Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 8-сентябры ПЖ № 228
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын инвентаризациялоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 13-декабрындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бийлик-укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" Указы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 16-декабрындагы № 328 "Кыргызалтын" Мамлекеттик концернинин "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоо боюнча иш-чараларды финансылоосуна байланышкан маселелер жөнүндө" Указы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 26-февралындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасын кабыл алуу жөнүндө" Указы;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 6-октябрындагы № 300 "Республикадагы улуттук жаңы токой саясаты жөнүндө" Указы;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 4-декабрындагы № 369 "Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 50 жылдыгына байланышкан чаралар жөнүндө" Указы;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 11-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасын кабыл алуу жөнүндө" Указы;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 3-майындагы № 155 "Мамлекеттик компьютердик тармакты түзүү жөнүндө" Указы;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-июнундагы № 190 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын ишин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Указы;
9) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 22-майындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" Указы;
10) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 31-майындагы № 138 "Кыргызстан калкы Ассамблеясынын кеңешинин ролун жана статусун жогорулатуу жөнүндө" Указынын 1-пункту;
11) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 11-июлундагы № 184 "Кыргыз Республикасында туз өндүрүүнү, ташып келүүнү, сактоону жана сатып өткөрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоону күчөтүү жөнүндө" Указы;
12) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 25-августундагы № 274 "Мамлекеттик жана финансылык тартипти чыңдоо боюнча шашылыш чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 10-февралындагы Указына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы;
13) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 368 "Электроэнергетикалык коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлүнүн жана Ысыккөл регионунун курорттук-рекреациялык зонасын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлүнүн кызмат орундарын жоюу жөнүндө" Жарлыгы;
14) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 446 "Кыргыз Республикасынын Түштүк региону боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызмат ордун жоюу жөнүндө" Жарлыгы;
15) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-августундагы № 444 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Токмок шаарынын статусу жөнүндө" Жарлыгы;
16) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 143 "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу судьялардын окуу Борбору жөнүндө" Жарлыгы;
17) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 23-майындагы № 171 "Кыргызкино" улуттук концерни жөнүндө" Жарлыгы;
18) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 30-майындагы № 188 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
19) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 14-ноябрындагы № 288 "Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президентинин кызмат ордуна киришүүсүнүн күнү жөнүндө" Жарлыгы;
20) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгы;
21) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгы;
22) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
23) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 24-октябрындагы № 209 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
24) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 12-майындагы № 90 "Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жөнүндө" Жарлыгы;
25) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 27-октябрындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
26) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
27) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 188 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 74 (3523) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |