Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-декабры № 872
Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын төртүнчү мезгилдүү баяндамасы жөнүндө
Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын кабыл алынган милдеттенмелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын тиркелген төртүнчү мезгилдүү баяндамасы жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом менен жактырылган Баяндаманы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына жиберсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-декабрындагы № 872 токтомуна тиркеме |
Киришүү
1. Кыргыз Республикасы БУУнун Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1996-жылдын 25-январындагы № 320-1 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын 1996-жылдын 6-мартындагы П № 257-1 токтомуна ылайык кошулган.
2. Кыргыз Республикасы аталган Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциянын (АБФЖ) 18-беренесинин жоболоруна ылайык Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу боюнча комитеттин кароосуна төртүнчү мезгилдүү баяндаманы сунуштайт.
3. Кыргыз Республикасы тууралуу жалпы маалымат, республиканын калкы, саясый түзүлүшү, адам укугун коргоо жагында иш алып барган органдар системасы жана республикада адам укугу жагында маалыматтарды таркатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу жалпы маалыматтар "Кыргыз Республикасынын БУУнун адам укугу чөйрөсүндө эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча улуттук баяндамалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 токтому менен бекитилген жана 2012-жылдын март айында БУУнун Адам укугу боюнча комитетине жөнөтүлгөн базалык документте баяндалган.
4. Бул документ CEDAW/C/7/Rev.3 негизги принциптерине ылайык даярдалган жана өзүндө 2008-2012-жылдар аралыгын камтыйт.
5. Бул баяндамада Кыргыз Республикасынын министрликтеринен жана ведомстволорунан, коомдук уюмдарынан алынган маалыматтар колдонулган жана анда Кыргыз Республикасы тарабынан 2008-жылдын октябрь айында сунушталган үчүнчү мезгилдүү баяндаманы кароонун жыйынтыгы боюнча АБФЖнын корутунду сунуштамалары эске алынган.
6. БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитетинин Корутунду сунуштамалары анын 2 жана 7-пункттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отурумунда талкууланып, "Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу боюнча БУУнун конвенциясынын аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын үчүнчү мезгилдүү баяндамасына карата Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу боюнча БУУнун Комитетинин Корутунду сунуштамаларын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу" 2009-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 387 токтому кабыл алынган.
7. 2011-жылдын октябрь айында БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитетинин үчүнчү мезгилдүү баяндамага карата Корутунду сунуштамаларынын 20 жана 22-пункттарын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын орто аралык отчету БУУнун Комитетинин кароосуна жөнөтүлгөн.
8. БУУнун Комитетинин Корутунду сунуштамаларынын 27-пунктуна ылайык, Баяндаманын долбоору мамлекеттик түзүмдөрдүн, жарандык сектордун жана БУУнун Борбордук Азияда үчүн Адам укугун коргоо боюнча башкы комиссариаты (АУКЖК) региондук офиси, ОБСЕ, БУУ-Аялдар, "Сорос-Кыргызстан" Фондусу сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрдүн катышуусу менен өткөрүлгөн "тегерек стол" маегинде талкууланган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул баяндаманын долбоорун иштеп чыгууда алардын катышууларын жана салымдарын өзгөчө баалайт. Айтылган сунуш-пикирлер документти аягына чейин иштеп бүтүрүүдө эске алынды.
9. Бул Баяндамада Конвенциянын айрым беренелеринин талабын аткаруу боюнча айкын маалыматтар, Кыргыз Республикасында бул багытта көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле аялдардын абалын жакшыртуу жагында жетишилген ийгиликтер, орун алган тоскоолдуктар жана пландаштырылып жаткан кадамдар тууралуу маалыматтар камтылган.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү гендердик теңчиликти орнотууда олуттуу өзгөрүүлөргө жетишүү үчүн комплекстүү мамиле жасоо зарыл экендигин жана коомдун бардык мүчөлөрү үчүн бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түптөө боюнча процесстин кыйла узакка созулаарын да жакшы түшүнөт. Бул багытта ийгиликке жетишүү максатын көздөө менен Кыргызстанда биринчилерден болуп, 2020-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча узак мөөнөткө каралган улуттук стратегия кабыл алынып, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июлунда № 443 токтому менен бекитилген.
1-берене.
11. Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы Конституциясында адамдын жана жарандын жынысына, расасына, тилине, этноско таандыктыгына, туткан динине, жаш курагына, саясий же башка ынанымдарына, билим деңгээлине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларына карабастан, укугу жана эркиндиги жагынан теңчилигине кепилдик белгиленген.
12. Жынысына жараша басмырлоого бөгөт коюу үчүн шарттарды түзүү, турмуштук бардык жагдайда аялдардын мүмкүнчүлүгүн теңештирүү зарылчылыгын таануу менен ведомстволук нускоолорду кошо алганда, улуттук мыйзамдарда эркектер менен аялдардын тең укуктуулугунун нормалары жана стандарттары бекемделген. Ошондой эле, ар кайсы социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган атайы чаралар, басмырлоого жатпай тургандыгы да белгиленген. Гендердик артыкчылыкты пропагандалоого тыюу салынган, жарандар бирдей укуктарга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга өтүүдө, кызматынан жогорулаганда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ экендиги баяндалган.
2-берене.
13. Эркектер менен аялдардын тең укуктуулук принциби Кыргыз Республикасынын Конституциясында камтылган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 4-пунктунда Кыргыз Республикасында эркектер жана аялдар бирдей укукка жана эркиндикке, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ деп жазылган. Мына ушул конституциялык ченемди ишке ашыруу "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 184 Мыйзамы менен камсыз кылынат. Ушул Мыйзамга ылайык, гендердик теңчиликти бузууга жол берилген учурда, жарандардын айкын фактылар боюнча кайрылуу тартиби белгиленген. Гендердик басмырлоого дуушар болгон адамдар бир эле учурда Акыйкатчыга (Омбудсмен), прокуратура, сот органдарына жана башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына кайрылууга укуктуу.
14. Мамлекеттик органдардын жана жарандык сектордун адам укугун коргоо чөйрөсүндө күч-аракетин бириктирүү, гендердик маселени өнүктүрүү чөйрөсүндө укук коргоо ишинин жигерин арттыруу максатында Акыйкатчынын (Омбудсмен) 2009-жылдын 30-декабрындагы № 186 буйругуна ылайык Акыйкатчынын Аппаратынын (Омбудсмен) алдында Гендердик маселе боюнча коомдук кеңеш түзүлгөн. Мисалы, 2011-жылы Акыйкатчынын Аппаратына (Омбудсмен) гендердик басмырлоого байланыштуу даттануу менен 12 арыз түшкөн болсо, 2012-жылдын 1-чейреги ичинде 3 арыз түшкөн. 2011-жылы кыз ала качуу маселеси менен эч ким кайрылбаса, 2012-жылдын 1-чейрегинде 1 арыз келип түшкөн. Арыз боюнча кыздын укугун коргоо жагында жардам көрсөтүлгөн.
Акыйкатчынын Аппаратында (Омбудсмен) 2009-жылы үй-бүлөдөгү зомбулуктан жана гендердик басмырлоодон коргоого алуу чараларына мониторинг жана талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү сектору түзүлгөн.
15. УИП-2ни ишке ашыруунун алкагында, 2007-2010-жылдар аралыгында өлкөнүн бардык региондорунда коомдук башталыштарда координациялык кеңештер түзүлгөн. Ал эми 2012-жылдан тартып УИП-3тү ишке ашыруунун чегинде, ар бир мамлекеттик органдарда гендердик саясатты жайылтуу жана натыйжалуу ишке ашыруу боюнча туруктуу иштеген жумушчу топтору иштейт.
16. Жыныстык белгилери боюнча жарандардын укугун жана эркиндигин басмырлоого жол берген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана алардын кызмат адамдарынын, ошондой эле юридикалык жактардын алгылыксыз аракеттерине даттанууга болот, ал эми жарандар сот тартибинде өз укуктарын калыбына келтире алышат. Алсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин 2008-жылдан тартып 2012-жылдын I чейрегине чейинки мезгил үчүн берген маалыматтарына ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка жол берген адамдардын жалпы саны - 2144; үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендердин жалпы саны 2238 түзүп, алардын ичинен кылмыш иши боюнча - 242 чечим, административдик укук бузуулар боюнча - 1811 чечим чыгарылган. 2010-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны 2011-жылдагыга салыштырганда, 62%га көп болуп, жогорку көрсөткүчкө жеткен.
17. ИИМ тарабынан Юстмин менен биргеликте "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзам долбоору даярдалып, анда жашы жетпегендердин жана жаш балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчиликтерди күчөтүү чаралары каралган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-августундагы № 571 токтому менен бекитилген. Учурда, бул мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда турууда.
18. Үй-бүлөдө зомбулуктун алдын алып, ага бөгөт коюунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 25-июлундагы № 136 Мыйзамында үй-бүлөлүк зомбулук үчүн администрациялык жоопкерчиликти күчөтүү бөлүгү киргизилген. Ушул өзгөртүүлөргө ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка жол бергендиги үчүн айыптык төлөм гана эмес, 5 күнгө чейинки администрациялык камакка алуу сыяктуу жаза колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган.
19. Комитеттин Корутунду сунуштамаларынын 11 жана 12-пункттарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомуна ылайык, 2009-жылдан тартып мамлекеттик органдар гендердик маселени кошо алганда, мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүүнүн адистештирилген түрлөрүн жүргүзүүгө милдеттүү болушкан. Бул милдет, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 токтомуна ылайык Юстминге жүктөлгөн. Мындан тышкары, 2008-жылы республиканын Парламентинде каралуучу мыйзам долбоорлоруна гендердик экспертиза жүргүзүү боюнча стандарттар бекитилген (Жогорку Кеңештин 2008-жылдын 18-январындагы № 75-IV токтому).
20. Эксперттик ишти жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө мыйзамга ылайык кабыл алынган актылар үчүн атайы нускамаларды иштеп чыгуу зарылчылыгы ачык-айкын тастыкталган. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 319 токтому менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдан келип чыгуучу актыларын укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө нускама кабыл алынган.
21. Көрүлгөн чараларга карабастан, жоопкерчиликтүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетиштүү потенциалга ээ эместигинен, мезгил-мезгили менен берилип туруучу отчеттордун жана алардын аткарылышына контролдуктун жоктугунан улам, гендердик экспертизаны жүргүзүү механизмдерин иш жүзүндө колдонуу кыйынчылыкка турууда.
22. УИП-3түн алкагында гендердик багыттагы укуктук талдоо жүргүзүү механизмдерин өркүндөтүү боюнча мамлекеттин андан аркы күч-аракеттери гендердик экспертизаны жүргүзүү мамлекеттик түзүмдөрдүн компетенциясынын бөлүгү катары каралуусуна жана мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлеринин ажырагыс функционалдык милдетинен болуп калышына жетишүүгө багытталган.
23. Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын аткарылышына көзөмөлдүк кылуу прокуратура органдарынын милдеттерине кирет. 2011-жыл үчүн алынган маалыматтарга ылайык, прокуратура органдары тарабынан 147 текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада 409 прокурордук таасир этүү актылары киргизилип, алардын ичинен мыйзам талаптарын бузууларды четтетүү тууралуу 148 сунуш-көрсөтмө, 236 буйрутма жана мыйзам бузууга жол берилбестиги жөнүндө 20 адамга эскертүү берилип, 5 администрациялык иш козголгон. Прокурордук чара көрүү актылары боюнча 30 адам тартип жоопкерчилигине, ал эми 5 адам администрациялык жоопкерчиликке тартылган.
24. 2012-жылдан тартып Башкы прокуратура Мамлекеттик статистикалык отчетко гендердик саясат боюнча мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдүк кылуу боюнча бөлүмдү киргизген. 2012-жылдын I жарым жылдыгы ичинде 30 текшерүү жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгы боюнча прокурордук чара көрүүнүн 39 акты киргизилген. Алардын ичинен мыйзам бузууларды четтетүү тууралуу 15 көрсөтмө, 18 буйрутма жана беш адамга мыйзам бузууга жол берилбей тургандыгы тууралуу эскертүү берилген. Прокурордук чара көрүү актылары боюнча 5 адам тартип жоопкерчилигине тартылган.
25. Көрүлгөн чаралар аялдарды басмырлоодон коргоо чөйрөсүндө мыйзамдык базаны өркүндөтүү жагына мамлекет тарабынан көңүл бурулуп жаткандыгын тастыктайт. Ошону менен катар эле, көрүлгөн чараларды жүзөгө ашырууда көйгөйлөр орун алып жаткандыгын да белгилей кетүү зарыл.
26. Башкы прокуратура 2011-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча отчет берүүдө 2010-жылдын июнь айында өлкөнүн түштүгүндө жол берилген кылмыш иштерин териштирүү жагында маалыматтардын аз берилгендигин белгилеген. Алсак, укук коргоо органдары Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча 5627 кылмыш ишин козгогон болсо, алардын ичинен 6,2% гана аягына чейин териштирилген. Кылмыш иштеринин көпчүлүгү объективдүү себептерден улам ачылбай келет, башкача айтканда орун алган баш аламандыкка көпчүлүк учурда жергиликтүү калк эмес, сырттан келгендер активдүү катышкандыктан кылмышты ким жасагандыгын аныктоо мүмкүн эмес болгон. Кылмыш ишине шектелгендердин көпчүлүгү республиканын аймагынан чыгып кетүүгө үлгүргөн.
27. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңештин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри сыяктуу өлкөнүн жогорку жетекчилиги өлкөдө этностор аралык тынчтыкта жана эриш-аркак ынтымакта жашоо, адамдарды этностук, расалык жана башка белгилери боюнча басмырлоого жол бербөө саясатын колдой тургандыгын так жана айкын билдирип жатышы, укук коргоо жана күч түзүмдөрүндө, сот системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар мамлекеттин бюрократиялык аппаратынын башкарууну демократиялаштырууга, башкаруунун борбордук жана жергиликтүү органдар деңгээлинде этностук, расалык же башка белгилери боюнча басмырлоонун кандай болбосун көрүнүштөрүн четтетүүгө чечкиндүү кадам жасап жаткандыгы менен тастыкталууда.
28. Буга тиешелүү кошумча маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 токтому менен жактырылып, БУУнун Комитетине жөнөтүлгөн 2007-2011-жылдар аралыгында расалык басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө эл аралык конвенциянын жоболорунун аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын бириктирилип берилген бешинчи, алтынчы жана жетинчи мезгилдүү баяндамаларында камтылган.
3-берене.
29. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнүн өзгөрүүсүнө байланыштуу гендердик саясат маселеси Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине өткөрүп берилген. Учурда бул Министрлик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 токтомуна ылайык, республикадагы гендердик саясат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы (ыйгарым укуктуу органы) болуп калган. ЖЭИКМде гендердик саясат бөлүмү ачылган.
Ыйгарым укуктуу органдын негизги милдетинен болуп (Корутунду сунуштамалардын 25, 26-пункттары) улуттук гендердик саясаттын артыкчылыктарын аныктоо жана милдеттерди түзүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу, гендердик чөйрөдө кырдаалды талдоо жана мамлекеттик гендердик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү саналат.
30. Эл аралык милдеттенмелерге ылайык, гендердик саясаттын негизги багыттарды аныктоо, ишке ашырылышын камсыз кылуу боюнча атайы чараларды кеңири жайылтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 268 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик маселе боюнча улуттук кеңеш (Улуттук кеңеш) түзүлгөн.
Улуттук кеңеш гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну координациялоочу, ошондой эле гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн аналитикалык, эксперттик иштерди камсыз кылуучу координациялык, консультациялык, кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
31. "2020-жылга чейин гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы жана 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы № 443 токтомунун кабыл алынышын, өлкөдө гендердик саясатты ишке ашыруудагы маанилүү жетишкендик катары белгилеп кетүүгө болот. Бул Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетишүү чөйрөсүндө узак мөөнөткө каралган алгачкы документ. Стратегия гендердик басмырлоону четтетүү үчүн укуктук жана институттук өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө багытталган жана ал Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жыл аралыгында мамлекет тарабынан ишке ашырылган гендердик саясаттын логикалык уландысы болуп саналат. Стратегия улуттук жана жергиликтүү деңгээлде жарандык коомдун өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрүү менен коштолгон.
2012-2014-жылдар аралыгында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин орто мөөнөткө каралган улуттук планынын (УИП-3) иштелип чыгышы бул Стратегияны жүзөгө ашыруунун биринчи баскычынан болуп калган. Иш-чарада каралгандарды аткаруу үчүн мониторинг жүргүзүү индикаторлорун иштеп чыгуу жана атайын бюджеттин бөлүнүшү Стратегиянын жана УИП-3түн айырмалоочу белгисинен болуп саналат. Учурда УИП-3түн бюджети иштелип чыгууда.
Аялзатынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү; функционалдык билим берүү системасын түзүү; гендердик басмырлоону жок кылуу жана аялдардын сот акыйкаттыгынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү; чечим кабыл алууда жана аялдардын саясатка аралашуусунда гендердик паритетке жетишүү, бул Стратегиянын биринчи кезекте аткарылуучу милдеттеринен болуп саналат.
32. Институттук деңгээлде гендердик саясатты өнүктүрүү аялдардын абалы боюнча статистикалык маалыматтарды өркүндөтүү менен коштолгон. Алсак, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин "Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери" деп аталган жыл сайын чыгарылуучу жыйнагы жарык көрүп, анда "Аялдарга жана балдарга карата кылмыштуулук, үй-бүлөлүк зомбулук" бөлүмү олуттуу кеңейтилген. Анда ИИМдин, ССМнын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин, Кризистик борборлор ассоциациясынын жыйнакталган маалыматтары чагылдырылган жаңы 23 көрсөткүч киргизилген.
33. Жогорку Кеңештин Коргонуу жана коопсуздук комитетинин чечиминде дагы, өлкөнүн түштүгүндө орун алган, жергиликтүү калкка, айрыкча аялзатына жана калктын эң эле аялуу тобуна карата масштабдуу зомбулук менен коштолгон каргашалуу окуялар саясий, мамлекеттик жана коомдук институттар үчүн республиканы коопсуз өнүктүрүүдө өзүнчө бир чакырык болуп калган. Ошондой эле улуттар аралык жаңжалды жөнгө салып тескөөгө, дароо шайкеш чараларды көрүүгө бийликтин жөндөмдүүлүгүнүн жетишсиздиги жана технологиялардын, тиешелүү ыкмалардын жана каражаттардын жоктугу шарттарында жарандык коом институттарынын мындай жагдайга даяр эместиги да белгиленген.
34. 2010-жылдын июнь айындагы каргашалуу окуялардын кесепетин эске алуу менен Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети тарабынан 2012-жылдын 16-апрелинде БУУнун Коопсуздук кеңешинин тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролу жөнүндөгү 1325 Резолюциясынын талабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынып, бүгүнкү күндө бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
35. Социалдык-маанилүү көйгөйлөрдү чечүү, социалдык кызматтарды сунуштаган базарды түзүү максатында "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 21-июлундагы № 162 Мыйзамы кабыл алынган. Бул Мыйзамда социалдык программаларды жүзөгө ашыруу максатында мамлекеттик социалдык заказдарды иштеп чыгып, жайгаштыруу жана аткаруунун жалпы принциптери, укуктук жана уюштуруу негиздери белгиленип, ал социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү жана калкка сунушталып жаткан социалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу үчүн бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын арттырууга багытталган.
Отчеттук мезгил ичинде ушул Мыйзам талаптарын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик социалдык заказ үчүн 39 млн.сом суммасындагы каражат бөлүнүп Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан ишке ашырылган.
1-диаграмма.
36. БУУнун Комитетинин зомбулуктун курмандыгы болгондорго, адам сатууга жана сексуалдык мажбурлоого туш болгондорго колдоо көрсөтүү борборлорун каржылоо боюнча жарандык коом менен өз ара иш алып баруу жөнүндө Корутунду сунуштамаларынын 28-пунктунун талабын ишке ашыруу алкагында аталган Мыйзамдын ишке ашырылып жатышын алгылыктуу учур катары белгилеп кетүүгө болот. Алсак, 2012-жылы "Сезим" кризистик борбору зомбулуктан жапа чеккен аялдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн социалдык кызматтарды сунуштоого "Тобокелдикке туш болгон адамдардын тобун социалдык шартка ыңгайлаштыруу жана реабилитациялоо" номинациясында 442972 сом жалпы суммасында социалдык заказ алган. Гендердик, үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгон аялдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо, мына ушул Кризистик борбордун негизги иши болуп саналат.
Ушуну менен бирге эле, социалдык заказдын механизмдери бүтүндөй республика боюнча иш жүзүндө колдонулбай жаткандыгын да белгилеп кетүү зарыл.
37. Аялдардын коомдук демилгелерин ведомстволук деңгээлде колдоого алуунун мисалы катары, 2010-жылы түзүлгөн Милиционер аялдар ассоциациясынын тажрыйбасын атоого болот, алардын аймактык өкүлчүлүктөрү республиканын бардык аймактарында жайгашкан жана ИИМ тарабынан колдоого алынып турат. Ассоциациянын негизги максаты ички иштер органдарында мурда иштеп кеткен кызматкерлерин кошо алганда, аялдардын кызыкчылыктарын колдоого алуу болуп саналат.
4-берене.
38. Кыргыз Республикасы эркектер менен аялдар ортосунда айкын теңчиликтин орнотулушун тездетүү үчүн убактылуу атайы чараларды көрүүнү улантып келет. БУУнун Аялдардын саясатка катышуусун колдоо боюнча комитетинин Корутунду сунуштамаларынын 10, 31 жана 34-пункттарын ишке ашыруу максатында жергиликтүү деңгээлде квота белгилөө системасы кабыл алынган.
39. "Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 98 Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүндө райондук жана шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партиялар, шайлоочулардын топтору бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү, мында саясий партиядан, шайлоочулардын топторунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде аялдардын жана эркектердин кезегинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш экендиги белгиленген.
40. Жогорку Кеңеште аялдардын өкүлчүлүгү 2007-жылдан 2010-жылга чейинки аралыкта 90 депутаттын 23үн же 25,6%ын түзгөн. 2010-жылы өлкөнүн 5-чакырылыштагы парламентине шайлоонун жыйынтыгы боюнча 120 депутаттын ичинен 28 аял же 23,3%ы шайланган.
41. Жергиликтүү кеңештерге депутаттардын ичинен аялдардын үлүшү 2012-жылдын I чейрегине карата абал боюнча болгону 16%ын түзгөн же 6753 депутаттардын ичинен 1326сы аялдар.
42. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда сот аялдардын өкүлчүлүгү туруктуу бойдон сакталууда, алар Жогорку соттун сотторунун жалпы санынан орточо 46%ын түзөт.
1-таблица
┌────────────────────────┬────────┬────────┬────────┬────────┬────────┐
│ │2008-жыл│2009-жыл│2010-жыл│2011-жыл│2012-жыл│
├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Бардыгы: │ 35 │ 35 │ 35 │ 32 │ 32 │
├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│алардын ичинен аялдар │ 17 │ 19 │ 17 │ 16 │ 16 │
└────────────────────────┴────────┴────────┴────────┴────────┴────────┘
43. "Эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктардын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинде ар башка жыныстагы жарандар бирдей укуктарга, милдеттерге, жоопкерчиликтерге жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарга өтүүдө жана анын органдарында андан ары иштөөдө бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ экендиги аныкталган. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жөндөмдүүлүктөрүнө жана кесиптик даярдыгына жараша, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга жынысы ар башка адамдардын өтүүгө бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болушун камсыз кылууга милдеттүү. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда бош кызмат орундарын ээлөө сынак өткөрүү аркылуу камсыз кылынат. Сынактарда ар башка жыныстагы адамдар бирдей шартта, тең укукта катыша алышат. Бир жыныстагы адамдар үчүн гана сынак жарыялоого жол берилбейт. Ушуга байланыштуу мамлекет тарабынан бекитилген бирдейлештирилген тесттердин негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга сынак аркылуу тандоо ишке ашырылып келет.
44. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын саны төмөнкүчө:
2-таблица
┌───────────────┬─────────────────┬─────────────────┬─────────────────┐
│ │ 2008-жыл │ 2009-жыл │ 2010-жыл │
│ ├─────┬─────┬─────┼─────┬─────┬─────┼─────┬─────┬─────┤
│ │бар- │ аял-│ % │бар- │ аял-│ % │бар- │ аял-│ % │
│ │дыгы │ дар │ │дыгы │ дар │ │дыгы │ дар │ │
├───────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Мамлекеттик │17978│ 7282│ 40,5│17829│ 6967│ 39,1│19420│ 7744│ 39,9│
│кызматчылар: │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│анын ичинде: │ 969│ 262│ 27 │ 849│ 233│ 27,4│ 1009│ 254│ 25,2│
│саясий жана │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│атайы │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│кызматтарда │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│иштегендер │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│администрация- │17009│ 7020│ 41,3│16980│ 6734│ 39,7│18411│ 7490│ 40,7│
│лык кызматтарда│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│иштегендер │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Муниципалдык │ 8579│ 2947│ 34,4│ 8531│ 2913│ 34,1│ 9172│ 3102│ 33,8│
│кызматкерлер: │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│саясий │ 517│ 20│ 3,9│ 505│ 20│ 4,0│ 510│ 25│ 4,9│
│кызматтарда │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│иштегендер │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│администрация- │ 8062│ 2927│ 36,3│ 8026│ 2893│ 36,0│ 8662│ 3077│ 35,5│
│лык кызматтарда│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│иштегендер │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
└───────────────┴─────┴─────┴─────┴─────┴─────┴─────┴─────┴─────┴─────┘
45. Мурдагыдай эле саясый кызматтарда эркектердин саны басымдуулук кылат. Алсак, 2011-жылдын 1-январына карата мамлекеттик кызматтарда саясий кызматтарды ээлеген аялдардын салыштырма салмагы 25%ды, ал эми муниципалдык кызматтарда иштеген аялдардын салыштырма салмагы 5%ды түзгөн.
46. Атайын чаралар киргизилгенине карабастан, чечимдерди кабыл алууда гендердик өкүлчүлүккө байланыштуу жалпы жагдай балансташпаган бойдон калууда. Алсак, 459 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы шайлануучу кызмат орундарында болгону 27 гана аял иштейт.
47. Чечимдерди кабыл алуудагы гендердик дисбаланс коомдогу аялдардын ролуна тиешелүү мурдатан калыптанып келген көндүмдөрдүн сакталып калышы менен да шартталган. Улуттук деңгээлдеги сыяктуу эле, жергиликтүү деңгээлде депутаттарды шайлоодо квота белгилөө учурда колдонулуп жаткан механизм, шайлоолордо жана аткаруу бийлигиндеги жогорку кызматтарга аялдардын өкүлчүлүгүнөн кийин алардын депутаттык мандаттарын сактап калышын кепилдебей келет. Мисалы, 2010-жылы чечим кабыл алууда аялдардын үлүшү 25,6%ды түзгөн болсо, 2012-жылы бул көрсөткүч 19,8%га чейин төмөндөгөн. Мыйзамдык негизде атайын белгиленген чаралардын аткарылышына контролдук кылуу механизми алгылыксыз бойдон калууда.
48. Ведомстволор деңгээлинде ички квоталар белгиленген мисалдар да бар. Алсак, ИИМдин 2008-2012-жылдар аралыгындагы "Милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы ИИМдин академиясына окууга талапкерлерди тандоо жана кабыл алуу эрежелерин бекитүү тууралуу" ар жылы чыгарылып турган буйруктарына ылайык (акыркысы ИИМдин 2012-жылдын 14-майындагы № 391 буйругу) бюджеттик негиздеги күндүзгү окуу формасына Бишкек шаарында катталган аялдар үчүн квотанын 10%ы бекитилген.
49. Энеликти коргоого багытталган атайын чаралар боюнча маалыматтар Конвенциянын 11-беренеси боюнча отчеттун бөлүгүндө берилген.
5-берене.
50. Кыргыз Республикасынын Конституциясында эркектер менен аялдар үчүн тең укуктар жана мүмкүнчүлүктөр белгиленген.
51. "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы каалагандай ишкердик чөйрөсүндө жынысы ар башка адамдарга карата тике же кыйыр түрдө басмырлоого барууга тыюу салынган. Ал эми Үй-бүлө кодексинде жубайлардын бирдей укуктары жана милдеттери, анын ичинде баланы тарбиялоодогу укуктары жана милдеттери караштырылган.
52. Отчеттук мезгил ичинде мамлекет адатка айланган жана басмырлоого баруу көндүмдөрүн четтетүү үчүн аялдар менен эркектердин жүрүм-турумунун социалдык жана маданий үлгүлөрүн өзгөртүүгө багытталган бир катар демилгелерди көтөргөн. Эмгек кодексинде басмырлоону жокко чыгаруу, гендердик теңчиликти сактоо максатында баланы багуу жагында энесине гана эмес, баланы иш жүзүндө камкордукка алган анын атасы, чоң ата, чоң энеси, башка тууган-туушканы же кароого алган адамга дагы бала багуу үчүн өргүү алууга мүмкүнчүлүк берген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Мындай ченемдин киргизилиши эркек менен аялдын салттык маданий үй-бүлөлүк ролдорунун өзгөрүшүнө таасирин тийгизет.
