Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-марты № 127
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
"Социалдык чөйрөдө" II бөлүмүндө:
- 1-главасы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 12-15-главалары ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 20, 21-главалары ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 24-главасы ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
"Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза тармагында" IV бөлүмүндө:
- 11, 12-главалары ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
"
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жекече реабилитациялоо программаларын иштеп чыгуу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-главасы, 14-пункту |
2 | Мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору (мындан ары - РМСЭБ). Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - аймактык МСЭК) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын жарандары: - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар (мындан ары - ДМЧ балдар); - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Жекече реабилитациялоо программасы |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүдөй шарттарда берилет: - күтүү үчүн орундары, дааратканалары (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогондо - короодогу дааратканалар), жылытуусу, суу түтүгү, телефону бар, белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүндө, анын ичинде көрүүсү жана угуусу ДМЧА жана таяныч-кыймыл аппараттары бузулган ДМЧА үчүн пандустардын, кармагычтардын болушу; - кезек күтүү принциби боюнча. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кароонун максималдуу мөөнөтү 50 мүнөттү түзөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык МСЭКке жеке кайрылууда; - аймактык МСЭКтин маалымат такталарынан; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан; Аймактык МСЭКте кабыл алуу. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жарандарды жеке кабыл алуу; - жалпыга маалымдоо каражаттары; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - аймактык МСЭКтин маалымат такталары; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге аймактык МСЭКтин маалымат такталарында, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Аймактык МСЭКтин имараттарында жана жайларында аталыштары көрсөтүлгөн маалыматтык табличкалар бар. Жарандарды кабыл алган аймактык МСЭКтин кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этиканы, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбай турган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл системасы боюнча майыптыгы бар адамдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн төмөнкү документтер берилет: - кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кат жүзүндөгү арызы, ал эми жашы жете электер жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн - мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энелердин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы; - өздүгүн далилдеген документ (паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү); - № 088/у форма (МСЭКке жолдомо), тиешелүү медициналык документтер (стационардык дарылоо жөнүндө көчүрмөлөр, консультативдик корутундулар жана текшерүүлөрдүн натыйжалары), колдонуудагы ЧУАга ылайык таризделген амбулатордук карта; - эмгекке жарамсыздыгы жөнүндө баракча жана эмгек китепчесинин көчүрмөсү - иштеген жарандар үчүн |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз негизде көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алган адамдардын жынысы, расасы, тили, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү шарттарынын шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - керектөөчүнүн күтүүлөрүнө акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) дал келүүсү |
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg аркылуу кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арыз ээсин) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта берилет. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жөнөтүү үчүн арыз ээси: portal.tunduk.kg порталында катталуусу зарыл. Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 3 (веб-баракчада өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана кагаз жүзүндө басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, РМСЭБ, аймактык МСЭК арыз ээси жөнүндө маалыматты башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга укуктуу |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - күбөлөндүрүүдөн өтүү үчүн документтердин толук эмес пакети берилгенде; - МСЭКке жолдомонун мөөнөттөрү сакталган эмес |
17 | Даттануу тартиби | Жаран же анын мыйзамдуу өкүлү аймактык МСЭКтин эксперттик чечимине макул болбогон учурда РМСЭБдин директорунун атына жазуу жүзүндө берилген арыздын негизинде ага даттанууга укуктуу. Күбөлөндүрүүдөн өткөргөн МСЭК арыз келип түшкөн күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө аны бардык документтери менен кошо РМСЭБге жиберет. РМСЭБ жарандын арызы келип түшкөн күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен жаранды күбөлөндүрүүдөн өткөрөт жана алынган жыйынтыктардын негизинде чечим чыгарат. РМСЭБдин чечимине макул болбогон жаран эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген кеңейтилген атайын комиссия тарабынан кайра күбөлөндүрүүдөн өтөт, анын курамына эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү, ыйгарым укуктуу органдын врач-эксперттери, жарандардын саламаттыгын сактоо, социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын, Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын өкүлдөрү кирет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кеңейтилген атайын комиссиясынын корутундусуна жаран же анын мыйзамдуу өкүлү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко даттана алат |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралып турууга тийиш |
".
