегиздиги аймактын жантайышынын төмөнкү белгисинен 10-15 сантиметр жогору турушу керек жана ноочолорго жантайышы керек.
662. Тосмонун чегин кыртышты тыгыздоо керек. Тосмонун ички бөлүгүн бетондоо же плитка тизип чыгуу сунушталат. Айыл чарба багытындагы кампалар үчүн чөп каптамына жол берилет, бул учурда чөп чабылган жана кампанын аймагынын чыгарылган болушу керек. Резервуарлардын тосмолорунун ичиндеги аймакты жана үйүлгөн топурактын ички откосторун шагыл, галька, бүртүктүү материалдар менен жабууга тыюу салынат.
663. Резервуарлардын тосмосунан баштап жана төгүү-куюу пункттарынын чек араларынан баштап кампанын аймагында жайгашкан имараттарга жана курулмаларга чейинки аралыктар коопсуздукту камсыздоо боюнча талаптарды көңүлгө алуу менен долбоордо аныкталат.
664. Факел өзөгүнүн бийиктиги, факел өзөгүнөн тартып кампанын аймагында жайгашкан имараттарга жана курулмаларга чейинки горизонталь боюнча минималдуу аралык жылуулук жүктөмүн көңүлгө алуу менен долбоордук уюм тарабынан аныкталат.
665. Суюк аммиакты сактоо үчүн резервуарлардын тосулган аймактары аркылуу суюк аммиакты сактоо үчүн резервуарларга тиешеси жок болгон транзиттик өткөргүч түтүктөрдү жана кабелдерди тартууга жол берилбейт.
666. Төгүү-куюу эстакадаларын темир жолдун түз горизонталдуу участогуна жайгаштыруу керек. Төгүүчү-куюучу түзүлүштөрдү жана эстакаданы жолдун бир тарабына жайгаштыруу керек.
667. Төгүүчү-куюучу түзүлүштөрдү жанаша жайгашкан жолдордун ортосуна жайгаштырууга уруксат берилет. Бул учурда цистерналарга эки тарабынан агызгычтары бар эстакаданы орнотуу керек, ал эми төгүүчү-куюучу темир жолдордун окторунун ортосундагы аралык алты метрден аз болбошу керек. Удаалаш жайгашкан төгүүчү-куюучу эстакадалардын ортосуна өрткө каршы жана санитардык машиналардын өтмө жолдору үчүн эркин тилке каралышы керек.
668. Төгүүчү-куюучу темир жолдордун саны жана эсептик узундугу долбоордо аныкталат. Төгүүчү-куюучу түзүлүштөрдү туюк темир жолдорго жайгаштырууга уруксат берилет. Эки же андан көп төгүү чекиттери бар төгүүчү-куюучу эстакадалар үчүн туюк төгүүчү-куюучу жолдордун эсептик узундугун төгүүчү-куюучу аянттын чек араларынын чегинде акыркы брус тарапка 20 метрден аз эмес көбөйтүү керек.
669. Төгүүчү-куюучу эстакадалар тепкичтери жана цистерналардын буу казандарынын люктарындагы вентилдерге тургучтары бар өткөөлдөр каралат. Эстакададагы өткөөлдүн туурасы 80 сантиметрден аз болбошу керек. Тепкичтерди эстакаданын капталдарына, ошондой эле анын узундугу боюнча бири-биринен 80 метрден ашык эмес аралыкка жайгаштыруу керек. Төгүүчү-куюучу эстакадалар үчүн аянттардын катуу каптамы бар болушу керек.
670. Кампанын аймагындагы имараттар өрткө чыдамдуулуктун II даражасынан төмөн болбошу керек. Капанын курулушу (этажеркалар, тейлөөчү аянтчалар, төгүүчү-куюучу эстакадалар, шар резервуарларынын тирөөчтөрү, чатырлар ж.б.у.с.) отко чыдамдуулугунун чеги чейрек сааттан аз болбогон күйбөгөн материалдардан жасалышы керек.
671. Имараттардын аммиак бар резервуарлар тарабына авариялык душтун эшиктеринен тышкары ачылуучу терезелерди жана эшиктерди салуу сунушталбайт. Кампанын имараттарынын сырткы эшиктери тыгыздагычтары менен өзү жабылма болушу керек.
672. Аммиактын төмөнкү температураларынын курулуш конструкцияларына жана негиздерине узак таасир бериши мүмкүн болгон орундарда долбоордо кыртыштын жана курулуш конструкцияларынын жол берилбеген деформациясын жокко чыгарган чаралар каралат.
673. Суюк аммиактын насосторун түтүк өткөрүүчү эстакадалардын алдына жайгаштырууга жол берилет.
40-глава. Суюк аммиактын резервуарларына коюлган жалпы талаптар
674. Аммиакты сактоо үчүн резервуарлардын түзүлүшү даярдоочу-уюмдун паспортунда көрсөтүлгөн кызмат өтөө мөөнөтүнүн ичинде ишенимдүү жана коопсуз пайдаланууну камсыз кылышы керек, ошондой эле аларды толук бошотуу, тазалоо, жууп-тазалоо, үйлөтүү, карап чыгуу, техникалык күбөлөндүрүү жана оңдоо мүмкүнчүлүгүн алдын ала карашы керек.
675. Резервуарлар зарыл болгон техникалык каражаттары жана квалификациялуу адистери бар уюмдар тарабынан, илимдин жана техниканын жетишкендиктери, өнөр жайлык коопсуздуктун талаптары эске алынган долбоордук (конструктордук) документтерге ылайык даярдалышы керек.
676. Резервуарлардын долбоордук документтеринде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- резервуарды даярдоого жана сыноого коюлган талаптар;
- металлдын ички жана сырткы дефекттеринин жоктугун жана металлдын бул маркасы үчүн белгиленген талаптарга химиялык курамынын жана механикалык касиеттеринин шайкештигин текшерүү жөнүндө ар бир лист боюнча маалыматтар.
677. Болоттун маркасы жана анын сапатына коюлган талаптар долбоордук уюм тарабынан резервуарды даярдоонун жана пайдалануунун шарттарын, ошондой эле тийиштүү стандарттардын талаптарын эске алуу менен аныкталат. Резервуарлардын түбүн жана капталдарын даярдоо үчүн арналган лист болоттун катмарланууларынын жок экенин контролдоп туруу керек.
678. Минус 70 ºС температурада болоттун сокку илээшкектигине сыноо төмөнкү учурларда даярдоочу-уюм тарабынан жүргүзүлөт:
- эгер болот эң муздак беш күндүктө абанын температурасы -41 ºС төмөн болгон климаттык райондорго орнотула турган резервуарларды даярдоо үчүн арналса;
- коңшу резервуарлар бузулган учурда тосмого төгүлгөн суюк аммиак менен резервуардын муздап калышы мүмкүн болсо.
Башка учурларда болоттун маркасын тандоо үчүн эсептик температура жана сыноонун шарттары долбоордо аныкталат.
41-глава. Ашыкча ички басымдын алдында иштеген суюк аммиактын резервуарларына коюлган талаптар
679. Ширетилген бириктиргичтердин чыңалууларынын калдыктарын азайтуу үчүн ашыкча ички басымдын алдында иштеген резервуарлардын конструкцияларынын ширетилген элементтерин термикалык иштетүүнүн түрү жана көлөмү долбоордо аныкталат.
680. Резервуарлардын ичине же сырткы бетине жайгаштырылган жылытуучу түзүлүштөрдү колдонууга резервуарлардын сыйымдуулугу 50 тоннадан төмөн болгон учурда жол берилет.
681. Ички жылытуучу түзүлүштөр үчүн жылуулук алып жүрүүчү катары күйбөгөн, дат баспаган заттарды колдонуу керек.
682. Жылытуучу түзүлүштөрдүн конструкциясы жылуулук алып жүрүүчүнүн толук агып кетишин камсыздашы керек. Ички жылытуучу түзүлүштөрдүн штуцерлерин резервуарлардын түбүнө жайгаштыруу керек.
683. Суюк аммиакты берүү, дренаж жана жууп-тазалоо, контролдук-өлчөөчү приборлор жана автоматика үчүн штуцерлерди резервуарлардын төмөнкү бөлүгүнө, калган штуцерлерди - резервуарлардын жогорку бөлүгүнө жайгаштырууга уруксат берилет.
684. Люктарды резервуарлардын жогорку бөлүгүнө жайгаштыруу керек. Тийиштүү долбоордук чечим бар болсо шарча резервуарлардын төмөнкү бөлүгүнө кошумча люктарды орнотууга жол берилет.
685. Пайдалануу процессинде шарча резервуардын каптамдарын күбөлөндүрүүнү мезгил-мезгили менен жүргүзүп туруу керек, изоляциянын ушул Коопсуздук эрежелеринин талаптарына шайкештигин контролдоп туруу, резервуарларды гидравликалык сыноого чейин жана андан кийин жана ага суюк аммиак берүүнүн алдында, ошондой эле пайдаланган убакта мезгил-мезгили менен шарча резервуарлардын фундаменттеринин чөгүшүнүн чоңдугун жана бир кылкалыгын контролдоп туруу керек.
42-глава. Суюк аммиактын изотермикалык резервуарларына коюлган талаптар
686. Изотермикалык резервуарларды атайын техникалык шарттарга ылайык химиялык курамына, механикалык касиеттерине жана листтин сапатына жогорку талаптар коюлган болоттордон даярдоо керек. Иштелип чыгып жаткан техникалык шарттар технологиялык процессти жана резервуардын конструкциясын иштеп чыгуучу тарабынан түзүлөт.
687. Изотермикалык резервуарлар үчүн болоттун маркасын тандоодо эсептик температураны төмөнкү талаптарды эске алуу менен кабыл алуу керек:
- бул райондогу эң муздак беш күндөгү абанын температурасынын жогору эмес, бирок -34 ºС жогору эмес температурада резервуарды жеке тосмого (үйүлгөн топурак, дубал) жайгаштырууда;
- бир тосмого бир нече резервуар жайгаштырылган учурда: коңшу резервуарлар бузулган учурда тосмого төгүлгөн суюк аммиак менен резервуардын каптамынын төмөнкү бөлүгүнүн байланышы мүмкүн болсо, -67ºС жогору эмес; төгүлгөн аммиак менен байланышпаган резервуардын каптамынын калган бөлүгү үчүн жеке тосмодо турган резервуарга окшош.
688. Төгүлгөн аммиактан корголбогон резервуардын алдындагы тирегич конструкциялар үчүн болоттун маркасын тандоодо эсептик температураны алардын -67ºС температурага чейин муздоо мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен кабыл алуу керек.
689. Эң муздак беш күндүктө абанын температурасы -41 ºС болгон климаттык райондорго орнотууга арналган бир дубалдуу вертикалдуу резервуарларды жана эки дубалдуу вертикалдуу резервуарлардын ички тулкуларын жана стакандарын даярдоо үчүн арналган болот, ошондой эле тосмого төгүлгөн суюк аммиак менен муздап калуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен болоттун сокку илээшкектиги даярдоочу-уюм тарабынан -70 ºС температурада сыналат.
690. Изотермикалык резервуарлардын эсептик басымын жумушчу басымдан 25% көбүрөөк, бирок 98,6 паскалдан (суу мамычасынан 10 мм) аз эмес кабыл алуу керек. Бир дубалдуу изотермикалык резервуарлардын дубалдарынын ортосундагы эсептик басым 490,3 паскалдан (суу мамычасынан 50 мм) аз эмес кабыл алуу керек.
691. Изотермикалык резервуарлар 490,3 паскалдан (суу мамычасынан 50 мм) аз эмес мүмкүн болуучу вакуумду, максималдуу жана минималдуу барометрдик басымды, шамалдын жүктөмүн жана башкаларды эске алуу менен эсептелиши керек.
692. Изотермикалык резервуарлардын түптөрүн жана капкактарын ширетүүнүн жана даярдоонун ыкмасы долбоордо аныкталат.
693. Толтурулган изоляциясы бар резервуардын тышкы каптамы дубалдарынын ортосундагы мейкиндикти жылуулук изоляциялоочу материал (перлит) менен толтуруу үчүн люктар менен, ошондой эле дубалдардын ортосундагы мейкиндикке -40 ºС шүүдүрүм чекити бар, 98,6-196,1 паскаль (10-20 мм суу мамычасы) кургак азотту берүү жана перлитти кургатуу жана резервуарды пайдалануу процессинде анализдерди алуу үчүн штуцерлер менен жабдылат.
694. Бууланган аммиак менен резервуарды муздатуу үчүн резервуардын ичине суюк аммиактын жол берилген деңгээлинен жогору чачыратуучу түзүлүш орнотулат, аны суюк аммиакты куюу үчүн дагы пайдаланууга болот.
695. Изотермикалык резервуарлардын капкагы жана каптал дубалдары люктар менен жабдылат. Люктардын саны жана алардын тиби долбоордо белгиленет.
696. Эки дубалдуу резервуардын ички дубалы аркылуу штуцерлердин өткөөлдөрүнүн түзүлүшү компенсаторлор менен жабдылышы керек.
697. Изотермикалык резервуарга басым алдында иштеген жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө даярдоочу-уюм тарабынан паспорт түзүлөт.
698. Изотермикалык резервуарды пайдаланган уюм техникалык тейлөө жана оңдоо системасына ылайык резервуардын техникалык абалын, пайдаланууну жана техникалык күбөлөндүрүүнү контролдоо боюнча атайын даярдоодон өткөн адистердин ичинен жооптуу кызматкерди дайындайт.
699. Резервуарлардын фундаменттеринин чөгүшүнүн чоңдугу жана бир кылкалыгы резервуарларды гидравликалык сыноого чейин, ага суюк аммиак берүүнүн алдында жана пайдаланган мезгилде убак-убагы менен контролдонуп турат. Изотермикалык резервуарлардын фундаментинин чөгүшүн өлчөөнү тереңдик репери жана резервуардын фундаментиндеги же тирегичиндеги репер боюнча абсолюттук белгилерди нивелирлөө менен жүргүзүү керек. Контролдоо кыртыштын суулары көтөрүлгөн мезгилде, ошондой эле резервуар максималдуу бошотулган (жүктөлгөн) убакта жүргүзүлөт.
700. Изотермикалык резервуарлар акустикалык эмиссия методдорун колдонуу менен туруктуу иштеген техникалык диагностикалоо жана ыкчам контролдоо каражаттары менен жабдылган учурда кезектеги техникалык күбөлөндүрүүнүн мөөнөтү өнөр жай коопсуздугуна экспертизанын корутундусунун негизинде конструкциялардын иш жүзүндөгү техникалык абалы боюнча белгиленет.
701. Сейсмикалык активдүү зоналарга жайгаштырылган резервуарлар кошумча түрдө сейсмикалык жүктөмдөргө эсептелет. Вертикалдуу цилиндрдик резервуарлар суюк аммиактын толкунун басуу үчүн түзүлүштөр менен жабдылат (сүзүүчү понтондор жана башкалар).
43-глава. Арматурага жана өткөргүч түтүктөргө коюлган талаптар
702. Суюк аммиакты сактоо үчүн резервуарларды өткөргүч түтүктөрдөн эки бекиткич орган менен ажыратуу керек, алардын ортосуна контролдук вентилди жайгаштыруу керек. Сыйымдуулугу жүз тонна жана андан ашык болгон шарча, изотермикалык жана горизонталдуу резервуарлардын түздөн-түз жанына жайгашкан арматураны аралыктан жана кол менен башкаруусу болушу керек. Аралыктан башкаруу кампанын борбордук башкаруу пунктунан жүргүзүлүшү керек.
703. Резервуарларга суюк аммиакты берүүчү жана андан алуучу өткөргүч түтүктөргө, алар бузулган учурда резервуардан аммиактын агып калышын токтотуу үчүн коргоочу түзүлүштөр (жапкычтар, ылдам иштеген клапандар, артка кайткан клапандар, электр жылдыргычы бар жапкычтар) орнотулушу керек. Коргоочу түзүлүштөрдү резервуар менен аммиак берүүчү өткөргүч түтүктөгү бекиткич арматуранын ортосуна жана чыгаруучу өткөргүч түтүктөгү бекиткич арматурадан кийин орнотуу керек.
704. Суюк аммиакты сактоо үчүн резервуарлар менен бириктирилген өткөргүч түтүктөрдү резервуарлардын тосмосунун үстүнөн төмөн болбогон белгиге куруу сунушталат. Резервуарлардын тосмосу аркылуу өткөн өткөргүч түтүктөрдүн өткөөлүнүн түйүнү аймактын сыртына суюк аммиактын агып калуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышы керек.
705. Аммиак өткөргүч түтүктөрүнүн фланец тыгыздагычтарынын конструкциясы долбоордо аныкталат. Өткөргүч түтүктөр резервуарлардын дубалдарына кошулган орундарда жылуулук кыймылынан болгон, ошондой эле резервуар чөккөн учурда болгон чыңалууларды азайтуу үчүн өткөргүч түтүктөрдүн деформацияларды өзүн-өзү компенсациялоону же компенсаторлорду орнотуу каралышы керек.
706. Өткөргүч түтүктөрдү резервуарга туташтырууну резервуар гидравликалык сыноодон өткөндөн кийин жүргүзүү керек.
707. Изотермикалык резервуардын аммиак өткөргүч түтүктөрүн жана үйлөтүүчү өткөргүч түтүктөрүн компенсациялоо аларды -34ºС температурага чейин, же -67ºС температурадан төмөн болсо, эң муздак беш күндүктөгү абанын температурасына чейин аларды муздатуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен эсептелиши керек.
708. Аммиак өткөргүч түтүктөрдү кислоталарды жана башка агрессивдүү суюктуктарды ташыган өткөргүч түтүктөрдөн жогору эстакадаларга жайгаштыруу керек.
709. Суюк же газ сымал аммиак өткөргүч түтүктөргө болот арматура жана фасон бөлүктөр колдонулат. Чоюндан жасалган бекиткич-жөнгө салгыч арматураны, ошондой эле жез, цинк жана алардын эритмелеринен жасалган деталдары бар арматураны жана фитингдерди колдонууга жол берилбейт.
710. Аммиак бар резервуарлар алдын ала коргоочу клапандар менен жабдылат. Резервуардагы жумушчу алдын ала коргоочу клапандардын саны, алардын өлчөмдөрү жана өткөрүүчү жөндөмү долбоордо белгиленет. Жумушчу алдын ала коргоочу клапандар менен удаалаш резервдик алдын ала коргоочу клапандарды орнотуу зарыл. Резервдик алдын ала коргоочу клапандардын мүнөздөмөсү жумушчу клапандарга окшош болушу керек.
711. Алдын ала коргоочу клапандарды топ-топ кылып орнотууда ар бир топто клапандар бирдей санда болушу керек. Рычаг-жүк алдын ала коргоочу клапандарды колдонууга жол берилбейт. Изотермикалык резервуарлар үчүн алюминий эритмелеринен жасалган алдын ала коргоочу жана вакуумдук клапандарды орнотууга болот.
712. Эгер азоттун буфердик идишинде (газгольдер) же сырткы каптамды буфердик идиш менен бириктирген өткөргүч түтүктө алдын ала коргоочу калапандар бар болсо, салынуучу изоляциясы бар изотермикалык резервуарлардын сырткы каптамдарына алдын ала коргоочу клапандарды орнотпоого жол берилет.
713. Алдын ала коргоочу клапандардын жанына ушундай эле сандагы резервдик клапандарды ишке киргизбестен жумушчу клапандарды өчүрүүнү токтоткон которуучу түзүлүштөрдү орнотуу керек.
714. Суюк жана газ сымал аммиакты чыгаруучу коллекторлор эки башка орнотулат. Алдын ала коргоочу клапандардын ар бир коллекторунун өткөрүү жөндөмү алдын ала коргоочу клапандардан бир убакта максималдуу чыгарылган учурда клапандын чыгуусундагы жол берилген каршы басымды көңүлгө алуу менен эсептелет.
715. Алдын ала коргоочу клапандарды орнотулган орундардан чыгаруу менен ревизиялоо жана оңдоо, стендде текшерүү жана тууралоо эки жылда бир жолудан аз эмес жүргүзүлүшү керек.
716. Изотермикалык резервуарлар 490,3 паскалга (50 мм суу мамычасы) барабар чоңдукка жеткенде вакуумду өчүрүү үчүн вакуумдук клапандар менен жабдылат. Вакуумдук клапандарды жана алдын ала коргоочу клапандарды мезгил-мезгили менен текшерип туруу милдеттүү.
717. Цистерналарды төгүү (куюу) үчүн эстакадалар шарнир-рычагдуу төгүүчү-куюучу түзүлүштөр (стендерлер) менен жабдылат. Төгүү-куюу операциялары үчүн металл рукавдар колдонулат. Аммиак чөйрөсүнө чыдамдуу, 2 мегапаскалдан кем болбогон жумушчу басымга эсептелген резина же резина металл рукавдарды пайдаланууга жол берилет. Негизделген учурларда текстилдик каркасы бар ички диаметри 38 мм болгон рукавдар колдонулат.
718. Өткөргүч түтүктөрдү рукав менен туташтыруунун алдында автоматтык токтотуучу түзүлүш орнотулат: цистернага куйган өткөргүч түтүккө ылдам иштеген клапан жана токтоткуч же цистернадан төгүүчү өткөргүч түтүккө артка кайтуучу клапан жана токтоткуч орнотулат. Токтотуучу түзүлүш менен рукавдын ортосундагы өткөргүч түтүктүн участогу рукавдан басымды утилдештирүү системасынын коллекторуна чыгаруу үчүн вентили бар штуцер менен жабдылат.
719. Даярдык көрүү жана көмөкчү операцияларды аткаруу (резервуарларды толтуруу, жабдууларды жана өткөргүч түтүктөрдү үйлөтүү ж.б.у.с.) чыгарылма участокту (патрубок) колдонуу менен жүргүзүлөт, анын эки тарабынан операцияларды жүргүзүүнүн алдында куралып жана иштер бүткөндө кайра чыгарыла турган бекиткич арматуралар орнотулат.
44-глава. Көмөкчү жабдууларга коюлган талаптар
720. Суюк аммиакты сактоо үчүн изотермикалык жана шарча резервуарлардан бууланган аммиакты конденсациялоого арналган муздатуучу орнотмолор бирдей жумушчу басымы бар резервуарлардын ар бир тобу үчүн жекече болушу керек жана оңдоо жүргүзүү мүмкүндүгү үчүн 100% резервдик жабдуусу бар болууга тийиш.
721. Орнотмонун өндүрүмдүүлүгү ушул климаттык зона үчүн максимумдук температурада айлана-чөйрөдөн келген жылуулук агымынын эсебинен бууланган газ сымал аммиактын баарын компримациялоону (кысууну) жана суюлтууну камсыздоо шарттарынан эсептелет.
722. Суюк аммиакты төгүү, куюу жана эвакуациялоо насостору үчүн -34ºС барабар минимумдук температураны кабыл алуу керек.
Ачык аянттарга орнотулган насостор үчүн эң муздак беш күндөгү абанын минимумдук температурасы, эгерде ал -34ºС төмөн болсо, кабыл алынат.
723. Эвакуациялык насосторду тосмого жакын жайгаштыруу (ичине же сыртына) жана аралыктан башкаруу менен жабдуу керек.
724. Жабдууларды жана өткөргүч түтүктөрдү үйлөтүүдө, алардын басымын азайтууда, цистерналарды төгүүдө (куюуда) чыгып калган, алдын ала коргоочу клапандардан чыккан аммиактын агындылары утилдештирилет же долбоордо каралган факелдик системага жиберилет.
725. Ашыкча ички басым алдында иштеген резервуарлардын алдын ала коргоочу клапандарынан газ сымал аммиакты факелдик системага чыгаруу линияларына сепаратор орнотулат.
726. Абанын барометрлик басымы жана температурасы өзгөргөндө салынуучу изоляциясы бар резервуарлардын дубалдарынын ортосунда ашыкча басымдын туруктуу чоңдугун кармап туруу үчүн азот берүүчү линияга 490,3 паскаль (50 мм суу мамычасы) басымга эсептелген, ийкемдүү же кыймылдуу диафрагмасы бар газгольдерлерди орнотуу зарыл. Газгольдердин сыйымдуулугу газгольдер туташтырылган резервуардын дубалдарынын ортосундагы көлөмдүн 8-10%ынан аз болбошу керек.
45-глава. Жылуулук изоляцияга коюлган талаптар
727. 1 мегапаскаль жумушчу басымга эсептелген суюк аммиакты сактоо үчүн резервуарлар жана изотермикалык резервуарлар жылуулук изоляциясы менен жабдылышы керек.
728. 1 мегапаскалдан ашык жумушчу басымга эсептелген резервуарларды жылуулук изоляциялоо зарылдыгы ушул Коопсуздук эрежелеринин талаптарын көңүлгө алуу менен жол берилген минимумдук жумушчу басымга, абанын температурасына жараша долбоор менен аныкталат. Изоляциянын калыңдыгын жана жылуулук агымын күндүн радиациясынын таасирин көңүлгө алуу менен аныктоо керек.
729. Жылуулук изоляциясы күйбөгөн же оңой менен күйбөгөн материалдардан жасалат. Сырткы изоляция үчүн оңой менен күйбөгөн материалдар жана пенополиуретан колдонулган учурда изоляциянын күйүп кетпестигин камсыздаган чаралар көрүлөт (суулоо, күйбөгөн каптамдар менен коргоо ж.б.у.с.).
730. Дубалдардын ортосу перлит менен бүтүн бойдон, боштуктары жок толтурулат. Толтуруунун алдында дубалдардын ортосун кургатуу керек. Резервуар муздагандан кийин жылуулук изоляциялоочу материал тыгыздалып калган (тоңуп калган же сырткы дубалдын жогорку бөлүгүндө конденсат пайда болгон) учурда перлит кумун толуктап салып чыгуу керек.
731. Жылуулук изоляциялоочу материалдарды жана түзүлүштөрдү сактоо, ташуу (транспорттоо) жана монтаждоо процессинде аларды нымдоого жол берилбейт.
732. Изотермикалык резервуардын жылуулук изоляциялоочу түбүнүн түзүлүшү суу кирбегидей, сакталып турган аммиактан фундаменттин алдындагы кыртыш туташ тоңуп калбагыдай жана резервуардын элементтери деформацияланбагыдай болууга тийиш.
733. Изотермикалык резервуарлардын түбүнүн изоляциясынын четки зоналары туташ, катуу материалдардан болушу керек, алар бир дубалдуу резервуардын бетон фундаментинде жана эки дубалдуу резервуардын сырткы түбүнүн жээктеринде болушу керек.
734. Резервуардын түбүнүн жээктеринин, ошондой эле ички резервуардын изоляциясынын түбүнүн жээктеринин зонасындагы негизге изоляциянын тыгыз салынышы үчүн чубурма материалдарды жана агуучу касиеттери бар материалдарды (асфальт, битум) колдонууга жол берилбейт.
735. Изотермикалык резервуарлардын түбүнүн изоляциясынын алдындагы негиздердин беттеринин жана бул изоляциянын жогорку беттеринин тегиз эместиктери долбоордо аныкталган уруксаттар менен чектелиши керек.
736. Төгүлмө изоляциясы бар изотермикалык резервуарлардын жылуулук изоляциялоочу катмарына курчап турган абадан суунун буулары кирбеши үчүн дубалдардын ортосу шүүдүрүм чекити -400С жана ашыкча басымы 98,6-490,3 паскаль (10-50 мм суу мамычасы) болгон кургатылган азот менен дайыма толуп турушу керек.
737. Изотермикалык резервуарлардын изоляциясын монтаждоо жылдын жылуу мезгилинде гана жаан-чачын жок учурда жүргүзүлөт.
Изоляциянын элементтеринин жана коргоочу-каптам катмарынын бириккен жерлеринин ортосундагы тигиштерди герметизациялоого өзгөчө көңүл бурулат.
738. Жылуулук изоляциясын коопсуз пайдаланууну камсыздоо үчүн суюк аммиакты сактоо резервуарларынын каптамдарын техникалык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү боюнча белгиленген талаптарга ылайык анын абалын мезгил-мезгили менен текшерүү жана техникалык күбөлөндүрүү жүргүзүлүп турат.
739. Бузулган жылуулук изоляциясы бар участокторду табуу максатында резервуардын сырткы бетин термографиялоо жылына бир жолу жүргүзүлөт.
Кошумча түрдө кварталына бир жолу жылуулук изоляциясы визуалдык каралат жана кароонун жыйынтыктары оңдоо иштеринин журналына жазылат.
46-глава. Контролдоо, башкаруу жана автоматтык аварияга каршы коргоо системаларына коюлган талаптар
740. Контролдоо, башкаруу жана сигнал берүү, аварияга каршы коргоо системалары, ошондой эле байланыш жана авариялык кырдаал жөнүндө билдирүү системалары ишенимдүүлүгү, тез иштеши, өлчөөчү системалардын жол берилген жаңылыштыгы жана башка техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча регламенттелген режимдерде технологиялык процесстерди жана операцияларды коопсуз жүргүзүүнү камсыз кылышы керек, ал эми башкарылуучу системаны авариялык жагдайларда коопсуз абалга которууну камсыз кылууга тийиш.
741. Суюк аммиакты сактоо үчүн резервуарлар деңгээлди, температураны жана басымды өлчөгөн приборлор менен жабдылат. Параметрлерди контролдоочу, процесстин коопсуздугун аныктоочу приборлор экиден болот. Суюк аммиакты сактоонун көрсөтүлгөн параметрлери ченемделген тактык менен өлчөнөт. Өлчөөнүн жол берилген каталары долбоордо аныкталат.
742. Резервуарлардагы аммиактын жол берилген деңгээлинен ашып кетпеши аварияга каршы коргоо системасы менен камсыздалат:
- сыйымдуулугу 10 куб метрге чейинки резервуарлар үчүн - параметрлерди контролдоо системаларын кайталоо менен;
- сыйымдуулугу 50 куб метрге чейинки резервуарлар үчүн - контролдоо системаларын кайталоо жана бузулбаган абалын индикациялоосу бар өзүн-өзү диагностикалоо системасы менен;
- сыйымдуулугу 50 куб метр жана андан көптү батырган резервуарлар үчүн - контролдоо системаларын кайталоо, өзүн-өзү диагностикалоо системасы жана технологиялык байланышкан параметрлерди салыштыруу менен.
743. Суюк аммиакты сактоо үчүн резервуарларда айнек өлчөгүчтөрдү колдонууга жол берилбейт.
744. Суюк аммиакты өлчөөнүн методун (көлөмдүк, салмактык) тандоо долбоордо аныкталат. Кампага келип түшкөн жана кампадан чыгарылып жаткан суюк аммиактын салмагын жана салмактык чыгымын чыгым өлчөгүчтөр менен өлчөөдө температуранын өзгөрүшүнө түзөтүү керек, өлчөөлөрдүн жыйынтыктары катталып турат.
Өлчөөнүн жол берилген катасы чыгымдын эң чоң маанисинен 2,5%дан ашык болбошу керек.
745. Суюк аммиакты транспорттоо үчүн магистралдык өткөргүч түтүктөргө туташтырылган кампаларга чыгым өлчөгүчтөр орнотулат, алардын өлчөө тактыгы магистралдык өткөргүч түтүктөрүнө колдонулган өлчөгүчтөргө окшош.
746. Сакталган учурда изотермикалык жана шарча резервуарлардан бууланган аммиакты конденсациялоо үчүн муздаткыч орнотмолор резервуарлардагы жумушчу басымдын жогорку чеги боюнча автоматтык иштетилген жана төмөнкү чеги боюнча өчүрүлгөн система менен, ошондой эле бул маанилердин үн жана жарык сигнал бергичтери менен жабдылышы керек.
747. Суюк аммиакты изотермикалык резервуарга берген өткөргүч түтүктөрдө сактоочу жайдын төмөнкү бөлүгүнө аммиакты берүү анын температурасы -30ºС ашканда берүүнү жогорку бөлүгүнө которуу менен автоматтык токтотуу каралышы керек.
748. Контролдоо, башкаруу, сигнал берүү жана аварияга каршы автоматтык коргоо системалары бузулган же өчүрүлгөн кампаны иштетүүгө жол берилбейт. Башкаруу жана контролдоо системасынын негизги элементтери алмаштырылган мезгилде кайталоочу системаларды иштетүү каралат. Даярдоочу уюм тарабынан көрсөтүлгөн кызмат өтөө мөөнөтүн иштеп бүткөн өлчөгүч приборлор, каражаттар жана алардын элементтери метрологиялык экспертизадан өткөрүлөт.
749. Суюк аммиактын кампалары автоматтык өрткө каршы сигнал бергич менен жабдылат.
750. Суюк аммиактын кампасы, анын аймагында жайгашкан объекттер менен эки тараптуу катуу сүйлөгөн байланыш системасы жана телефон байланышы менен жабдылат. Суюк аммиактын кампасы төмөнкүчө жайгашканда экиден кем эмес байланыш каналдары болууга тийиш:
- ишкананын аймагында - ишкананын диспетчери, өрткө каршы бөлүм, газдан куткаруучу бөлүмдөр жана кампа менен байланышкан өндүрүштөр, ошондой эле долбоордо тизмеги берилген башка объекттер менен;
- ишкананын аймагынан тышкары - коңшу объекттер, уюмдар жана жергиликтүү кызматтар менен.
Телефон байланышы орнотулган объекттердин тизмеги авариялык жагдайларды локалдаштыруу жана алардын кесепеттерин жоюу пландарында көрсөтүлөт. Таратуучу станцияларда жана тереңде жайгашкан айыл чарба кампаларында телефон байланышына кошумча радио байланышы колдонулат.
751. Суюк аммиакты сактоо үчүн ар бир резервуар ишинин негизги параметрлерин үзгүлтүксүз каттоо үчүн приборлор менен жабдылат, ал эми ал аммиак өндүргөн агрегат менен байланышкан учурда көрсөтмөлөрдү кайталоо жана аларды каттоо зарыл, ошондой эле аммиак өндүрүү боюнча агрегаттын борбордук башкаруу пунктунда жарык жана үн сигналдары болушунча күчтүү берилгидей болушу керек.
752. Суюк аммиактын кампалары газды контролдоочу системалар (газ анализаторлору) менен жабдылат, ал авариялык жагдайлар жөнүндө билдирүүчү система менен байланышкан болушу керек жана төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- технологиялык жайларда жана объекттин аймагында газдын деңгээлин жана мүмкүн болуучу агып калууларды контролдоону;
- шайкеш башкаруучу таасирлерди түзүү үчүн жетиштүү болгон көлөмдө автоматтык режимде газ анализатордук датчиктер орнотулган жерде абадагы аммиактын концентрациясы жөнүндө маалыматты чогултууну жана иштеп чыгууну;
- аммиактын агып калышына байланыштуу авариялар пайда болгон учурда башкаруучу жайда авария болгон конкреттүү жери жөнүндө ыкчам эскертүүнү камсыздап, автоматтык режимде (же автоматташтырылган режимде) авариялык жагдайларды локалдаштыруу системасында иштеген техникалык түзүлүштөрдү, авария жөнүндө билдирүүчү каражаттарды иштетүүнү жана иштеп турганда авариянын масштабын жана кесепеттерин көбөйтүүгө алып келе турган технологиялык жабдууларды өчүрүүнү камсыз кылышы керек.
753. Аммиактын агып калууларын контролдоо системасынын түзүмү эки контурлуу жана эки деңгээлдүү болушу керек.
Тышкы контур объекттин аймагынан сырткары химиялык уунун жайылуу зонасын болжолдоо үчүн маалыматты берүү менен өнөр жай аянтчасындагы газдын деңгээлин контролдоону жана жайлардан тышкары жайгашкан технологиялык жабдуулардан аммиактын авариялык агып калуусун контролдоону камсыз кылууга тийиш.
Ички контур өндүрүш жайларындагы аммиактын авариялык агып калууларын жана газдын деңгээлин контролдоону камсыз кылышы керек.
Аммиактын агып калууларын контролдоо системасынын тышкы жана ички контурларында абадагы аммиактын концентрациясын контролдоонун эки деңгээли болушу керек:
- биринчи деңгээл - технологиялык жайлардын жана жайлардан тышкары газ анализаторунун датчиктери орнотулган орундарда абадагы аммиактын концентрациясы 20 мг/м3 маанисине жеткенде;
- экинчи деңгээл: "Аммиактын авариялык агып калышы" - газ анализаторунун датчиктери орнотулган орундарда абадагы аммиактын концентрациясы 500 мг/м3 маанисине жеткенде.
754. Система өнөр жай аянтындагы газдын деңгээлин контролдоого жана объекттин аймагына химиялык уунун жайылуу зонасын болжолдоого мүмкүндүк берген автоматтык каражаттар (контролдун тышкы контурунун биринчи деңгээли) менен жабдылат. Мындай жабдуулар долбоордогу тийиштүү эсептөөлөр менен ырасталган авариялардын мүмкүн болуучу кесепеттерин баалоого негизделиши керек.
755. Долбоордо негизделген авариялык жагдайларды локалдаштыруу системасында иштеген техникалык түзүлүштөрдү автоматтык эмес (ордунда же аралыктан) иштетүүгө жол берилет.
Аммиактын агып калууларын индикациялоонун жана сигнал берүүнүн газ анализатордук датчиктеринин техникалык мүнөздөмөлөрү, саны жана жайгашкан орундары долбоордо аныкталат.
756. Өндүрүш аянтында шамалдын багытын жана ылдамдыгын өлчөгөн түзүлүштү орнотуу керек, анын маалыматы газ жайылуунун мүмкүн болуучу масштабдарын эсептөөдө колдонулат.
47-глава. Аммиак кампасын электр менен камсыздоого коюлган талаптар
757. Изотермикалык жана шарча резервуарлары бар суюк аммиактын кампаларынын электр кабыл алгычтары ишенимдүүлүктүн I категориясындагы керектөөчүлөр болуп саналат.
758. Негизделген учурларда компрессордук орнотмонун резервдик жылдыргычы катары ичтен күйүүчү кыймылдаткычты колдонууга жол берилет, ал эми кампаны электр менен камсыздоонун кошумча булагы катары аккумулятордук батареяны жана резервдик авариялык электр генераторун колдонууга жол берилет.
759. Ашыкча басым менен иштеген жана сыйымдуулугу 100 тоннага чейинки резервуарлары бар суюк аммиак кампаларынын электр кабыл алгычтары ишенимдүүлүктүн II категориясындагы керектөөчүлөр болуп саналат.
760. Жабык жайлардын жана тышкы орнотмолордун жарылууга кооптуу зоналарынын класстары жана электр жабдууларын жарылуудан коргоо деңгээли долбоордо негизделиши керек.
48-глава. Суу менен камсыздоого жана канализацияга, өрт өчүрүүчү каражаттарга жана системаларга коюлган талаптар
761. Суюк аммиак кампалары өрткө каршы, чарбалык-ичүүчү жана зарыл болсо өндүрүштүк суу менен камсыздоо системалары менен жабдылат. Суу менен камсыздоо системалары өз алдынча, толук же жарым-жартылай бириктирилген болушу мүмкүн. Авариялык душтарды жана өзүнө өзү жардам берүү раковиналарын орнотуу долбоордо аныкталат.
762. Кампаны суу менен камсыздоонун булактары катарында ишканалардын, калктуу конуштардын суу түтүк системалары, башка ишканалардын магистралдык тармактары, ошондой эле жер алдындагы жана жер үстүндөгү суулардан өз алдынча суу алгычтар болушу мүмкүн.
763. Рельстерге жанаша жайгашкан, терең жайгашкан айыл чарба кампалары жана таратуучу станциялар үчүн суу мунаралары бар суу менен камсыздоо системаларын колдонууга, ошондой эле өрт өчүрүү үчүн сууну резервуарлардан же көлмөлөрдөн мотопомпалар же автонасостор менен берүүгө уруксат берилет. Өрткө каршы резервуарлардын сыйымдуулугу, саны жана жайгашкан орундары долбоордо негизделиши керек.
764. Таратуучу жана терең жайгаштырылган айыл чарба кампаларын чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн ташылган сууну колдонууга уруксат берилет.
765. Өрт өчүрүү үчүн суунун эсептик чыгымдары долбоордо аныкталат.
766. Суюк аммиак кампаларын долбоорлоодо суюк аммиак бар резервуарларга, ошондой эле кампада же ага жакын жайгашкан күйүүчү жана оңой тутануучу заттары бар төгүү-куюу пункттарындагы жабдууларга жана өткөргүч түтүктөргө жылуулук нурларынын таасирин эсептөө менен текшерүү керек. Бул объекттердеги резервуарларда тийиштүү изоляцияны же стационардык суу менен муздатуу (суулоо) системаларын алдын ала кароо керек. Суулоо системасын башкаруу жергиликтүү же аралыктан болушу мүмкүн.
767. Муздатылган резервуарды суулоонун интенсивдүүлүгү төмөнкүдөй кабыл алынган суулануучу эсептик узундуктун бир метрине 0,2 л/сек барабар болушу керек:
- горизонталдуу резервуар үчүн - цилиндр бөлүгүнүн узундугу;
- шарча жана изотермикалык резервуарлар үчүн алардын айланасынын узундугунун жарымы.
768. Кампанын объекттери баштапкы өрт өчүргүч каражаттары менен жабдылышы керек.
769. Аммиактын болушуна анализ жүргүзүлүп жана алардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген гигиеналык ченемдерге шайкештиги аныкталгандан кийин резервуарлардын аймагындагы тосмодон (үйүлгөн топурактан) жаан-чачын чуңкур аркылуу канализацияга же дренажга агызылат.
49-глава. Аммиак кампаларынын жабдууларын пайдаланууга даярдоо, пайдалануу жана оңдоо
770. Кампаларды долбоордук документтерге, технологиялык режимдин ченемдерине ылайык пайдалануу керек.
771. Жабдууларды, өткөргүч түтүктөрдү жана изоляцияны бузулбаган абалда күтүү керек жана уюм тарабынан иштелип чыккан пландык-алдын алуучу оңдоо системасына ылайык оңдолууга тийиш.
772. Суюк аммиакты сактоо үчүн резервуарларды, башка жабдууларды, өткөргүч түтүктөрдү иштетүүнүн алдында үйлөтүү жолу менен алардын ичиндеги абаны, ал эми оңдоонун алдында - аммиакты чыгаруу керек.
Үйлөтүү азот менен жүргүзүлөт. Ишке киргизүүнүн алдында аба кычкылтектин көлөмдүк үлүшү 5%га чейин тазаланат, ал эми газ сымал аммиак менен үйлөтүү үйлөтүлгөн газдагы аммиактын көлөмдүк үлүшү 90%дан кем эмес болгонго чейин жүргүзүлөт.
Оңдоонун алдында жабдуулардан аммиак чыгарылат жана кычкылтектин көлөмдүк үлүшү 18%дан аз эмес болгонго чейин аба же азот менен үйлөтүлөт.
773. Рельске жакын жайгашкан терең кампаларда жана таратуучу станцияларда суюк аммиактан бошотулгандан кийин компрессордук жабдуу, насостор жана өткөргүч түтүктөр уюм тарабынан иштелип чыккан нускама боюнча аба менен үйлөтүлөт; аммиак резервуарлардан чарбалык-ичүүчү жууй турган суу менен чыгарылат.
774. Үйлөтүү үчүн абаны же башка каражаттарды колдонууда жарылуу коркунучу бар аралашмалардын, вакуумдун пайда болуу жана абада жана сууда аммиактын жол берилген концентрацияларынын чегинен бир жолку ашып кетүү мүмкүндүгү берилбестигин эске алуу менен үйлөтүү тартиби жана режими жөнүндө нускама уюм тарабынан түзүлөт жана бекитилет.
775. Төгүлмө изоляциясы бар изотермикалык резервуарга аммиакты берүүнүн алдында резервуардын дубалдарынын ортосунан абаны жана нымды чыгаруу үчүн азоттун шүүдүрүм чекити -40ºС чейин кургак азот менен үйлөтүү керек жана басым алдында болууга тийиш.
776. Суюк аммиакты куюунун алдында изотермикалык резервуарды газ сымал аммиак менен үйлөтүү жана жумушчу температурага чейин муздатуу керек. Резервуарды муздатууну азотту чыгаруу үчүн үйлөтүү менен айкалыштырууга уруксат берилет.
777. Изотермикалык резервуарды муздатууну чачыраткыч түзүлүш аркылуу суюк аммиакты чачыратуу менен, вакуумдун пайда болушуна жол бербестен жүргүзүү керек.
778. Пайдаланган убакта дубалдардын ортосунда аммиактын көлөмдүк үлүшү 0,5%дан ашпоого тийиш. Аммиактын көлөмдүк үлүшү 0,5%дан ашык болгон учурда резервуарды оңдоо үчүн токтотуу керек.
50-глава. Органикалык эмес суюк кислоталар жана щелочтор менен процесстерге карата коопсуздуктун жалпы талаптары
779. Талаптар салмактык концентрациясы 15% жана андан жогору болгон органикалык эмес күчтүү кислоталар - күкүрт кислотасы (H2SO4), азот кислотасы (HNО3), туз кислотасы (HCl), плавик кислотасы (HF), хлор кислотасы (HClO4) жана салмактык үлүшү 20% жана андан жогору болгон органикалык эмес щелочтор - литий гидроксиди (LiOH), натрий гидроксиди (NaOH), калий гидроксиди (KOH) чийки зат жана (же) реагент катары колдонулган, ташылган, сакталган, куюлган жана төгүлгөн (таранын түрүнө карабай) процесстерге жайылтылат.
780. Иштеп жаткан өндүрүштөрдү ушул Коопсуздук эрежелеринин талаптарына шайкеш келтирүү тартиби жана мөөнөтү ар бир конкреттүү учурда органикалык эмес суюк кислоталар жана щелочтор менен процесстерди жүргүзгөн уюмдар тарабынан аныкталат.
781. Жаңы өндүрүштөрдү кабыл алуу жана пайдаланууга киргизүү жана иштеп жаткандарын пайдалануу долбоордук жана технологиялык документтер, технологиялык регламенттер, авариялык кырдаалды локалдаштыруу жана алардын кесепеттерин жоюу пландары, резервуарлардын, технологиялык жабдуулардын, өткөргүч түтүктөрдүн, арматуранын, алдын ала коргоочу түзүлүштөрдүн паспорттору жана башка эксплуатациялык документтери, контролдоо жана башкаруу системаларынын приборлору болгондо жүзөгө ашырылат.
782. Технологиялык схемага, аппаратуралык тариздөөгө, контролдоо, байланыш, маалымдоо жана аварияга каршы коргоо системаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын оң корутундусу болгон учурда, долбоордун иштеп чыгуучусу менен макулдашылган долбоордук жана техникалык документтерге өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин жүзөгө ашырылат. Киргизилген өзгөртүүлөр жалпы технологиялык системалардын баарынын иштөө жөндөмдүүлүгүнө жана коопсуздугуна терс таасирин тийгизбеши керек.
783. Ушул главанын талаптары жайылтылган процесстерди жүзөгө ашыруучу персонал жумушка кирип жатканда алдын ала медициналык күбөлөндүрүүдөн өтөт, андан кийин - белгиленген тартипте мезгилдүү медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүп турат. Иш процессинде аталган персонал жеке коргоо каражаттары менен камсыздалышы керек.
784. Органикалык эмес суюк кислоталар жана щелочтор менен процесстер жүргүзүлүп турган, жаңыдан курулуп жаткан объекттерди жайгаштырууну Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарына, химиялык өндүрүштөрдүн коопсуздугу жөнүндө ченемдик документтерге ылайык жүзөгө ашыруу керек.
51-глава. Кислоталарды жана щелочторду колдонуу процесстерине коюлган талаптар
785. Органикалык эмес суюк кислоталарды жана щелочторду пайдаланган өндүрүштүк цехтердин, участоктордун жана сырткы орнотмолордун кооптуу зоналарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-февралындагы № 43 токтому менен бекитилген Химиялык заттардын/аралашмалардын коопсуздугун классификациялоо системасы жана опурталдуулук жөнүндө маалымат берүүнүн элементтерине: маркалоого жана Коопсуздук паспортуна талаптар жөнүндө жобого ылайык көрүнүктүү орундарга эскертүүчү белгилер илинет.
786. Операторлордун жумуш орундарына өткөргүч түтүктөрдү, блоктордун ортосундагы жана блоктордун ичиндеги арматураны жана контролдоонун, өлчөөлөрдүн жана автоматташтыруунун функциялык схемалары тартылган өндүрүштүн технологиялык схемасы илинет. Аппараттардын (идиштердин) номерлери цехтин технологиялык схемасында жана долбоордо бирдей болууга тийиш.
787. Жабдууларга орнотулган алдын ала коргоочу түзүлүштөр иштеген учурда тейлөөчү персоналдын өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирүү мүмкүндүгү, кислоталарды жана (же) щелочторду иш зонасына же айлана-чөйрөгө чыгаруу мүмкүндүгү токтотулушу керек. Алдын ала коргоочу клапандардан кислоталар же щелочтор атайын идиштерге чыгарылат.
788. Кислоталар жана щелочтор сакталган идиштерди бошотуунун ыкмаларын жана төгүүчү түйүндөрдүн түзүлүшүн долбоордун иштеп чыгуучусу аныктайт.
789. Технологиялык жабдуулардын жана өткөргүч түтүктөрдүн жайгаштырылышы аппаратураны жана анын элементтерин тейлөө, оңдоо жана алмаштыруу боюнча иштерди ыңгайлуу жана коопсуз аткарууну камсыз кылышы керек.
790. Кислоталар жана (же) щелочтор менен процесстер башкаруучу жайда жайгашкан оператордун жумуш ордунда башкарылат жана контролдонот, процесстин коопсуздугун аныктаган технологиялык параметрлерди контролдоо жана аларды башкаруу каражаттары жана авария алдындагы, авариялык жагдайлардын сигнал бергичтери жабдуулар жайгашкан жерде да болот.
791. Контролдоо, башкаруу, сигнал берүү жана аварияга каршы коргоо системалары өчүрүлгөн же бузулган жабдуулар менен иштөөгө жана кислоталар менен процесстерди жүргүзүүгө жол берилбейт.
792. Өзгөчө учурларда үзгүлтүксүз процесстер үчүн уюмдун жетекчисинин жазуу жүзүндөгү уруксаты менен күндүзгү нөөмөттө гана өзүнчө параметр боюнча коргоону кыска убакытка өчүрүүгө жол берилет. Мындай учурда процесстин жана иштерди жүргүзүүнүн коопсуздугун камсыздаган уюштуруу-техникалык иш-чаралар жана иштерди уюштуруунун долбоору иштелип чыгат.
Өчүрүүнүн узактыгы иштерди уюштуруунун долбоорунда аныкталышы керек. Мындай учурда авариянын алдындагы сигнал бергичти өчүрүүгө жол берилбейт. Технологиялык процесстерди автоматтык башкаруу системаларында кол менен блоктон чыгарууга жол берилбейт.
793. Кислоталар жана щелочтор менен процесстер жүргүзүлгөн жайларда аба чөйрөсүн дайыма контролдоп турууну уюштуруу керек. Кислоталардын жана щелочтордун буулары бөлүнүп чыгышы мүмкүн болгон жайларда гигиеналык ченемдер бузулган учурда иштей турган сигнал бергичтери бар абадагы алардын камтылышын автоматтык контролдоо камсыздалууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген гигиеналык ченемдер бузулган учурда аталган жайларда төмөнкүлөр иштетилиши керек:
- башкаруучу жайда жана жайгашкан ордунда жарык жана үн сигналдары;
- авариялык желдеткич, зарыл болсо атмосферага чыккан зыяндуу заттарды авариялык сиңирип алуучу система менен блоктолот.
794. Кислоталар жана (же) щелочтор колдонулган өндүрүштүк жайлар, орундар эки тараптуу катуу үн чыгарган байланыш жана (же) телефондук байланыш менен камсыздалышы керек.
52-глава. Технологиялык жабдууларга, өткөргүч түтүктөргө жана арматурага коюлган талаптар
795. Органикалык эмес суюк кислоталар жана щелочтор катышкан процесстерде колдонулуучу техникалык түзүлүштөр үчүн эксплуатациялык документтерде эксплуатациянын конкреттүү шарттарын эске алуу менен белгиленген кызмат өтөө мөөнөтү (ресурс) көрсөтүлүшү керек.
796. Пайдалануунун шарттары боюнча максимумдук жол берилген долбоордук параметрлерден ашык басым мүмкүн болгон кислоталар жана щелочтор үчүн технологиялык жабдуулар жана өткөргүч түтүктөр басымдын жол берилген маанисинен ашып кетүүдөн коргой турган алдын ала коргоочу түзүлүштөр менен жабдылышы керек.
797. Алдын ала коргоочу түзүлүштөр органикалык эмес кислоталардын жана (же) щелочтордун дат бастырган таасиринен корголуп, аларды бузулбаган абалда кармап контролдоо мүмкүндүгү камсыздалган болушу керек. Алдан ала коргоочу түзүлүштөрдүн өткөрүү жөндөмдүүлүгү долбоордо негизделет.
798. Суюк кислоталарды жана (же) щелочторду сактоо үчүн идиштүү жабдууларда (резервуарларда, көлөмү 1 м3 жана андан жогору болгон чогулткучтарда) төмөнкү төккүчтүн өткөргүч түтүктөрү эки бекиткич түзүлүш менен жабдылышы керек, алардын бири түздөн-түз идиштин штуцерине туташтырылат.
Долбоор боюнча орнотулган аралыктан башкарылуучу бекиткич жана (же) токтоткуч түзүлүштөрдүн иштөө мезгили 120 секунддан ашык болбойт.
799. Жабдууларды жана өткөргүч түтүктөрдү жылуулап изоляциялоо зарылдыгы долбоордо негизделет.
800. Кислоталар же щелочтор менен байланышта болуучу технологиялык жабдууларды жана өткөргүч түтүктөрдү даярдоо үчүн алардын жумушчу чөйрөдө дат басууга чыдамдуулугун камсыздаган материалдарды пайдалануу керек. Өткөргүч түтүктөрдү даярдоо үчүн көбүнчө көмүртектүү болоттон тигиши жок куюлган, ширетүү менен бириктирилген түтүктөрдү колдонуу керек. Фланец бириктиргичтердин саны минимумда болушу керек. Арматуралар орнотулган же өткөргүч түтүктөр аппаратурага бириктирилген жерлерде, ошондой эле пайдалануунун шарттары боюнча өткөргүч түтүктөрдү тазалоо жана оңдоо үчүн мезгил-мезгили менен ажыратып туруу талап кылынган участокторго фланец бириктиргичтерди колдонууга жол берилет. Төгүүчү түзүлүштөрдү жана чыгарылма участокторду да чөйрөнүн агрессивдүү таасирине чыдамдуу материалдардан даярдоо керек.
Металл эмес материалдардан өткөргүч түтүктөрдү тартып баруу мүмкүндүгү долбоордо негизделет.
801. Болот өткөргүч түтүктөрдү монтаждоодо долбоордук-конструктордук документтерге ылайык даярдалган типтүү фасондук элементтерди колдонуу керек.
Атайын станокторго ийүү ыкмасы менен бурулуштарды даярдоодо кыйшаюунун радиусу түтүктүн үч диаметринен аз болбошу керек.
802. Эстакадалар менен тартып барган кислоталарды жана щелочторду транспорттоо үчүн өткөргүч түтүктөр механикалык бузулуулардан корголушу керек, анын ичинен:
- кулаган предметтерден (өткөргүч түтүктүн үстүнө көтөргүч түзүлүштөрдү жана жеңил бузулуучу чатырларды жайгаштырууга жол берилбейт);
- транспорт каражаттары тарабынан мүмкүн болуучу соккулардан, бул үчүн өткөргүч түтүк кооптуу участоктон алыс жайгаштырылат же тосмолор менен бөлүнөт.
Көп катмарлуу курулганда кислоталардын жана щелочтордун өткөргүч түтүктөрүн эң төмөнкү ярустарга жайгаштыруу керек.
803. Ишканалардын аймактарынан тышкары курулган заводдордун ортосундагы кислоталарды жана щелочторду өткөргүч түтүктөр үчүн аны эки тарабынан 2 метрден ашкан кеңдикте күзөттүк зона каралышы керек, анын чегинде өткөргүч түтүктү пайдаланган уюмдун өкүлүнүн макулдугусуз жана контролусуз иштерди жүргүзүүгө жол берилбейт.
804. Кислоталардын жана щелочтордун өткөргүч түтүктөрүнүн фланец бириктиргичтеринде коргоочу кабыкча болушу керек. Өткөргүч түтүктөр темир жол жана автомобилдик жол менен кесилишкен жерлерде, эшиктердин үстүнө, ошондой эле терезелердин жана балкондордун астына жана үстүнө, иш аянтчасынын үстүнө, тейлөөчү персонал басып жүргөн жердин үстүнө жана цехтердин ичиндеги жана ишкананын аймагындагы жолдорго арматураны, компенсаторлорду, дренаж түзүлүштөрүн, фланец жана сайлуу бириктиргичтерди жайгаштырууга жол берилбейт.
805. Кислоталардын жана щелочтордун өткөргүч түтүктөрүнүн фланец бириктиргичтерин тыгыздоо үчүн транспорттолгон чөйрөнүн касиеттерине жана жумушчу параметрлерине жараша прокладка материалдары тандалат.
806. Кислоталардын жана щелочтордун өткөргүч түтүктөрүндө герметикалык жапкыч арматураны колдонуу керек. Арматуранын конструкциялык материалдары транспорттолгон чөйрөгө чыдамдуулукту жана чөйрөнүн параметрлеринин жол берилген диапазонунда арматуранын ишенимдүү колдонулушун камсыздоону көңүлгө алуу менен тандалат. Бекиткич арматураны тейлөө үчүн ыңгайлуу орундарга орнотуу керек.
807. Кислоталардын жана щелочтордун өткөргүч түтүктөрүн технологиялык процесстерге байланышы жок имараттардын сырткы дубалдары аркылуу, көмөкчү, чарбалык, администрациялык жана тиричилик жайлары аркылуу тартууга жол берилбейт. Темир жана автомобилдик жолдор, жөө кишилердин өткөөлдөрү кесилишкен жерлерге өткөргүч түтүктөр ноого салынып, кислоталардын жана щелочтордун агып калуулары долбоордо аныкталган коопсуз жайларга агызуу менен тартылышы керек.
808. Кислоталарды жана щелочторду транспорттогон өткөргүч түтүктөргө башка өткөргүч түтүктөр бекитилбеши керек (ширетилбей бекитилген жылуулук коштогучтардан тышкары).
809. Кислоталарды жана щелочторду өткөргүч түтүктөр аркылуу транспорттоодо катып калууну (кристаллдашууну) токтотуу үчүн жылуулук коштогучу бар сырткы өткөргүч түтүктөрдү жана жылуулук изоляциясы бар өткөргүч түтүктөрдү тартуу каралышы керек.
810. Кислоталардын жана щелочтордун өткөргүч түтүктөрүн тартууда алардын эң кыска жолу камсыздалып, ийилип калуучу жана туруп калуучу зоналар болбошу керек.
811. Кислоталардын жана щелочтордун өткөргүч түтүктөрү технологиялык идишке же атайын бактарга толук бошотуу мүмкүндүгүн камсыздаган жантаюу менен тартылат.
812. Кислоталардын жана щелочтордун өткөргүч түтүктөрү үчүн долбоордо аныкталган жууп-тазалоо, буулоо, вакуумдоо жана кысылган, анын ичинен кургатылган аба же азот менен үйлөтүү мүмкүндүгү каралышы керек.
813. Кислоталарды жана щелочторду өткөргүч түтүктөргө жалпы өткөргүч түтүктү дагы, анын айрым участокторун дагы иштеп турган технологиялык системалардан ажыратууга, тыгын орнотуп жана бошотуу, тазалоо, үйлөтүү жана бекемдигин жана жылчыксыздыгын сыноо мүмкүндүгүн камсыздаган бекиткич арматура орнотулат.
814. Кислоталардын жана щелочтордун өткөргүч түтүктөрүн жана арматураны пайдаланууга киргизүүнүн алдында жумушчу басымда анын жылчыксыздыгы текшерилет. Кислоталардын жана щелочтордун өткөргүч түтүктөрүнүн бекемдиги жана тыгыздыгы гидравликалык жана пневматикалык басым алдында текшерилет. Кислоталардын жана щелочтордун өткөргүч түтүктөрүн, бекиткич арматураны жана алдын ала коргоочу клапандарды ревизиялоонун көлөмүн жана мөөнөтүн уюмдун техникалык документтерине көрсөтүү керек.
815. Пайдаланууга киргизүүнүн жана оңдоого токтотуунун алдында жабдууларды жана өткөргүч түтүктөрдү текшерүүнүн жана даярдоонун тартиби уюмдун жетекчиси бекиткен атайын нускамалар менен белгиленет.
53-глава. Технологиялык процесстерди контролдоо, башкаруу, сигнал берүү жана аварияга каршы автоматтык коргоо системаларына коюлган талаптар
816. Технологиялык параметрлерди (чыгым, басым, температура ж.б.) өлчөө жана жөнгө салуу жумушчу чөйрөдө дат басууга чыдамдуу жана анын таасиринен корголгон техникалык түзүлүштөр менен жүргүзүлөт.
817. Текшерүү мөөнөтү өтүп кеткен контролдук-өлчөөчү приборлорду жана автоматташтыруунун каражаттарын колдонууга жол берилбейт.
818. Аварияга каршы коргоо жана сигнал берүү системаларынын бузулбай иштешин уюмда колдонулган нускамаларга ылайык текшерүү керек (эреже катары, ай сайын, ал эми үзгүлтүксүз технологиялык процесстер үчүн - ар бир иштетүүнүн алдында жана оңдоого токтотулгандан кийин).
819. Кислоталарды жана щелочторду сактоо үчүн идиштер деңгээлдин чектүү маанилеринде сигнал берүү менен ушул суюктуктардын деңгээлин өлчөө, контролдоо жана жөнгө салуу каражаттары, ошондой эле белгиленген деңгээлдин чегине жеткен учурда идиштерге аларды берүүнү автоматтык токтотуучу каражаттар же ашык куйбай турган, төкпөй турган башка каражаттар менен жабдылышы керек.
820. Ачык аянттарда жайгашкан, иш зонасынын абасына кислоталардын жана щелочтордун буулары кириши мүмкүн болгон кампаларда, төгүү-куюу пункттарында гигиеналык ченемдердин бузулганы жөнүндө сигнализациясы бар автоматтык контролдоо каралышы керек. Аталган жерлерде гигиеналык ченемдер бузулган учурда башкаруучу жайда жана орду боюнча жарык жана үн сигналдары иштеши керек. Бул учурда газ чыккан бардык учурлар приборлор менен катталышы керек.
Датчиктердин сезгичтигинин босогосу, алардын саны жана жайгашкан жерлери долбоордо аныкталат жана негизделет.
54-глава. Кислоталарды жана щелочторду сактоо процесстерине коюлган талаптар
821. Багытына жараша кислоталардын жана щелочтордун кампалары төмөнкүдөй бөлүнөт:
- кислоталарды жана щелочторду вагон-цистерналар менен алган керектөөчү-уюмдарда резервуарларындагы кислоталардын жана (же) щелочтордун чыгымдалуучу кампалары;
- жеткирип берүүлөрдүн ортосундагы мезгилде уюмдун күндөлүк керектөөлөрү үчүн зарыл болгон өлчөмдө сактоо үчүн арналган тарадагы кислоталардын жана щелочтордун чыгымдалуучу кампалары.
822. Ишкананын же уюмдун аймагында бир убакта турган суюк кислоталар жана (же) щелочтор минимумдук өлчөмдө болуп, долбоор менен негизделиши керек. Ишкана же керектөөчү уюм үчүн суюк кислоталардын жана (же) щелочтордун жол берилген саны ар бир керектөөчүнүн 30 суткалык керектөөсүнөн ашык болбошу керек.
823. Төгүлгөн учурда бир-үч мүнөттүн ичинде кислоталардын бир бөлүгүнүн атмосферага өтүүсүнүн натыйжасында булут (баштапкы кислоталуу булут) жаралышы мүмкүн болгон концентрациялуу кислоталар сакталган кампалар үчүн кооптуу зонанын радиусу эсептелет. Баштапкы кислоталуу булуттун жаралуу мүмкүндүгү өндүрүштө жүгүртүлгөн кислоталардын касиеттеринин негизинде кампанын долбоорун иштеп чыгуучу тарабынан аныкталат, ал эми иштеп жаткан кампалар үчүн - долбоордун иштеп чыгуучусу же эксперттик уюм менен макулдашуу боюнча уюмдардын өздөрү аныкташат.
Кооптуу зонанын эсептик радиусунун чегинде турак үйлөрдү, маданий-тиричилик багытындагы объекттерди жайгаштырууга жол берилбейт.
824. Кислоталардын жана щелочтордун кампаларынан баштап суюк кислоталарды жана щелочторду керектөөгө байланышы жок ишкананын өндүрүштүк жана көмөкчү объекттерине чейинки минимумдук жол берилген аралыктар кооптуу зонанын эсептик радиусун көңүлгө алуу менен белгиленет. Кооптуу зонанын эсептик радиусунда жайгашкан өндүрүштүк объекттер кооптуу жагдай пайда болгону жөнүндө билдирүүчү система менен жабдылышы керек, ал эми персоналы тийиштүү жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болууга тийиш.
825. Кислоталардын жана щелочтордун кампаларынан баштап жарылууга кооптуу объекттерге чейинки минимумдук жол берилген аралыктар жарылуу соккусунун толкунунун жана жылуулук нурлануусунун интенсивдүү таасир беришинин радиусун көңүлгө алуу менен белгиленет жана аталган факторлордун таасирине кампалардын имараттарынын чыдамдуулугун камсыз кылышы керек.
826. Баштапкы кислоталуу булут жаралышы мүмкүн болгон кислоталардын жаңы долбоорлонуп жаткан кампаларын, эреже катары, башка имараттарга жана курулмаларга салыштырмалуу жапыз жерлерде жана көбүнчө жакын жайгашкан калктуу конуштарга карата шамал көп соккон багыттардан корголгон тарабына жайгаштыруу керек.
827. Баштапкы кислоталуу булут жаралышы мүмкүн болгон кислоталардын кампасынын аймагына кампанын аймагынын бардык жеринен көрүнүп турган шамал багытынын көрсөткүчүн орнотуу керек жана газдын деңгээлин автоматтык контролдоо жана авариялык агып калуулар жөнүндө сигнализация менен камсыздоо керек.
828. Кислоталардын жана щелочтордун кампасынын аймагына кампанын өндүрүштүк иш-аракеттерине түздөн-түз тиешеси жок объекттерди жайгаштырууга жол берилбейт, бөтөн кишилерди киргизүүгө болбойт.
829. Кампанын кислоталарды сактоо үчүн болоттон жасалган чыгымдалуучу идиштери нымдуу аба жана (же) суу кирип кетпегендей каражаттар (түзүлүштөр) менен камсыздалышы керек.
830. Фундаменттерге жана (же) калкаларга орнотулган кислоталарды жана (же) щелочторду пайдалануу үчүн технологиялык аппаратураны суу өткөрбөгөн жана дат басууга чыдамдуу поддондорго же борттору бар аянттарга жайгаштыруу керек, алардын сыйымдуулугу авариялык бузулган учурда максимумдук сыйымдуулуктагы бир аппараттын ичиндегиси үчүн жетиштүү болууга тийиш. Резервуарлардын ар бир тобунун коргоочу тосмосунун бийиктиги төгүлгөн суюктуктун эсептик көлөмүнүн деңгээлинен 0,2 метрге бийик болушу керек.
Поддондор жана борттору бар аянттар авариялык төгүлүүлөрдү тазалоо жана андан ары нейтралдаштыруу үчүн стационардык же көчмө түзүлүштөр менен камсыздалышы керек. Атайын канализацияларга төккүчү жок ачык кампалар үчүн поддондор жаан-чачындан кошумча корголушу керек.
831. Резервуарларга кислоталар жана щелочтор сакталган кампалар үчүн ар бир резервуарды кампанын башка резервуарларына, атайын авариялык системаларга же материал эвакуацияланган продуктуга дат басууга чыдамдуу болгон технологиялык орнотмолордун жабдууларына авариялык бошотуу мүмкүндүгүн камсыз кылышы керек. Бардык учурлар үчүн авариялык эвакуациянын тартиби жана шарттары авариялык жагдайларды локалдаштыруу жана алардын кесепеттерин жоюу планында аныкталышы керек.
832. Кислоталарды жана щелочторду пайдаланууга жана сактоого арналган өндүрүштүк жайлар жалпы алмашуучу желдеткич менен жабдылышы керек. Тарадагы кислоталарды жана щелочторду сактоо жайларын (туруктуу жумуш орундары жок) жалпы алмашуучу желдеткич системалар менен жабдылбаса болот. Бул учурда кислоталар сакталган жайлардын эшигинин жанында газдын деңгээли жайдын ичинде жогорулап кеткени жөнүндө жарык сигнализацияны орнотуу керек.
55-глава. Технологиялык жабдууларды, өткөргүч түтүктөрдү жана арматураны техникалык тейлөө жана оңдоо
833. Органикалык эмес суюк кислоталар жана щелочтор менен процесстер жүргүзүлүп жаткан уюмда пайдалануунун конкреттүү шарттарын эске алуу менен технологиялык жабдууларды, өткөргүч түтүктөрдү жана арматураны техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү тартибин белгилөө керек.
834. Технологиялык жабдуулар, өткөргүч түтүктөр жана арматура оңдоого технологиялык персонал тарабынан даярдалат жана оңдоо иштеринин жетекчисине ишканада белгиленген тартипте өткөрүлүп берилет.
835. Даярдоочу тарабынан белгиленген ченемден ашык мөөнөткө кислота жана щелоч чөйрөсүндө иштеген техникалык түзүлүштөр техникалык диагностикадан өткөрүлүп, ресурсунун калдыгы аныкталгандан кийин гана аларды пайдаланууга жол берилет.
836. Өткөргүч түтүктөрдүн капталдарынын калыңдыгын бузбай контролдоо методу менен аныктоо керек. Бузбаган метод менен контролдоо татаал же мүмкүн болбогон жерлерде капталдарынын калыңдыгын башка ыкмалар менен аныктоого жол берилет.
837. Өткөргүч түтүктөрдү ревизиялоонун көлөмдөрү жана мезгилдүүлүгү техникалык документтерде көрсөтүлүшү керек.
56-глава. КТУЗду колдонууда ушул Коопсуздук эрежелеринин талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
838. КТУЗду колдонгон ишкана КТУЗду колдонуунун маселелери боюнча өнөр жай коопсуздугунун ченемдик актыларынын талаптарын жана КТУЗду колдонууда ушул Коопсуздук эрежелеринин талаптары бузулгандыктан келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
839. КТУЗ кампаларынын кызмат адамдары жана жумушчулары кетирген бузууларынын мүнөзүнө жана алардын кесепеттерине жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
840. Ушул Коопсуздук эрежелери менен белгиленген талаптардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик менчиктин түрүнө карабай тийиштүү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине жүктөлөт.
| Кыргыз Республикасында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелерине 1-тиркеме |
Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын ТОПТОРУ
№ | Топ | Топтун мүнөздөмөсү | Типтүү өкүлдөрү |
1 | I | Чубурма жана катуу уулуу жана күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар, 40 °С чейинки температурада сакталганда учпайт | Сулема, ксантогенат, мышьяк сымал ангидрид, мышьяк ангидриди, сары фосфор, алкалоиддер (стрихнин, бруцин, цинхонин жана башкалар), натрий арсенаты, натрий арсенити, кальций арсенити, кальций арсенаты, париж көк чөбү, кремнефторлуу натрий, күкүрттүү натрий |
2 | II | Чубурма жана катуу уулуу жана күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар, 40 °С чейинки температурада сакталганда учат | Фторлуу туздар, синиль кислотасынын туздары (цианид натрий, цианид кальций, цианид калий, цианид барий, цианид коргошуну, цианид кадмий, цианид цинк, цианид күмүшү, цианид жана оксацианид сымап, цианид жез, цианид препараттары "цианплав", "циклоп"), гранозан, этил меркурфосфат, этил меркурхлорид, меркурин, бутил жана этил калий ксантогенаттары |
3 | III | Басым алдында идиштерге сакталган суюк учма уулуу жана таасири күчтүү уулуу заттар (кысылган жана суюлтулган газдар) | А топчосу Аммиак, көмүртектин окиси Б топчосу Хлор, күкүрттүү газ, күкүртсуутек, фосген, бромметил |
4 | IV | Басымсыз, идиштерге сакталган суюк учма уулуу жана таасири күчтүү уулуу заттар | А топчосу Жыттуу катардагы нитро жана амин бирикмелери, синиль кислотасы, этил спирти Б топчосу Акрил кислотасынын нитрили, никотин, анабазин, октаметил, тиофос, метафос, күкүртсуутек, дифосген, дихлорэтан, хлортекрин, крезил жана ксиленел аэрофлоттору, эфир, сымап |
5 | V | Түтөмө кислоталар | Күкүрт кислотасы орточо салмагы 1,87 жана андан көп, азот кислотасы орточо салмагы 1,4 жана андан көп, туз кислотасы орточо салмагы 1,15 жана андан көп,хлорсульфон кислотасы, фторсуутек (плавик) кислотасы, хлорангидриддер, күкүрт кислотасы, күкүрттүү кислота, пирокүкүрттүү кислота |
| Кыргыз Республикасында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелерине 2-тиркеме |
Баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлору болуп саналбаган уулуу заттардын ТИЗМЕСИ
Товардын аталышы | ЕАЭБдин ТЭИ ТН коду |
Аконит | 1211 90 850 9 |
Аконитин | 2939 99 000 0 |
Амизил | 2922 19 850 0 |
Ацеклидин | 2933 39 990 0 |
Цианид барийи | 2837 19 000 0 |
Бруцин | 2939 99 000 0 |
Гиосциамин негизи | 2939 99 000 0 |
Гиосциаминакамфорат | 2939 99 000 0 |
Гиосциамин сульфаты | 2939 99 000 0 |
Глифтор | 2905 59 |
Цианид кадмийи | 2837 19 000 0 |
Цианид кальцийи | 2837 19 000 0 |
Карбахолин | 2924 19 000 0 |
Меркаптофос | 2930 90 990 0 |
Метил спирти (метанол) | 2905 11 000 0 |
Мышьяк | 2804 80 000 0 |
Мышьяк сымал ангидрид | 2811 29 100 0 |
Мышьяктык ангидрид | 2811 29 900 0 |
Натрий арсенат | 2842 90 800 0 |
Никотин | 2939 99 000 0 |
Новарсенол | 2931 90 900 9 |
Промеран | 2852 90 000 7 |
Металлдык сымап | 2805 40 100 0 2805 40 900 0 |
Сымап дийодиди | 2852 10 000 8 |
Сымап дихлориди | 2852 10 000 8 |
Сымап оксицианиди | 2852 10 000 8 |
Сымап салицилати | 2852 10 000 8 |
Сымап цианид | 2852 10 000 8 |
Цианиддик күмүш | 2843 29 000 0 |
Скополаминагидробромид | 2939 99 000 0 |
Стрихнина нитрат | 2939 99 000 0 |
Красавка алкалоиддеринин суммасы | 2939 99 000 0 |
Тазаланбаган таллий | 8112 51 000 0 |
Никел тетракарбонил | 2931 90 900 9 |
Аконит джунгар чөбү | 1211 90 850 9 |
Фенол | 2907 11 000 0 |
Цинк фосфиди | 2848 00 000 0 |
Сары фосфор | 2804 70 001 0 |
Күмүш фториди | 2843 29 000 0 |
О-хлорбензилиденмалонодинитрил(*) | 2926 90 950 0 |
Цинк цианиди | 2837 19 000 0 |
Цинхонин | 2939 20 000 0 |
Чилибухи экстракты | 1302 19 800 0 |
Этилмеркурфосфат | 2852 10 000 8 |
Этилмеркурхлорид | 2852 10 000 8 |
Жылан уусу | 3001 90 980 0 |
Аары уусу тазаланган | 3001 90 980 0 |
Натрий цианиди* | 2837 11 000 0 |
Калий цианиди* | 2837 19 000 0 |
Жез цианиди | 2837 19 000 0 |
(*) - Аталган товарларды алуучу мамлекет болгон, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин экспорттук контроль системасы тарабынан контролдонуучу уулуу заттардан тышкары.
| Кыргыз Республикасында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелерине 3-тиркеме |
Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды эсепке алуу журналынын ФОРМАСЫ
№ | Датасы | Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын аталышы | Келди (жеткирип берүүчү) | Алды (Аты-жөнү, кызмат орду) | Чыгым | Алды (Аты-жөнү, кызмат орду) | Калдык (Т:Ж) |
|
| Кыргыз Республикасында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды урунуудагы коопсуздук эрежелерине 4-тиркеме |
Хлорду колдонууда негизги идишти, жылуулук алмашуучу технологиялык жабдууларды жана өткөргүч түтүктөрдү техникалык тейлөөгө жана оңдоого коюлган ТАЛАПТАР
№ | Жабдуунун аталышы | Иштин курамы | Мезгилдүүлүк |
1 | Суюк хлорду сактоочу жайлар (танктар, өлчөгүчтөр жана буфердик идиштер) | Техникалык күбөлөндүрүү: | |
- тышын кароо; | 12 ай | ||
- ичин кароо; | 2 жыл | ||
- сынамык басым менен гидравликалык сыноо. | 8 жыл | ||
Корпустун дубалдарынын калыңдыгын өлчөө. | 2 жыл | ||
Бекиткич арматураны, алдын ала коргоочу клапандарды жана мембраналарды, КИПиАны ревизиялоо. | 12 ай | ||
Сифондорду ревизиялоо. | 12 ай | ||
Тыгыздыгын сыноо. | 12 ай | ||
Корпустун тышын сырдоо менен изоляцияны оңдоо | 12 ай | ||
2 | Хлор үчүн темир жол вагон-цистерналары | Техникалык күбөлөндүрүү: | |
- тышын кароо; | 2 жыл | ||
- ичин кароо; | 8 жыл | ||
- сынамык басым менен гидравликалык сыноо. | 2 жыл | ||
Корпустун дубалдарынын калыңдыгын өлчөө. | 2 жыл | ||
Бекиткич арматураны, алдын ала коргоочу клапандарды жана мембраналарды ревизиялоо. | 12 ай | ||
Сифондорду ревизиялоо. | 12 ай | ||
Тыгыздыгын сыноо. | 12 ай | ||
Жүрүүчү бөлүгүн жана цистернанын казанынын бекиткичин кароо. | 2 жылдан кийин жана андан ары жыл сайын | ||
Деподон оңдоо. | Даярдоочу-заводдун техникалык шарттарына ылайык, бирок 5 жылда бир жолудан аз эмес | ||
3 | Хлор үчүн контейнерлер жана баллондор | Техникалык күбөлөндүрүү: | |
- сыртын жана ичин кароо; | 2 жыл | ||
- сынамык басым менен гидравликалык сыноо. | 2 жыл | ||
Арматураны, сифондорду ревизиялоо жана сырдоо (зарылдыгына жараша) | Ар бир жолу куюунун алдында | ||
4 | Элементардык конденсатор | Ажыратуу, түтүктү жана түтүктөрдүн ортосун жууп-тазалоо жана зарылдыгына жараша конденсатордун элементтерин оңдоо жана алмаштыруу. | 12 ай |
Арматураны ревизиялоо жана оңдоо, прокладкаларын алмаштыруу. | 12 ай | ||
Изоляциясын оңдоо, сырдоо. | 12 ай | ||
Тыгыздыгын сыноо (Эскертүүнү кара, 2-п.) | 12 ай | ||
5 | Бууланткыч, ресивер, кир топтогуч, чыпкалар | Тазалоо. | 6 ай |
Жумушчу басым менен пресстөө. | 6 ай | ||
Оңдоо (зарылдыгына жараша алмаштыруу). | 6 ай | ||
Бекиткич арматураны, алдын ала коргоочу клапандарды жана мембраналарды ревизиялоо, прокладкаларын алмаштыруу. | 12 ай | ||
Корпусун оңдоо жана сырдоо | 12 ай | ||
6 | Суюк жана газ сымал хлордун өткөргүч түтүктөрү | Сыртын кароо. | 12 ай |
Бекиткич арматураны, алдын ала коргоочу клапандарды жана мембраналарды ревизиялоо. | Фланец бириктиргичтерди ар бир жолу ажыратканда жүргүзүлөт | ||
Фланец бириктиргичтеринин прокладкаларын алмаштыруу. | 12 ай | ||
Тыгыздыгын сыноо. | Өндүрүлгөндөн 2 жылдан кийин, андан ары 4 жылда бир жолу | ||
Тандалма ревизия. Бекемдигин жана тыгыздыгын сыноо | Тандалма ревизия жүргүзүүдө |
Эскертүү:
1. Ичин кароого даярдык көрүү уюмдун техникалык жетекчиси тарабынан бекитилген нускамага ылайык жүргүзүлөт.
2. Жабдуунун тыгыздыгын пневматикалык сыноолор шүүдүрүм чекити минус 40°С болгон кургатылган аба (азот) менен жумушчу басымда жүргүзүлөт.