53. БУУнун атайын баяндамачысы Рашида Манджунун Кыргызстандагы 2009-жылдын ноябрь айындагы миссиясынын жыйынтыгы боюнча аялдарга карата зомбулук, аларга жол берүү себептери жана келип чыккан кесепеттер маселеси боюнча баяндамасында кыз ала качуу жана мажбурлап никеге турууга карата кылмыш жазасын катуулатуу айып төлөттүрүү менен гана чектелбестен, мындай кылмыштуулукка сүйлөшүп алып, атайы баруу жана аларга түрткү берүү үчүн катуу жазаны караштыруу жагында мамлекетке сунуштама берилген.
54. ИИМдин Маалыматтык аналитикалык борборунун маалыматтарына ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин "Он алты жашка толо элек жаштарды иш жүзүндө никелик мамилеге өтүүгө мажбурлоо" деп аталган 154-беренеси жана "Аялдарды никеге турууга мажбурлоо же никеге турушуна тоскоолдук кылуу" деп аталган 155-беренеси боюнча катталган кылмыштар 2-диаграммада келтирилген.
2-диаграмма
55. Тилекке каршы козголгон кылмыш иштери, эреже катары, сотко жетпейт. Отчеттук мезгил боюнча кыз ала качууга байланыштуу чыккан өкүмдүн бир гана прецеденти бар (2012-жылдын сентябры), ага ылайык Кыргызстанда биринчи жолу кыз ала качкан эркек катуу режимдеги түзөтүү колониясында мөөнөтүн өтөө боюнча алты жылга кесилген, ал эми анын катышуучуларына тиешелүү иш кошумча тергөөгө жиберилген. Аталган өкүмдүн чыгарылышы кыз ала качууга каршы күрөшүүдөгү жарылуулардан болуп калды.
56. ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын маалыматтарына ылайык 2008-жылдан тартып 2012-жылдын I жарым жылдыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Эки жана көп аял алуу" 153-беренеси боюнча 2 адамга 3 кылмыш иши козголгон, алардын 2 иши сотко жиберилип, 1 иш токтотулган.
57. Жогорку Кеңештин депутаты А.Алтыбаева тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Адам уурдоо" 123-беренесине жыныстык айырмасы боюнча басмырлоо ченемдерин жоюу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154 жана 155-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоор демилгеленген. Аталган долбоордун максаты көрсөтүлгөн басмырлоочу ченемдерди жоюу, Кылмыш-жаза кодексин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү, гендердик теңчиликти сактоо, аялдын эркине карабастан никелеп алуу үчүн, аны уурдоонун кылмыш жоопкерчилигин адам уурдоо кылмыш жоопкерчилиги менен теңдештирүү. Гендердик теңчилик чөйрөсүндө аталган мыйзам долбоорун илгерилетүү боюнча жарандык сектордун жигердүү катышуусу астында коомдук талкуулоо өткөрүлүп, натыйжада бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин экинчи окуусунда өткөн.
58. 2012-жылы кыз ала качууга бөгөт коюу максатында Акыйкатчынын Институту (Омбудсмен) тарабынан Акыйкатчынын (Омбудсмендин) 2012-жылдын 9-ноябрындагы № 01-1/129 буйругуна ылайык кыз ала качууга каршы күрөшүү айлыгы жарыяланган. Ала качылган кыздарды басмырлоонун ачыкка чыгарылган фактылары Акыйкатчынын (Омбудсмен) жаңы демилгелери үчүн негиз болуп калды: "шашылыш байланыштын" ачылышы, 2012-жылдын Акыйкатчынын (Омбудсмен) ишмердигинде никеге туруу үчүн кыздарды уурдоого каршы күрөшүү жылы деп жарыяланышы. Акыйкатчы (Омбудсмен) менен ЖЭИКМ, ИИМ, БИМ, ССМ ортосунда 2012-жылдын 31-июлунда "2012-жыл - Эркине каршы, зомбулук менен никеге турууга мажбурлоо максатында, кыз ала качууга каршы күрөшүү" жагында кызматташуу меморандумуна кол коюлган. Мамлекеттик органдар, ОЭУлар жана ЖӨБ органдары менен биргеликте көп аял алууга, кыз ала качууга, үй-бүлөдөгү зомбулукка бөгөт коюу жагында маалыматтык кампанияны жүргүзүүнү практикалоодо.
59. Мамлекеттин кыз ала качуу көйгөйүнө мамилесинин өзгөрүшү жана иштиктүү чараларга өтүшү 2011-жылдан башталды. Так ушул жылдан тартып ИИМдин негизги жана орто билим берүү мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнө билими тууралуу аттестаты тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу чаралары жөнүндө тескемесин жүзөгө ашыруу алкагында мектептеги педагогикалык жамааттын жана ата-энелердин арасында кошумча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.
60. БУУнун Комитеттин Корутунду сунуштамаларынын 9-пунктун аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасында 2011-жылдын күз айларында "Эркектер менен аялдарга бирдей укук менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, ошондой эле "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн чегинде, алгачкы жолу парламенттик угуулар уюштурулган. Аталган угуулардын жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция комитети тарабынан аялдар менен эркектердин тең укуктуулугунун жана бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин сакталышы жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына так жана бирдиктүү көзөмөлдүктү ишке ашыруу Башкы прокуратурага сунушталган.
61. "Жарандык абалдын актылары жөнүндө", "Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу, ошондой эле жыныстык идентификациялоо маселелери боюнча жарандардын даттанууларын, арыздарын жана кайрылууларын чечүү максатында ССМ тарабынан 2009-жылдын октябрында "Жыныстык идентификациясы бузулган адамдар үчүн жыныстарын өзгөртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн. Долбоордун негизги максаты пациенттин паспортуна кийинки өзгөрүүлөрдү жазуу үчүн жыныстык идентификациясы бузулган адамдарга медицина-психологиялык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү тартибин аныктоо болуп саналат. Аталган долбоор 2012-жылдын апрелинде "Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине жыныстык таандыктуулукту өзгөртүү жана коррекциялоо жол-жобосун киргизүү зарылчылыгы астында токтотулган. Учурда бул багыттагы иштер улантылып жатат.
62. Кошумча маалыматтар Жарандык-саясий укуктар боюнча эл аралык пакт боюнча баяндаманын 153-155-пункттарында камтылган.
6-берене.
63. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык адам укугу жана эркиндиги эң башкы баалуулук болуп саналат, демек адам баласына басмырлаган мамиле кылып, сексуалдык мажбурлоого жана кул катары сатууга жол берилбейт.
64. 2008-2011-жылдар аралыгында адамдарды кулчулукка сатууга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар планы бекитилген (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-сентябрындагы № 515 токтому). Учурда 2013-2016-жылдарга каралган жаңы план министрликтерде жана ведомстволордо макулдашып жатат.
65. Кыргыз Республикасы 2011-2013-жылдарга адам сатууга каршы күрөшүү жагында КМШнын катышуучу мамлекеттеринин кызматташуу программасынын катышуучусу болуп эсептелет.
66. Кыргызстан БУУнун адам сатууга каршы күрөшүү жагында биргелешип иш алып барган Топтордун катарына кирет. 2010-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2010-жылдын 30-июлундагы 64/293 резолюциясы менен БУУнун адам сатууга каршы күрөшүү боюнча глобалдуу планы кабыл алынып, анын жоболору 2013-2016-жылдарга карата Кыргыз Республикасында адам сатууга каршы күрөшүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планынын долбооруна киргизилген.
67. Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын эл аралык милдеттенмелерге шайкеш келтирүү, ошондой эле адам саткандыгы үчүн ушул кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү максатында Кылмыш-жаза кодексинде үч жылдан беш жылга эркинен ажыратуу мөөнөтү түрүндө аталган кылмыш үчүн жазалоонун минималдуу санкциясы катуулатылган (Кылмыш-жаза кодексинин "Адамдарды сатуу" 124-беренеси).
68. Жарандардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштарга карата таасирдүү күрөштү күчөтүү максатында Кылмыш-жаза кодексинин, мындай кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти караган 129-133-беренелерине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, коммерциялык сексуалдык кызматтардан пайдалануучуларга гана эмес, бул чөйрөдө иштегендердин өздөрүнө да санкциялар катуулатылган.
69. ИИМдин Маалыматтык-аналитикалык борборунун берген билдирүүлөрүнө ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин "Адам сатуу" деп аталган 124-беренеси боюнча 2008-жылы - 25, 2009-жылы - 25, 2010-жылы - 13, 2011-жылы - 9, ал эми 2012-жылдын I чейреги ичинде 2 кылмыш иши козголгон. Берилген маалыматтар жынысы боюнча аныкталбагандыктан, ачыкталган фактылар боюнча курмандыктардын же адам сатуучуларынын арасынан аялдардын үлүшүн аныктоо мүмкүн эмес. Ошол эле учурда, 2010-2011-жылдары мамлекеттик органдар, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктө мына ушундай учурдун 700 курмандыгын мекенине кайтарууга жетишкен. Алардын ичинен сексуалдык жактан мажбурлоого 30%ы дуушар болгон. Бүтүндөй алганда, адам сатуу кесепетинин курмандыгы болгондордун ичинен аялдардын үлүшү 40%ды түзөт.
70. Изилдөө иштеринин(1) жыйынтыгы мындай фактыларды аныктоо эң эле кыйынчылыкка тураарын тастыктаган. Ошондуктан, калкка мындай учурлар тууралуу байма-бай маалымдап туруу жана бүтүндөй өлкө боюнча тиешелүү иш-чараларды өткөрүү укук коргоо органдарынын ишинин негизин түзөт. 2008-жылы Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюмдун колдоосу алдында республиканын бардык облустарында акысыз иш алып барган "шашылыш байланыштары" (189) жөнгө салынган. 2009-2011-жылдар аралыгында бул байланыш аркылуу 36 кайрылуу, анын ичинде миграция, мыйзамсыз алып кетүү, адам сатуу маселеси боюнча да кайрылуулар түшкөн.
71. Адам сатууга каршы күрөшүүдө мамлекеттик органдар 2006-жылдын 26-майында кол коюлган Кызматташуу жөнүндө меморандумдун алкагында Эл аралык миграция уюму менен өз ара иш алып барат. Алсак, ИИМ, ТИМ, Бишкек шаарынын мэриясы жана башка ведомстволор жана түзүмдөр линиясы боюнча усулдук окутуу жана маалыматтык материалдар иштелип чыгып, калк арасында адам сатуу учурлары жөнүндө туруктуу маалымат берүү иш-чаралары өткөрүлүп, укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлери бул көрүнүшкө каршы күрөшүү жагында окутуудан өтүшкөн.
72. Аялдарга карата зомбулукка, адам сатууга, денесин сатууга мажбурлоого каршы көрүлүп жаткан чаралар, тиешелүү иш-аракет планы иштелип чыккандыгына карабастан, толук ишке ашырылбаган бойдон калууда. Анткени, бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде чыгашалардын мындай беренесине каражаттар каралган эмес.
73. Кошумча маалыматтар Жарандык-саясий укуктар боюнча эл аралык пакт боюнча баяндаманын 391-393-пункттарында камтылган.
7-берене.
74. Өлкөнүн саясий жана коомдук турмушунда аялдар менен эркектердин теңчилигин камсыз кылган конституциялык жана мыйзамдык кепилдиктер өлкөнүн буга чейинки мезгилдүү баяндамаларында чагылдырылган. Отчеттук мезгил ичинде жергиликтүү деңгээлде шайлоо органдарына аялдардын өкүлчүлүгүн колдоо боюнча кабыл алынган атайы чаралардан тышкары, мыйзамдарга олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген эмес.
75. Кыргыз Республикасынын Конституциянын 52-беренесине ылайык, жарандар мамлекеттик жана муниципалдык кызматка өтүүдө, кызматынан жогорулоодо мыйзамда каралган тартипте бирдей укуктарга, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.
76. Кыргыз Республикасында 2010-жылы референдум аркылуу алгачкы жолу өлкө президенти болуп аялзаты шайланган. Көз карандысыздыкка жетишкен жылдары аялдардын мэр болуп шайланышы, алардын облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары болуп дайындалышы өтө эле сейрек кездешет. Аялдардын саясий лидерлик жөндөмдүүлүгүн жана аялдардын өкмөттүк эмес уюмдарын мамлекеттик деңгээлде институттук колдоонун жоктугун аялзатынын мамлекеттик кызматтарга аз дайындалышынын негизги себеби катары атоого болот.
77. 2010-жылдагы каргашалуу окуялар учурунда аялдар мамлекеттик, ошондой эле жалпы коомдук деңгээлде жогорку активдүүлүктү көрсөтүүгө жетишкендигин да белгилеп кетүү зарыл. Бүтүндөй алганда, июнь окуялары учурунда жана жаңжалдардан кийин да мамлекеттик түзүмдөр жана аялдардын өкмөттүк эмес уюмдары кесепеттүү жагдайдын курмандыктарына жардам көрсөтүү максатында таасирдүү иш алып барууга жөндөмдүүлүгүн тастыктай алган.
8-берене.
78. Учурда Кыргыз Республикасынын атынан чет өлкөлөрдө 28 чет өлкөлүк мекемелер иштеп жатат. Алардын ичинен үчөөсүн аялдар башкарат. Экөөсү эл аралык уюмдарга караштуу туруктуу өкүлчүлүктү жетектейт (Венада жана Женевада).
79. Чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдө иштеген аялдардын жалпы саны 47ни түзөт. Мында да гендердик дисбаланс орун алууда. Бул жагдай, чет өлкөлүктөргө узак мөөнөткө иш боюнча кыдырууга жөнөтүүдө жубайлардын бирге кетип, ал жерде жумушка орношууда кыйынчылыктардын келип чыгышынан улам келип чыккан.
3-таблица
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринде иштеген аялдардын саны
┌─────────────────────┬───────────┬───────────┬───────────┬───────────┐
│ │ 2008 │ 2009 │ 2010 │ 2011 │
│ ├─────┬─────┼─────┬─────┼─────┬─────┼─────┬─────┤
│ │бар- │ аял-│бар- │ аял-│бар- │ аял-│бар- │ аял-│
│ │дыгы │ дар │дыгы │ дар │дыгы │ дар │дыгы │ дар │
├─────────────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│ТИМдин чет │ 190 │ 48 │ 190 │ 54 │ 190 │ 57 │ 192 │ 47 │
│өлкөлөрдөгү │ │ │ │ │ │ │ │ │
│мекемелеринде │ │ │ │ │ │ │ │ │
└─────────────────────┴─────┴─────┴─────┴─────┴─────┴─────┴─────┴─────┘
9-берене.
80. "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 21-майындагы № 70 Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, чет мамлекеттин жарандыгы бар же жарандыгы жок, этностук кыргыз болуп саналган адамдар, Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандары Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн кайтып келгенде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган, Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн келген аял жынысындагы чет мамлекеттин жарандары жана жарандыгы жок адамдар жеңилдетилген шарттарда Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынат.
81. Ошондой эле баланын Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган ата-энеси же ата-энесинин бирөөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкса же аны жоготсо жана ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан камкордукка же көзөмөлдүккө алынган баланы тарбиялоого катышпаса, камкордукка же көзөмөлдүккө алуучунун сунуштамасы боюнча бала Кыргыз Республикасынын жарандыгын сактап калат.
10-берене.
82. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесине жана "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, республиканын бардык жарандары мамлекеттик билим берүү мекемелеринде негизги, жалпы жана орто билимди, ошондой эле орто жана жогорку кесиптик билимди акысыз алууда бирдей укуктарга ээ.
83. БИМ берген маалыматтарга ылайык, 2008-2009-окуу жылында 1-класска кабыл алынган окуучулардын саны 96824тү түзгөн, анын ичинде кыз балдардын саны пайыздык катышта 48,9% чегинде катталган, ал эми 2010-2011-окуу жылында - 102144 окуучу кабыл алынган болсо, алардын ичинен кыздар 48,6%ды түзгөн.
84. Ушул мезгил ичинде мектеп жашындагы балдардын саны бир аз көбөйүп, жалпы билим берүүчү мектептердин саны Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына ылайык, 2008-жылы - 2188, 2010-жылы - 2197, 2011-жылы - 2204тү түзгөн.
85. Мектепти бүтпөй калган кыздардын санынын кыскарышы боюнча маалыматтардын жоктугунан улам, мындай статистика жүргүзүлбөйт.
86. Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде балдар менен кыздар бирге билим алып, бир эле программа жана окуу куралдары менен камсыз болот. Акыркы 4 жыл ичинде 170 аталыштагы 6 млн. 512 миң нускадагы окуу китептери чыгарылган. Окуу китептери республиканын БИМдин 2006-жылдын 2-августундагы № 496/1 буйругу менен бекитилген Жобого жана Жаңы чыгарылган окуу китептеринин мазмунуна жана түзүмүнө баа берүү боюнча практикалык колдонмого ылайык, ошондой эле Комитеттин Корутунду сунуштамаларынын 15 жана 16-пункттарынын алкагында, гендердик маселе компоненти камтылган экспертизадан өткөрүлгөн.
87. Жаңы мектеп имараттарынын курулушу боюнча көрүлүп жаткан чаралар окуучулардын санын көбөйтүүгө жана алардын көпчүлүгү үчүн окуу шарттарын жакшыртууга олуттуу деле таасир эте алган эмес. Мамлекеттик мектептерде сабактар мурдагыдай эле, бир нече сменада өткөрүлүп, эки сменада иштеген мектептер басымдуу бойдон калууда.
88. 2011-2012-окуу жылында август айында жүргүзүлгөн каттоого ылайык, бардыгы болуп 2177 окуучу мектепке келбей жаткандыгы аныкталган, алардын ичинен 827 кыз балдар, 1350 эркек балдар.
89. Эркектер менен аялдар үчүн кесип тандоодо жана адистикке ээ болууда бирдей шарттардын түзүлүшү, бардык категориядагы окуу жайларында билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн берилиши Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу жөнгө салынат.
90. Орто кесиптик окуу жайларында кесиптик билим алып жаткан окуучулардын арасында кыз балдардын (Орто кесиптик окуу жайларындагы окуучулардын санынын өсүшү менен бирге) үлүшү өсүүдө: 2008-2009-окуу жылында 59,4%, 2009-2010-окуу жылында - 57,6%, 2010-2011-окуу жылында 58,2%ды түзгөн.
91. Орто кесиптик билим берүү жагында да олуттуу гендердик ажырымдын сакталып калгандыгы байкалууда: энергетика чөйрөсүндө кесипке эркектердин 83,1%, аялдардын 16,9% ээ болсо, машина куруу жана металл иштетүү тармагы боюнча жалаң гана эркектер билим алат. Мектеп окуучуларын жана жаштарды кесиптик жактан кайра багыттоо, мурдатан калыптанып келген гендердик көз карашка ылайык ишке ашырылат.
92. 2010-2011-окуу жылында жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында кыз балдар 54,0%ды түзгөн. Жогорку мектеп системасы сыяктуу эле, кесиптик билим берүүнүн башка звенолорунда жана деңгээлинде гендердик дисбаланстын орун алышы окутуучулар арасында гана эмес, студенттердин арасында да сакталып келүүдө. Алсак, аялдардын басымдуу үлүшү гуманитардык илим жагында 38,3% түзгөн эркектерге караганда 61,7%; педагогикада - 15,6% түзгөн эркектерге караганда 84,4% аялдар; социалдык илим жагында - 33,8% түзгөн эркектерге караганда 66,2%ды түзөт.
93. Ошол эле учурда так илимдер, стратегиялык экономикалык багыттар боюнча студенттер арасында жаш уландар басымдуулук кылат (инженердик иште - 31,2% аялдар жана эркектер 68,8%, кайра иштетүү өнөр жайында - аялдар 29,3%, эркектер 70,7%, транспорт жагында - аялдар 7,8%, эркектер 92,2%, архитектура жана курулушта аялдар 23,3%, эркектер 76,7%).
94. Жогорку окуу жайларында окуп жаткан кыздардын үлүшү отчеттук мезгил ичинде бир аз төмөндөгөн (2008-2009-жылдары - 55,7%дан 2010-2011-окуу жылдары 53,7%га чейин).
95. Кесиптик билим деңгээлин улантып жаткандардын ичинде аялдардын үлүшү эркектерге караганда көбүрөөк, ал эми аспиранттардын ичинде аялдардын саны дээрлик 2 эсеге көп (1412 аял, 887 эркек). Мында, техникалык, физика-математикалык, юридикалык, медицина илимдери багытында эркектердин үлүшү, аялдардыкына караганда жогору.
96. Тарых, экономика, филология жана педагогика илиминде аялдар көбүрөөк эмгектенишет. Бул чөйрөдө илимдин докторлору жана кандидаттары арасында да аялдардын саны көпчүлүктү түзөт.
97. 2009-жылы жүргүзүлгөн эл каттоо эркектер менен аялдардын билим деңгээли боюнча да олуттуу айрыма бар экендигин көрсөткөн. Аялдар арасында сабатсыздардын үлүшү эркектерге караганда 2 эсеге көп(2). Ошол эле учурда, жогорку жана толук эмес жогорку билимге ээ аялдардын үлүшү 14,7%ды түзгөн эркектерге салыштырганда 17,2%ды түзгөн. Орто кесиптик билимге ээ аялдардын саны, эркектер боюнча алынган бул көрсөткүчтөн 1,9 эсеге ашат.
98. 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгы боюнча жашы 15тен өткөн жана андан жогору курактагы бөлүгүнүн билим деңгээли тиешелүү курактагылардын жалпы санынын 99,2%ын түзгөн. Аялдар жана эркектер арасында бул көрсөткүч тиешелүү түрдө 99% жана 99,5% чегинде катталган.
99. Статистикага ылайык Кыргыз Республикасында 15-24 жаштагы билимдүү аялдардын үлүшү ушул курак категориясындагы аялдардын жалпы санынан 99,8%ын түзгөн.
100. Жаштар арасында (15-24 жаштагы) билим алуу деңгээли 1999-жылы жүргүзүлгөн эл каттоонун маалыматына салыштырганда жогорулагандыгы белгиленген. Мында, жогорку же толук эмес жогорку билимге ээ аялдардын үлүшү 3 эсеге (эркектердин үлүшү - 2,7 эсеге), ал эми жалпы баштапкы билимге ээ болгондордун үлүшү 4,5 эсеге (эркектердин үлүшү - 3,6 эсеге) арткан.
101. Жалпы билим берүүчү мектептер системасында 1-5-класстар үчүн "Коопсуз жашоо негиздери" курсу киргизилген, ал эми жогорку класстарга бала төрөө үчүн ден соолукту чыңдоо, үй-бүлөнү пландаштыруу маселелери, биология, анатомия, этика, адам жана коом сыяктуу окуу предметтерине интеграцияланган. Мектептерде гендердик проблеманы камтыган маселелерге сааттар бөлүнүп, алар "Укук", "Адам жана коом", "Адеп сабагы", "Этика" жана башка ар кандай предметтер боюнча окуу программаларына кошулган.
102. Мыйзамдарга ылайык, Кыргызстанда билим алуу, ар кандай саясий жана дин институттарынын иштеп жаткандыгына карабастан, динден ажыратылган мүнөзгө ээ. Республиканын мамлекеттик билим берүү мекемелеринде уландар менен кыздар, эркектер менен кыздардын кесиптери делинген стереотиптердин негизинде формалдуу эмес бөлүнгөнүн эске албаганда бирге билим алышып, бирдей программадан, бирдей окуу китептеринен пайдаланышат.
103. Кийинки учурларда диний доктриналардын негизинде окутушкан менчик окуу жайларынын саны өсүп жаткандыгын да белгилеп кетүү зарыл.
104. Республиканын билим берүү системасы квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги көйгөйүнө туш болууда. Айрыкча, айыл жериндеги жалпы билим берүү мектептеринде бул маселе курч турууда. 2010-жылга чейин билим берүү системасындагы эмгек акы, бюджет чөйрөсүндөгү эң эле төмөнкүлөрдөн болгон. Мунун кесепетинен окутуучулар курамында ажырым түптөлүп, пенсияга жакын калган жана пенсия курагындагы окутуучулардын саны көбөйгөн (аялдардын үлүшү 2008-жылы жалпы мугалимдердин ичинде 82% түзсө, 2009-жылы - 82,4%, 2010-жылы - 82,4%, ал эми 2011-жылы - 82,7%ды түзгөн).
105. "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 токтому менен жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдери, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, мектеп-интернаттарынын тарбиячылары жана баштапкы кесиптик билим берүү мекемелеринин окутуучулары үчүн 2011-жылдын 1-майынан тартып, саат боюнча эмгек акы төлөөнүн жаңы системасы киргизилген.
106. Эмгекке акы төлөө системасын реформалоонун натыйжасында, жалпы билим берүүчү мектептердин стажга ээ мугалимдери кошумча төлөөнүн бардык түрлөрүн кошо алганда, айына 6-7 миң сом, ал эми жаш мугалимдер 5000 сомго жакын өлчөмүндө эмгек акы алышат.
107. Мектептердин педагог кадрлар менен камсыз болуу көйгөйүн чечүү үчүн БИМ тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-сентябрындагы № 702 токтомуна ылайык 2004-2010-жылдары "Жаш мугалимдин депозити" программасы ишке ашырылган. Анда айына 2000 сомдон 3000 сомго чейинки өлчөмдөгү акча каражаты камтылган. Ушул программага ылайык, республиканын алыскы тоолуу аймактарындагы мектептерге жыл сайын Министрлик тарабынан мамлекеттик бюджеттен каржылоого алынган 500 жаш адис, ал эми Азия өнүгүү банкы менен Дүйнөлүк банктын "Айылдык билим берүү" долбоорунун алкагында 100 мугалим жөнөтүлгөн.
108. Мындан тышкары, жергиликтүү бийликтин чечими боюнча бир катар региондордо жаш мугалимдерге кошумча төлөөлөр жана жеңилдиктер каралган. Алсак, айылдык жалпы билим берүү мектептерине ишке жөнөтүлгөн жаш адистерге материалдык колдоо көрсөтүү үчүн 10 эселенген эмгек акы өлчөмүндө, бир жолку жөлөк пулдар бөлүнүп турган.
109. БИМ жана жергиликтүү бийлик органдарынын "Жаш мугалимдин депозити" программасы боюнча жаш адистерди айыл мектептеринде иштетип калуу үчүн биргелешип көрүлгөн мындай аракеттерге карабастан, бул программа көздөгөн максатына толук жетише алган эмес. Анткени, тиешелүү сынактардан өтүшкөн жаш адистер белгиленген мөөнөткө чейин иштебестен, иштен бошонуп кеткен учурлар кездешкен.
110. Жаш адистердин турак-жай менен камсыз болбошу, педагог кесибинин аброюнун төмөндөп кетиши жана айыл жеринде социалдык инфраструктуранын анчалык өнүгө албай жатышы айыл мектептерине кадрларды туруктуу иштетип калуу жагындагы мамлекеттик стратегиянын алгылыктуу натыйжага жетише албай жатышынын себептеринин бири.
11-берене.
111. ЖЭИКМи тарабынан татыктуу эмгектенүүнү өнүктүрүүнүн негиздерин камсыз кылуу алкагында калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, адам жана аймактык ресурстардын толук жана рационалдуу пайдаланылышына дем берүү, калкты ишке орноштурууга көмөктөшүүнү активдештирүү жагындагы мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышын караган "2013-2020-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын калкын иш менен камсыздоого көмөктөшүү саясаты" программасынын долбоору иштелип чыккан.
112. ЖЭИКМи тарабынан Кыргыз Республикасындагы Эмгекти эл аралык уюштуруу уюму менен биргеликте "2012-2015-жылдарга карата татыктуу эмгек боюнча өлкөлүк программа" долбоору иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын калкынын экономикалык жана социалдык татыктуу жашоого жетишүүсү, бул программанын негизги максаты болуп саналат. Мында, калктын эң эле аялуу катмарына гендердик теңчиликке жетишүү, коомдо социалдык келишүүнү жана саясий туруктуулукту камсыз кылуу көз карашынан жардам көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
4-таблица
Эмгек базарында жигердүү чараларга тартылган жумушсуздардын саны
┌──┬────────────┬───────────────┬─────────────┬───────────┬───────────┐
│№ │ Жылдар │Камтылгандардын│Акы төлөнүүчү│ Кесиптик │Чакан насыя│
│ │ │ саны, адам │ коомдук │билим берүү│ берүү │
│ │ │ │ жумуштар │ │ │
├──┼────────────┼───────────────┼─────────────┼───────────┼───────────┤
│1 │2008 │Бардыгы │ 20953 │ 6238 │ 1895 │
│ │ ├───────────────┼─────────────┼───────────┼───────────┤
│ │ │аялдар │ 7800 │ 3112 │ 920 │
├──┼────────────┼───────────────┼─────────────┼───────────┼───────────┤
│2 │2009 │Бардыгы │ 23374 │ 8382 │ 2120 │
│ │ ├───────────────┼─────────────┼───────────┼───────────┤
│ │ │аялдар │ 8069 │ 4683 │ 1159 │
├──┼────────────┼───────────────┼─────────────┼───────────┼───────────┤
│3 │2010 │Бардыгы │ 26096 │ 8604 │ 2034 │
│ │ ├───────────────┼─────────────┼───────────┼───────────┤
│ │ │аялдар │ 8974 │ 4751 │ 1044 │
├──┼────────────┼───────────────┼─────────────┼───────────┼───────────┤
│4 │2011 │Бардыгы │ 25801 │ 8594 │ 1977 │
│ │ ├───────────────┼─────────────┼───────────┼───────────┤
│ │ │аялдар │ 9258 │ 4640 │ 1000 │
├──┼────────────┼───────────────┼─────────────┼───────────┼───────────┤
│5 │2012 │Бардыгы │ 13686 │ 5308 │ 1315 │
│ │(биринчи ├───────────────┼─────────────┼───────────┼───────────┤
│ │жарым │аялдар │ 4898 │ 2956 │ 592 │
│ │жылдык) │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │
└──┴────────────┴───────────────┴─────────────┴───────────┴───────────┘
113. Келтирилген маалыматтарга ылайык, эмгек базарында активдүү чараларга тартылгандардын жалпы санынын тең жарымынан көбүрөөгүн аялдар түзөт. Алардын көбү аянттарды көрктөндүрүү жана ушул сыяктуу жеңил-желпи иштерди жасашып, иштин аталган түрүнө тартылгандардын дээрлик 30%га жакынын түзүшөт.
114. 2008-2011-жылдар аралыгында калктын иш менен камсыз болуу деңгээли жогорку деңгээлге жетүү менен 60,0-59,3% түзгөн. Мында, аялдардын иш менен камсыз болуу деңгээлинин кыскаргандыгы байкалган (2008-жылдагы 49,7%дан 2010-жылы 48,4%га чейин).
3-диаграмма. Иш менен камсыз болгон калктын жалпы санында
аялдардын жана эркектердин үлүшү
115. Иштеп жаткан аялдар менен эркектерди экономикалык ишкердиктин түрлөрү боюнча бөлүштүрүүдө, олуттуу айырмачылык орун алат. Иш менен камсыз болгондордун арасында аялдардын үлүшү кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө эң эле жогору: саламаттык сактоо жана социалдык кызматтарды сунуштоодо 83,3%, билим берүүдө - 76,8%, мейманканалар жана ресторандар боюнча 73,9%, коммуналдык, социалдык жана персоналдык кызматтарды сунуштоодо 56%, ошондой эле кайра иштетүү өндүрүшүндө - 47,5%ды түзөт.
116. Аялзаты айрыкча, текстиль жана тигүү өндүрүшүндө көп иштегендиктен, алардын үлүшү 89%дан көбүрөөктү түзөт. Ал эми эркектер курулуш, энергетика, транспорт жана байланыш, тоо-кендерин казып алуу өндүрүшү сыяктуу тармактарда, ошондой эле укук коргоо түзүмдөрүндө көбүрөөк иштейт.
117. Иш менен камсыз болуу чөйрөсүндө аялзатынын эмгегине болгон керектөөнү аныктоого мүмкүндүк берген иликтөөлөр жана болжолдоолор жүргүзүлбөй келет. Мындай изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-мартындагы № 203 токтому менен Эмгек ресурстарына болгон керектөөлөрдү болжолдоо ыкмасы бекитилген. Эмгек рыногундагы керектөөлөрдү болжолдоо, квалификациялуу кадрларды даярдоо үчүн комплекстүү механизмдерди иштеп чыгуу, бул ыкманын негизги максаты болуп эсептелет.
118. Калкты иш менен камсыз кылууга өбөлгө түзүү жана жакырчылыкты кыскартуу, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүү максатында "Калктын иш менен камсыз болуусуна көмөктөшүү жана жакырчылыкты кыскартуу чаралары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 240 токтому кабыл алынган. ЖЭИКМдин алдында 2012-жылга 1 млрд. сом өлчөмүндөгү кредит портфели менен "Ала-Too Финанс" чакан насыя агенттиги түзүлгөн. "Ала-Too Финанс" чакан насыя агенттигинин негизги максаты жакырчылыкты кыскартуу, калкты иш менен камсыз кылуу, төмөндөтүлгөн пайыздык чен менен (жылдык 7%дан ашпаган) чакан насыяларды берүү аркылуу, аз камсыз болгон жарандардын материалдык, социалдык жана экономикалык шарттарын жакшыртуу боюнча тиешелүү чараларды ишке ашырууга өбөлгө түзүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө Чакан насыя агенттиги өлкөнүн бүтүндөй региондору боюнча иш алып барууда. 2012-жылдын 1-сентябрына карата 10614 адам чакан насыя алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, алардын ичинен 3657, башкача айтканда 35%ын аялдар түзгөн.
119. Өткөн жылдардагыдай эле эркектер менен аялдардын эмгегине акы төлөөдө байкалаарлык ажырым орун алууда. Алсак, 2008-жылы аялдар менен эркектердин эмгек акысынын катышы 67,3% түзгөн болсо, 2011-жылы 78,4% чегинде катталган. 2011-жылы аялдардын эмгек акысынын өлчөмү эркектердин эмгек акысынын дээрлик төрттөн үчүн түзгөн. Бул гендердик бөлүштүрүүдөн алганда, иш менен камсыз болуунун тармактык түзүмү менен түшүндүрүлөт, анткени эмгек акы эң эле жогору болгон иш чөйрөсүндө жетекчилердин арасында эркектер басымдуу болуп, ал эми кенже тейлөөчү персоналдын, башкача айтканда эмгек акысы алда канча төмөн болгондордун катарында аялдардын басымдуу экендиги менен түшүндүрүүгө болот.
4-диаграмма. Орточо эмгек акы, сом менен
120. Кыргыз Республикасында расмий эмес маалыматтар боюнча 1,6 млн. адам экономиканын формалдуу эмес секторунда иш алып барат, башкача айтканда соода жүргүзүү жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 0,6 млн. аял эмгектенет.
121. Мурдагыдай эле, аялдардын үй чарбасындагы эмгегинин эсепке алынбай жатышы маселеси курч бойдон калууда. Кыргызстанда үй шартындагы бардык жумуш аялдардын мойнуна жүктөлгөн. Үй жумушуна күн сайын өз убактысынын 17,4%ын чыгымдоо менен алар 4,2 саатын коротот. Ал эми эркектердин сарптоолору 5,7%дан ашпайт. Натыйжада, аялдар үй жумушуна 3 эсе, ал эми эркектерге салыштырганда балдарды тарбиялоого 2 эсе көбүрөөк убактысын жумшайт. Эркектердин бош убактысы күндүн төрттөн бир бөлүгүн түзөт, бул албетте аялдарга караганда 1,2 эсеге көбүрөөк.
122. Эмгек кодексинин 9-беренесинде эмгек чөйрөсүндө басмырлоого, айрыкча жыныстык белгиси боюнча кодулоого тыюу салынган. Мындан тышкары, Эмгек кодексинин 24-главасы аялдардын жана үй-бүлө милдеттери жүктөлгөн башка адамдардын эмгегин жөнгө салуу өзгөчөлүгүнүн маселесин камтыйт. Бул главада иштеген аялдар, кош бойлуу аялдар жана жаш балдары бар аялдар үчүн ишке кабыл алууда кошумча кепилдиктерди, эмгек келишимин токтотуудагы кепилдиктерди, ошондой эле иш боюнча кыдырууга жөнөтүүдө, белгиленген мөөнөттөн ашыкча иштөөгө тартууда, түнкүсүн, дем алыш жана майрам күндөрү ишке тартууда каралган кепилдиктерди кошо алганда, бир катар кепилдиктер жана укуктар берилген.
123. Ушуну менен катар эле, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген аялдар үчүн эмгек тартибинин сакталбагандыгына байланышкан көйгөйлөрдүн орун алып жаткандыгын белгилеп кетүү зарыл. Мурдагыдай эле аялдар, белгиленген мөөнөттөн тышкары убакытта, майрам күндөрү ишке тартылгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жеңилдиктерден жана материалдык колдоолордон пайдалана албай калган учурлар сакталып калууда. Мындан тышкары, кош бойлуу аялдар жана бала эмизген энелердин бөлүгү белгилүү бир убакытка жумушка кечигип барууга же эрте кетүүгө боло турган мыйзамдуу негиздерге ээ болсо да, бул мүмкүнчүлүктү пайдалана албай келет. Анткени жумуш берүүчүлөрдүн көпчүлүгү муну анчалык жактыра беришпейт.
124. Мамлекет, аялдардын ден соолугуна өзгөчө камкордук көрүү менен алардын оор жумуштарда, эмгек шарттары зыяндуу жана кооптуу жумуштарда, ошондой эле жер астында иштелүүчү айрым жумуштардан башка (кара жумуш менен байланышпаган же санитардык же турмуш-тиричилик жактан тейлөө боюнча жумуштар) жер астындагы жумуштарда иштөөсүнө тыюу салынат. Мындан тышкары, оор нерселерди көтөрүү жана ордунан жылдыруу менен байланышкан жумуштарга аялдарды тарткан учурда, алар үчүн жол берилген нормалар каралган (Эмгек кодексинин 303-беренеси).
125. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция органдары аялдардын эмгек укуктарынын басмырланышын аныктоо боюнча туруктуу контролдоо-көзөмөлдөө милдетин аткарып келет. 2008-2012-жылдар аралыгында аялдардын эмгектик укуктарынын басмырланышы боюнча фактылар табылган жок.
126. 2008-2012-жылдары 1 күндөн ашык убакытта эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуп, иштин жүрүшүндө кырсыктан улам жапа чеккендердин саны 516 болсо, алардын ичинен аялдардын саны 15ти түзгөн. Иш ордунда келип чыккан кырсыктан улам 155 адам каза тапкан болсо, алардын ичинен 4 аялдар болгон.
12-берене.
127. "Калктын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды жүзөгө ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 24-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилген 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын репродуктивдүү саламаттыгын сактоонун улуттук стратегиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 309 токтому менен бекитилген 2012-2016-жылдарга карата "Ден соолук" саламаттык сактоону реформалоо программасы аялдар менен эркектердин медициналык жактан тейлөөдөн бирдей пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн кепилдикке алат.
128. Тармактык саясаттарда 2006-2015-жылдарга Калктын ден соолугун коргоо боюнча улуттук стратегия маанилүү орунду ээлейт. Ушул программанын алкагында көрүлүп жаткан чаралар, кош бойлуу аялдардын 98%дан көбүрөөгү медициналык каттоодон өз учурунда өтүүсүнө, төрөт үйлөрүнүн 62,5%да ден соолукту ар тараптан коргоо боюнча комплекстүү программага ылайык, натыйжалуу перинаталдык камкордукка алуу шарттары жайылтылган.
129. Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону реформалоонун 2006-2012-жылдарга "Манас таалими" улуттук программасын, андан соң 2012-2016-жылдарга "Ден соолук" жаңы программасын ишке ашыруунун негизинде кеңири секторалдык ыкманын колдонулушу, Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруунун алкагында калктын саламаттыгын чыңдоо жагында максатка багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө жана калктын саламаттыгынын абалын, анын ичинде артыкчылыктуу катарында энелер менен балдардын саламаттыгын, саламаттык сактоодогу тейлөөнүн жеткиликтүүлүгүн, калктын эң аялуу топтору үчүн финансылык түйшүктү төмөндөтүүнү жакшыртууга өбөлгө түзөт.
130. Перинаталдык камкордукту кеңейтүү энелердин жана төрөлгөн жаш балдардын өлүмүн азайтуу боюнча негизги милдеттерден болуп саналат. 2008-жылы республикада 2008-2017-жылдар аралыгында перинаталдык жардамды жакшыртуу программасы бекитилген. Тилекке каршы, бул программа бюджеттик каржылоо мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.
131. ССМнын жетекчилиги астында аялдар менен балдардын аз кандуулугун төмөндөтүү боюнча иш-чаралар өткөрүлүп келет. Төрөгөн аялдар жана 5 жашка чейинки балдар үчүн А витамини сатылып алынат, туздун йоддолушуна, унду фортификациялоо үчүн премиксти текшерүүгө тесттер жүргүзүлөт.
132. ССМнын маалыматтарына ылайык, жаш балдардын өлүмүнүн кыскарып жаткандыгы байкалууда. Мисалы, 2007-жылдагы көрсөткүч - 30,6%; 2008-жылы - 27,3%; 2009-жылы - 25,1%; 2010-жылы - 22,8%; 2011-жылы -21,1%ды түзгөн.
5-диаграмма. Наристе балдардын өлүмгө учуроо көрсөткүчү
133. Акыркы 5 жыл аралыгына жаш балдардын (1-4 жаштагы) өлүмүнүн көрсөткүчү да төмөндөгөн. Балдардын өлүмгө учуроо себептери алардын курактык топтору боюнча айырмаланаарын белгилей кетүү керек. ССМнын 2011-жылдагы маалыматтарына ылайык, жаш балдардын өлүмүнүн негизги себебинен болуп, перинаталдык мезгилде келип чыккан абал - 65%, дем алуу органдарын илдети - 14,3%, төрөлгөндө эле пайда болгон оорулар - 10,3% саналат. 1-4 жашка чейинки наристелердин өлүмүнө алып келген себептердин ичинен, дем алуу органдарын оорусу 30,1%, жаракат алып, уулануу 29,5%, жугуштуу ооруларга чалдыгуу - 11,7%ды түзөт.
134. Кыргыз Республикасынын "Манас таалими" саламаттык сактоо реформасынын Улуттук программасынын алкагында донор уюмдарынын гранттык каражаттарынын эсебинен (SWAP), облустук төрөт стационарларынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу иштери жүргүзүлүп жатат.
135. 2 жашка чейинки балдар жана кош бойлуулар арасындагы микронутриент жетишсиздигинин алдын алууга багытталган "Гүлазык" программасы республикада 2009-жылдын июнь айынан бери иштелип келе жатат.
136. ССМнын маалыматтары боюнча республикада энелердин өлүмү көрсөткүчү толкун сымал агымда мүнөздөлөт жана дале болсо жогору бойдон калып жатат. 2005-жылдан бери бул көрсөткүчтүн 61,0 чейин өскөндүгү катталган болсо, 2008-жылы - 58,9 чейин төмөндөгөн, 2011-жылы республикада эненин өлүмү - 6,3% төмөндөгөн, 100000 тирүү төрөлгөндөрдүн көрсөткүчү - 47,5ке (71 учур, 2010-жылы тиешелүү түрдө 50,6 жана 74 учур болгон) азайган.
137. Эненин өлүмүнө көптөгөн себептер түрткү берет, алардын көбү эң оболу, бир катар экономикалык, социалдык жана маданий факторлор, демографиялык түзүм, жүрүм-турум көндүмдөрү санитардык жактан сабаттуулук деңгээли менен шартталган.
6-диаграмма. Республика боюнча өлүмгө учураган энелердин саны
138. Негизинен эненин өлүмүнө түрткү берген себептердин түзүмү өзгөргөн. 10 жыл мурда кан басымынын жогорулоосу биринчи орунда турса, 2005-жылдан бери кансыроо (50% чейин), кош бойлуу учурунда экстаргениталдык ооруларга чалдыгуу (23,9%) басымдуулук кылган.
139. ССМда удаалаш каржылоо аркылуу натыйжалуу перинаталдык багуу (НПБ) колдоого алынган, учурда бул программанын камтылышы 62%ды түзөт.
140. ССМ тарабынан сапаттуу антенаталдык камкордукка алууну жакшыртуу максатында, бул жардам боюнча 18 клиникалык протокол бекитилген, алар андан ары саламаттык сактоо уюмдары тарабынан персоналдарды окутууда ишке киргизилет. Неонатологдордун, анестезиолог-реаниматологдордун жетишсиздиги өзгөчө тынчсызданууну жаратат (облустук, райондук деңгээлде).
141. Мамлекеттик гарантиялар программасында жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча кошумча программада кош бойлуу аялдарды жана жашы 5ке жете элек наристелерди акысыз камкордукка алуу шарттары каралгандыгына карабастан, айрым эң керектүү дары-дармектер (А жана К витамин кошулмалары, бойго бүткөрбөөчү каражаттар, альбендазол) жетишсиз бойдон калууда.
142. Статистикалык маалыматтарга ылайык, кош бойлуу учурунда аялдар арасында аз кандуулуктун деңгээли 2008-жылы - 52,9%; 2009-жылы 54,4%; 2010-жылы - 53,5%; 2011-жылы - 64%ды түзгөн.
143. Кыргыз Республикасында боюнан алдыруунун көрсөткүчү репродуктивдүү курактагы 1000 аялга 10,3тү түзөт (2011-жыл). Саламаттык сактоо уюмдарында ишке ашырылган боюнан алдыруунун баардыгы эле эсептик жана отчеттук медициналык документтерге катталбайт. 12-19 жаштар тобундагы өспүрүмдөрдүн боюнан алдыруусунун саны 2008-жылы - 1205ти; 2009-жылы 1468ди; 2010-жылы - 1425ти; 2011-жылы - 1445ти түзгөн. Боюнан алдыруу түзүмүндөгү алдынкы орунду өз алдынча боюнан түшүрүү түзөт (2010-жылы 69,2%; 2011-жылы - 65,1%).
144. Республикада контрацептивдик каражаттарды пайдалануу мүмкүнчүлүгү 30,1% түзөт. Мындай каражаттардын түшүүсүн кепилдикке алган системанын республикада жоктугу жана колдо болгон ресурстардын чектелүүлүгү өлкөнү донордук берүүлөрдөн (ЮНФПА жана ЮСАИД) көз каранды болууга мажбурлайт. Бала төрөөгө кудуреттүү аялдар арасында (15-49 жаш) контрацепция каражаттарын пайдалануу көрсөткүчү 2008-жылы 31,1%, 2009-жылы - 31,2%, 2010-жылы - 30,3% түзгөн. Контрацепциянын негизги ыкмасы жатын ичине спиралдын салынышы болуп саналат. Мындай каражаттардын толук пайдаланбай жатышына ошондой эле, калктын айрым бир бөлүгүнүн диний ырым-жырымдарга ашкере берилиши да кедергисин тийгизүүдө.
145. Акыркы жылдары жатындын моюнчасынын жана эмчек бездеринин өлүмүнүн көрсөткүчтөрү 1,3 эсеге өстү, бул шишикти жана шишик алдындагы ооруларды аныктоо боюнча калк арасында алдын алуу кароолорун жүргүзүүнүн көлөмүнүн төмөндөшү менен байланышат. Бүгүнкү күндө онкологиялык оорулардын 12%ы гана алдын ала кароо учурунда аныкталат.
146. Зилдеме жаңы шишик ооруларынын түзүмүндө жана аялдардын онкологиялык ооруларынын арасындагы өлүм боюнча эмчек безинин рагы Кыргыз Республикасында биринчи орунда турат. Акыркы он жылдары бул көрсөткүчтөрдүн тенденциясы өсүүдө. Жыл сайын эмчек бездеринин рагынын 500 учуру аныкталат. Эмчек бездери рагынын 1 жылдык леталдуулугу 2010-жылы - 21,5%; 2011-жылы - 37,1%. Оорулардын эң жогорку чеги социалдык жактан активдүү келген 40-49 жаш жана 50-59 жаш курактык топтогуларына тиешелүү.
147. Эмчек бездеринин рагы ооруларынын, өтүшүп кетүүлөрүнүн жана өлүмүнүн жогорку көрсөткүчтөрү, эмчек бездери патологиясынын алдын алуу жана диагноз коюу боюнча массалык иш-чаралардын жоктугун калктын маалымдуулугунун төмөндүгү жана бардык деңгээлдеги врачтардын онкологиялык байкап турууларынын жоктугу эске алынып, Кыргыз Республикасынын Улуттук онкология борборунун алдында Маммологиялык борбор түзүлгөн. ССМ ӨЭУлар жана эл аралык уюмдар менен биргеликте ушул жылдын башында атайын адистердин көчмө бригадасын уюштурган. Алардын арасында аймактардагы аялдардын эмчек бездерин УЗИ-текшерүүсүнөн өткөргөн маммологдор дагы болгон.
148. Дарылап алдын алуу уюмдардын инфраструктурасынын начарлыгы, ысык жана муздак суу, электр жарыгы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо жагында орун алган проблемалар, канализация системасынын начарлыгы бейтапканалар ичинде кызмат көрсөтүү жана илдетти алдын алуу сапатына да таасирин тийгизет. Республикада 147 стационардын ичинен 112си ишке ыңгайлашкан имараттарды колдонот.
149. Аялдар арасында ичкиликке берилгендердин саны да арбын. 2008-жылы аялдардын саны 100 миң калкка аракечтик менен ооруган аялдардын деңгээли 13,3 учурду, 2009-жылы - 12,9 учурду; 2010-жылы - 13,1; 2011-жылы - 12,6 учурду түзгөн.
150. Аялдар арасында баңги заттарына берилип кетүү оорусу 100 миң калкка эсептегенде 2008-жылы - 2,6 учурду; 2009-жылы - 2,3; 2010-жылы 1,7; 2011-жылы - 2,0 учурду түзгөн.
151. Калк арасында, анын ичинде өспүрүмдөр, жаштар арасында жыныстык катнаш аркылуу жуктуруп алган оорулар өсүүдө. Мындан тышкары, боюнан алдыруу сыяктуу көйгөйлөрдүн орун алып жатышы да калктын контрацептикалык каражаттар тууралуу маалыматынын жоктугун жана алардын жетишсиздигин далилдейт.
152. Аялдар арасында жыныстык жолдор аркылуу жугуучу оорулар:
- сифилиске чалдыгуу деңгээли (100 миң калкка) 2008-жылы - 21,2; 2009-жылы - 19,1; 2010-жылы - 14,4; 2011-жылы - 14,9 учур;
- гонорея илдетине чалдыгуу деңгээли: (100 миң калкка) 2008-жылы 14,7; 2009-жылы - 12,0; 2010-жылы - 13,1; 2011-жылы - 9,3 учур.
153. Учурда "Кургак учук IV" жаңы Улуттук программасы жана 2012-2016-жылдарга АИЖВ/ИЖЖС боюнча программа иштелип чыгууда.
154. Кургак учук илдетине чалдыккан аялдардын саны 2008-жылы 2278; 2009-жылы - 2329; 2010-жылы - 2341; 2011-жылы - 2274 учурду түзгөн. Мамлекет, медициналык тейлөөнү жакшыртуу боюнча гана эмес, мындай орулууларды социалдык коргоого алуу жагында да комплекстүү чараларды көрүп жатат. "Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан дарылануучу жерге жетип, кайра келгенге чейин жол кире акысына каражаттар бөлүнүп жатат. 2011-жылдын II чейрегинен тартып, өлкөнүн бардык региондору боюнча "Кургак учук, ИЖЖС, малярия" Глобалдык фондунун грантынын эсебинен кургак учуктун эң эле коркунучтуу формасына чалдыккандарга тамак-аш жана гигиеналык каражаттарды бөлүү, амбулаториялык дарыланууда жүргөндөргө керектүү каражаттарды берүү түрүндө социалдык колдоо көрсөтүлүп жатат.
155. Кыргыз Республикасында АИЖВ-инфекциясы эпидемиясы илдетинин тарашы концентрацияланган баскычта турууда, бул оорунун тарашы 5 пайыздан ашкандыгын (мындай топко сайынуучу наркотиктерди колдонуучулар кирет) түшүндүрөт. Мында, шаар жана айыл жеринде жашаган, боюнда бар аялдардын ичинен 1% азыраакты түзөт. АИЖВ инфекциясынын алдын алуу боюнча иштер, "АИЖВ/ИЖЖС жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 13-августунда кабыл алынган № 149 Мыйзамына ылайык ишке ашырылып жатат. Бул Мыйзам АИЖВ/ИЖЖС менен жашап келген адамдарга, ошондой эле калктын эң аялуу топторун стигматизациялоодон жана басмырлоодон коргоону гарантиялаган эл аралык стандарттарга мүмкүн болушунча жакындаштырылып иштелип чыккан.
156. Республикада АИЖВ/ИЖЖС маселеси боюнча ишти пландаштыруу, координациялоо жана мониторинг жүргүзүү АИЖВ/ИЖЖСга, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча өлкөлүк көп секторалдык координациялык комитет (ӨКСКК) тарабынан жүзөгө ашырылып жатат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 372 токтому менен социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ӨКСКК түзүлгөн.
157. Учурда ИЖЖС оорусуна чалдыгып, антиретровирустук терапия дайындалгандарга дары-дармектер өз учурунда берилип, келип түшкөн антиретровирустук дары-дармектердин жана берилген дары-дармектердин эсеби алынып турат. Дарылануу курсу үчүн дары-дармектерди берүү ССМ тарабынан бекитилген протоколдорго ылайык жүргүзүлөт.
158. Ошону менен катар расмий маалыматтар абалды толук чагылдыра албайт. Мисалы, учурда өлкөдө АИЖВ/ИЖЖСга чалдыккан 11000-12000 адам жашап жатат. АИЖВ оорусуна жана ИЖЖСга чалдыгуу гендердик мүнөздөмөлөргө ээ: эгерде эркектердин арасында парентералдык жол менен чалдыккандардын саны басымдуу болсо, аялдардын арасында жыныстык катнаш аркылуу чалдыккандар көп.
13-берене.
159. Кыргыз Республикасынын Конституциясында мамлекеттин социалдык багыттуулугу декларацияланган.
160. Мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу, кыймылсыз мүлк алдында ссудаларды, насыяларды алуу, ошондой эле финансылык насыянын башка формаларын пайдалануу укугунда эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө жетишүү үчүн гендердик багыттагы социалдык саясатты жүргүзүүнүн жаңы механизмдери жайылтылууда.
161. Кыргыз Республикасында калктын аялуу катмарын социалдык колдоого алуунун негизги багыттары боюнча төмөнкүдөй өзгөрүүлөр жүргөн:
Пенсия өлчөмү жогорулатылган. Натыйжада биринчи жолу пенсиянын орточо өлчөмү тиричилик минимуму деңгээлине жакындаштырылып, пландаштырылган минимумдан ашыгыраак пенсия алгандардын саны 5 эсеге көбөйгөн. 2011-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын орточо өлчөмү 3796 сомду түзүп, бул 2010-жылдагыга караганда 996 сомго көп.
162. 2010-жылдын акырына карата Социалдык фонддун пенсия бөлүүчү органдарында катталган пенсия алуучулардын саны 560 миң адамды түзүп, 5 жыл аралыгында ал 7%га өскөн. 2008-жылы жаш курагы боюнча пенсияга чыккандардын санынын көбөйүүсү эркектер үчүн пенсия курагынын 60 жашка чейин (камсыздандыруу стажы 25 жыл болгон болсо). Аялдар үчүн 55 жашка чейин төмөндөтүүгө таасирин тийгизген (камсыздандыруу стажы 20 жыл болгон шартта). Бул тенденция согуш мезгилине салыштырмалуу төрөлүүнүн саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу 1950-жылдары төрөлгөндөрдүн эсебинен эмгекке жарактуу курактагы калктын санынын жогорулагандыгы менен түшүндүрүлөт.
163. Акыркы 5 жыл аралыгында Кыргызстандын калкынын жалпы санында пенсионердин үлүшү 10%га жакынды түзөт. Ал эми пенсионер аялдар 65%дан көбүрөөктү, эркектер 35%ы түзөт. Анткени аялдардын жашоосунун узактыгы эркектердикине караганда узагыраак, мындан сырткары аялдардын пенсиялык курагы 5 жылга эрте башталат.
164. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талабына ылайык, 5 жана андан көп баланы төрөп, аларды 8 жашка чейин тарбиялаган энелер жашы 53 жеткенде жана камсыздандыруу стажы 15 жылды түзгөн болсо, жаш курагы боюнча пенсияга чыгууга укуктуу. Демек алар, буга чейин белгиленген 58 жашка караганда 5 жыл мурда чыга алышат.
165. 2011-жылдын ноябрь айында аталган мыйзамга толуктоолор киргизилген, ага ылайык Баатыр энелердин пенсиясына 1000 сом өлчөмүндө үстөк акы каралган. Белгиленген куракка жеткенде пенсиялык камсыздоодон пайдаланууга укугу жок Баатыр энелер ар айлык социалдык жөлөкпул алуу укугуна ээ болгон. Бүгүнкү күндө анын өлчөмү 1000 сомду түзөт.
166. Эне мээримине таазим этип анын үй-бүлөнү бекемдеп, коомду өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымын таануу менен "2012-жылды - Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги № 93 Жарлыгы менен жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде майрамдалуучу жаңы майрам күнү - "Кыргыз Республикасында Энелер күнү" белгиленген.
167. "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы, кош бойлуулугу жана бала төрөшүнө байланыштуу жөлөкпулдардын өлчөмүн белгилөө жана төлөө тартиби жөнүндө жобону жана көзү өткөн адамды акыркы сапарга узатуу үчүн төлөөлөрдү белгилөө тартиби жана анын өлчөмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 токтому менен тиешелүү жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө шарттары бекемделген.
168. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик жөлөкпулдардын эки негизги түрүн - балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар айдагы жөлөкпул (АҮАЖ) жана эмгекке жарамсыз жарандар үчүн ар айдагы социалдык жөлөкпул (АСЖ) белгилөө жана төлөө шарттары бекемделген. АҮАЖ балдар үчүн берилет, ал кепилденген минималдуу киреше (КМК) деңгээлинде жашаган, балалуу, эң эле жарды жашаган үй-бүлөлөрдүн кирешелериндеги ажырымды жоюуга багытталган.
169. АСЖ, үй-бүлөнүн киши башына кирешесине көз карандысыз категориялык принцип боюнча белгиленет. Адатта пенсия менен камсыз болуу укугуна ээ болбогон, эмгекке жарамсыз адамдар үчүн каралган. 2010-жылдан бери бул жөлөкпулдун өлчөмүн кепилденген минималдуу кирешеге байланыштыруу шарттары жокко чыгарылган.
170. СӨМдүн маалыматына ылайык, 2012-жылдын 1-январына карата бүтүндөй республика боюнча АҮАЖ жана АСЖ орточо өлчөмү тиешелүүлүгүнө жараша 304,9 жана 2112,8 сомду түзгөн.
7-диаграмма. 2008-жылдан тартып 2012-жылдын 1-сентябрына чейинки аралыкта мамлекеттик жөлөкпулдардын орточо өлчөмү
171. 2008-жылдагыга салыштырганда АСЖ жана АҮАЖ өлчөмдөрү 2012-жылы 175,2 сомго өсүп, 1306 сомду түзгөн.
172. 2008-2012-жылдар мезгилинде АҮАЖдын жана АСЖнын алуучулар боюнча гендердик көз караштан бөлүштүрүлгөн маалыматтарды төмөнкүчө чагылдырууга болот:
8-диаграмма. 2008-2011-жылдар ичинде АҮАЖ алгандардын саны (миң адам)
9-диаграмма. 2008-2011-жылдар ичинде АСЖ алгандардын саны (миң адам)
173. 2011-жылдын 1-июлунан тартып кепилденген минималдуу киреше өлчөмү 310 сомдон 370 сомго чейин жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдар 3,0 миң сомго чейин көбөйтүлгөн.
174. Кызматтарды даректүү сунуштоону күчөтүү, жеңилдиктерди оптималдаштыруу максатында, 2009-жылы жеңилдиктерди караштыруунун колдонулуп жаткан системасын реформалоо ишке ашырылган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 511 Жарлыгы менен 2010-жылдын 1-январынан тартып мурдагы жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсацияларды берүү шарты киргизилген. Булар муктаждыгын эске албастан, категория принциби боюнча ишке ашырылат. Мындай мүмкүнчүлүктөргө калктын 25 категориясы укуктуу. Акчалай компенсация өлчөмү айына 1000-7000 сомго чейинкини түзөт.
175. Калктын олуттуу бөлүгүнүн финансылык каражаттардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү шарты, жакырчылык деңгээлин кыскартуу каражаты катары микрокаржылоо мүмкүнчүлүгү аныкталган. Бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн негизги стратегиялык документтеринде камтылган. Калктын финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү мындан аркы экономикалык өсүштүн негизги факторлорунун бирин түшүндүрөт.
176. 2010-жылдын акырына карата абал боюнча өлкөдө калктын чакан насыялоону пайдалануу мүмкүнчүлүгү орточо алганда 7,1%га жеткен, ал эми карыз алуучулардын жалпы саны 391,4 миң адам. Микрофинансы секторунун насыя портфели 11,1 млрд. сомго жеткен. Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, айрыкча аялдар чакан насыялоону пайдалангандар болуп саналышат (2010-жылдан жыйынтыгы боюнча насыя алгандардын жалпы санында алардын үлүшү 73,4% түзгөн). Бул көрсөткүч жыл санап өсүп жатат, алсак 2008-жылдагыга караганда 2010-жылы ал 55,12% өскөн.
177. Өлкөдө аялдардын эс алууга, спорт менен машыгуусуна жана маданий турмушка толук аралашуусуна эч кандай чектөөлөр жок. Ошол эле учурда мамлекет улуттук спорт оюндары (көк бөрү, ордо, тогуз коргоол, аркан тартыш ж.б. ушул сыяктуу) улуттук спорт оюндарынын түрлөрүн, күч сынашып, таймашуу сыяктуу мурдатан бери эркектерге мүнөздүү болгон спорт оюндарын өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Бүгүнкү күндө улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө жылына 5 млн. сомго жакын каражат бөлүнүүдө.
178. Азырынча спорттук инфраструктура талапка ылайык келбей жатат. Ушундан улам, дене тарбия жана спорт багыты массалык мүнөзгө ээ боло албай, болгону 6-7%ды гана түзөт. Жалпы билим берүүчү мектептердин спорт залдарынын жабдылышы 48,3%, стадиондордун жана ушундай эле жайлардын саны 91,3%, спорт объекттеринин - 37%нын абалы канааттандыраарлык эмес катары бааланууда, ал эми мектептердин 70%нын спорт шаймандары жана жабдууларын акыркы 15-20 жыл ичинде дегеле жаңыртылган эмес. Натыйжада калктын спорт жабдыктары менен камсыз болушу, 16тен 1%ке чейинки түзөт (акыркы көрсөткүч бассейндер боюнча).
179. Аялдар менен эркектердин маданий иш-чараларга катышып, алардын кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү (концерттик-театралдык инфраструктуралардан, клубдардан, китепканалардан, музейлерден) тууралуу көрсөткүчтөр жокко эсе.
14-берене.
180. Кыргыз Республикасы БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитетинин айыл жеринде жашаган аялдардын абалына тиешелүү 33, 35, 37, 38, 41, 42-пункттарын ишке ашырууга өзгөчө маани берет.
181. Мамлекет айыл жеринде жашаган аялдарга мүнөздүү болгон социалдык-психологиялык өзгөчөлүктөр, аткарган ар түрдүү милдеттери жана аныкталган социалдык статусу менен айрымаланган, коомдун социалдык-демократиялык тобун түшүндүрөт. Улуттук статистикалык комитети тарабынан ар жылы даярдалуучу "Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери" жыйнагында камтылган маалыматтар, айыл жеринде жашаган аялдардын саны 65%дан көбүрөөктү түзөөрүн көрсөтүүдө, алардын олуттуу бөлүгү - жашы 15тен 49га чейинки бала төрөй алган аялдар, ал эми жашы 0ден 14кө жете элек кыз балдар экинчи топту түзөт.
182. Кыргызстанда айыл жеринде жашаган аялдардын абалы бир кыйла татаал турмуштук жагдайлар менен мүнөздөлөт. Алардын көпчүлүк бөлүгү айыл жеринин социалдык-экономикалык өнүгүшүндө орун алып жаткан кризистик жагдайлар менен шартталган. Жашоо деңгээлинин төмөндүгү, социалдык жактан корголбогондук, жумушсуздук, киреше алуудагы мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүүлүгү укуктук билим деңгээлинин жана иш билгилик жөндөмдүүлүктөрүнүн төмөндүгү, ден соолугунун начарлыгы жана чечим кабыл алууга аларды анчалык тарта бербегендигин, орун алган проблемалардын ичинен өзгөчө бөлүп көрсөтүү зарыл.
183. Киреше менен камсыз кылган туруктуу иштин болушу - айыл жеринде жашаган аялдардын материалдык жана социалдык жашоо деңгээлинин эң башкы шарттарынын бири. Бул көз караштан алганда, алар азыраак коргоого алынгандардын катарына киришет. 2009-жылы иш менен камсыз болгондордун ичинен иштеп жаткан аялдардын үлүшү - 40%, 2010-жылы - 39,5% түзгөн.
184. Иш менен камсыз болуу жагында айылдык аялдар эмгек акысы анчалык жогору болбогон чөйрөлөрдө, эң оболу, тейлөө, билим берүү жана саламаттык сактоо жагында позициясын сактап келүүдө. Көбүнчө алар соода жүргүзүү, муниципалдык мекемелерде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, тейлөө жагында иштешет же алардын кызматкеринен болуп саналышат. Иштеген жери боюнча негизги эмгек акысы жана социалдык төлөөлөр айыл жеринде жашаган көпчүлүк аялдар үчүн туруктуу бирден-бир киреше булагы болуп саналат.
185. Айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүү жана сатуу айыл жеринде жашаган аялдар үчүн негизги киреше булагынын бири. Алардын айрымдары кийим-кече тигүү жана кол өнөрчүлүк чеберчилиги боюнча бизнес жүргүзгөндөрү да бар.
186. Айыл чарбасында иштеген аялдардын үлүшү иш менен камсыз болгондордун - 30,1%ын түзөт, алардын ичинен иштеп жаткандарынын салыштырма салмагы 39%, жалданып иштегендердин саны - 22,2%, өз алдынча иштегендери - 40,3%.
187. Үй чарбасында иштеген аялдар жашылча-жемиш өстүрүү, мал чарбачылыгында эт, сүт, жумуртка алуу менен алектенишет. Калыптанып калгандай эле, бардык өндүрүп алынган азык-түлүк төмөн баада сатылат. Натыйжада, үй-бүлө мүчөлөрүнүн азык-түлүктү керектөөсү чектелип, сатуудан алар шайкеш киреше ала алышпайт.
188. Көпчүлүк аялдар негизинен кол эмгеги талап кылынган талааларда жалданып иштешет (жер иштетүү, отоо, түшүм жыйноо ж.б.). Мындай шартта алар эмгек келишимдерин түзбөстөн эле, ишке тарткан жумуш берүүчүлөрдөн өтө көз каранды абалда болушат.
189. 2009-2011-жылдар аралыгында фермерлерди колдоо боюнча мамлекеттик программада күйүүчү-майлоочу материалдарды жеңилдетилген шарттарда берүү каралган. Мындан тышкары, жеңилдетилген 7 пайыздык займ түрүндөгү мамлекеттик колдоолор дагы 2011-2012-жылдарда фермерлерге сунушталган.
190. Мамлекет, бизнес инкубаторлору, кол өнөрчүлүк чеберчилигин өнүктүрүү сыяктуу жеке ишкердиктин башка формаларын колдоо боюнча чараларды көрүү менен катар эле, жыл сайын айыл-чарба азык-түлүгүн жана кайра иштелип чыккан продукциялардын, кол өнөрчүлүк чеберчилигинен жаралган буюмдардын көргөзмөсүн уюштуруп келишет.
191. Айыл жеринде жашаган аялдардын тапкан кирешеси дайым эле туруктуу эмес экендиги менен мүнөздөлөт. Аялдардын өзүн өзү иш менен камсыз кылышы киреше табуунун негизги стратегиясынын бири болуп саналат. Мында, көпчүлүк аялдар коммерциялык ишин акысыз үй-жумушу менен айкалыштырууга мажбур болушат.
192. Улуттук статистика комитетинин "Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери" жыйнагында камтылган маалыматтарына ылайык, 2008-2010-жылдар мезгилинде айыл жеринин жашоочуларынын арасында жакырчылык деңгээли 2,4%га өскөн. Мында, аялдар ичиндеги турмуш жагдайына көз карандылыкты мажбурлаган факторлорго медициналык кызматтардын жетишсиздигин, айыл жеринде мектепке чейинки балдар мекемелеринин санынын олуттуу кыскарышынын алкагында, бала-бакчалардын кызматтарын кошо алганда, башка социалдык кызматтардын кыскаргандыгын кошууга болот.
193. Мектепке чейинки мектептердин кызматынан пайдалангандардын саны:
5-таблица
┌───────────────────────────┬─────────────┬─────────────┬─────────────┐
│ │ 2008-жыл │ 2009-жыл │ 2010-жыл │
│ ├──────┬──────┼──────┬──────┼──────┬──────┤
│ │кыздар│балдар│кыздар│балдар│кыздар│балдар│
├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤
│Айыл жеринде │ 4,3 │ 5,1 │ 5,5 │ 5,2 │ 6,5 │ 6,1 │
├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤
│Шаар жеринде │ 25,0 │ 25,1 │ 27,6 │ 27,7 │ 27,9 │ 28,1 │
└───────────────────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┘
194. 2010-жылы эркектер башкарган үй-чарбаларынын 27,4%, аялдар башкарып келген үй-чарбалардын 20,7% жакыр болгондордун катарына кирген. Бул жерде ошондой эле, аялзаты башкарган үй-чарбаларында эркектер тейлеген үй-чарбаларына караганда, жакырчылыктын жалпы деңгээли кыйла төмөн экендигин белгилеп кетүү зарыл.
195. Үй-чарбасын жүргүзүүгө бөлүнгөн убакытка талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, айыл жеринде аялдар эркектерге салыштырганда, үй-чарбасына көбүрөөк убактысын сарптай тургандыгын көрсөткөн. Алсак, айыл жеринде үй-чарбасын жүргүзүүгө аялдардын убактысынын 91,6% жумшалган болсо, эркектердики 75,8% түзөт.
196. 2008-жылдан бери таза суудан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон калктын үлүшү туруктуу бойдон калып, 91,5% чегинде катталган.
197. Мамлекет даректүү жардамдарды андан ары сунуштоо үчүн аларга социалдык паспортторду толтуруу аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн эсебин жүргүзүп келет. Толтурулган социалдык паспорттордун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары активдүү жана пассивдүү чараларды сунуш кылышат. Ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрүн окутуп жана кайра окутуудан өткөрүүгө, өз жардам топторун, жамааттарын түзүүгө, төлөнгөн коомдук иштерге тартууга, ишке орноштурууга, өз ишин баштоосу үчүн аларга чакан насыялардын бөлүнүшүнө көмөк көрсөтүп келет.
198. Акыркы 2 жыл аралыгында айыл жериндеги билим берүүнүн бардык деңгээлинде айрыкча, баштапкы жана орто билим берүүдө окутуунун сапаты начарлаган. Мугалимдердин, окуу материалдарынын жана китептердин жетишсиздиги буга түрткү берген негизги себептерден. Үй-бүлөдөгү социалдык-экономикалык шарттардан улам, кыз балдардын мектепке келүүсүнүн төмөндөшү өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Буга ошондой эле, айыл чарбасында аял эмгегинин эң эле "баалуулугу" да түрткү берет. БИМ мындай учурларды аныктоо максатында балдардын мектепке баруусуна контролдукту күчөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.
199. Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык аялдардын саламаттыгын жакшыртуу максатында 2006-жылдан тартып 5 жашка чейинки балдар, кош бойлуулугуна байланыштуу төрөө жана төрөгөндөн кийинки 8 жума аралыгындагы мезгилде эсепке турган аялдар кошумча төлөмдөн бошотулушат. Кечиктирилгис медициналык жардам бекер көрсөтүлөт.
200. Калкка, анын ичинде айыл жеринде жашаган аялдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча программага 2011-жылы республиканын 2,7 миллион адамдан көбүрөөк калкы бар 1400 айылы камтылган, ушунун өзү айыл калкынын 80%ын түзөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук госпиталынын кыдырма медициналык борбору тарабынан өлкө региондорун кыдыруулар уюштуруп, анын жүрүшүндө, медперсоналдан турган 17 бригада 28720 адамдын ден соолугун текшерүүдөн өткөргөн. Бул бригадалар калкка гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн каралган 496545 сом суммасындагы дары-дармектер жана башка керектүү шаймандар менен жабдылган. Заманбап технологияларда иштей билген акушер-гинекологдор, онколог-маммологдор айыл жашоочуларын кабыл алышып, өз жардамдарын көрсөтүшкөн.
201. Айыл жергесинде ден соолукту чыңдоо кызматы жигердүү иш жүргүзүүдө. ССМ тарабынан БИМ менен биргеликте "Кыргызстандагы коопсуздук маршруту" (2009-жыл) колдонмосу бекитилген, мында республика боюнча 626 мектептин окуучуларына АИЖВ ооруларынын жана баңгиликтин алдын алуу боюнча окуулар жыл сайын өткөрүлүп турат. "Тең болгонго-теңмин" принциби боюнча жогорку класстардан 10000ден ашуун окуучу окутулган. 2011-жылы "Коопсуздук маршруту" программасы чоңдор үчүн жана ата-энелер менен тарбия иштерин жүргүзүшкөн мугалимдер үчүн иштелип чыккан.
202. Мамлекет, ар бир медицина мекемесинде ички контролдук бөлүмүн ачуу аркылуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде алардын айыл жергесинде жашаган аялдарга сунушталышына контролдук кылуу чараларын түзүү боюнча алгачкы кадамдарын жасады (ССМдин 2012-жылдын сентябрь айындагы буйругу).
203. Айыл жергесинде жашаган аялдарга саламаттык сактоо кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо боюнча иштерди уюштурууда, бир катар чечиле элек көйгөйлөр да бар. Медицина кызматтары фельдшердик-акушердик пункттар (ФАП) аркылуу сунушталат, анда фельдшер жана медайым сыяктуу медицина кызматкерлери иштешет, алардын саны айыл жергесиндеги калктын санына жараша болот. Дары-дармектер жетишпейт, аялдар дары-дармектердин көпчүлүк бөлүгүн райондук борборлордогу коммерциялык дарыканалардан сатып алышат. Ал эми тар-профилдик адистердин кароосунан өтүү үчүн райондук борборлорго барууга туура келет. Тез жардам кызматынан пайдалануу, жолдордун начар абалда экендигинен жана күйүүчү майлоочу материалдардын кымбаттыгынан улам оорлошот.
204. Жалпысынан, айыл жергесинде жашаган аялдардын көйгөйлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы № 443 токтому менен бекитилген 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегияда артыкчылыктуу багыт катары каралат, анда техникалык инфраструктураны жакшыртуу (бүтүндөй өлкөдө Интернет кызматынан пайдаланууну өнүктүрүү) жана иштеп жаткан институттардын (мектептер, фельдшерлик-акушерлик пункттар, үй-бүлөлүк медициналык борборлор) функцияларын кеңейтүү аркылуу формалдуу эмес билим алуу мүмкүнчүлүгү үчүн шарттардын түзүлүшү каралган. Институттук, жол-жоболук өзгөрүүлөр айыл жеринде жашаган аялдар арасында функционалдык билим алуунун ар кандай формаларын жайылтуу үчүн техникалык инфраструктуралардын мүмкүнчүлүктөрүнөн көрүнөт.
205. Өзгөрүүлөр айылдык аялдардын жаңы кесиптерге ээ болуп, ишкердикке болгон мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга, ошондой эле аялдардын жаңы жумуш орундарын өздөштүрүп, учур талабына жооп берген маалыматтык-коммуникациялык технологияларда иштей билүүсүнүн эсебинен үй-бүлөдөгү милдети менен иштеген жеринде аткарган милдетин айкалыштыра алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Түпкүлүгүндө келип, мына ушул багытта көрүлүп жаткан чаралар айыл жеринде жашаган аялзатынын кесиптик жана карьера жасоо мүмкүнчүлүгүнө карата буга чейин түптөлүп кеткен ой-пикирлерди өздөштүрүүгө; аялдардын иш менен камсыз болуу түзүмүн жана алардын жашоо шартынын сапатынын өзгөрүүсүнө таасирин тийгизет.
15-берене.
206. Кыргыз Республикасында жарандардын мыйзам жана сот алдында теңчилиги конституциялык жактан бекемделген. Кыргыз Республикасында укукту колдонуу мүмкүнчүлүгү төрөлгөн учурдан тартып келип чыгат, көзү өткөндө токтотулат. Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын сот түзүлүшү жөнүндө мыйзамдарында бекемделген сот системасы аялдар сыяктуу эле, эркектердин бардык укуктарын коргоо үчүн каралган. Бул багытта кошумча маалыматтар, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын талаптарынын тарабынан аткарылышы боюнча бириктирилип берилген экинчи, үчүнчү жана төртүнчү мезгилдүү баяндамаларынын 220-пунктунда, 271-275, 290-292-пункттарында камтылган ("БУУнун адам укугу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдеринин Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылышы боюнча баяндама жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 токтому") (ЖСЭПТтин Баяндамасы).
207. БУУнун Комитетинин Корутунду сунуштамаларынын 13-пункту боюнча, Кыргыз Республикасынын Конституциянын талабына ылайык адам укугу боюнча эл аралык келишимдердин, анын ичинде АБФЖнын ченемдери түздөн-түз таасир эте тургандыгын белгилеп кетүү зарыл, ошентип, сотторго бир эле иш боюнча чечим чыгарууда эл аралык келишимдердин ченемдерин колдонууга укук берилген. Ошондой болсо да, соттор тарабынан эл аралык ченемдердин колдонулушу катталган учурлар жок. Ушуну менен бирге эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан эл аралык келишимдердин негизинде соттук чечимдерди чыгаруу тажрыйбасын колдонуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
208. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, аялдар дагы эркектер дагы жаран катары мүлккө ээлик кылуу укугуна, мурастап алууга жана мүлктү мураска калтырууга укуктуу. Аялдар юридикалык жактарды өз алдынча же башка жарандар жана юридикалык жактар менен биргелешип түзүүгө; мыйзамга каршы келбеген кандай болбосун бүтүмдөргө келишип, милдеттенмелерге катышууга укуктуу.
209. Кыргыз Республикасынын Конституциясына, улуттук мыйзамдарга жана адам укугу боюнча эл аралык актыларга ылайык, аялдар дагы эркектер дагы жаран катарында Кыргыз Республикасында жашай турган жерин эркин тандап, өлкө чегинен кетүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын жарандарынын эркин жүрүүсүнө, жашаган жерин эркин тандоосуна чек коюуга мыйзам негизинде гана жол берилет. Ушуну менен бирге эле, Кыргыз Республикасынын жарандарынын өз укуктарын ишке ашыра алуусу, ошондой эле башка жарандар алдында милдеттенмесин аткаруусу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын жарандарын республиканын чегинде жашаган жери боюнча каттоо иши жөнгө салынган.
16-берене.
210. Отчеттук мезгил ичинде үй-бүлөлүк мамилелерде гендердик теңчиликти кепилдикке алуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдык базасы кеңейтилген.
211. Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы Конституциясында алгачкы жолу никени түзүү жана каттоо шарттары камтылган: Анда "Нике курагына жеткен адамдар никеге турууга жана үй-бүлө күтүүгө укуктуу. Бир дагы нике никеге туруучу адамдардын ыктыярысыз, эки тараптуу макулдуксуз түзүлбөөгө тийиш. Нике мамлекет тарабынан каттоого алынат" деп белгиленген.
212. Аялдардын катталбаган никеге (нике кыюу жолу менен болгон практика гана) турууга мажбур болуу жагдайынан аялуулугун кыскартуу максатында, Парламенттин депутаты тарабынан мыйзам долбоору демилгеленген. Ага ылайык, молдо никени каттаган мекеменин нике тууралуу күбөлүгүн көрсөткөн шартта, нике кыюу жөрөлгөсүн жүргүзүүгө укуктуу экендиги белгиленген. Бул демилге олуттуу коомдук резонансты жараткан болсо да, Парламентте колдоого алынган эмес.
213. Үй-бүлө кодексине ылайык, эркектер жана аялдар үй-бүлөлүк мамиледе бирдей мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга жана милдеттерге ээ.
214. БУУнун Комитетинин Корутунду сунуштамаларынын 17-пункту боюнча, нике курагы 18 жашта келип жетээри тууралуу шарт, өзгөрүүсүз калгандыгын белгилеп кетүү зарыл. Үй-бүлө кодексинин 14-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүйөлүү себептер болгон шартта, никеге турууга ниеттенип, өтүнүч менен кайрылган эркектер менен кыздардын жаш курагын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн комиссиялык корутундусунун негизинде гана 1 жылдан ашпаган мөөнөткө төмөндөтө алат.
215. "Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлунда № 147 Мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, Үй-бүлө кодексинин 1 жана 14-беренелерине өзгөртүүлөр киргизилген. Бул түзөтүүлөр мамлекеттик органдарда түзүлгөн никенин укуктук жоболорун белгилөөгө, ошондой эле нике курагын төмөндөтүү жагында никени каттоо жол-жоболоштуруусун иретке келтирүүгө багытталган.
216. Киргизилген оңдоолорго ылайык диний ырым-жырымдарды өткөрүү укуктук мааниге ээ эмес. Жарандык абалды каттоого алуу мамлекеттик органдарынын жана жарандык абалды каттоого алуу мамлекеттик каттоого алуу ыйгарым укуктары берилген өз алдынча башкаруу органдарынын каттоосуна алынган нике гана жарактуу деп таанылат.
217. Кыргыз Республикасынын никени мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча органдарында жыл сайын 50 миңден ашуун никени каттоо ишке ашырылат. Мында, бул көрсөткүчтүн жыл санап өсүш динамикасы байкалууда. Алсак, 2010-жылы 50491 нике катталган болсо, 2011-жылы алардын саны 52144гө жеткен, бул мурдагы жылга салыштырганда 3,4%га көп. Нике курагын кыскартуу боюнча маалымат 6-таблицада келтирилген:
6-таблица
Никеге туруунун мамлекеттик каттоосу жөнүндө маалымат (ЖААЖ органынын маалыматы боюнча)
┌───────────────────────┬──────────────┬──────────────┬───────────────┐
│ │Бардык никенин│Нике курагынын│ Үлүш (% менен)│
│ │ саны │ кыскарышы │ │
├───────────────────────┼──────────────┼──────────────┼───────────────┤
│2010-жыл │ 50491 │ 89 │ 0,17% │
│2011-жыл │ 52144 │ 85 │ 0,16% │
└───────────────────────┴──────────────┴──────────────┴───────────────┘
218. Негизинен никени жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмү органдарында мамлекеттик каттоо жарандар нике курагына жеткен шартта гана ишке ашырылат. Республика боюнча орточо алганда, нике курагынын төмөндөтүү менен катталган никелер болгону 0,16% түзөт.
7-таблица
Никеге тургандардын орто курагы (жашы)
┌──────────────────────────┬────────────────────┬─────────────────────┐
│ Жылдар │ Аялдар │ Эркектер │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│2008 │ 24,1 │ 27,8 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│2009 │ 24,0 │ 27,9 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│2010 │ 24,1 │ 27,9 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│2011 │ 24,0 │ 27,8 │
└──────────────────────────┴────────────────────┴─────────────────────┘
219. Үй-бүлөлүк мамилелерде гендердик басмырлоого тыюу салынган (Үй-бүлө кодекси). Бул боюнча кошумча маалыматтар ЖСУЭП боюнча Баяндаманын 527-536-пункттарында камтылган.
220. Республикада никеге тургандар жана ажырашкандар жөнүндө кошумча маалымат Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын аткарылышы боюнча бириктирилип берилген экинчи, үчүнчү жана төртүнчү мезгилдүү баяндамаларында камтылган ("БУУнун адам укугу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдеринин талабынын Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылышы жөнүндө улуттук баяндама тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 токтому).
221. Жубайлардын жалпы тапкан мүлккө ээлик кылуусу, пайдалануусу жана тескөөгө алуусу алардын өз ара макулдугу боюнча жүргүзүлөт (Үй-бүлө кодекси).
222. Жалпы мүлктү тескөөгө алуу боюнча жубайлардын биринин ишке ашырган бүтүмү экинчисинин макулдугунун жоктугунан улам, сот тарабынан анык эмес деп таанылышы мүмкүн (Үй-бүлө кодекси).
Пайдаланылган кыскартуулардын тизмеси
АБФЖ (CEDAW) "Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө" БУУнун конвенциясы
Акыйкатчы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) (Омбудсмен)
АИЖВ Адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу
АСЖ Ар айдагы социалдык жөлөкпул
АӨБ Азия өнүктүрүү банкы
АҮАЖ Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар айдагы жөлөкпул
Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы
БИМ Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
БУУ Бириккен Улуттар Уюму
БУУ КК Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши
ӨЭУ Өкмөттүк эмес уюм
ГТУС Гендерлик теңчиликтин улуттук стратегиясы
ЖААЖ Жарандык абалдын актыларын жазуу
ЖКЖЖО Жыныстык катнаш аркылуу жуктуруп алган жугуштуу оорулар
ЖМК Жалпыга маалымдоо каражаттары
Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
(Парламент) (Парламент)
ЖОЖ Жогорку окуу жайы
ЖКЖИ Жыныстык катнаш аркылуу жуктуруп алган илдеттер
ЖСУЭП Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт
ЖӨБО Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
ЖЭИКМ Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги
ЕККУ Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму
КМК Кепилденген минималдык киреше
КМШ Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги
Кылмыш-жаза Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси кодекси
ИИБ Ички иштер бөлүмү
ИИМ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
ИЖЖС Иммуножетишсиздигин жугузуунун синдрому
PC Репродуктивдүү саламаттык
ССМ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
СӨМ Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги
ТИМ Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
УИП-2 2007-2010-жылдар мезгилинде гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук иш-аракеттердин планы
УИП-3 2012-2014-жылдар мезгилинде гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук иш-аракеттердин планы
Улутстатком Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети
Үй-бүлө кодекси Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси
ОКОЖ Орто кесиптик окуу жайы
ЧУА Ченемдик укуктук актылар
Эмгек кодекси Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси
ЭМУ Кыргыз Республикасындагы Эл аралык миграция уюму
ЭСМУЭП Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакт
ЭЭУ Кыргыз Республикасындагы Эл аралык эмгек уюму
ЮНФПА БУУнун Калктын саны жана өнүгүү фонду
ЮСАИД Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШнын агенттиги
Юстмин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
SWAP Кыргыз-Швейцария-Швед саламаттык сактоо долбоору
(1) Кыргыз Республикасындагы Эл аралык уюмдун колдоосунда 2011-жылы Борбордук Азияда адам сатуу боюнча социологиялык изилдөө жүргүзүлгөн.
(2) "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 токтому.
|
|