Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 466-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 30-декабры № 703-б
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 372-б, 2010-жылдын 11-октябры № 128-б, 2011-жылдын 29-июлундагы № 321-б, 2011-жылдын 22-августундагы № 350-б, 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 415-б, 2012-жылдын 10-январындагы № 3-б, 2012-жылдын 29-мартындагы № 116-б, 2012-жылдын 11-июнундагы № 259-б,
2012-жылдын 23-августундагы № 433-б, 2012-жылдын 28-августундагы № 434-б 2012-жылдын 12-декабрындагы № 586-б, 2013-жылдын 26-февралы № 55-б,
2016-жылдын 26-январындагы № 23-б, 2016-жылдын 18-августундагы № 377-б,
2017-жылдын 7-июнундагы № 213-б
буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 280-беренесине ылайык:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кошумча нарк салыгы боюнча 300000 (үч жүз миң) сомдон ашык төлөнгөн сумманы кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө чечим салык органы тарабынан кабыл алынуучу салык салынуучу субъекттердин тизмеси;
- КНСтин ордун толтуруу жана кайтарып берүү боюнча комиссиянын курамы;
- КНСтин ордун толтуруу жана кайтарып берүү боюнча комиссиянын иш регламенти;
- Кошумча нарк салыгы боюнча 300000 (үч жүз миң) сомдон ашык төлөнгөн сумманы кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө чечим салык органы тарабынан кабыл алынуучу салык салынуучу субъекттердин тизмесине киргизүү максатында салык салынуучу субъекттерди тандоо критерийлери.
2. Бул буйрук 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы № 525-б буйругу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы № 207-б буйругу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-июнундагы № 280-б буйругу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июлундагы № 382-б буйругу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-октябрындагы № 596-б буйругу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 611-б буйругу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-сентябрындагы № 343-б буйругу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-октябрындагы № 439-б буйругу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 539-б буйругу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-мартындагы № 78-б буйругу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-майындагы № 200-б буйругу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 317-б буйругу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-июлундагы № 368-б буйругу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-октябрындагы № 527-б буйругу.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругу менен бекитилген |
Кошумча нарк салыгы боюнча 300000 (үч жүз миң) сомдон ашык
төлөнгөн сумманы кайтарып берүү жана ордун толтуруу
жөнүндө чечим салык органы тарабынан кабыл
алынуучу салык салынуучу субъекттердин
ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 372-б, 2010-жылдын 11-октябры № 128-б, 2011-жылдын 29-июлундагы № 321-б, 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 415-б, 2012-жылдын 10-январындагы № 3-б, 2012-жылдын 11-июнундагы № 259-б, 2012-жылдын 23-августу № 433-б, 2012-жылдын 28-августу № 434-б
2012-жылдын 12-декабры № 586-б, 2013-жылдын 26-февралы № 55-б, 2016-жылдын 18-августундагы № 377-б, 2017-жылдын 7-июнундагы № 213-б
буйруктарынын редакцияларына ылайык)
"Алтын Ажыдаар" ЖЧКсы (Бишкек шаары, ИНН № 01809199510105);
"Дастан" ТНК ААКы (Бишкек шаары, ИНН № 01903199310069);
"Автомаш-Радиатор" ЖЧКсы (Бишкек шаары, ИНН № 01110200010202);
"Бишкексүт" ААКы (Бишкек шаары, ИНН № 01610199210056);
"Майлуу-Суу лампа заводу" ЖЧК" (Жалал-Абад облусу ИНН № 03011201010218);
"Хайдаркан сымап акционердик коому" АТАКы (Баткен облусу, ИНН № 00109199510030);
"Нур-КМ" АКы (Баткен облусу, ИНН № 01405199310010);
"Интергласс" ЖЧКсы (Чүй облусу, ИНН № 02609200010096);
"Шин-Лайн" ЖЧКсы (Чүй облусу, ИНН № 02709199910209);
"Үмүт жана К" ЖЧКсы (Чүй облусу, ИНН № 01604199710031);
"Айнур заводу" ЖЧКсы (Бишкек шаары, ИНН № 02705199310049);
"Кадамжай сурьма комбинаты" ААКы (Баткен облусу, ИНН № 00501196710014);
"Солдати Плюс" ЖЧКсы (Бишкек шаары, ИНН № 01906200210026);
"Елимай" ЖЧКсы (Бишкек шаары, ИНН № 01508200210011);
USV" ("ЮСВ") ЖЧКсы (Бишкек шаары, ИНН 02104199910177);
«Манас» Эл аралык аэропорту» (Бишкек шаары, ИНН № 01505200110063);
«Ак-Сүт» ААК (Чүй облусу, ИНН № 02903199510102 );
«СТК Компани» ЖЧК (Чүй облусу, ИНН № 00604200910011)»;
"ЭСК ЛТД" ЖЧК" (Ош облусу, ИНН № 00106200110049)";
«Тансу» ЖЧКсы» (Бишкек шаары, ИНН № 01705199510132);
"Электр станциялары" ААКы" (Бишкек шаары, ИНН 01810200110062);
"Интергласс" ЖЧКсы (Чүй облусу, ИНН № 02609200010096;
"Техно Стиль" ЖЧКсы (Бишкек шаары, ИСН № 02710200910128)";
"Абдыш-Ата" ЖЧКсы (Кант шаары, ИСН № 03005200010100);
"Текстиль Транс" ЖЧКсы (Бишкек шаары, ИСН 01712200810168).
"Компания Манас Менеджмент" ЖАКы (Бишкек шаары, ИСН № 02304199810118).".
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругу менен бекитилген |
КНСтин ордун толтуруу жана кайтарып
берүү боюнча комиссиянын
КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 350-б, 2012-жылдын 28-августу № 434-б, 2016-жылдын 26-январындагы № 23-б
буйругунун редакциясына ылайык)
Экономика министринин орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын мамлекеттик кирешелерди эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальнигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Экономика жана финансы чөйрөсүндө укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын финансы чөйрөсүндө укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн оперкызматкери;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын статистикалык талдоо жана болжолдоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңешинин Байкоочу комиссиянын жетекчиси (кенеш берүү укугу менен, макулдашуу боюнча).
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругу менен бекитилген |
КНСтин ордун толтуруу жана
кайтарып берүү боюнча комиссиянын
ИШ РЕГЛАМЕНТИ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-мартындагы № 116-б, 2016-жылдын 26-январындагы № 23-б буйругунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Комиссиянын милдеттери
3-глава. Комиссиянын укуктары
4-глава. Комиссиянын иш тартиби
1-глава
Жалпы жоболор
1. Бул Иш регламенти кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу жана салыктын ашкан суммасын (мындан ары - КНСтен ашкан сумма) кайтарып берүү жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында түзүлгөн КНСтин ордун толтуруу жана кайтарып берүү боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) ишмердигинин тартибин, ишин уюштуруунун негизги эрежелерин жана жол-жоболорун аныктайт.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексин (мындан ары - Салык кодекси), Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Кошумча наркка салыктын ашкан суммасын текшерүүнүн, бюджеттен ордун толтуруунун жана кайтарып берүүнүн тартиби жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын жана ушул Регламентти жетекчиликке алат.
3. Комиссиянын ишине Комиссиянын төрагасы жетекчилик кылат.
4. Комиссия өз ишин жыйналыштарды өткөрүү жолу аркылуу жүргүзөт.
5. Комиссиянын ишин уюштуруу, усулдук жана башка камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ишке ашырат.
2-глава
Комиссиянын милдеттери
6. Комиссиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан Комиссияга жиберилген КНСтин ордун толтуруу жана салыктын ашкан суммасын кайтарып берүү боюнча материалдарды кароо;
- КНСтин ордун толтурууга жана салыктын ашкан суммасын кайтарып берүүгө укук берүү же бербөө жөнүндө чечим кабыл алуу;
- КНСтин ордун толтуруу жана салыктын ашкан суммасын кайтарып берүү жөнүндө кабыл алынган чечимдерди инвентаризациялоо жана эсепке алуу;
- кабыл алынган чечимдерди ыйгарым укуктуу салык органына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгына (мындан ары - Борбордук казыначылык) жана салык салынуучу субъектиге жеткирүү, кабыл алынган чечимдердин бул органдар тарабынан толук жана өз убагында аткарылышын контролдоо;
- КНСтен ашкан суммасынын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө салык кызматынын органдарынын, Борбордук казыначылыгынын жана анын региондук бөлүмдөрүнүн чечимдерине карата салык салынуучу субъекттердин арыздары менен даттанууларын кароо;
- салык мыйзамдарынын талаптарын сактоону контролдоо;
- КНСтен ашкан суммасынын ордун толтуруу жана бюджеттен кайтарып берүү материалдарын даярдоо жөнүндө Комиссия тарабынан мурда кабыл алынган чечимди анда тартип бузуулар аныкталса, жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алуу;
- КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө мурда чыгарылган чечимдерди жокко чыгаруу тууралуу чечимдерди аткаруу үчүн Борбордук казыначылыкка жана ыйгарым укуктуу салык органына жиберүү.
3-глава
Комиссиянын укуктары
7. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан Комиссиянын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча маалымат алууга;
- ыйгарым укуктуу салык органына, Комиссиянын курамына кирүүчү башка түзүмдөрдүн өкүлдөрүнө Комиссиянын кароосуна берилген материалдар менен маалыматтардын туура экендигин текшерүү боюнча тапшырмаларды берүүгө;
- тийиштүү мамлекеттик органдарга Комиссиянын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- тартип бузуулар жана алардын иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларынын талаптарына туура келбегени аныкталган учурда кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- Комиссиянын алдындагы милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка иштерди жүзөгө ашырууга.
4-глава
Комиссиянын иш тартиби
8. Комиссиянын жыйналышында карала турган маселе боюнча материалдар ыйгарым укуктуу салык органы берүүчү документтердин негизинде даярдалат.
Берилген документтер Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жалпы бөлүмүндө катталууга тийиш.
9. Материалдар Комиссиянын жыйналышына келип түшкөндө, ошондой эле маселе каралгандан кийин аларды ыйгарым укуктуу салык органына кайтарып бергенде атайын журналга катталат.
10. Салык салынуучу субъектилердин Комиссиянын кароосуна берилген алгачкы документтери маселе каралгандан кийин ыйгарым укуктуу салык органына кайтарып берилүүгө тийиш.
11. Борбордук казыначылык Комиссиянын кароосуна кошумча нарк салыгынын ашкан суммасынын ордун толтурууга жана кайтарып берүүгө укук берүү жөнүндө Комиссиянын чечимдеринин аткарылышынын натыйжалары жөнүндө жума сайын маалымат берип турат.
12. Комиссиянын жыйналышы Комиссияга документтердин түшүшүнө жараша өткөрүлөт. Комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн же төраганын демилгеси менен кезексиз жыйналыш чакырылышы мүмкүн.
13. Комиссиянын бардык мүчөлөрү катышкан жыйналыш мыйзамдуу болуп эсептелет.
Эгерде Комиссия мүчөсү жөнү бар себеп боюнча Комиссиянын жыйналышына катыша албай калса, анда Комиссиянын бул мүчөсү өзүнүн ыйгарым укуктарын өкүлү болуп Комиссиянын жок болгон мүчөсү саналган мамлекеттик органдын башка адамына жазуу жүзүндө өткөрүп берүүгө укуктуу. Катта Комиссиянын жыйналышына катыша албаган себептер милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү керек.
Комиссиянын бир мүчөсү жок болгон учурда жыйналыш Комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн макулдугу менен төрага (ал жок болуп калса - анын алмаштыруучу адам) аныктаган күнгө жылдырылат.
14. Күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча Комиссиянын чечими, эгерде ага Комиссия мүчөлөрү бардыгы добуш беришсе укуктуу болуп эсептелет. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага Комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
15. Маселени кароонун жана чечим кабыл алуунун жүрүшүндө Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан айтылган өзгөчө пикирлер протоколго жазылат.
16. Жыйналыштын протоколдорунун көчүрмөлөрү Комиссиянын мүчөлөрүнө алардын талаптары боюнча берилет.