|
| 2-тиркеме |
"
12. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жалгыз бой жашаган улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды үйүндө социалдык тейлөө - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-главасы, 26-пункту |
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын жарандары: - жалгыз бой жашаган улгайган адамдар; - өзүн-өзү тейлөө жана кыймылдоо жөндөмдүүлүгүн жарым-жартылай жоготкон жубайлар; - өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүн жарым-жартылай жоготкон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалгыз бой адамдар (мындан ары - ДМЧА) |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2011-жылдын 27-майындагы № 255 "Кыргыз Республикасынын калкына берилүүчү кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө"; 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 "Үйүнө барып социалдык тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Социалдык кызматкердин социалдык кызматтын кардарынын үйүнө графикке ылайык баруусу; - тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу; - баштапкы медициналык жардамды көрсөтүү; - баарлашуу жана маектешүү; - пенсияны же социалдык жөлөкпулду алуу үчүн, социалдык стационардык мекемеге же ооруканага жаткырууга документтерди тариздөөгө жардам берүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Үйүнө баруучу социалдык кызматкердин үйдө кызмат көрсөтүүсү социалдык кызматтын кардарынын үйүндө жүзөгө ашырылат. Үйүнө баруучу социалдык кызматкердин социалдык кызматтын кардарына баруусу аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан бекитилүүчү баруу графигине ылайык жумасына эки жолудан кем эмес ишке ашырылат. Социалдык кызматкердин жумуш убактысынын узактыгы жумасына 40 сааттан ашпоого тийиш |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Аймактык бөлүмдөр документтерди 30 мүнөттөн ашырбай кабыл алат. Турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү, тиешелүү актын түзүү, керек болгон документтерди жыйноо жана аны иштеп чыгуу - 1 айдан ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү: - убактылуу социалдык тейлөө - 6 айга чейин; - туруктуу социалдык тейлөө - социалдык тейлөөнүн эсебинен чыгарылганга чейин |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдү маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык бөлүмдөргө жеке кайрылган учурда; - аймактык бөлүмдөрдүн маалымат стенддеринен; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт: - жарандарды жеке кабыл алуу; - жалпыга маалымдоо каражаттары; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - аймактык бөлүмдөрдүн маалымат стенддери; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен чогуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайттарында, анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат стенддеринде жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Мамлекеттик кызмат социалдык кызматтын кардарынын үйүндө көрсөтүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан иш-аракеттердин тизмеси | Үйүндө социалдык тейлөө боюнча мамлекеттик кызматты алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет: - белгиленген формадагы арыз; - турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү акты; - салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; - пенсиялык күбөлүк (көчүрмөсү); - жашаган жеринен маалымкат; - медициналык картадан көчүрмө; - майыптыгы тууралуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу (көчүрмөсү); - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жана ага теңештирилген адамдардын күбөлүгү (көчүрмөсү); - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарында социалдык маселелер боюнча комиссиянын чечими. Зарыл болгон учурда социалдык кызматкер социалдык тейлөөгө кабыл алынып жаткан адамдарга жогоруда көрсөтүлгөн документтерди тариздөө боюнча жардам көрсөтөт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы белгиси боюнча басмырлоого жол бербөө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө социалдык кызматкердин сыпайылыгы, сылыктыгы жана сабырдуулугу; - акыркы жыйынтыктын (алган кызматтын) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта берүү | Мамлекеттик кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээсинде социалдык тейлөөдө медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар болсо (процесстин активдүү стадиясындагы кургак учук, психотикалык айнып калуу (жөөлүү, галлюцинация, агрессия, импульсивдик жүрүм-турум), карантиндик инфекциялар жана адистештирилген медициналык уюмдарда дарылоону талап кылган башка оорулар бар болсо; - арыз ээси үй-бүлөдө жашаса |
17 | Даттануу тартиби | Арыз ээси же анын мыйзамдуу өкүлү кызмат көрсөтүүнүн сапатына канааттанбаган учурда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кардардын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн Ф.А.А., жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда кардар же анын мыйзамдуу өкүлү чечимди сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш |
13. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кыймылдоого көмөкчү каражаттарга болгон керектөөлөрүн аныктоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды, майыптык кресло-коляскаларды, тиричилик шаймандарын (таяк жана балдак) даярдоо жана берүү (буюмдардын белгиленген тизмегине ылайык) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-главасы, 12-пункту |
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары - РПОБМ). РПОБМдин Ош шаарындагы филиалы жана облустардагы устаканалары. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын жарандары: - кыймылдоого көмөкчү каражаттарга муктаж болгон I, II, III топтогу майыптыгы бар адамдар (чоң адамдар жана балдар) |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2003-жылдын 25-июлундагы № 469 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын бөлмөдө жүрүүчү кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"; 2011-жылдын 25-августундагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жөнүндө"; 2014-жылдын 27-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Кыймылдоого көмөкчү каражаттарды берүү: - протездик-ортопедиялык буюмдар (колдун, буттун протездери, ортопедиялык аппараттар, ортопедиялык бут кийим, бандаждар, корсеттер, реклинаторлор, Виленский шинасы, Цито шинасы, манжа кармагычтар, лангеттер, батектер, тери шымдар, кошумча бут кийимдер); - тиричилик шаймандары (балдак, таяк), чакан габариттүү платформа (коляска) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген жайларда; - жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ДМЧА жана таяныч-кыймылдоочу аппараты бузулган ДМЧА үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү жеткиликтүү болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Жайлар күтүү үчүн орундар, дааратканалар жана санузелдер (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогондо - короодо), жылытуу, суу түтүгү, телефон менен жабдылган. Жайда кызмат көрсөтүүчү зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылган |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана күтүү мөөнөтү - 15 мүнөттөн ашпайт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү, ченөөнү кошкондо: - татаал протездик-ортопедиялык буюмдар - 35 жумуш күндөн ашпайт; - аз татаалдыктагы протездик-ортопедиялык буюмдар - 10 жумуш күндөн ашпайт; - тиричилик шаймандары, чакан габариттүү платформа (коляскалар) - Бишкек шаарында жашагандар үчүн 5 жумуш күндөн ашпайт, региондордо жашагандар үчүн - 30 жумуш күндөн ашпайт. Даяр протездик-ортопедиялык буюмдарды берүү убактысы - 15 мүнөт. Протездик-ортопедиялык буюмдарды пайдалануу мөөнөтү - 1 жыл |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.mlsp.kg; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык бөлүмдөргө, РПОБМге жана Ош шаарындагы филиалына жеке кайрылган учурда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат стенддеринен; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан; - телефон боюнча. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт: - ЖМК (газеталар, радио, телекөрсөтүү); - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: www.mlsp.kg; - маалымат стенддери, брошюралар жана буклеттер; - жеке кайрылууда жана телефон боюнча байланышуу; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен чогуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, РПОБМдин жана Ош шаарындагы филиалынын, маалымат стенддеринде жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Мамлекеттик кызмат түздөн-түз өндүрүштүк мекеменин ичинде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр жана аларды коштоочу адамдар менен пикир алышууда кызматкерлер төмөнкү этиканын негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле жасоого, сабырдуу жана принциптүү болууга, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүүгө, маектешип жаткан адамды уга билүүгө жана анын позициясын түшүнүүгө, ошондой эле жүйөлүү кабыл алынган чечимдерди жүйөлөштүрүүгө тийиш. Бардык кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталат |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр тарабынан аракеттердин тизмеги | Протездик-ортопедиялык буюмдарды алуу үчүн керектөөчү төмөнкүдөй документтерди берет: - медициналык мекеменин врачынын жолдомосу; - паспорт; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк (16 жашка чейинки балдар үчүн); - иштеген жеринен маалымкат (иштеп жаткан ДМЧА экинчи протезди алуу үчүн); - медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты. Республиканын региондорунан келген адамдар кайрылган учурда, реабилитациялоону алуу жолдомону РПОБМ берет |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы белгиси боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызматты алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн талаптарына шайкештиги: имаратка кирүүнүн жеткиликтүүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графигинин болушу, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө социалдык кызматкердин сыпайылыгы, сылыктыгы жана сабырдуулугу; - акыркы жыйынтыктын (алган кызматтын) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта берүү | Мамлекеттик кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына ылайык келбегенде; - арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербегенде |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай эмес көрсөтүлгөн учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмүнүн жана РПОБМдин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Ф.А.А., жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар белгиленген тартипте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн жана РПОБМдин жетекчилиги тарабынан каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана жооп жиберүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн жана РПОБМдин чечимин сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш |
14. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды жана тиричилик шаймандарын оңдоо (буюмдардын белгиленген тизмегине ылайык) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-главасы, 13-пункту |
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору (мындан ары - ДМЧА реабилитациялоо борбору). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары - РПОБМ). РПОБМдин Ош шаарындагы филиалы жана облустардагы устаканалары |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын жарандары: - кыймылдоого көмөкчү каражаттарын оңдоого муктаж болгон I, II, III топтогу майыптыгы бар адамдар (чоң адамдар жана балдар) |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2003-жылдын 25-июлундагы № 469 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын бөлмөдө жүрүүчү кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"; 2011-жылдын 25-августундагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жөнүндө"; 2014-жылдын 27-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Оңдолгон протездик-ортопедиялык буюмдар. Оңдолгон тиричилик шаймандары |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген жайларда; - жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ДМЧА жана таяныч-кыймылдоочу аппараты бузулган ДМЧА үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү жеткиликтүү болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Жайлар күтүү үчүн орундар, дааратканалар жана санузелдер (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогондо - короодо), жылытуу, суу түтүгү, телефон менен жабдылган. Жайда кызмат көрсөтүүчү зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылган |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди берүү жана күтүү убактысы - 15 мүнөттөн ашпайт. Протездик-ортопедиялык буюмдардын жана ортопедиялык бут кийимди оңдоонун жалпы мөөнөтү - 7 жумуш күндөн ашпайт. Оңдолгон протездик-ортопедиялык буюмдарды алуу убактысы - 15 мүнөттөн ашпайт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.mlsp.kg; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык бөлүмдөргө, РПОБМге жана Ош шаарындагы филиалына жеке кайрылган учурда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат стенддеринен; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан; - телефон боюнча. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт: - ЖМК (газеталар, радио, телекөрсөтүү); - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: www.mlsp.kg; - маалымат стенддери, брошюралар жана буклеттер; - жеке кайрылууда жана телефон боюнча байланышуу; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен чогуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, РПОБМдин жана Ош шаарындагы филиалынын, маалымат стенддеринде жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Мамлекеттик кызмат түздөн-түз өндүрүштүк мекеменин ичинде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр жана аларды коштоочу адамдар менен пикир алышууда кызматкерлер төмөнкү этиканын негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле жасоого, сабырдуу жана принциптүү болууга, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүүгө, маектешип жаткан адамды уга билүүгө жана анын позициясын түшүнүүгө, ошондой эле жүйөлүү кабыл алынган чечимдерди жүйөлөштүрүүгө тийиш. Бардык кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталат |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр тарабынан аракеттердин тизмеги | Протездик-ортопедиялык буюмдарды ал уу үчүн керектөөчү төмөнкүдөй документтерди берет: - медициналык мекеменин врачынын жолдомосу; - паспорт; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк (16 жашка чейинки балдар үчүн); - иштеген жеринен маалымкат (иштеп жаткан ДМЧА экинчи протезди алуу үчүн); - медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты. Республиканын региондорунан келген адамдар кайрылган учурда, реабилитациялык кызматтарды алуу үчүн РПОБМ ДМЧА реабилитациялоо борборунан жолдомо берет |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы белгиси боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызматты алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн талаптарына шайкештиги: имаратка кирүүнүн жеткиликтүүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графигинин болушу, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө социалдык кызматкердин сыпайылыгы, сылыктыгы жана сабырдуулугу; - акыркы жыйынтыктын (алган кызматтын) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта берүү | Мамлекеттик кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт, анткени РПОБМге келүү талабы бар |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Эгерде протездик-ортопедиялык буюм, тиричилик шайманы же чакан габариттүү платформа (коляска) оңдоого мүмкүн болбой калса, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай эмес көрсөтүлгөн учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмүнүн жана РПОБМдин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Ф.А.А., жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар белгиленген тартипте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн жана РПОБМдин жетекчилиги тарабынан каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана жооп жиберүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн жана РПОБМдин чечимин сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш |
15. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоонун жеке программасы боюнча реабилитациялоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-главасы, 15-пункту |
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору (мындан ары - ДМЧА реабилитациялоо борбору) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА): - ар кандай патологиялардан улам буттары же колдору кесилген ДМЧА; - таяныч-кыймылдоо аппараты тубаса ооруган ДМЧА; - муундардын ар кандай патологиялары менен ооруган ДМЧА |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө"; - "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө"; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2016-жылдын 24-октябрындагы № 560 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасын бекитүү жөнүндө"; - 2011-жылдын 29-июлундагы № 429 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Мамлекеттик кызматтарды керектөөчүнүн кыймылдоо функциясы бузулган кол-буттарын калыбына келтирүү жана жакшыртуу же компенсациялоо үчүн реабилитациялык иш-чаралардын комплекси, ошондой эле кесилген кол-буттарды протездөө. Кийин тиешелүү документ берүү менен үй-бүлөгө жана коомго адаптациялоо жана интеграциялоо максатында таяныч-кыймылдоочу аппараттын бузулган функцияларын жакшыртуу, турукташтыруу, компенсациялоо (реабилитациялык картадан көчүрмө) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ДМЧА жана таяныч-кыймылдоочу аппараты бузулган ДМЧА үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү жеткиликтүү болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Жайлар күтүү үчүн орундар, дааратканалар жана санузелдер (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогондо - короодо), жылытуу, суу түтүгү, телефон менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет же эгерде алар жайга көтөрүлө албаганда, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн аларга түшөт. Кызмат көрсөтүүчү жерде келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана кезекте күтүү убактысы - 15 мүнөттөн ашпайт. Реабилитациялык кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 1 айдан ашпайт. Протездөөнүн татаалдыгына жараша реабилитациялык кызмат көрсөтүү кошумча 30 жумуш күнгө чейин узартылат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан, ДМЧА реабилитациялоо борборунан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.mlsp.kg; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын аймактык бөлүмдөрүнө жана ДМЧА реабилитациялоо борборуна жеке кайрылган учурда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын аймактык бөлүмдөрдө жана ДМЧА реабилитациялоо борборунда маалымат стенддеринен, брошюралардан, буклеттерден. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын аймактык бөлүмдөрдө жана ДМЧА реабилитациялоо борборунда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт: - ЖМК (газеталар, радио, телекөрсөтүү); - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: www.mlsp.kg; - маалымат стенддери, брошюралар жана буклеттер; - жеке кайрылууда жана телефон боюнча байланышуу; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен чогуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында, аймактык бөлүмдөрүнүн, ДМЧА реабилитациялоо борборунун маалымат стенддеринде жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык такталар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) бар. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер төмөнкү этиканын негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле жасоого, сабырдуу жана принциптүү болууга, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүүгө, маектешип жаткан адамды уга билүүгө жана анын позициясын түшүнүүгө, ошондой эле жүйөлүү кабыл алынган чечимдерди жүйөлөштүрүүгө тийиш. Бардык кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталат. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар үчүн (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ДМЧА реабилитациялоо борборуна төмөнкүдөй документтер берилет: - реабилитациялоого жолдомо (Үй-бүлөлүк медицина борборунан, медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынан же эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин медициналык бөлүмүнөн); - кандын жана зааранын жалпы анализинин жыйынтыктары; - флюорографияга тартуу; - салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы белгиси боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызматты алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн талаптарына шайкештиги: имаратка кирүүнүн жеткиликтүүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графигинин болушу, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө социалдык кызматкердин сыпайылыгы, сылыктыгы жана сабырдуулугу; - акыркы жыйынтыктын (алган кызматтын) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта берүү | Мамлекеттик кызмат жарым-жартылай электрондук форматта, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынын (www.mlsp.kg) "Суроо-жооптор" бөлүмүндөгү суроолорго жооп бөлүгүндө көрсөтүлөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайык келбегенде; - арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтерди бербегенде; - арыз ээсинде реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн медициналык каршы көрсөтмөлөр бар болгондо |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай эмес көрсөтүлгөн учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмүнүн, ДМЧА реабилитациялоо борборунун жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Ф.А.А., жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар белгиленген тартипте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн жана ДМЧА реабилитациялоо борборунун жетекчилиги тарабынан каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана жооп жиберүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн, ДМЧА реабилитациялоо борборунун чечимин сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш |
".
|
| 3-тиркеме |
"
20. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Социалдык стационардык мекемелерде социалдык тейлөө - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-главасы, 25-пункту |
2 | Мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык стационардык мекемелери (мындан ары - ССМ). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары: - психоневрологиялык патологиялары бар балдар; - психоневрологиялык оорулары бар чоң адамдар; - биринчи жана экинчи топтогу майыптыгы бар, жалпы оорулары бар балдар жана чоң адамдар; - өзүн-өзү тейлөө жөндөмүнөн толугу менен же жарым-жартылай ажыраган улгайган адамдар; - жетим, жарым-жартылай жетим жана кароосуз калгандар категориясына кирген балдар; - белгилүү жашаган жери жок, буттары же колдору кесилген жарандар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө"; "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө"; "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 273 "Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Эмерек жана инвентарлар, таза шейшептер, төшөктөр, жеке гигиена каражаттары, ич кийимдер, кийим-кечек жана бут кийимдер менен турак жай аянтын берүү; - баланстуулуктун жана калориялуулуктун талаптарын, санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоо менен кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн жаш курагын жана ден соолугунун абалын эске алуу менен сарамжалдуу, анын ичинде диеталык тамактанууну уюштуруу; - кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн ден соолугун чыңдоого, социалдык реабилитациялоого, жаңы жагдайга адаптациялоого багытталган иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Күн сайын медициналык кароо жүргүзүлөт, күндөлүк жана консультациялык жазууларды чагылдыруу менен оорунун баяны таризделет. Жашоо шарттары имараттардын белгиленген коопсуздук талаптарына, санитардык жана өрткө каршы ченемдерге жооп берет. Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн имаратка, тамактануу жана эс алуу жайына, санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү камсыз кылынат. Жума сайын мончо күнү жана шейшептерди, ички кийимдерди алмаштыруу уюштурулат. Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрдүн пенсияларын тариздөө, пенсиялык картаны алуу жана мөөнөтүн узартуу боюнча иш жүргүзүлөт |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга, медициналык кароону жана алгачкы санитардык тазалоону жүргүзүүгө чектүү мөөнөт - 2 сааттан ашпайт; Социалдык стационардык тейлөө боюнча эсепке алуу жөнүндө ССМдин буйругун чыгаруунун чектүү мөөнөтү - 1 саат, керектөөчүнүн жолдомо менен ССМге келген күнү |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык бөлүмдөргө жеке кайрылууда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат такталарынан; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдө жайылтылат: - жарандарды жеке кабыл алууда; - жалпыга маалымдоо каражаттарында; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында; - аймактык бөлүмдөрдүн маалымат такталарында; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасында; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн такталарында, сайттарында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | ССМде келүүчүлөрдү (кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн ата-энелерин, туугандарын жана мыйзамдуу өкүлдөрүн) кабыл алуу үчүн шарттар бар. Келүүчүлөр ССМдин администрациясынан көрсөтүлүүчү кызматтын көлөмдөрү жана түрлөрү, ССМдин ички тартибинин эрежелери тууралуу маалыматтарды ала алат. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда ССМдин кызматкерлери этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле жасоо, сабырдуу болуу. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | ССМде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр берилет: аймактык бөлүмдүн жолдомосу; аймактык бөлүм менен комплекттелген төмөнкү документтердин топтому: - жазуу жүзүндөгү арыз, ал эми жашы жете электер жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн - мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энесинин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы; - турмуш-тиричилик шартын текшерүү актысы (эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык кызматкери тарабынан таризделет); - ДМЧА, анын ичинде ДМЧ балдар үчүн, майыптыгы тууралуу МСЭКтин маалымкатынын көчүрмөсү менен ССМдин тибин аныктоо боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) чечими; - туугандарынын камкорчулуктан жана көзөмөлчүлүктөн баш тартуусу тууралуу арыз. Туугандары, камкорчулары жана көзөмөлчүлөрү жок учурда баш тартуу жөнүндө арыз талап кылынбайт; - салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; - медициналык карточкадан көчүрмө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 "Үйүнө барып социалдык жактан тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген форма боюнча); - үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымкат; - ВР, ВИЧ/СПИДге, баңгизатка жана алкоголго көз карандылыгына, ичеги-карын инфекцияларын козгогучтарга кандын жалпы клиникалык анализдери (ичеги-карын ооруларынын козгогучтарынын тобуна бактериологиялык изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар берилген күндөн тартып эки айдан ашык убакыт өтпөсө жарактуу); - көкүрөк клеткасынын органдарынын флюорографиясы; - ала турган пенсиясынын (жөлөкпулдун) өлчөмү жөнүндө маалымкат; - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кыймылсыз мүлкү бар экендиги тууралуу маалымкаты; - 6x4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт (психоневрологиялык ССМ үчүн - 4 сүрөт); - ДМЧА реабилитациялоонун жеке программасынан МСЭК бөлүгүнүн көчүрмөсү; - пенсиялык күбөлүгүнүн көчүрмөсү; - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун, майыптарынын жана аларга теңештирилген адамдардын статусун ырастоочу күбөлүктүн көчүрмөсү |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө ССМдин кызматкерлеринин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүтүндөй жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт, анткени кызмат көрсөтүүнү керектөөчү менен байланышты талап кылат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - кайра күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы боюнча үчүнчү топтогу майыптыкты алса; - үчүнчү жолку протокол менен таризделген тартип бузуудан же коомдо кабыл алынган укуктук ченемдерге каршы келген жүрүм-турумдан кийин; - ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбөө аныкталса; - медициналык каршы көрсөткүчтөр аныкталса |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү же анын мыйзамдуу өкүлү кызмат көрсөтүүнүн сапатына канааттанбаган учурда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине, ССМдин администрациясына оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн же анын өкүлүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар белгиленген мөөнөттөрдө каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда кызмат көрсөтүүнү керектөөчү же анын мыйзамдуу өкүлү чечимди сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма каралып турууга тийиш |
21. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Дарыгердин жолдомосу боюнча майыптуулук тобу жок муктаж болгон жарандарга белгиленген тизмектен сырткары протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо жана берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 3-главасы, 28-пункту |
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары - РПОБМ). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Дарыгердин жолдомосу боюнча протездик-ортопедиялык буюмдарга муктаж болгон, бирок майыптуулук тобу жок жарандар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Протездик-ортопедиялык буюмдарды (колдун, буттун протездери, ортопедиялык бут кийим, бандаж, корсет, лангет, реклинатор, ортопедиялык батектер, Виленский шинасы, Цито шинасы, балдактар жана таяктар) берүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгон учурда, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган; - кезек күтүү принциби боюнча. Имаратта күтүү жайлары, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы дааратканалар), жылытуу, суу түтүгү, телефон бар. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар жайга көтөрүлө албаса, аларга кызматкер түшүп келип арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүү жана арыз берүү убактысы - 30 мүнөттөн ашпайт. Арызды кароо мөөнөтү (кызмат көрсөтүүдө же кызмат көрсөтүүдөн баш тартууда) - 10 мүнөттөн ашпайт. Даярдоо мөөнөтү: - протездик-ортопедиялык буюмдар - 30 жумуш күнгө чейин; - корсеттер, бандаждар, реклинаторлор, батектер, Виленский жана Цито шиналары - 10 жумуш күнгө чейин; - протездик-ортопедиялык буюмдарды куюлган кеби боюнча даярдоодо - 35 жумуш күнгө чейин; - зарыл болгон учурда кошумча өлчөө үчүн - 15 жумуш күнгө чейин. Акыркы жыйынтыкты берүү убактысы - 15 мүнөттөн ашпайт (төлөнгөндүгү тууралуу квитанциясын берүүнүн негизинде). Кызмат көрсөтүүгө жалпы убакыт - 35 күндөн ашпайт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.mlsp.kg; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын аймактык бөлүмдөрүнө жана РПОБМге жеке кайрылууда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын аймактык бөлүмдөрүндө жана РПОБМде маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, аймактык бөлүмдөрүндө жана РПОБМде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдө жайылтылат: - ЖМКларда (газеталар, радио, телекөрсөтүү); - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында: www.mlsp.kg; - маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде; - жеке кайрылууда жана телефон боюнча байланышууда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасында. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн жана РПОБМдин такталарында, сайттарында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, аймактык бөлүмдөрүндө, РПОБМде кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин каалгаларында маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген таанытмалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле жасоо, сабырдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешип жаткан адамды уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди аргументтештирүү. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет: - медициналык мекеменин врачынын жолдомосун; - паспортун; - пенсиялык күбөлүгүн; - туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн (16 жашка чейинки балдар үчүн); - иштеген жеринен маалымкатты (иштеген ДМЧАларга экинчи протез алуу үчүн) |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмүнүн жана РПОБМ маалымат такталарында жана расмий сайттарында жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бүтүндөй жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат жарым-жартылай, атап айтканда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы (www.mlsp.kg) "Суроо-жооп" бөлүмүндөгү суроолорго жооптор бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына ылайык келбесе; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмүнүн жана РПОБМдин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмүнүн жана РПОБМдин жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жоопту жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмүнүн жана РПОБМдин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда кеминде бир жолку мезгилдүүлүк менен дайыма каралып турууга тийиш |
".
|
| 4-тиркеме |
"
24. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык стационардык мекемелерине жана социалдык тейлөөгө жолдомолорду берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин), 3-главасы, 24-пункту |
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Социалдык коргоо департаменти (мындан ары - СКД). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары: - психоневрологиялык оорулары бар балдар жана чоң адамдар; - жалпы оорулары бар, биринчи жана экинчи топтогу майыптуулугу бар балдар жана чоң адамдар; - өзүн-өзү тейлөө жөндөмүнөн толугу менен же жарым-жартылай ажыраган улгайган адамдар; - жетим, жарым-жартылай жетим жана кароосуз калгандар категориясына кирген балдар; - белгилүү жашаган жери жок, бутары же колдору кесилген жарандар; - жалгыз жашаган улгайган адамдар; - өзүн-өзү тейлөө жана басып-туруу жөндөмүнөн жарым-жартылай ажыраган жубайлар; - өзүн-өзү тейлөө жөндөмүнөн жарым-жартылай ажыраган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү (мындан ары - ДЧМА) жалгыз жашаган адамдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө"; "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө"; "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө". - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2013-жылдын 17-майындагы № 273 "Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө"; 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 "Үйүнө барып социалдык тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | 1. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык стационардык мекемесине жайгаштырууга аймактык бөлүмдүн жолдомосу. 2. Аймактык бөлүмдүн үйүнө барып социалдык тейлөө боюнча эсепке алуу жөнүндө буйругу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген, күтүү жайлары, дааратканалары (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүн болбогон учурда - сырттагы дааратканалар), жылытуу, суу түтүгү жана телефон бар жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгон учурда, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧА жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган ДЧМА үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган (жайлар, имараттар); - кезек күтүү принциби боюнча. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн бардык керектүү документтер болгон учурда документтерди кароонун максималдуу мөөнөтү 60 мүнөттү түзөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык бөлүмдөргө жеке кайрылууда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат такталарынан; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүдөй жайылтылат: - жарандарды жеке кабыл алууда; - жалпыга маалымдоо каражаттарында; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында; - аймактык бөлүмдөрдүн маалымат такталарында; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасында; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн сайтында, маалымат такталарында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин каалгаларында маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген таанытмалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле жасоо, сабырдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешип жаткан адамды уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди аргументтештирүү. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган жарандар, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Керектүү документтердин тизмеги: социалдык стационардык тейлөө үчүн: - жазуу жүзүндөгү арыз, ал эми жашы жете электер жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн - мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энесинин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы; - турмуш-тиричилик шартын текшерүү актысы (эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык кызматкери тарабынан таризделет); - ДМЧА, анын ичинде ДМЧ балдар үчүн, майыптыгы тууралуу МСЭКтин маалымкатынын көчүрмөсү менен ССМдин тибин аныктоо боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) чечими; - туугандарынын камкорчулуктан жана көзөмөлчүлүктөн баш тартуусу тууралуу арыз. Туугандары, камкорчулары жана көзөмөлчүлөрү жок учурда баш тартуу жөнүндө арыз талап кылынбайт; - салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; - медициналык карточкадан көчүрмө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 "Үйүнө барып социалдык жактан тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген форма боюнча); - үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымкат; - ВР, ВИЧ/СПИДге, баңгизатка жана алкоголго көз карандылыгына, ичеги-карын инфекцияларынын козгогучтарына кандын жалпы клиникалык анализдери (ичеги-карын ооруларынын козгогучтарынын тобуна бактериологиялык изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар берилген күндөн тартып эки айдан ашык убакыт өтпөсө жарактуу); - көкүрөк клеткасынын органдарынын флюорографиясы; - ала турган пенсиясынын (жөлөкпулдун) өлчөмү жөнүндө маалымкат; - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кыймылсыз мүлкү бар экендиги тууралуу маалымкаты; - 6x4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт (психоневрологиялык ССМ үчүн - 4 сүрөт); - ДМЧА реабилитациялоонун жеке программасынан МСЭК бөлүгүнүн көчүрмөсү; - пенсиялык күбөлүгүнүн көчүрмөсү; - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун, майыптарынын жана аларга теңештирилген адамдардын статусун ырастоочу күбөлүктүн көчүрмөсү; үйүнө барып социалдык тейлөө үчүн: - белгиленген форма боюнча арыз; - турмуш-тиричилик шартын текшерүү актысы; - салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - пенсиялык күбөлүк (көчүрмөсү); - жашаган жеринен маалымкат; - медициналык картадан көчүрмө; - майыптыгы тууралуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу (көчүрмөсү); - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жана ага теңештирилген адамдын күбөлүгү (көчүрмөсү); - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында социалдык маселелер боюнча комиссиянын чечими. Документтердин көчүрмөлөрү аймактык бөлүмдөргө түп нускалары менен чогуу берилет, алар салыштырылып текшерилгенден жана социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасына (мындан ары - СЖКМС) киргизилгенден кийин арыз ээсине кайтарылат |
13 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бүтүндөй жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтүүнү алууга арызды кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлүшү мүмкүн. Кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жиберүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталында катталуусу керек. Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана кагаз жүзүндө басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциялык мүмкүндүгүнө ээ) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайык келбесе; - арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербесе |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, түзүмдүк бөлүмүнүн, ССМ жана СКД жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, аймактык бөлүмү, ССМ жана СКД тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жөнөтүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмүнүн чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда кеминде бир жолку мезгилдүүлүк менен дайыма каралып турууга тийиш |
".
|
| 5-тиркеме |
"
11. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Майыптык фактысын белгилөө, майыптык тобун, себебин, пайда болуу мөөнөттөрүн аныктоо боюнча - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин), 5-главасы, 2-пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору (мындан ары - РМСЭБ). Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - аймактык МСЭК). Аймактык МСЭКтин тизмеси, мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык МСЭКтин маалымат такталарында жана расмий сайттарында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Майыптык фактысын белгилөө боюнча күбөлөндүрүлгөн учурда - Кыргыз Республикасынын жарандары. Кайра күбөлөндүрүлгөн учурда: - I, II жана III топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА); - 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын маалымкаты (мындан ары - МСЭКтин маалымкаты) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда берилет: - белгиленген санитардык-гигиеналык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүндө, анын ичинде көрүүсү жана угуусу ДМЧА жана таяныч-кыймыл аппараттары бузулган ДМЧА үчүн пандустардын, кармагычтардын болушу; - кезек күтүү принциби боюнча; Имаратта күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүндүгү болбогондо - короодогу дааратканалар), жылытуу, суу түтүгү, телефон болот. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет же эгерде алар жайга көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн аларга түшөт. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүү жана документтерди кабыл алуу убактысы - 10 мүнөттөн ашык эмес. Документтерди кароо - 1 күндөн ашык эмес, эгерде ДМЧА кошумча текшерүүгө жиберилсе- 10 жумуш күндөн ашык эмес. Акыркы натыйжаны берүүгө убакыт - 10 мүнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.mlsp.kg; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүмдөрүнө жеке кайрылууда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, РМСЭБдин, аймактык МСЭКтин маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Жарандарды эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын аймактык бөлүмдөрүндө, РМСЭБде, аймактык МСЭКте кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (газеталар, радио, телекөрсөтүү); - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: www.mlsp.kg; - маалымат такталары, брошюралар жана буклеттер; - жарандарды жеке кабыл алуу жана телефон боюнча байланыш; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында, аймактык бөлүмдөрдүн, РМСЭБдин, аймактык МСЭКтин маалымат такталарында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, аймактык бөлүмдөрдө, РМСЭБде, аймактык МСЭКте кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык табличкалар жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, сыпайы, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынып жаткан чечимдерди далилдей билүү. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдерди сактоону, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбай турган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет: - кызмат көрсөтүүнү алуучунун кат жүзүндөгү арызы, ал эми жашы жете элек жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн - мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энелердин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы; - өздүгүн далилдеген документ (паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү); - ички иштер органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү маалымкат; - жазаны өтөө жерлеринен бошотулган жарандар үчүн - жазаны өтөө жерлеринен бошотуу жөнүндө маалымкат; - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат; - иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же эмгек китепчесинен нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (аталган документтердин көчүрмөлөрү медициналык актыга кошулат); - медициналык документтер: медициналык-социалдык экспертизадан өтүүгө саламаттык сактоо уюмунун жолдомосу: 18 жашка чейинки жарандарга - № 088-ду формасы, 18 жаштан улуу жарандарга - № 088-у формасы; амбулатордук карта, стационардык дарылангандыгы жөнүндө көчүрмө, ооруну ырастаган медициналык документтер (консультациялык корутундулар, текшерүүлөрдүн жыйынтыктары ж.б.); иштеген жарандар үчүн - эмгекке жарамсыздык баракчасы. Айрым учурларда салыштырып текшерүү үчүн түп нускаларын көрсөтүү менен төмөнкү документтердин кошумча көчүрмөлөрү берилет: а) кызматтан бошонгон аскер кызматчылары жана ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн: - оорусу тууралуу күбөлүк же Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер-врачтык комиссиясынын (мындан ары - АВК) же тиешелүү ведомствонун АВКсынын токтому; - аскер кызматынан бошотуу жөнүндө буйрук; б) радиациядан жабыркаган жарандар үчүн: - радиациядан жабыркагандар үчүн таасир этүү фактысын ырастаган баштапкы документ: - аскердик билет; - Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын кесепеттерин жоюучунун күбөлүгү; - радиациянын таасирине кабылган адамдын каттоо картасы; - радиациянын таасиринен ооруп калуунун жана майыптыктын келип чыгышынын себептик байланышын белгилөө боюнча Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин корутундусу; - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Профпатология борборунан көчүрмө; в) оорунун өндүрүштүк травма менен себептик байланышын белгилөө жана кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын пайыз менен аныктоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилет: - иш берүүчүнүн мөөрү менен бекитилген жана күбөлөндүрүлгөн Н-1 формасы боюнча өндүрүштө болгон кырсык тууралуу акт; - иш берүүчүдөн өндүрүштөгү кокустуктун кесепеттери тууралуу билдирүү; - жумушка орноштуруу жөнүндө, жумуштун мүнөзү жана шарттары жөнүндө иш берүүчүнүн маалымкаты; г) оорунун кесиптик оору менен себептик байланышын белгилөө жана кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасын пайыз менен аныктоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилет: - кесиптик оорунун бар экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Профпатология борборунан корутунду; - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кесиптик оору (уулануу) учуру боюнча текшерүү актысы (362/у формасы); - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору берген эмгек шарттарынын санитардык-гигиеналык мүнөздөмөсү; - ишке орноштуруу жөнүндө, жумуштун мүнөзү жана шарттары жөнүндө иш берүүчү берген маалымкат. Эмгектик мертинүүнү же кесиптик ооруну ырастаган документтер жок болгон учурда экспертизаны жүргүзүү үчүн негиз болуп бул учурду өндүрүштүк жаракат же кесиптик оору деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү чечими эсептелет. Мөөрлөрдүн жана штамптардын так изи бар документтердин түп нускалары болгондо МСЭК экспертиза жүргүзөт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - бул стандартта белгиленген талаптарга кызмат көрсөтүү шарттарынын шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Электрондук форматтагы кызмат көрсөтүү кызмат көрсөтүүгө арызды кабыл алуу бөлүгүндө Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу: portal.tunduk.kg көрсөтүлүшү мүмкүн. Кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жиберүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталында катталуусу зарыл. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагазга басып чыгарбастан кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгүнө ээ) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына ылайык келбесе; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер толук берилбесе |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РМСЭБдин, аймактык МСЭКтин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доонун маңызы, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колу жана датасы камтылууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык МСЭКтин жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РМСЭБдин, аймактык МСЭКтин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралып турууга тийиш |
12. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Майыптык белгилеринин болушуна сырттан жана каза болгондон кийин экспертиза жүргүзүү жана майыптык боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөп берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 5-глава, 3-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору (мындан ары - РМСЭБ). Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - аймактык МСЭК). Аймактык МСЭКтин тизмеси, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жана аймактык МСЭКтин маалымат стенддеринде жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Сырттан болгон экспертизага: - I, II, III топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА). Каза болгондон кийин экспертиза жүргүзүүгө: - Кыргыз Республикасынын жарандары (каза болгондун жакын туугандары) |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Сырттан экспертиза жүргүзүүдө төмөнкүлөр берилет: - күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсү; - медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын маалымкаты (мындан ары - МСЭК). Каза болгондон кийин экспертиза жүргүзүүдө: - МСЭКтин маалымкаты (бир гана жолу) берилет |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүдөй шарттарда берилет: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүндө, анын ичинде көрүүсү жана угуусу ДМЧА жана таяныч-кыймыл аппараттары бузулган ДМЧА үчүн пандустардын, кармагычтардын болушу; - кезек күтүү принциби боюнча. Имаратта күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүндүгү болбогондо - короодогу дааратканалар), жылытуу, суу түтүгү, телефон болот. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет же эгерде алар жайга көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн аларга түшөт. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүү жана документтерди кабыл алуу убактысы - 10 мүнөттөн ашык эмес. Арыздарды кароо - 1 күндөн ашык эмес. Кошумча изилдөөгө жиберилген ДМЧА арызы - 10 жумуш күндөн ашык эмес. Акыркы натыйжаны берүүгө убакыт - 10 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 1 күндөн ашык эмес (бардык зарыл документтер болгондо) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РМСЭБдин, аймактык МСЭКтин коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.mlsp.kg; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, РМСЭБге, аймактык МСЭКке жеке кайрылууда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РМСЭБдин, аймактык МСЭКтин маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Жарандарды эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, РМСЭБде, аймактык МСЭКте кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (газеталар, радио, телекөрсөтүү); - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: www.mlsp.kg; - маалымат такталары, брошюралар жана буклеттер; - жарандарды жеке кабыл алуу жана телефон боюнча байланыш; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында, аймактык бөлүмдөрдүн, РМСЭБдин, аймактык МСЭКтин маалымат такталарында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, РМСЭБде, аймактык МСЭКте кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык табличкалар жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, сыпайы, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынып жаткан чечимдерди далилдей билүү. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдерди сактоону, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбай турган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызматты көрсөтүү үчүн төмөнкүдөй документтер берилет: - кызмат көрсөтүүнү алуучунун кат жүзүндөгү арызы, ал эми жашы жете элек жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн - мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энелердин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы; - өздүгүн далилдеген документ (паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү); - каза болгондугу жөнүндө белгиленген үлгүдөгү документ; - жазаны өтөө жерлеринен бошотулган жарандар үчүн - жазаны өтөө жерлеринен бошотуу жөнүндө маалымкат; - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат; - иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же эмгек китепчесинен нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (аталган документтердин көчүрмөлөрү медициналык актыга кошулат); - медициналык-социалдык экспертизадан өтүүгө саламаттык сактоо уюмунун жолдомосу 18 жашка чейинки жарандарга - № 088-ду формасы, 18 жаштан улуу жарандарга - № 088-у формасы; - амбулатордук карта, стационардык дарылангандыгы жөнүндө көчүрмө, ооруну ырастаган медициналык документтер (консультациялык корутундулар, текшерүүлөрдүн жыйынтыктары ж.б.); - иштеген жарандар үчүн - эмгекке жарамсыздык баракчасы |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - бул стандартта белгиленген талаптарга кызмат көрсөтүү шарттарынын шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Электрондук форматтагы кызмат көрсөтүү кызмат көрсөтүүгө арызды кабыл алуу бөлүгүндө Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу: portal.tunduk.kg көрсөтүлүшү мүмкүн. Кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жиберүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталында катталуусу зарыл. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагазга басып чыгарбастан кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгүнө ээ) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына ылайык келбесе; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер толук берилбесе |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РМСЭБ, аймактык МСЭКтин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доонун маңызы, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колу жана датасы камтылууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РМСЭБдин жана аймактык МСЭКтин жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РМСЭБдин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралып турууга тийиш |
"