Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, 2019-жылдын 14-августу № 2019-П-12/42-1-(НПА)
"Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону, "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо (1-тиркеме) бекитилсин.
2. "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо (2-тиркеме) бекитилсин.
3. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган толуктоолор жана өзгөртүүлөр (3-тиркеме) бекитилсин:
- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 "Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу";
- 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу";
- 2003-жылдын 16-апрелиндеги № 13/2 "Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу";
- 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) "Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону" бекитүү тууралуу";
- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобо тууралуу";
- 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 "Тике банктык көзөмөл жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө";
- 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) "Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-3-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө";
- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмеси жөнүндө";
- 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" жобо тууралуу";
- 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 "Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/9 "Кыргыз Республикасынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобо тууралуу";
- 2018-жылдын 18-июлундагы № 2018-П-12/30-3-(БС) "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу".
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
1) Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 15-майындагы № 26/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого ("адалдоого") каршы аракеттерди көрүү максатында ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар тууралуу" жобо жөнүндө" токтому;
2) Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-июнундагы № 25/8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 15-майындагы № 26/1 "Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 29-декабрындагы № 96/2 "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдуктун жөнгө салынышына карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;
4) Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 55/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
5) Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна карата тиркеменин 35-пункту;
6) Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги 11/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун экинчи абзацы;
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомго карата тиркеменин 1-пункту;
7) Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун экинчи абзацы;
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомго карата тиркеменин 1-пункту;
8) Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун жетинчи абзацы;
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомго карата тиркеменин 6-пункту;
9) Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/1 "Кыргыз Республикасында накталай четөлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;
10) Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 13-июнундагы № 30/8 "Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/1 "Кыргыз Республикасында накталай четөлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
11) Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 35/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/1 "Кыргыз Республикасында накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
12) Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
13) Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 18/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомуна карата тиркеменин 6-пункту;
14) Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна карата тиркеменин IV пункту;
15) Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна карата тиркеменин 5-пункту;
16) Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы 52/8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун 4-пунктчасы;
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомго карата тиркеменин 4-пункту;
17) Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/15 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү" жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун экинчи абзацы;
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомго карата тиркеменин 1-пункту;
18) Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун жетинчи абзацы;
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомго карата тиркемесинин 6-пункту;
19) Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун сегизинчи абзацы;
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомго карата тиркеменин 7-пункту;
20) Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/5 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун экинчи абзацы;
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомго карата тиркеменин 1-пункту;
21) Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) "Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана айрым ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун 4-пунктчасы;
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомго карата тиркеменин 4-пункту;
22) Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-12/34-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун төртүнчү абзацы;
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомго карата тиркеменин 3-пункту.
5. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
6. Токтом 2019-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
7. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, "Кыргыз банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык компанияларды, микрокредиттик компанияларды, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын, алмашуу бюролорун, адистештирилген финансылык мекемелерди, Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасынын милдетин аткаруучу |
| Н.Жениш |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомуна карата 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
1. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 "Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө" нускоонун:
- 8-пунктундагы "бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу)" деген сөздөр "бенефициардык ээси" дегенге алмаштырылсын;
9-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Нускоодо каралган бардык документтер алынып, кардар жана бенефициардык ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөрүлгөн шартта гана банк эсебин, банктык аманат (депозит) эсебин ачууга жол берилет.";
- 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"11. Бул Нускоодо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
Банктык аманат (депозит) - Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 749-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт.
Банктык эсеп - бул, банк менен кардар ортосунда банктык аманатты (депозитти) кабыл алуу жана/же кардарды банктык тейлөөнү ишке ашырууга байланыштуу банктык эсеп (банктын аманат) келишиминде каралган операциялардын банк тарабынан жүзөгө ашырылышы боюнча келишимдик мамилелерди, ошондой эле мыйзамдарда жана банктык тажрыйбада колдонулган адаттагы ишкердик мамилелерди чагылдыруу ыкмасы.
Нак эмес эсептешүү - Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт.
Бенефициардык ээси - түпкүлүгүндө келип (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээлик кылган же кардарды контролдогон жеке адам (жеке адамдар) же болбосо өзүнүн атынан же өзүнүн кызыкчылыгы үчүн операция (бүтүм) жүргүзүүчү жеке адам (жеке адамдар).
Верификация - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу.
Аманатчы - бул, банкка акчалай сумманы салган же анын атына үчүнчү жактан банкка акчалай сумма келип түшкөн жана банктык эсепти жана банктык аманат (депозит) эсебин ачууга жана жүргүзүүгө тиешелүү келишимди түзгөн адам.
Траст жөнүндө декларация - бул, менчикке укук бир жактын колунда турса да, иш жүзүндө ал, менчикке карата укуктук титул анын кызыкчылыгында биринчи жакка өткөрүлүп берилген башка бир жакка тиешелүү экендигин чагылдырылган, кат жүзүндө толтурулган келишим.
Депозиттик сертификат - бул, аманат сертификатына окшош баалуу кагаз, бирок ага юридикалык жак гана ээлик кыла алат. Депозиттик сертификаттын банк-эмитенти менен анын кардары ортосундагы мамиленин негизин, банктык аманат (депозит) түптөйт.
Идентификация - кардар жана (же) бенефициардык ээлик кылуучу жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу.
Жеке ишкер - бул, Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкө жараны же республика аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкердикти жүзөгө ашырган, жарандыгы жок адам.
Номиналдык сервис - бул, уюмдагы расмий кызматка номиналдык жактардын (номиналдык директор, акционер, катышуучу ж.б.) дайындалышы же алардын уюмдун акционери (катышуучусу) катары иш алып баруусун чагылдырган кызмат көрсөтүү. Мында, номиналдык жак менен бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун) ортосунда түзүлгөн келишимге (макулдашууга) ылайык, бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу) уюмга иш жүзүндө ээлик кылат жана анын ишин тескөөгө алат.
Номиналдык жактар, кардардын ыйгарым финансылык чалгындоо органдын талаптарына ылайык түзүлгөн анкетаны толтуруусу аркылуу банк тарабынан аныкталышы мүмкүн.
Номиналдык акционер (катышуучу) - бул, келишимдин (макулдашуунун) негизинде бенефициардык менчик ээсинин тапшыруусу боюнча формалдуу түрдө гана юридикалык жактын баалуу кагаздарына ээлик кылган жеке адам же юридикалык жак.
Номиналдык директор - бул, алардын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде бенефициардык менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү же оозеки тапшыруусунун негизинде иш алып барып, уюмдун ишин формалдуу түрдө тескөөгө алган адам.
Финансылык чалгындоо органы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо органы.
Тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма - тобокелдиктерди тескөөнүн белгиленген жол-жоболоруна (тобокелдикти аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо, деңгээлин төмөндөтүү) ылайык, тобокелдиктин жогорку деңгээлинде күчөтүлгөн чараларды же тобокелдиктин төмөнкү деңгээлинде жөнөкөйлөтүлгөн чараларды көрүү.
Санкциялык тизмек - террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралдарын таратууга алардын катышы бардыгы жөнүндө маалымат болгон жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги.
Аманат сертификаты - бул баалуу кагаз, ал акча каражаттарынын аманат катары банкка салынгандыгын жана белгиленген мөөнөт аяктаган учурда аманат суммасын же ал боюнча пайыздарды банктын кайсы болбосун мекемесинен алуу укугун тастыктайт. Жеке адам гана аманат сертификатына ээ боло алат.
Жеке адамдар - бул, Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкө жарандары, ошондой эле жарандыгы жок адамдар.
Юридикалык жак - бул, менчигинде, чарбалык ишинде же оперативдүү тескөөсүндө обочолонгон мүлкү бар жана ошол мүлк аркылуу өз милдеттенмелери боюнча жооп бере алган, өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттенмелерди ала алган жана жүзөгө ашырган уюм.";
- 15-пунктунун төртүнчү абзацынын биринчи сүйлөмүндөгү "жерди пайдалануучу жер ээси" деген сөздөр "жердин менчик ээси/жерди пайдалануучулар" дегенге алмаштырылсын.";
- 21-пунктундагы "бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну)" деген сөздөр "бенефициардык ээсин" дегенге алмаштырылсын;
- 22-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"22. Банк кардарга эсеп ачуудан же эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдөн төмөнкү учурларда баш тартууга тийиш:
- эсеп ачуу жана ал боюнча операцияларды жүргүзүүгө тиешелүү талаптарды аткаруу, кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо үчүн зарыл болгон тиешелүү документтер берилбесе;
- айкын такталбаган документтер берилсе.
Мында, банк белгиленген тартипте финансылык чалгындоо органына тиешелүү билдирүүнү кардарды тейлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күнү ичинде жөнөтүүгө тийиш.";
- Нускоо төмөнкү мазмундагы 22-1, 22-2, 22-3, 22-4-пункттар менен толукталсын:
"22-1. Эгерде эсепти ачууда же эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдө банктын операциялар (бүтүмдөр) террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу болгондугуна шектенүү туулганда, ал төмөнкү чараларды колдонууга тийиш:
- каалаган бөтөнчөлүктөргө же белгиленген чектик мааниге карабастан кардарга жана бенефициардык ээсине идентификация жана верификация жүргүзүүгө;
- операцияларды (бүтүмдөрдү) шектүү деп тааныгандан кийинки 5 (беш) саат ичинде шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүүгө.
22-2. Эгерде банк кардарды талаптагыдай текшерүүгө алуу келип чыккан шектенүүлөр тууралуу маалыматтын таркатылып кетишине алып келе тургандыгы тууралуу ынанса, банк кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча чараларды көрбөйт жана шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтөт.
22-3. Эгерде кардарга же бенефициардык ээсине карата анын террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге жана массалык кырып, жок кылуучу куралдарды таркатууга катышы бардыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам нормаларына ылайык алынган маалымат болсо, банк ага алдын ала билдирүүсүз эле, Санкциялык тизмеге киргизилген кардардын операциясына (бүтүмүнө) жана/же каражаттарына дароо бөгөт коюуга жана бөгөт коюлгандан кийинки 3 (үч) саат ичинде ал тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирүү жөнөтүүгө тийиш.
Операцияга (бүтүмгө) бөгөт коюу жана андан чыгаруу тартибин, ошондой эле бөгөт коюлган каражаттарга мүмкүнчүлүк берүү жана мындай каражаттарды тескөөгө алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
22-4. Эгерде кардардын же бенефициардык ээсинин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышы бардыгы тууралуу маалымат болсо, банк кардар тарабынан жүргүзүлгөн операцияны (бүтүмдү) дароо токтотууга жана бул тууралуу финансылык чалгындоо органына, операция (бүтүм) токтотулгандан кийинки 3 (үч) саат ичинде билдирүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык кабыл алынган мүлккө арест коюу чечими кабыл алынганга чейин операциялар (бүтүмдөр) токтотулуп турат.
Мүлккө арест коюу чечими кабыл алынбаган учурда, операцияны (бүтүмдү токтотуу белгиленген тартипте жана финансылык чалгындоо органынын буйруусунун негизинде жүргүзүлөт.";
- 25-пунктундагы ар кандай жөндөмөдөгү "бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун)" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "бенефициардык ээсинин" дегенге алмаштырылсын;
- 33-пунктунун:
он биринчи абзацындагы "2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/7" деген сөздөр жана сандар "2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8" дегенге алмаштырылсын;
он төртүнчү абзац күчүн жоготкон катары таанылсын;
- 41-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Электрондук патентти берген учурда жеке ишкер электрондук патентти иш жүзүндө алгандыгын тастыктоо максатында, электрондук патенттин көчүрмөсүн кагазга чыгарып, аны банкка сунуштайт. Мында, банктын кызматкери электрондук патенттин кагаз жүзүндөгү көчүрмөсүнүн аныктыгын тиешелүү программалык камсыздоосу бар мобилдик же башка түзүлүштүн жардамы менен электрондук патентке түшүрүлгөн QR-кодду сканирлөө аркылуу текшерүүгө тийиш.
Эскертүү: QR-код - мобилдик түзүлүштөрдүн таанышы үчүн атайын түзүлгөн патент жөнүндөгү маалыматты камтыган матрицалуу код (кош өлчөмдүү штрих код).";
- 52-пунктунун:
үчүнчү абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Банк акча каражаттарынын калдыгын алуу зарылдыгы жөнүндө кардарга акыркы белгилүү болгон дарек боюнча кат жүзүндө маалымдайт, ал эми кардар жок болгон учурда, акча каражаттарынын калдыгы банктын системалык эсебинде (балансында) сакталат.";
төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Банк кардарга маалымдоодо телефон/электрондук байланыш кызматтарын кошумча колдонуп, билдирүүлөрдү кардардын мобилдик номерине/электрондук почтасына жөнөтө алат.";
- 53-пунктунун:
төртүнчү абзацындагы "бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну)" деген сөздөрдү "бенефициардык ээсин" дегенге алмаштырылсын;
- жетинчи жана сегизинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:
"Эгерде кардарга же бенефициардык ээсине карата анын террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге жана массалык кырып, жок кылуучу куралдарды таркатууга катышы бардыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам нормаларына ылайык алынган маалымат болсо, банк ага алдын ала билдирүүсүз эле, Санкциялык тизмеге киргизилген кардардын операциясына (бүтүмүнө) жана/же каражаттарына дароо бөгөт коюуга жана бөгөт коюлгандан кийинки 3 (үч) саат ичинде ал тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирүү жөнөтүүгө тийиш.
Операцияга (бүтүмгө) бөгөт коюу жана андан чыгаруу тартибин, ошондой эле бөгөт коюлган каражаттарга мүмкүнчүлүк берүү жана мындай каражаттарды тескөөгө алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
- Нускоого карата 1-тиркеменин:
1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. "Өз кардарыңды бил" саясаты кардарларды талаптагыдай текшерүү тартибин аныктайт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) банктык эсепти, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачууда кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жол-жобосун;
Кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген "Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жободо белгиленген талаптарга ылайык түзүлгөн анкетаны толтуруу аркылуу жүргүзүлөт;
2) банк эсебин ачууга чейин жана ачуу процессинде, ошондой эле ушул Нускоодо каралган учурларда, эсеп ачуудан кийин кардарга верификация жүргүзүүгө;
3) бенефициардык ээсин эсеп ачууга чейин жана аны ачуу процессинде верификациялоо үчүн жеткиликтүү жана талаптагыдай чараларды көрүүгө;
4) кардарга жана бенефициардык ээсине идентификация жана верификация жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды документ түрүндө жазууга;
5) кардардын иши жана анын финансылык абалы тууралуу маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле кардарга, биринчи кезекте, олуттуу тобокелдиктүү иш багытын жүргүзгөн кардарларга карата талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди сактоого жана жаңылап турууга;
6) кардар менен ишкердик мамиле жөнгө салынган бүтүндөй мезгил ичинде анын иш багытына талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүү жана жүргүзүлгөн операцияларынын (бүтүмдөрүнүн) анын иш багытынын маани-маңызына, финансылык абалына жана каражат булагына ылайык келишине, ошондой эле террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдигинин келип чыгышы ыктымалдыгына туруктуу негизде талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү;
7) банктын ыңгайына жараша кардардын эсеби боюнча ишке ашырылган операцияларга жана башка иш-чараларга көз салууга.
Банктар кардар менен болгон ишкер мамилелерге жөнөкөйлөтүлгөн жана күчөтүлгөн текшерүүнү тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен жүргүзүп келет.";
3-пунктундагы ар кандай жөндөмөдөгү "бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу)" деген сөздөрдү тиешелүү жөндөмөдөгү "бенефициардык ээси" дегенге алмаштырылсын;
5-пунктунун:
1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- айдоочулук күбөлүгү (үчүнчү жактар тарабынан кардардын банк эсебин толукталган шартта гана);";
2-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"2) чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- Кыргыз Республикасында жашап туруу укугу;";
төмөнкү редакциядагы 3 жана 4-пунктчалары менен толукталсын:
"3) жарандыгы жок жактар үчүн - Кыргыз Республикасында жашап туруу укугу;
4) качкындар үчүн:
- жакты качкын катары таануу жөнүндө өтүнмөнү каттоо жөнүндө күбөлүк;
- качкындын күбөлүгү.";
8-пунктунун "террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) каршы аракеттенүү боюнча" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча" дегенге алмаштырылсын;
10-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- расмий документтерден маалыматтарды тастыктоо. Тастыктоочу документ катары ушул тиркеменин 5-пунктунда келтирилген инсандыгын тастыктаган документтер колдонулушу мүмкүн;";
14-пунктундагы "бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну)" деген сөздөр "бенефициардык ээсин" дегенге алмаштырылсын;
- Нускоого карата 3-тиркеменин:
4-пунктундагы "террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) боюнча" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) боюнча" дегенге алмаштырылсын;
7-пунктундагы ар кандай жөндөмөдөгү "терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү" дегенге алмаштырылсын.
2. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан кардарларга баалуулуктарды сактоосу үчүн банктык жеке сейфтердин сунушталышы жөнүндө" нускоонун:
- 6-пунктундагы "бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучу)" деген сөздөр "бенефициардык ээсин" дегенге алмаштырылсын";
- 10-пунктунун:
биринчи абзацындагы:
"кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү" дегенге алмаштырылсын;
"бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу)" деген сөздөр "бенефициардык ээси" дегенге алмаштырылсын;
экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кардардын, анын ишеним көрсөтүлгөн адамынын, бенефициардык ээсинин операцияларында шектүү операциялар белгилери камтылса банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында, ошол жактардан операцияларына мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл болгон кандай болбосун документтерди же маалыматтарды талап кылууга укуктуу. Мында, банк шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүүгө милдеттүү. Кардар жогоруда аталган документтерди/маалыматтарды сунуштоого жана идентификациялоо үчүн буга чейин берилген кайсы болбосун маалыматтардын жана документтердин өзгөргөндүгү тууралуу кат жүзүндө банкка маалымдап турууга тийиш.";
- 11-пунктунун экинчи абзацындагы "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органы" дегенге алмаштырылсын.
3. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги № 13/2 "Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
токтомдун баш сөзү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана туруктуу ишин камсыз кылуу, коммерциялык банктардын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун таламдарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 79 жана 89-беренелеринин негизинде террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу операцияларга бөгөт коюу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: ".
4. Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) "Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону" бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө" нускоонун:
- 4-пункту төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- финансылык чалгындоо органы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо органы.";
- 10-пунктундагы "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү максатында" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында" дегенге алмаштырылсын, "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органга" дегенге алмаштырылсын;
- 11-пунктундагы "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү" дегенге алмаштырылсын;
- 12, 14-пункттарындагы "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу жана терроризм менен экстремизмди каржылоо" жана "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризм менен экстремизмди каржылоо тобокелдиги" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу)" дегенге алмаштырылсын;
- 1-тиркеменин VI бөлүгүндө:
"Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү максатында" деген сөздөр "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында" дегенге алмаштырылсын;
47-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"47. Тобокелдик менеджеринин жана Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынын мурдагы текшерүүдөн тартып учурдагы текшерүү мезгили ичиндеги отчеттору.";
48-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына (МФЧК)" деген сөздөр "Финансылык чалгындоо органга" дегенге алмаштырылсын;
49-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы менен" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органы менен" дегенге алмаштырылсын;
55-пунктундагы "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жөнүндө" деген сөздөр "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө" дегенге алмаштырылсын, "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү" дегенге алмаштырылсын;
- 6-тиркемедеги "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризм менен экстремизмди каржылоого" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга)" дегенге алмаштырылсын.
5. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобонун:
- 1-главасынын:
Үчүнчү абзацында "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү" дегенге алмаштырылсын;
Бешинчи абзацындагы "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" деген сөздөр "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө" дегенге алмаштырылсын;
- 2, 5, 13, 24, 56, 61, 69-пункттарда ар кандай жөндөмөдө кездешкен "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү" дегенге алмаштырылсын;
- Жобого карата 1-тиркеменин 7-пунктунда "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү" дегенге алмаштырылсын.
6. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 "Тике банктык көзөмөл жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Тике банктык көзөмөл жөнүндө" жобонун:
- 2.2-пунктундагы ар кандай жөндөмөдөгү "кызматкер" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "кызматчы" дегенге алмаштырылсын;
- 2.2.2-пунктундагы "ыйгарым укуктуу кызматкерлер" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу кызматчылар" дегенге, "кызматкерлердин макулдугу" деген сөздөр "кызматчылардын өздөрүнүн макулдугу" дегенге алмаштырылсын;
- 2.5-пунктундагы "көзөмөл блогунун кызматкерлери" деген сөздөр "көзөмөл блогунун кызматчылары" дегенге алмаштырылсын;
- 3.1-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- банктын акционерлеринин курамында акчаны адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таркатууга каршы аракеттенүү жагында эл аралык стандарттарды (ФАТФ) иштеп чыгуу жана аны жайылтуу боюнча өкмөттөр аралык уюмдун сунуш-көрсөтмөлөрүн кабыл албаган жана террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышпаган мамлекеттердин аймагында каттоодон өткөн жана ФАТФ аларга карата каршы аракеттерди көрүүгө мүчө-мамлекеттерди чакырган, өз алдынча же чогуу алганда банктын акцияларынын он же андан көп пайызына ээлик кылган же тескөөгө алган жактардын болушу. Мындай өлкөлөрдүн тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет.";
- 3.3-пунктунун экинчи абзацындагы "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча" дегенге алмаштырылсын;
- Жобого карата 1-тиркемеде "кызматкеринин/леринин" деген сөз "кызматчынын/ларынын" деген сөзгө, "кызматкерлеринин" деген сөз "кызматчыларынын" деген сөзгө алмаштырылсын.
7. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 "Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө" жобонун:
- 16-пунктунун:
жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык, эмитенттин жана ал тарабынан чыгарылган баалуу кагаздардын террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдигин камтыган операцияларга катыштыгы бар же жоктугу предметине террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жагында иш алып барган кызмат адамынын берген корутундусу;";
- тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынан болуп маалыматтарды идентификациялоого, верификациялоого, аныктоого, белгилөөгө жана финансылык чалгындоо органына берүүгө тиешелүү бардык маалыматтарды алууга укугу бар, террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдукту уюштуруу максатында дайындалуучу (комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчисинин деңгээлинде) банктын кызматкери саналат.".
8. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобонун:
- 28 жана 58-пункттарындагы "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге каршы аракеттерди көрүү маселелерине" жана "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү маселелерин" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселелери боюнча" дегенге алмаштырылсын.
9. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) "Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, "Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
- 3-пунктунун:
он жетинчи жана он сегизинчи абзацтарындагы "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча" дегенге алмаштырылсын;
жыйырма алтынчы абзацтагы "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам талаптарын бузууга жол берүү тобокелдиги" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдиги" дегенге алмаштырылсын, "мыйзам талаптарын," деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарын" дегенге алмаштырылсын;
- 90, 91 жана 92-пункттарындагы "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо тобокелдигин" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдигин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 92-пунктундагы "иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-3-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелеринин:
- 30-пунктундагы "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү" дегенге алмаштырылсын;
- 34-пунктунун 10-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"10) банкта Улуттук банктын террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, банкта террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ички контролдоо программасын жүзөгө ашыруу;
- 40-пунктунун тогузунчу абзацындагы "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы иш-аракеттердин көрүү боюнча" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча" дегенге алмаштырылсын.
11. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
- 47-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
4) алдамчылык же алдамчылык схемаларынын бетин ачуу же террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) байланышкан операциялардын белгилерине туура келген бүтүмдөрдү аныктоо жөнүндө;".
12. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмесинин:
- 406-беренесиндеги "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча" дегенге алмаштырылсын.
13. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун алкагында ислам каржылоо принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна төмөнүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, "Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун алкагында ислам каржылоо принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө" жобонун:
- 3-бөлүгүнүн 8-пунктунун б пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"б) террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө саясатты жана жол-жобону;";
- 4-бөлүгүнүн 1.1-пунктунун 8-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"8) ислам принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырууда террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө саясаттар жана жол-жоболор;".
14. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылган операциялар жөнүндө" жобонун:
- 1.5-пунктундагы "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү көз карашынан" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында" дегенге алмаштырылсын.
15. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/9 "Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобонун:
- 50-пунктунун 7-пунктчасындагы 55-пунктунун 1-пунктчасындагы "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү маселелери боюнча" деген сөздөрдү "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселелери боюнча" дегенге алмаштырылсын.
16. Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 18-июлундагы № 2018-П-12/30-3-(БС) "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
- 2-пунктунун:
он сегизинчи абзацындагы "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча" дегенге алмаштырылсын;
- жыйырманчы абзацындагы "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам талаптарын бузууга жол берүү тобокелдиги" деген сөздөр "Террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдиги" дегенге алмаштырылсын, "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча" дегенге алмаштырылсын;
- жыйырма экинчи абзацындагы "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча" дегенге алмаштырылсын;
- 92, 93 жана 94-пункттарындагы "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу)" дегенге алмаштырылсын, "ички контролдуктун" деген сөздөр "террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында" дегенге алмаштырылсын.