17. Комиссиянын мүчөлөрүнө кезектеги жыйналыштын күн тартибин таратып берүү, жыйналышка тиешелүү материалдарды даярдоо, протоколдорду тариздөө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан бир күндүк мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
18. Салык салынуучу субъектке КНСтин ордун толтуруу жана салыктын ашкан суммасын кайтарып берүү укугун берүүгө каршы добушун берген Комиссиянын мүчөлөрү ченемдик укуктук актылардын беренелерине же башка ырасталган фактыларга шилтеме кылуу менен негиздеменин себептерин жазуу жүзүндө бериши керек.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 23-б буйругунун редакциясына ылайык)
19. Келип түшкөн материалдарды изилдөө мөөнөтү материалдар Комиссиянын кароосуна келип түшкөн күндөн тартып 12 жумушчу күндөн ашпашы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 23-б буйругунун редакциясына ылайык)
5-глава
Комиссиянын жоопкерчилиги
(Глава КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 23-б буйругунун редакциясына ылайык)
20. Комиссиянын жана анын мүчөлөрүнүн, ошондой эле анын катчысынын салык төлөөчү жөнүндө алган маалыматтары салыктык купуя сырды түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 23-б буйругунун редакциясына ылайык)
21. Салыктык купуя сырды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Комиссия жана анын мүчөлөрү, ошондой эле катчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 23-б буйругунун редакциясына ылайык)
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругу менен бекитилген |
Кошумча нарк салыгы боюнча 300000 (үч жүз миң) сомдон
ашык төлөнгөн сумманы кайтарып берүү жана ордун толтуруу
жөнүндө чечим аймактык салык органы тарабынан
кабыл алынуучу салык салынуучу субъекттердин
тизмесине киргизүү максатында салык
салынуучу субъекттерди тандоо
КРИТЕРИЙЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-мартындагы № 116-б, 2016-жылдын 26-январындагы № 23-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Тизмени аныктоо тартиби
3-глава. Салык салынуучу субъекти тандоо критерийлери
4-глава. Тизмеге киргизилген салык салынуучу субъекттин
экономикалык ишмердигине мониторинг жүргүзүү
1-глава
Жалпы жоболор
1. Салык салынуучу субъекттерди тандоонун ушул критерийлери (мындан ары - Тандоо критерийлери) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 280-беренесине жана салык кызматы органдарынын ишмердигин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык Кошумча нарк салыгы боюнча 300000 (үч жүз миң) сомдон ашык төлөнгөн сумманы кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө чечим салык органы тарабынан кабыл алынуучу тизмеге (мындан ары - Тизме) салык салынуучу субъекттерди киргизүү максатында иштелип чыкты.
Тизмеге экспортко арналган продукцияларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) чыгаруу үчүн жабдууларды, сырьелорду, материалдарды жана комплектөөчү буюмдарды өндүрүштүк циклде пайдалануучу өнөр жай ишканалары, "Жашырын" деген грифи бар аскердик-техникалык багыттагы продукцияларды чыгаруучу ишканалар, ошондой эле Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товарлардын экспортун ишке ашыруучу, алар үчүн кошумча нарк салыгы боюнча ашыкча төлөнгөн сумманы кайтарып берүүнүн жана ордун толтуруунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби каралган ишканалар киргизилет.
2. Тандоо критерийлери кошумча нарк салыгы боюнча ашык төлөнгөн сумманы бюджеттен кайтаруу жана ордун толтуруу маселелерин оперативдүү чечүүнү камсыздоо, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын жана башка нормативдик укуктук актыларын сактоо максатында иштелип чыккан.
2-глава
Тизмени аныктоо тартиби
3. Тизме Ыйгарым укуктуу салык органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен макулдашылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
4. Тизме ушул Тандоо критерийлеринин 3-главасында каралган критерийлердин негизинде түзүлөт.
5. Тизмени аныктоо, ага толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү салык салынуучу субъекттердин Тандоо критерийлеринин көрсөткүчтөрүнө туура келгенде ишке ашырылат.
6. Салык салынуучу субъект аталган Тизмеге киргизилген же андан чыгарылган учурда ыйгарым укуктуу салык органы ал жөнүндө салык салынуучу субъектиге расмий түрдө билдириши керек.
3-глава
Салык салынуучу субъекти тандоо критерийлери
7. Тизмеге киргизүү максатында салык салынуучу субъекттерди аныктоо үчүн ыйгарым укуктуу салык органы жана анын жер-жерлердеги органдары тарабынан төмөндөгүдөй критерийлер колдонулат:
1) экономикалык ишмердик жүргүзүү - 2 жылдан кем эмес, анын ичинде экспортту ишке ашыруу - 1 жылдан кем эмес;
2) өз активдеринин наркы (милдеттенме чыгарылгандан кийинки активдер) - 15,0 млн.сом жана андан ашык;
3) акыркы 12 календардык айдагы нөлдүк ставка боюнча салык салына турган беримдердин наркы - 40,0 млн.сом жана андан ашык.
Эгерде салык салынуучу субъекттер тарабынан нөлдүк ставка менен берим, ошондой эле нөлдүк ставкадан айырмаланган стандарттуу ставкалуу беримдер жана андан бошотулган беримдер жүзөгө ашырылса, анда нөлдүк ставка боюнча салык салына турган беримдердин суммасы кийинки ырааттуу календардык алты айдын ичинде ушундай эле беримдердин жалпы наркынын 50 проценттен кем эмесин түзүшү керек;
4) жашырылган салыктардын суммасы салыктык (айыптык) санкциялар менен туум айыптарды (проценттерди) эсепке албагандагы акыркы 2 жылдын ичинде жүргүзүлгөн салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча - ар бир тийиштүү мезгил үчүн өзүнчө алынган бюджеттин алдындагы салыктык милдеттенменин жалпы суммасынан (ашык төлөнгөндөрдү эске алганда) 10 проценттен ашпоосу керек.
Мисалы, "А" фирмасына акыркы 2 жылда, б.а. 2006-2007-жылдар үчүн салык боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кошумча эсептелинди:
- 2006-жыл үчүн бардыгы 450,0 миң сом, а.и. пайдага салык - 200,0 миң сом, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга которуу - 150,0 миң сом, автожолдорун пайдалангандыгы үчүн салык - 100,0 миң сом суммасында.
Мында фирманын 2006-жыл үчүн салык милдеттенмеси жалпысынан салыктын бардык түрлөрү боюнча 5000,0 миң сомду түзгөн. Демек, кошумча эсептелген (төмөндөтүлгөн) салыктын салыштырма салмагы - 9%ти түзөт;
- 2007-жыл үчүн 2006-жылы жүргүзүлгөндөй эле талдоо жүргүзүлүшү керек.
5) Маселени Тизмеге киргизүүнү кароо учурунда Кыргыз Республикасынын салык же бажы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн козголгон кылмыш-жаза ишинин жоктугу;
6) (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-мартындагы № 116-б буйругуна ылайык күчүн жоготту).
8. Тизмеге экономикалык көрсөткүчтөрү ушул главанын 7-пунктунда каралган бардык критерийлерге жооп берген салык салынуучу субъекттер киргизилет.
Экономикалык көрсөткүчтөрү ушул главанын 7-пунктунда каралган критерийлердин бирине да туура келбеген салык төлөөчүлөр Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин сунушу менен, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашылгандан кийин, эгерде Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн алардын экономикалык иштери стратегиялык мааниге ээ болсо, Тизмеге киргизилиши мүмкүн.
9. Салык салынуучу субъекттин экономикалык көрсөткүчтөрүнүн ушул главанын 7-пункттунда каралган критерийлерге туура келиши аныкталган кезде, салык салынуучу субъект берген салык декларацияларында, отчетторунда, эсеп-кысаптарында, бухгалтериялык отчетторунда көрсөтүлгөн, тышкы экономикалык иш жана салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгынын негизинде алынган маалыматтар пайдаланылат.
4-глава
Тизмеге киргизилген салык салынуучу субъекттин
экономикалык ишмердигине мониторинг жүргүзүү
10. Тизмеге киргизилген салык салынуучу субъекттин экономикалык ишмердигине мониторинг жүргүзүүнүн негизинде ыйгарым укуктуу салык органы алардын экономикалык көрсөткүчтөрүнүн ушул Тандоо критерийлеринин 3-главасында каралган критерийлерге туура келишине жыл сайын баалоо жүргүзөт.
Ыйгарым укуктуу салык органы критерийлерге туура келбегендик орун алган учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен макулдашуу боюнча салык салынуучу субъекттерди Тизмеден чыгарып салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш