Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-февралы № 84
Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 283, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705, 2023-жылдын 29-майындагы № 279, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2024-жылдын 23-августундагы N 499, 2025-жылдын 11-январындагы № 7, 2025-жылдын 25-мартындагы № 146, 2025-жылдын 28-августундагы № 533 , 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 575, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811, 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Патенттин негизинде иш жүргүзгөн субъекттерге салык салууну оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 414, 416, 426, 459-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Иштин төмөнкү түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасы бекитилсин:
1) жеке ишкердик иши 1-тиркемеге ылайык;
2) жеке эмгек иши 2-тиркемеге ылайык.
3) 2024-жылдын 1-ноябрына чейин колдонуу мөөнөтү менен жеке ишкердик жана жеке эмгек иши 3-тиркемеге ылайык.
4) соода чөйрөсүндөгү иш 4-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7, 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 575 токтомдорунун редакциясына ылайык)
11. Жалданма кызматкерге патенттин ставкасы ар бир календардык жылга республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 5 пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
0 пайыз өлчөмүндөгү патенттин ставкасы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке ишкер жакын тууганын жалданма кызматкер катары ишке тарткан учурда колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146, 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандарынан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн патенттин негизинде салыктын суммасына 5ке барабар, бирок салыктын базалык суммасынан жогору эмес коэффициент колдонулары;
2) бул токтом кабыл алынган датага чейин берилген эл аралык долбоорлордун жана программалардын жергиликтүү кызматкерлеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле эсептөөчү жана көбөйтүүчү техниканы программалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө патенттер алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулары;
3) 2023-жылдын 1-январынан тартып патент электрондук форматта (электрондук патент) милдеттүү таризделери.
4) ушул токтом менен бекитилген иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасынан алып салынган иштин айрым түрлөрү алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин иштейт.
5) ушул токтомдун 2-тиркемесинин 12-пункту жана 30-пунктунун 2-пунктчасы 2025-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7, 2025-жылдын 28-августкндагы №533 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөр арасында ишкердик иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын колдонуунун тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-октябрындагы № 723 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 522 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 556 "Багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 7-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 624 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-ноябрындагы № 615 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-мартындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
|
Төрага |
А.У. Жапаров |
1-тиркеме |
Жеке ишкердик иши үчүн патенттин негизинде салыктын БАЗАЛЫК СУММАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы N 499 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Иштин түрүнүн аталышы | ЭИМК боюнча коду | Салыктын базалык суммасы (30 күнгө сом менен) |
1 | Мехтен жасалган кийимдерден тышкары, даяр текстилдик буюмдарды, кийимдерди жана баш кийимдерди өндүрүү: |
|
|
| - 10 бирдикке чейинки негизги технологиялык жабдуунун санына | 13.92.0 | 2000 |
| - 10 бирдиктен жогору, негизги технологиялык жабдуунун ар бир кийинки 10 бирдиги үчүн | 14.00.0 | 1000 |
2 | Үйдө менчик инкубаторлордун кызмат көрсөтүүлөрү | 01.47.0 | 2000 |
3 | Кызмат көрсөтүү: |
|
|
а) мал союу боюнча | 10.11.1 | 2000 | |
б) үйдөгү малдын терилерин жана жүнүн даярдоо боюнча | 10.11.9 | 5000 | |
4 | Төмөнкүлөрдүн иши: |
| 2500 |
- менчик тегирмендердин, эгин тазалагычтардын | 10.61.2 | ||
- май чыгаруучулардын | 10.41.1 | ||
- күрүч актагычтардын | 10.61.1 | ||
5 | Төмөнкүлөр боюнча кызмат көрсөтүүлөр: |
| 5000 |
- кебез тытуу | 13.99.0 | ||
- жүн тытуу | 10.11.9 | ||
6 | Автомобилдерди техникалык тейлөө жана оңдоо: | 45.20.1 45.20.9 |
|
а) автомобилдерди техникалык тейлөө жана май алмаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (1 машиналык орун үчүн (көтөргүч, чуңкур) |
| 3000 | |
б) кузовдорду оңдоо жана транспорт каражаттарын сырдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 10000 | ||
в) дөңгөлөктөрдү балансировкалоону кошкондо шиналарды оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 3000 | ||
г) автоэлектр приборлорун жана датчиктерди оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 2000 | ||
д) автомобилдин компьютердик системасын диагноздоо жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 5000 | ||
7 | Деңиз транспортунда (катерлерде, теплоходдордо жана яхталарда) жүргүнчүлөрдү сейилдетүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 50.10.0 | 50000 |
8 | Мейманканалардын кызмат көрсөтүүлөрү, жайгашкан жерине жараша(1 койка-орун үчүн): | 55.90.0 | 4000 |
а) курорттук зоналардын аймагында 20 койка-орунга чейин; | |||
б) республиканын калган аймагында 10 койка-орунга чейин | |||
9 | 10 столго чейин пайдалануу менен коомдук тамактануу жайларынын кызматтары: |
|
|
а) курорттук зоналардан тышкары убактылуу түйүндөрдү (павильон, контейнер, боз үй, бастырма, чатыр) пайдалануу менен: | 56.10.0 |
| |
- 4 отуруучу оруну менен 1 стол үчүн | 1500 | ||
- 4төн көп отуруучу оруну менен 1 стол (тапчан) үчүн | 2000 | ||
б) курорттук зоналарда жайгашкан жана курорттук сезондо иштеген (4 отуруучу оруну менен 1 стол үчүн) | 56.29.0 | 5000 | |
10 | Эс алуу жана спорт үчүн жаныбарларды жана товарларды прокатка берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, 1 бирдик үчүн: | 77.21.0 |
|
- жылкылар жана башка жаныбарлар | 5000 | ||
- суу мотоциклдери, катамарандар, кайыктар, парашюттар | 25000 | ||
- лыжалар (сноуборддор), роликтер, конькилер, велосипеддер, эс алуу жана спорт үчүн башка товарлар | 5000 | ||
11 | Спорт талааларынын кызмат көрсөтүүлөрү (футбол, баскетбол, волейбол, теннис), 1 талаа үчүн | 93.11.0 | 10000 |
12 | Аттракциондордун иши (1 аттракцион үчүн): | 93.21.0 |
|
а) Бишкек шаарында | 5000 | ||
б) курорттук зоналардын аймагында | 50000 | ||
в) республиканын калган аймактарында | 4000 | ||
13 | Эс алууну жана көңүл ачууну уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр: |
|
|
а) акы төлөнүүчү стол үстүндөгү оюндар (теннис, шахматтар, нардалар жана башка стол үстүндөгү оюндар) 1 стол/такта үчүн | 93.12.0 | 1000 | |
б) оюн приставкаларынын кызмат көрсөтүүлөрү (1 приставка үчүн) |
| 300 | |
в) компьютердик оюндардын кызмат көрсөтүүлөрү (1 компьютер үчүн) | 500 | ||
14 | Алмашуу бюролорунун кызмат көрсөтүүлөрү | 66.12.9 | 20000 |
15 | Автотранспорт каражаттарын жууш боюнча кызмат көрсөтүүлөр (1 жуучу орун үчүн) | 45.20.0 | 4000 |
16 | 3кө чейинки отургучту колдонуу менен жеке менчик стоматология кызматтары (1 отургуч үчүн) | 86.23.0 | 10000 |
17 | Сауна кызматтары (кызмат көрсөтүүнүн наркына жараша) | 96.04.0 | 50000 |
18 | Ломбард кызматтары | 64.92 | 20000 |
Эскертүү: Бир объектте ишти жүзөгө ашырууга иштин ушул түрү үчүн каралган бир патентти сатып алуу менен гана жол берилет.
|
| 2-тиркеме |
Жеке эмгек иши боюнча патенттин негизинде салыктын БАЗАЛЫК СУММАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы N 499, 2025-жылдын 25-мартындагы № 146, 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 575 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Көңүл буруңуздар!
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтому менен берилген токтомдун 2-тиркемесине киргизилген өзгөртүүлөр, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
№ | Иштин түрүнүн аталышы | ЭИМК боюнча коду | Салыктын базалык суммасы (30 күнгө сом менен) |
|
1 | Уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн иштерди аткарууну кошпогондо, металл жана металлдан жасалган буюмдар менен иштөө боюнча жеке жактарга көрсөтүлүүчү кызматтар: |
|
|
|
а) ширетүү иштери боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 25.62.0 | 1000 |
| |
б) токардык буюмдарды жасоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 25.94.0 | 4000 |
| |
в) үйдө каңылтырдан төмөнкү буюмдарды жасоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр: |
|
|
| |
- тосмолорду, бастырмаларды, калиткаларды | 25.11.0 | 3000 |
| |
- дарбазаларды | 25.12.0 | 6000 | ||
- буу менен жылытуучу мештерди | 25.21.0 |
| ||
2 | Ачкычтарды жана кулпуларды жасоо жана оңдоо | 25.72.0 | 500 |
|
3 | Жасалма гүлдөрдү жана аза гүлчамбарларын жасоо | 32.99.9 | 1000 |
|
4 | Калктын малын кайтаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 01.62.0 | 1500 |
|
5 | Жеке издөөчүлөр тарабынан чачынды алтынды казып алуу | 07.29.4 | 3000 |
|
6 | Уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн жумуштарды аткарууну кошпогондо, атайын курулуш иштери, анын ичинде оңдоо иштери | 43.00.0 | 6000 |
|
7 | Дизайнердик жасалгалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 74.10.0 | 15000 |
|
8 | Фотография жаатындагы иш: | 74.20.0 |
|
|
а) фотосүрөттөрдү өңүнө чыгаруу жана басып чыгаруу менен сүрөткө тартуу | 3000 |
| ||
б) фотосүрөттөрдү дароо, тез өңүнө чыгаруу жана басып чыгаруу менен сүрөткө тартуу | 5000 |
| ||
в) кардарлар тарткан фотосүрөттөрдөн жана негативдерден фотосүрөттөрдү өңүнө чыгаруу, басып чыгаруу жана чоңойтуу | 3000 |
| ||
9 | Котормочунун кызмат көрсөтүүлөрү (жазуу жүзүндө жана оозеки которуу): |
|
|
|
- чет тилден которуу | 74.30.0 | 2000 | ||
- кыргыз тилинен которуу |
| |||
- сурдокотормочу | 74.30.0 | 300 |
| |
10 | Жеке ветеринарлардын кызмат көрсөтүүлөрү | 75.00.0 | 3000 |
|
11 | Товарларды (жүктөрдү) таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 52.29.0 | 2000 |
|
12
| Уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууну кошпогондо, мындай кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик же муниципалдык кызматчы аткарган учурлардан тышкары, билим берүү чөйрөсүндө өз алдынча жүзөгө ашырылуучу иш | 85.59.0
|
|
|
а) чет тилдерге, компьютердик техникага, бухгалтердик эсепке, автотранспортту айдоого, бычууга, тигүүгө жана токууга окутуу | 2000 |
| ||
б) репетитор жана тренинг иретинде сабактарды өткөрүү | 600 |
| ||
13 | Дарылык укалоо жана ийне терапиясы боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 86.90.0 | 5000 |
|
14 | I топтогу майыптыгы бар адам тарабынан дарылык укалоо кызмат көрсөтүүлөрү | 86.90.0 | 1000 |
|
15 | Компьютерлерди жана байланыш жабдууларын оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр: | 95.11.0 |
|
|
а) компьютерлерди, ноутбуктарды, принтерлерди жана башка кеңсе жабдууларын | 5000 |
| ||
б) телефондорду, уюлдук телефондорду, факстарды, байланыш үчүн модемдерди жана навигаторлорду | 95.12.0 | 4000 |
| |
16 | Жеке пайдалануу предметтерин жана тиричилик товарларын оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр: |
|
|
|
а) телевизорлорду, радиоприемниктерди, видеокамераларды, магнитофондорду, CD, DVD оңдоо боюнча | 95.21.0 | 3000 |
| |
б) кесүүчү шаймандарды оңдоо жана курчутуу боюнча | 95.29.0 | 2000 |
| |
в) муздаткычтарды, микротолкундуу плиталарды, кир жуучу жана үтүктөөчү машиналарды, кондиционерлерди жана башка тиричилик товарларын оңдоо боюнча | 95.22.0 | 1000 |
| |
г) бут кийимдерди жана булгаарыдан жасалган башка буюмдарды оңдоо боюнча | 95.23.0 | 1000 |
| |
д) эмеректи оңдоо жана реставрациялоо боюнча | 95.24.0 | 3000 |
| |
е) сааттарды жана зер буюмдарын оңдоо боюнча | 95.25.0 | 1000 |
| |
ж) жеке пайдалануудагы башка предметтерди (велосипед, кийим, аң-тери, тигилген, токулган жана галантереялык буюмдар, китептер, музыкалык аспаптар, оюнчуктар) оңдоо боюнча | 95.29.0 | 1500 |
| |
17 | Жеке тейлөө кызмат көрсөтүүлөрү: | 96.09.0 |
|
|
а) акы төлөнүүчү дааратканалардын кызмат көрсөтүүлөрү (1 орун үчүн) | 200 |
| ||
б) кол араба менен жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 150 |
| ||
в) базарларда жана эл көп топтолгон башка жерлерде радио аркылуу жарыялоолорду берүү кызмат көрсөтүүлөрү | 1000 |
| ||
г) телевизиондук антенналарды, видео байкоолорду орнотуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 800 |
| ||
18 | Гувернанттардын, бала багуучулардын, багбанчылардын жана үй кызматкерлеринин кызмат көрсөтүүлөрү | 97.00.0 | 500 |
|
19 | Укук жаатындагы иш | 69.10 | 10000 |
|
20 | (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||
21 | Кыргыз Республикасынын жарандары жалдаган, Кыргыз Республикасынын аймагында жеке эмгек ишин жүргүзгөн чек ара жанындагы эмгек мигранттарынын кызмат көрсөтүүлөрү: |
|
|
|
а) өсүмдүк өстүрүү жаатында | 01.61.9 | 800 | ||
б) курулуш жаатында | 43.99.9 |
| ||
в) мал чарба жаатында | 01.62.0 |
| ||
г) жеке тейлөө боюнча башка кызмат көрсөтүүлөр | 96.09.0 |
| ||
22 | Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну, такси кызмат көрсөтүүлөрүн жана курьердик кызмат көрсөтүүлөрдү заказ кылуу үчүн колдонулуучу, салык агентинин маалыматтык системасы аркылуу ишке ашырылуучу кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, курьердик иштин кызмат көрсөтүүлөрү | 53.20.0 | 1000 |
|
23 | (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||
24 | Саны 25 балага чейинки турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн (тарбиячы, тарбиячынын жардамчысы (бала багуучу), ашпозчу, мугалим) жеке ишкерлерге кызмат көрсөтүүчү жеке жактардын иши | 96.09.0 | 600 |
|
25 | Салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр (музыканттар, тамадалар, бий жана актердук топтор жана башка сценалык өнөр көрсөтүүлөр) | 90.01.0 | 4000 |
|
26 | Кызмат көрсөтүүлөр: |
| 1500 |
|
- үн жазуу | 59.20.0 |
| ||
- видео тартуу | 59.11.0 |
| ||
27 | Үйдө иш жүргүзгөн тигүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөрү | 96.09.0 | 700 |
|
28 | Визажисттердин, чач тарачтардын, маникюр жана педикюр адистеринин кызмат көрсөтүүлөрү | 96.02.0 | 2000 |
|
29 | Жерде жүрүүчү транспорттун иши: |
|
|
|
а) 18 адамга чейин отуруучу орундугу бар микроавтобустарда жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.31.0 | 2000 |
| |
б) 33 адамга чейин отуруучу орундугу бар автобустарда жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.31.0 | 3000 |
| |
в) 33 адамдан жогору отуруучу орундугу бар автобуста жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.31.0 | 4000 |
| |
г) жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну, такси кызмат көрсөтүүлөрүн жана курьердик кызмат көрсөтүүлөрүн буюртма кылуу үчүн колдонулуучу салык агентинин маалыматтык системасы аркылуу ишке ашырылуучу кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, жеңил транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрү (такси кызмат көрсөтүүлөрү) | 49.32.0 | 1000 |
| |
д) транспорт каражаттарында салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.39.0 | 4000 |
| |
е) автотранспорт каражатын ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр (1 автомашина үчүн) | 77.11.0 | 2000 |
| |
ж) жүк көтөрүмдүүлүгү 1 тоннага чейинки транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.42.0 | 2000 |
| |
з) жүк көтөрүмдүүлүгү 1ден 8 тоннага чейинки транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.42.0 | 4000 |
| |
и) жүк көтөрүмдүүлүгү 8ден 15 тоннага чейинки транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.42.0 | 6000 |
| |
к) жүк көтөрүмдүүлүгү 15тен 25 тоннага чейинки транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.42.0 | 5000 |
| |
л) жүк көтөрүмдүүлүгү 25 тоннадан жогору транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.42.0 | 6000 |
| |
м) айыл чарба техникасынын (трактордун, комбайндын жана башка айыл чарба техникаларынын) кызмат көрсөтүүлөрү | 01.61.9 | 2000 | ||
н) башка атайын техниканын (эвакуатор, ассенизатор) кызмат көрсөтүүлөрү | 49.41.0 | 6000 |
| |
30 | Кыймылсыз мүлктү жалдоо, ижарага берүү: | 68.20.0 |
|
|
1) батир үчүн турак жай аянты (1 чарчы метр үчүн): |
|
| ||
а) көп батирлүү үйлөрдө | 30 |
| ||
б) жеке турак үйлөрдө | 40 |
| ||
| 2) 500 кв.метрге чейинки турак эмес аянттын 1 объекти үчүн (1 квадрат метр үчүн) | 68.20.0 | 700 | |
Эскертүү: Жеке эмгек иши - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу жеке адамдын өз алдынча жана жалданма эмгекти тартуу укугусуз жүзөгө ашырылуучу иши.
3-тиркеме |
2024-жылдын 1-ноябрына чейин колдонуу мөөнөтү менен жеке ишкердик жана жеке эмгек иши үчүн патенттин негизиндеги салыктын базалык суммасы
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Иштин түрүнүн аталышы | ЭИМК боюнча коду | Салыктын базалык суммасы (30 күнгө сом менен) |
1. Жеке ишкердик иши | |||
1 | Жыгачты иштетүү, карагайларды жана ламинатты тилүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр - 1 станок үчүн | 16.10.0 | 500 |
2 | Коомдук тамактануу түйүндөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрү: |
|
|
а) заводдордо, мамлекеттик мекемелерде, кеңселерде жана жогорку окуу жайларында кызмат көрсөткөн ашканалар жана буфеттер (1 стол үчүн) | 56.29.0 | 1000 | |
б) мектептерде жайгашкан (ар бир 1000 окуучу үчүн) | 56.29.0 | 4000 | |
3 | Кыймылсыз мүлктү жалдоо, ижарага берүү |
|
|
1 кв.м үчүн турак эмес аянт | 68.20.0 | 50 | |
4 | Материалдарды компьютер жана ксерокөчүрмө менен иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (тексттерди терүү, басып чыгаруу, сканерлөө) | 82.19.0 | 1000 |
2. Жеке эмгек иши | |||
5 | Атайын медициналык техниканы оңдоо жана техникалык тейлөө | 33.13.2 | 1000 |
6 | Кайра пайдаланылуучу чийки затты алуу үчүн калдыктарды үйдөн кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр: |
|
|
а) металлдын сыныгын | 38.32.0 | 10000 | |
б) айнек идиштерди | 500 | ||
в) макулатураны | 1000 | ||
г) желим (полиэтилен) буюмдарды | 5000 | ||
7 | Үйлөрдөгү аянты 100 кв.м чейинки жеке мончолордун кызмат көрсөтүүлөрү (аянтына жана жайгашкан жерине жараша) | 96.04.0 | 10000 |
8 | Жерде жүрүүчү транспорт иши |
|
|
курулуш техникасынын (автокран, экскаватор, автомиксер, бульдозер, цемент ташыгыч, башка курулуш техникасы) кызмат көрсөтүүлөрү | 43.99 | 8000 | |
|
| 4-тиркеме |
Соода чөйрөсүндөгү ишке патенттин негизиндеги салыктын БАЗАЛЫК СУММАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 575, 2025-жылдын 18-декабрындагы №811, 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Иштин түрүнүн аталышы жана учурдагы календардык жыл үчүн алууга пландалган бир соода ордуна түшкөн пайданын билдирилген көлөмү | Учурдагы календардык жыл үчүн салыктын базалык суммасы сом менен |
1 | Зер буюмдарын сатуу боюнча ишти кошпогондо, базарларда, чакан базарларда жана базарлардын, чакан базарлардын аймагында же аймагына жакын жайгашкан соода объекттеринде товарларды сатуу; | |
1) Лотоктордо, прилавкаларда, чатырларда, көчмө кол арабаларында, бастырмаларда жана металл конструкцияларда 4000000 сомго чейин; | 18000 | |
2) Түшкөн пайданын төмөнкүдөй көлөмү менен соода объекти (контейнер ж.б.) жана/же стационардык жай: |
| |
3) 8000000 сомго чейин | 42000 | |
4) 8000000 сомдон 12000000 сомго чейин | 72000 | |
5) 12000000 сомдон 15000000 сомго чейин | 96000 | |
6) 15000000 сомдон 22000000 сомго чейин | 168000 | |
7) 22000000 сомдон 30000000 сомго чейин | 252000 | |
8) 30000000 сомдон 50000000 сомго чейин | 360000 | |
9) 50000000 сомдон 100000000 сомго чейин | 500000 | |
10) 100000000 сомдон 150000000 сомго чейин | 800000 | |
11) 150000000 сомдон 200000000 сомго чейин | 900000 | |
12) 200000000 сомдон жана андан жогору | 1000000 | |
2 | Соода борборлорун жана базарларды, ошондой эле зер буюмдарын сатуу боюнча ишти кошпогондо, аянты 30 кв. м чейинки соода жайларында (кампа жайларынан жана ангарлардан тышкары) товарларды сатуу; | |
а) жүгүртүүсү 5000000 сомго чейин | 42000 | |
б) жүгүртүүсү 10000000 сомго чейин | 72000 | |
в) жүгүртүүсү 15000000 сомго чейин | 96000 | |
3 | Зер буюмдарын сатуу боюнча ишти кошпогондо, 30 календардык күнгө лотокторду, прилавкаларды, шатерлорду, чатырларды, бастырмаларды пайдалануу менен жарманкелерде, көргөзмөлөрдө, арзандатууларда товарларды чекене сатуу | 12000 |
Эскертүү:
- соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөөгө ниеттенген салык төлөөчү алдыдагы календардык айдын 1ине чейин арыз берүүгө милдеттүү, салык төлөөчүнүн патенттин негизинде ишкердикти жүргүзүүсү арыз берилген айдан кийинки айдын 1инен башталат. Эгерде салык төлөөчү учурдагы календардык айга патент сатып алууга ниеттенсе, анда ошол ай үчүн патентти сатып алган датасына карабастан салыктын базалык суммасы толук өлчөмдө колдонулат;
- салык боюнча салыктык милдеттенмелерди аткаруу бирдей үлүштөр менен ар бир айдын 1инен кечиктирбестен ай сайын жүзөгө ашырылат;
- бир объектте (соода ордунда) бир гана патент алуу менен иш жүргүзүүгө жол берилет;
- патенттин суммасы календардык жылдын калган айларына эсептелет жана төлөнөт, ошол эле учурда төлөнгөн салыктын суммасы патент алынгандан кийин кайтарылбайт;
- "Соода чөйрөсүндөгү ишке патенттин негизиндеги салыктын базалык суммасы" 2-пунктунда көрсөтүлгөн ставкаларды колдонууга соода жайынын чегинен тышкары жерде кампа жок болгон учурда гана жол берилет.