Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 4-сентябрындагы № 513-т

тескемеси менен бекитилди)

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-сентябрынан 2024-жылдын 30-июнуна

чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планы

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 9-т, 2024-жылдын 24-январындагы № 15-т, 2024-жылдын 8-майындагы № 218-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)

 

№

Мыйзам долбоорунун

аталышы

Мыйзам долбоорун демилгелөөнүн максаты, ошондой эле иштелип чыгуучу мыйзам долбоорун ишке ашыруучу ченемдик укуктук акты

Мамлекеттик органдын-жооптуу аткаруучунун аталышы жана кошо аткаруучулардын тизмеси

Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизүү мөөнөтү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү мөөнөтү

Дипломатиялык кызмат жана тышкы миграция чөйрөсүндө

1

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө", "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындоо жана аларды кайра чакыртып алуу жол-жобосу бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү, жаңы реалдуулуктарды жана тенденцияларды эске алуу менен бул мыйзамдардын айрым жоболорун кайра кароо

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

2024-жылдын

II кварталы

2024-жылдын

II кварталы

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 15-т тескемесинин редакциясына ылайык)

2

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

2023-жылдын

IV кварталы

2023-жылдын

IV кварталы

Айыл чарба чөйрөсүндө

3

Ветеринария чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ченемдик укуктук актыларды Евразия экономикалык бирлигинин ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуу чөйрөсүндө тоюттарды жана тоют кошулмаларын, ветеринардык багыттагы диагностикалык, дезинфекциялоочу, дератизациялоочу, дезакарициддик каражаттарды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү талаптарына шайкеш келтирүү

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги

2023-жылдын

IV кварталы

2024-жылдын

I кварталы

4

Ветеринардык дары каражаттары жөнүндө

Эпизоотиялык бейпилдикти жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыздоо

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги

2024-жылдын

II кварталы

2024-жылдын

II кварталы

5

"Аквакультура, балык уулоо жана суудагы биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Суу биологиялык ресурстарын сактоонун, көбөйтүүнүн жана сарамжалдуу пайдалануунун негизинде балык тармагынын туруктуу иштешине жетишүү, өлкөнүн жарандарынын балык продуктуларына болгон ички суроо-талаптарын канааттандырууга багытталган өлкөнүн көлмөлөрүндө аквакультураны жана балык уулоону кеңири өнүктүрүү, Кыргыз Республикасында балык тармагын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги

2023-жылдын

III кварталы

2023-жылдын

IV кварталы

Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндө

6

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Эл аралык жүк ташууга уруксат берүү чөйрөсүндөгү маселелерди жөнгө салуу жана жасалма курулмалар (тоннелдер) аркылуу өтүүдө жеңилдиктерди кайра карап чыгуу

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

2023-жылдын

IV кварталы

2023-жылдын

IV кварталы

Аба ырайын болжолдоо жана метеорология чөйрөсүндө

7

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 218-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)

Юстиция чөйрөсүндө

8

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Соттолгондордун эмгек укуктарын коргоо, өзгөчө режимдеги абактарда соттолгондорго акы төлөнүүчү эмгек үчүн шарттарды түзүү, түзөтүү мекемелеринин ишине көзөмөлдүн электрондук каражаттарын киргизүү жана түрмө режиминин мөөнөтүнүн башталышын белгилөө жана аны сот жокко чыгаргандан кийин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга кайталап көрсөтүү маселеси боюнча боштуктарды жоюу

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

2023-жылдын

IV кварталы

2024-жылдын

I кварталы

9

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 218-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)

10

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Мамлекеттик гербди нотариустардын мөөрлөрүнө жана бланктарына жайгаштыруу мүмкүндүгүн аныктоо

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

2024-жылдын

II кварталы

2024-жылдын

II кварталы

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 218-т тескемесинин редакциясына ылайык)

11

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюу, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алууга укуктуу субъекттердин чөйрөсүн тактоо жана кеңейтүү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

2023-жылдын

III кварталы

2023-жылдын

IV кварталы

12

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченем жаратуучу ишинин укук колдонуу практикасында орун алган карама-каршылыктарды жана көйгөйлөрдү жоюу. Кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын сапатын жогорулатуу. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-майындагы № 146 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2023-2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу (1-пункт)

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

2024-жылдын

II кварталы

2024-жылдын

II кварталы

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 218-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Бюджеттик мамилелер чөйрөсүндө

13

Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 10-беренесин ишке ашыруу жана республикалык бюджеттин негизги параметрлерин бекитүү

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

2023-жылдын

III кварталы

2023-жылдын

III кварталы

14

"Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025- жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Бюджеттик кодексти ишке ашыруу жана республикалык бюджеттин бекитилген параметрлерин тактоо

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

2023-жылдын

IV кварталы

2023-жылдын

IV кварталы

15

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 11-беренесин ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджетинин негизги параметрлерин бекитүү

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду

2023-жылдын

III кварталы

2023-жылдын

III кварталы

16

"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Бюджеттик кодексти ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023- жылга бюджетинин бекитилген параметрлерин тактоо максатында

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду

2023-жылдын

III кварталы

2023-жылдын

III кварталы

17

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 12-беренесин ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине негизги параметрлерин бекитүү

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

2023-жылдын

III кварталы

2023-жылдын

III кварталы

18

"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Бюджеттик кодексти ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджетинин бекитилген параметрлерин тактоо

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

2023-жылдын

III кварталы

2023-жылдын

III кварталы

Инвестициялар чөйрөсүндө

19

Венчурдук каржылоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Стартаптарга жана инновациялык технологияларга венчурдук инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү. Инновациялык экономиканы өнүктүрүү жана инвестицияны өнүктүрүүнү колдоо. Инвестициялык климатты жакшыртуу, венчурдук инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо жана инновациялык ишканалардын өсүшүнө жана өнүгүшүнө дем берүү. Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 352 токтому менен бекитилген 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 25-пунктун ишке ашыруу

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги

2024-жылдын

II кварталы

2024-жылдын

II кварталы

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 218-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндө

20

Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө

Колдонуудагы Мыйзамды модернизациялоо, онлайн чөйрөдө балдардын киберкоопсуздугу жөнүндө ченемдерди киргизүү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги

2024-жылдын

II кварталы

2024-жылдын

II кварталы

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 218-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Энергетика чөйрөсүндө

21

"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Энергия ресурстарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо, бул мамлекеттик каражаттарды үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдаланууга жана энергия үнөмдөөнүн потенциалын баалоону аныктоого, аны ишке ашыруунун бир кыйла натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгууга, энергияны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча уюштуруучулук, техникалык жана башка чараларды иштеп чыгууга жана негиздөөгө мүмкүндүк берет

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги

2023-жылдын

III кварталы

2023-жылдын

IV кварталы

22

"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Көмүртексиз экономикага өтүүнү тездетүү жана экономикалык өсүүнү өбөлгөлөө үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (ЭКБ) негизинде микрогенерацияны өнүктүрүү зарыл. ЭКБнын негизинде микрогенерация парник газдарынын жана зыяндуу заттардын зыянын азайтууга мүмкүндүк берет, тармактардагы жоготууларды азайтат, ошондой эле электр энергиясын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берүү менен жарандарды экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө тартууга мүмкүндүк берет

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги

2023-жылдын

III кварталы

2023-жылдын

IV кварталы

Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө

23

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча биосфералык зоналарда жайгашкан лицензиялык аянттарда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн караган мыйзамдык ченемдерди киргизүү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана жер казынасын пайдалануу министрлиги

2023-жылдын

III кварталы

2023-жылдын

III кварталы

24

Кыргыз Республикасынын Тоо кодекси жөнүндө

Тоолуу-кен маселелери чөйрөсүндөгү мыйзамдарды системалаштыруу жана унификациялоо. "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКнын акцияларын JORC запастарды эсептөө боюнча эл аралык практиканы киргизүү аркылуу IPOго (эл аралык биржага) чыгаруу маселелерин жөнгө салуу. Кендердин запастарын баалоо боюнча эл аралык системалар чет өлкөлүк инвесторго бир кыйла тааныш жана түшүнүктүү, каржылоодо инвесторлор үчүн тобокелдиктерди аныктоого мүмкүндүк берген компаниялардын реалдуу запастарын эсептөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана жер казынасын пайдалануу министрлиги

2024-жылдын

II кварталы

2024-жылдын

II кварталы

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 218-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө

25

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Мамлекеттик башкаруу системасындагы боштуктарды жана коллизияларды жоюу, жаңычылыктарды киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясында жана ушул стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында белгиленген милдеттерди ишке ашыруу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги

2023-жылдын

III кварталы

2023-жылдын

IV кварталы

26

"Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 26-апрелиндеги чечимин аткаруу, Бишкек жана Ош шаарларынын мэринин кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар боюнча Конституция менен карама-каршылыктарды жоюу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги

2023-жылдын

IV кварталы

2024-жылдын

I кварталы

Социалдык коргоо чөйрөсүндө

27

Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Иш менен камсыздоого көмөктөшүүнүн активдүү чараларынын жаңы чарасын институтташтыруу, социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүүнүн ченемдик системасын өркүндөтүү. "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуучулардын ичинен социалдык контракттын катышуучуларынын жөлөкпулдун көрсөтүлгөн түрүн үч жылга алууга укуктарынын чектелишине байланыштуу маселелерди жөнгө салуу

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

2024-жылдын

I кварталы

2024-жылдын

II кварталы

28

Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө

Рыноктук механизмдерди эске алуу менен колдонуудагы Мыйзамды өркүндөтүү. Майыптыгы бар адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызмат көрсөтүүчү уюмдарды аккредитациялоо системасын киргизүү болжолдонууда. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине байланыштуу маселелерди жөнгө салуу

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

2024-жылдын

I кварталы

2024-жылдын

II кварталы

Экология чөйрөсүндө

29

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Жарандардын жоопкерчилигин күчөтүү аркылуу айлана-чөйрөдө адамдардын жашоосу жана ден соолугу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү. Экологиялык стандарттардын сакталышына контролду күчөтүү, ошондой эле калк жана ишкердик субъекттери арасында жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүү зарыл. Чоң өлчөмдөгү айып пулдарды киргизүү айлана-чөйрөнү жакшыртууга, тартипти, маданий деңгээлди, жарандардын укуктук аң-сезимин жогорулатууга, укук бузуучулардын эсебинен бюджетти толуктоого өбөлгө түзөт

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

2023-жылдын

III кварталы

2023-жылдын

IV кварталы

Салык салуу чөйрөсүндө

30

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 9-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)

Илим чөйрөсүндө

31

"Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Мамлекеттин туруктуу өнүгүшү үчүн анын илимий жана илимий техникалык потенциалын натыйжалуу пайдалануу жана өнүктүрүү, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өнүгүшү жана иштөөсү үчүн зарыл шарттарды түзүү

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

2023-жылдын

IV кварталы

2024-жылдын

I кварталы

Дин чөйрөсүндө

32

Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө

Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жана ырааттуулугун камсыздоо. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 412 Жарлыгы менен бекитилген 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-январындагы № 19-т тескемеси менен бекитилген аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында белгиленген милдеттерди ишке ашыруу

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы

2023-жылдын

IV кварталы

2023-жылдын

IV кварталы

Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндө

33

Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жарандарына кылмыштуу элементтердин терс таасирин жоюу. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын 190-пунктун ишке ашыруу

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

2023-жылдын

IV кварталы

2024-жылдын

II кварталы

Авиация чөйрөсүндө

34

Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 158 "Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана аба кыймылын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Жарандык авиация боюнча мамлекеттик агенттиги

2023-жылдын

III кварталы

2023-жылдын

IV кварталы

Маданият чөйрөсүндө

35

"Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Улуттук мурастарды коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору) ар тараптуу изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

2023-жылдын

IV кварталы

2023-жылдын

IV кварталы

Корпоративдик башкаруу чөйрөсүндө

36

Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Финансылык туруктуулукту камсыздоо, баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларын корпоративдик башкаруунун деңгээлин жана маданиятын жогорулатуу, корпоративдик финансы жаатында кадрларды даярдоо системасын түзүү боюнча инструментарийди киргизүү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги

2023-жылдын

IV кварталы

2023-жылдын

IV кварталы

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 9-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Курулуш чөйрөсүндө

37

Шаар куруу, архитектура жана курулуш иши жөнүндө

Мыйзамдарды актуалдаштыруу, курулуш мыйзамдары чөйрөсүндө жаңычылыктарды киргизүү. Шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдар эскирген ченемдерди камтыйт, алар азыркы учурда актуалдуу эмес жана заманбап практикага жана технологияларга жооп бербейт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак-жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

2024-жылдын

II кварталы

2024-жылдын

II кварталы

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 218-т тескемесинин редакциясына ылайык)

38

Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жөнүндө

Борбордоштурулган суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу системасынын тейлөөчү субъекттердин потенциалын күчөтүү, анын ичинде ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин маселелерин жөнгө салуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак-жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

2024-жылдын

II кварталы

2024-жылдын

II кварталы

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 218-т тескемесинин редакциясына ылайык)

 

Эскертүү:

Эгерде жооптуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мыйзам долбоорун киргизүү мөөнөтү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү мөөнөтү бир кварталдын алкагында белгиленсе, анда жооптуу мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү мыйзам долбоору пландаштырылган кварталдын экинчи айынын аягына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизилет.