Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому
2016-жылдын 24-марты № 145/6/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү тууралуу
2016-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттарын аныктоо жана ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 7-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛЫШАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү жактырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн.
Премьер-министри | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
Т.А. Сариев |
Т. Абдыгулов |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылдын 24-мартындагы № 145/6/1 токтому менен жактырылган |
2014-2015-жылдардагы дүйнөлүк экономикада жана финансы рыногунда бир жактуу эмес кырдаалдар жана башталган тышкы экономикалык шарттардын начарлашы, негизги соода - өнөктөш өлкөлөрдө экономикалык өсүштүн басаңдашы/төмөндөшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) алдына татаал милдеттерди койду жана жалпы экономикалык саясат жүргүзүү үчүн кандайдыр-бир чакырык болду.
Түзүлгөн тенденцияга карабастан, Өкмөт менен Улуттук банк жүргүзгөн макулдашылган экономикалык саясат 2015-жылы өлкөдө макроэкономикалык жана социалдык туруктуулукту камсыз кылууга мүмкүндүк берди.
Экономикалык өсүүнүн оңдуу кыймылын сактоо 2015-жылдын жыйынтыктарынын негизги натыйжасы болуп калды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын-ала баалоосу боюнча 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 103,5%ды түздү, ички дүң продуктун көлөмү (мындан ары - ИДП) 423,6 млрд. сом суммасында түзүлдү. Кумтөр кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын реалдуу өсүшүнүн темпи 104,5% түздү.
Өндүрүштүн көлөмү 4,4%га азайган өнөр жайды эске албаганда экономикалык өсүштү экономиканын бардык секторлору камсыздашты (айыл чарбанын өсүшү 6,2% түздү, курулуш - 13,9%, кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүшү - 3,8% түздү).
2015-жылы инфляциянын деңгээлин бир орундуу санга чейин азайтууга жетишилди (керектөө бааларынын индекси 2014-жылдын декабрына карата 103,4% түздү, жылдык орточо мааниси - 106,5%ды түздү (2015-жылдын январь-декабры 2014-жылдын январь-декабрына карата).
Экономикалык өсүштүн оң динамикасын камсыздоо улуттук экономиканы чыңдоо боюнча 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планынын алкагында активдүү илгериледи (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 78 токтому), мында тышкы жана ички жагымсыз факторлордун күчтүү таасири тийип турган мезгилдерде экономиканы туруктуу өнүктүрүүнү жана социалдык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган, анда кризиске каршы иш-чаралар да интеграцияланган эле.
Айыл чарба өндүрүшүнө дем берүү максатында "Айыл чарбасын каржылоо-3" долбоору ишке ашырылган (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-мартындагы № 113 токтому), анын алкагында 2015-жылы коммерциялык банктар тарабынан 3,8 млрд. сом суммасына 9980 кредит берилди. Фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүүдө коммерциялык банктардын пайыздык ставкаларын субсидирлөөгө 2015-жылдын бюджетинде 392,6 млн. сом каралган, бирок иш жүзүндө 271,36 млн. сом которулду.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (мындан ары - Фонд) ишке киргизилди. Чакан жана орто бизнести колдоо максатында Фонд тарабынан "Айыл Банк" ачык акционердик коому жана "РСК Банк" ачык акционердик коому банктарына 1,2 млрд. сом суммасында акча каражаты бөлүп берилди.
Экспорттук операцияларды өнүктүрүү үчүн 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Планы ишке ашырылууда (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-мартындагы № 174 токтому). План өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүү боюнча "жол картасы" катары пайдаланылып, ага экспорттук потенциалы жогорку артыкчылыктуу секторлор киргизилген.
Бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу үчүн 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында жеке секторду өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасы ишке ашырылууда (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-мартындагы № 129 токтому), анын алкагында 5 чөйрөдө бир катар реформаларды ишке ашыруу сунушталган: соода; бажы; салыктык башкаруу; эмгек жана монополияга каршы мыйзамдарды реформалоо боюнча.
Ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана колдоо көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Уруксат берүүлөр жана лицензиялар 500дөн 98ге кыскарды. Текшерүү жүргүзүү мөөнөттөрү 30дан 15 жумушчу күнүнө, чакан бизнестин субъекттери үчүн 5 жумушчу күнгө чейин кыскартылды, жаңы ишкерлер салыктык эмес текшерүүлөрдөн 3 жылга бошотулган. Онлайн режиминде Интернетке чыгуу аркылуу, контролдоочу органдар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн бардык түрү боюнча маалыматтарды жыйноого мүмкүндүк берген "Контр-Про-3" программасын өркүндөтүү чөйрөсүндө иштер жүргүзүлдү. "Жөнгө салууну тутумдук талдоо" реформасы ишке киргизилди.
Көмүскө экономиканы кыскартуу максатында 2015-2017-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча Иш-чаралар планы кабыл алынды (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 170 токтому), ал көмүскө экономиканын пайда болуу шарттарын жана себебин жок кылууга, ошондой эле аларды мыйзамдаштырууга багытталган.
Мамлекеттик активдерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V) жана Мамлекеттик мүлктү реформалоо концепциясы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 244-б буйругу) кабыл алынды.
Талды-Булак Сол жээк алтын кенинде алтын алуу фабрикасы, Бозымчак жез-алтын кенинде кен байытуучу комплекси ишке киргизилди, ошондой эле жылына 400 миң тонна кубаттуулуктагы Токмок нефтини кайра иштетүүчү заводу сыноо ишине киргизилди. "Джунда" нефтини кайра иштетүүчү заводунун көлөмү 2014-жылга салыштырганда 2 эсеге көбөйдү.
Натыйжада, эмгек рыногундагы кыйынчылыктарды азайтууга жетишилди, 86749 жаңы жумуш орундары түзүлдү (2015-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча), бул 2014-жылдын ушундай эле мезгилдерине караганда 2,8%га көп болду.
Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - БАЭБ) интеграцияланышы, жылдын башкы жаңылыгына айланды.
Бардык жол-жоболор аяктагандан кийин, 2015-жылдын 12-августунда кыргыз-казак чек арасында бардык бажылык жол-жоболор жокко чыгарылды, республиканын аймагында бирдиктүү бажылык тариф, ЕАЭБдин тышкы экономикалык иштеринин бирдиктүү номенклатурасы, продукцияларга карата бирдиктүү талап күчүнө кирди.
2015-жылдын 21-августунда Евразиялык экономикалык комиссиянын мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы санитардык-фитосанитардык контролдоону жокко чыгаруу жөнүндө чечими кабыл алынды, ал 2015-жылдын 18-ноябрында күчүнө кирди. Кыргыз Республикасынын "Манас, "Ош", "Торугарт", "Иркештам" мамлекеттик чек арасында биринчи кезектеги өткөрүү пункттары жабдуулар менен камсыздалды. 7 ветеринардык-контролдоо пункттары жабдуулар менен камсыздалды. ЕАЭБдин 35 техникалык регламенттери күчүнө кирди.
ЕАЭБге мүчө - мамлекеттердин экономикасын иштетүүгө карата тышкы татаал шарттар мезгилинде акырындык менен интеграциялоо үчүн Евразия экономикалык бирлигинин шарттарына Кыргыз Республикасын адаптациялоо боюнча иш-чаралар планы иштелип чыкты, Евразия экономикалык бирлигине Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча штаб түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын негизги соода - өнөктөштөрү өлкөлөрүнүн экономикасынын начарлашы тышкы соода жүгүртүүнү төмөндөтүүгө жана өлкөгө капиталдын келүүсүн кыскартууга алып келди, жалпы дүйнөлүк тенденцияда АКШ долларынын чыңдалышы, 2015-жылдын ичинде алмашуу курстарынын жогорулашын шарттады.
Социалдык-экономикалык өнүгүүгө валюта курсунун өзгөрүүсүнүн таасирин азайтуу үчүн, Өкмөт жана Улуттук банк тарабынан таасирдүү чаралар көрүлдү. Алмашуу курстарынын кескин өзгөрүшүн жөнгө салуу, валюта рыногундагы алып-сатуу операцияларын жок кылуу, товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө жана күйүүчү-майлоочу майларга (КММ) карата баанын өзгөрүшүнө жол бербөөгө арналган 2015-жылга иш-чаралар планы кабыл алынды. Улуттук банк валюталык интервенцияларды жүргүзүү, эсептик ставканы өзгөртүү, коммерциялык банктар үчүн милдеттүү резервдик талаптардын күн сайын минималдык чектик деңгээлин киргизүү аркылуу алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жөнгө салуу боюнча чараларды көрдү.
2015-жылдын жыйынтыгында болгон макроэкономикалык параметрлерден улам, социалдык көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болду: бир кызматчынын номиналдык айлык орточо эмгек акысы (чакан ишкерлерди эсепке албаганда) 13277 сомду түздү, 9,2%га жогорулады, керектөө баасынын индексин эсепке алуу менен чегерилген реалдуу өлчөмү 2,5%га көбөйдү (2015-жылдын январь-декабрында).
Мамлекеттик эмес кызматчылардын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 196, 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 180, 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197, 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 201 токтомдору), мектептик жана мектепке чейинки билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларынын өлчөмү көбөйдү (5-11-класстардын мугалимдеринин эмгек акысынын сааттык ставкасы 50%га жана башталгыч мектептердин мугалимдериники - 80%га жогорулады). Мектеп мугалимдеринин жана бала бакча тарбиячыларынын эмгек акыларын көбөйтүү үчүн бюджеттен 2015-жылдын сентябрь-декабрь айларына 2,2 млрд. сом бөлүндү.
Пенсионерлердин турмуш деңгээлине колдоону камсыздоо максатында пенсиялар 2015-жылдын 1-октябрынан тартып камсыздандыруу стажына жараша жогорулатылды (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 411 токтому). Пенсиялардын орточо көлөмү 4804 сомду түзүп, 2014-жылга карата 5,3% жогорулады.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу максатында, 2015-жылдын 1-июлунан тартып, анын негизинде ай сайын берилүүчү жөлөкпулдар эсептеле турган кепилденген минималдуу кирешенин көлөмү (мындан ары - МКК) 15%га жогорулады, 705 сомдон 810 сомго чейин.
Ошентип, макроэкономикалык туруктуулукту колдоо үчүн базалык шарттарды түзүүнүн жана Өкмөт менен Улуттук банктын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында 2015-жылы экономикалык өсүштүн оң динамикасына жетишилди жана пландалган социалдык милдеттенмелер толук көлөмдө аткарылды. 2016-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттарын аныктоодо, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө таасирин тийгизүүчү сакталып калган тышкы жана ички чакырыктарды/тобокелдиктерди эске алуу зарыл, алар:
- дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн туруксуздугу. Өлкөлөрдүн жана континенттердин ортосунда экономикалык өнүгүүнүн факторлорун бөлүштүрүүгө таасирин тийгизген экономикалык процесстердин олуттуу өзгөрүүлөрү жүрүп, экономикалык өнүгүүнүн жаңы борборлору пайда болууда;
- глобалдык атаандашуунун күчөшү, дүйнөлүк экономикада мүчө - мамлекеттердин натыйжалуу позициясын белгилөө үчүн товардык жана географиялык рыноктордун кыскарышы, жагымсыз тышкы конъюнктура;
- экономикалардын өнүгүшү үчүн тобокелдиктердин булагы катары, жана мүмкүнчүлүктөрдүн пайда болуу факторлору катары технологиялык өнүгүүнүн жогорку маанилүүлүгү;
- ЕАЭБ мүчө - мамлекеттеринин атаандаштык артыкчылыктарынын (биринчи кезекте экономиканын сырьёлук багытына байланыштуу) акырындык менен жок болуусу жана жаңы артыкчылыктарды түзүү зарылдыгы;
- чийки мунайзаттарга карата баанын төмөндөө тенденциясынын сакталышы (2014-жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге чейин төмөндөдү);
- капиталдын сыртка чыгышы (мисалы, 2015-жылдын январь-декабрында Россия Федерациясында капиталдын сыртка чыгышы 56,9 млрд. АКШ долларын түздү (Россия Федерациясынын Борбордук банкынын маалыматы боюнча), 2015-жылдын 9 айында Кыргыз Республикасында капиталдын сыртка чыгышы 15,3%га көбөйдү жана 369,9 млн. АКШ долларын түздү), ал АКШ долларына карата башка өлкөлөрдүн валюталарынын позициясын начарлашына алып келет. Импорттук товарлардын баасы өсүп кымбаттайт, акча которуу тутуму аркылуу жүргүзүлгөн жеке адамдардын акчалай которууларынын таза агымы азаят (2015-жылы мурдагы жылга салыштырганда 25,8%га азайган);
- маанилүү товардык рыноктордун өзгөрүп турушу (алтынга, сымапка, жезге болгон баа жана башкалар);
- киргизилген санкциялардын сакталышы (Россия Федерациясына - соода-өнөктөш өлкөгө Кыргыз Республикасына карата);
- жагымсыз табигый-климаттык шарттардын болушунун тобокелдиги.
ЕАЭБге мүчө - мамлекеттердин экономикасына терс таасирин тийгизген факторлор сакталып калууда жана мурункудай эле кризистик көрүнүштөрдүн таралышынын коркунучу күчүндө калып, ЕАЭБдин мүчө - мамлекеттеринин туруктуу экономикалык өнүгүүсүн коркунучтарга дуушар кылууда.
Ошондуктан, экономикалык өсүштүн басаңдоо тенденциясы жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө инфляциянын өсүш деңгээли сакталып калууда (маалымат үчүн: 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Россия Федерациясында жана Белорусь Республикасында иш жүзүндө экономикалык өсүштүн терс динамикасы түзүлдү (-) 3,7% жана (-) 3,9% тийиштүүлүгүнө жараша, ошондой эле Казакстандын жана Армениянын өсүшү 1,2% жана 3,5% басаңдады1) - 2016-жылга Россияда 1,0%га2 экономикалык төмөндөшү күтүлүүдө, Казакстанда экономикалык өсүш 1,5%ды3 түзөт.
Дүйнөлүк ички дүң продуктунун өсүшү 3,8%дан 2,9%га4 чейин, еврозонаныкы - 1,65%дан 1,7%га чейин кайра каралган.
Ушундай шарттарда, 2016-жылы экономикалык саясаттын башкы максаты, атаандаштыктын артыкчылыктарын ишке ашыруу эсебинен сапаттуу жана туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүү жана кармап туруу болот.
Учурдагы чакырыктарга жана тенденцияларга, ошондой эле экономикалык прогресс үчүн ички чектөөлөргө карабастан, 2016-жылы 2013-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына (мындан ары - ТӨУС), Орто мөөнөттүк мезгилде акча-кредиттик саясаттын негизги багыттарына (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2014-жылдын 17-декабрындагы № 55/3 токтому) жана милдеттерине ылайык экономикалык артыкчылыктарды түзүү жана чыңдоо боюнча активдүү саясат жүргүзүлөт.
ЕАЭБге мүчө болуу кошумча туруктуулукту жана экономиканы өнүктүрүүнү камсыз кылган фактор катары чыгат жана ошол эле учурда интеграциялык чаралардын жана аракеттердин аркасында айтылган чакырыктарга жооп болуп саналат.
2016-жылы экономикалык саясаттын негизги багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- финансылык туруктуулукту камсыздаган деңгээлде тартыштыкты жана макулдашылган акча-кредиттик жана бюджеттик-салык саясатын жүргүзүү эсебинен баанын туруктуулугун кармап туруу аркылуу макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу;
- ишкердик активдүүлүктүн жана инвестициялык жагымдуулуктун өсүшү үчүн шарттарды түзүү;
- инфратүзүмдү өнүктүрүү жана транзиттик потенциалды ишке ашыруу;
- ресурстарды үнөмдөө жана энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу;
- тышкы соода потенциалын ишке ашыруу;
- калктын жашоо-турмушун камсыздоого багытталган конкреттүү иш-чараларды кабыл алуу аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу;
- региондордун өнүгүшүнүн.
Макроэкономикалык туруктуулукка жетишүү экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун, жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясаттын ачык-айкындуулугун аныктаган, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуулугун камсыз кылат, пайда болгон дисбаланска өз учурунда чара көрүү үчүн мамлекетте жетиштүү ресурстардын жана инструменттердин бар экендиги жөнүндө маалымат берет.
Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү сактоо, макроэкономикалык дисбаланстардын алдын алуу, өз ара таасирлердин натыйжалуулугун баалоо аркылуу аталган багыттарды ишке ашыруу макулдашылган антициклдык жана дем берүүчү чараларды иштеп чыгуу менен толукталышы мүмкүн.
2016-жылдагы фискалдык саясат бюджеттин тартыштыгын план ченемдүү кыскартууга жетүү үчүн, чыгашаларга салыштырмалуу мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн өсүш темпинин алга озуусун камсыздоого багытталган. Фискалдык саясаттын негизги багыттары 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясат концепциясын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын алкагында ишке ашырылат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 455 токтому), анда төмөнкү чаралар каралган:
- салыктардын толук жыйналышын камсыздоо;
- салык жана бажы кызматтарын модернизациялоо;
- салык отчёттуулук системасын автоматташтыруу жана өркүндөтүү, отчёттордун санын кыскартуу жана аларды берүү убактысын иретке келтирүү;
- тутумдук коррупциянын пайда болушуна алып келүүчү факторлорду табуу жана минималдаштыруу, анын чыныгы социалдык-экономикалык тамырын ачуу, мыйзамды сактоого үгүттөө, фискалдык чөйрөдө мамлекеттин коррупцияга каршы саясатын ишке ашыруу.
Бюджеттик баланстуулукту кармап туруу максатында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешесин көбөйтүүгө, биринчи кезекте көмүскө экономиканын субъекттеринин жана операцияларынын эсебинен бюджетти толтурууга жана башкарууну өркүндөтүүгө багытталган чаралар көрүлүшү керек.
Өндүрүштөрдү диверсификациялоого, технологиялык жаңыртууга жана модернизациялоого, ошондой эле экономиканын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге катышуу алкагында атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган фискалдык саясаттын дем берүүчү ролу сакталып калууда.
2016-жылы мамлекеттик финансы чөйрөсүндөгү иш мамлекеттик финансыны натыйжалуу жана ачык башкарууну камсыз кылууга багытталат. Негизги багыттары төмөнкүлөр:
- мамлекеттик финансыны башкарууну өркүндөтүү, мында негизги чаралар болуп, финансылык тартипти күчөтүү, бюджетти пландоону өркүндөтүү, бюджеттер аралык мамилени борбордун таасиринен ажыратуу, бюджеттик процессти автоматташтыруу, программалык бюджеттештирүүнү кадамы менен киргизүү, мамлекеттик органдардын ишинин жыйынтыгына мониторинг жүргүзүүнү жайылтуу, мамлекеттик финансынын ачыктыгын жогорулатуу саналат. Ал үчүн 2016-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүү стратегиясы жана 2016-2019-жылдарга мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча аракеттердин орто мөөнөттүк планы иштелип чыгат;
- мамлекеттик органдардын ишин модернизациялоо жана мамлекеттик финансынын ачыктыгын жогорулатуу. Бул багыттарда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасы модернизацияланат, бюджетти пландоо процесси өркүндөтүлөт, "электрондук өкмөт" системасы ишке киргизилет, бюджеттик маалыматтардын коомчулукка ачыктыгы камсыздалат;
- өнүктүрүү бюджетинин көлөмүн акырындап көбөйтүү, ал инфратүзүм долбоорлорун ишке ашырууга жана жаңы өндүрүштүк кубаттуулукту киргизүүгө, жумуштуулуктун өсүшүн камсыздоого жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган, бул социалдык милдеттерди чечүүгө көмөктөшөт. Мамлекеттик чыгашалардын инвестициялык курамдарын күчөтүү максатында керектөөчү чыгашалардын өсүшү кармалат;
- мамлекеттик ресурстарды кыйла натыйжалуу пайдалануу каралган мамлекеттик секторду мындан ары реформалоо. Бул үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө кеткен чыгымдарды оптималдаштыруу, социалдык жөлөкпулдарды алуунун даректүүлүк тутумун андан ары өркүндөтүү, мамлекеттик мүлктү жана активдерди натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу зарыл.
2016-жылы мамлекеттик чыгашалар саясатынын максаты болуп, натыйжасыз жана артыкчылыктарсыз чыгымдарды кыскартуу менен катар, мамлекеттик чыгашалардын социалдык багыттарын сактап калуу саналат.
Мамлекеттик чыгашалар чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруунун негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- бюджетти пландоону өркүндөтүү;
- чет өлкөлүк зайымдарды тартууга жана чыгаша тартибин катуу камсыз кылууга багытталган ишти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзүп жатканын эске алып, республиканын тышкы карызын башкаруу;
- мамлекеттик түз инвестициялардын тышкы жана ички каражаттарын пайдаланууну башкаруу жана контролдоо;
- мамлекеттик бюджеттин дефицитин алгылыктуу деңгээлде камсыздоо.
Жогоруда көрсөтүлгөн багыттарды ишке ашыруу үчүн төмөнкү чаралар көрүлөт:
- финансылык тартипти чыңдоо: бюджетте каралган каражаттарды, аларга так артыкчылык берүү менен министрликтердин жана ведомстволордун чыгымдоосу боюнча тартипти күчөтүү;
- мамлекеттик ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- республикалык бюджеттин баланстуулугун камсыз кылуу;
- бюджеттик ресурстарды пайдалануунун экономикалык натыйжалуулугун баалоо системасын ишке киргизүү;
- мекемелерди каржылоодо жыйынтыкка - багытталган мамилени жайылтуу;
- социалдык төлөмдөрдүн даректүүлүгүн күчөтүү;
- программалык бюджеттештирүү механизмдерин ишке киргизүү аркылуу тобокелдиктерди азайтуу;
- тийиштүү бекемдөөлөрү жок, министрликтердин жана ведомстволордун жаңы чыгаша демилгелерин кабыл алуудан кармануу жана мораторий киргизүү, ошондой эле бюджеттик ассигнованияларды жылдырууну ишке ашыруу жолу менен, министрликтердин жана ведомстволордун чыгаша милдеттенмелерин көбөйтүүгө тыюу салууну киргизүү.
Мамлекеттик карыздарды башкаруу максаты болуп, мамлекеттик карыз түзүмдөрүн оптималдаштырууну түзүү жана зайымдарды тартуу менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик карыздарды башкаруу тармагындагы аракети жеңилдетилген мамлекеттик тышкы көмөктөшүүлөрдү гана тартууга жана мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүгө багытталат.
Баалардын туруктуулугун кармап турууга Өкмөт менен Улуттук банктын макулдашылган экономикалык саясатын жүргүзүү аркылуу жетишилет.
Азык-түлүк жана чийки зат дүйнөлүк рынокторундагы жагымдуу баа жагдайы ички бааларга карата тизгиндөө таасирин улантууда. Белгилеп кетчү нерсе Кыргыз Республикасында электр жана жылуулук энергия тарифтерине өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатына ылайык жүзөгө ашырылат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 токтому). Кыргызстандын негизги соода-өнөктөштөр өлкөлөрүнүн макроэкономикалык өнүгүүсүндө болжолдордун бир аз жакшыргандыгына карабастан, тышкы жагдай мурдагыдай эле оор бойдон калышы мүмкүн, бул жогорку инфляциялык басымдын сакталышын шарттайт.
Орто мөөнөттүк мезгилге акча-кредиттик саясаттын негизги багыттарына ылайык, 2016-жылы акча-кредит саясатынын негизги максаттары болуп, орто мөөнөттүк келечекте туруктуу экономикалык өсүштүн негизги шарттарынын бири катары, инфляцияны солгун темпте кармап туруу саналат. 2016-жылы акча-кредиттик саясаттын сандык багыты инфляциянын деңгээлин 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын ТӨУСде аныкталган маанилүү бир сандык көрсөткүчтүн деңгээлинде кармап калуу болот.
Улуттук банк орто аралыктагы саясаттын багыты катары Улуттук банктын эсептик ставкасын жана акча-кредит саясатынын колдонулуучу каражаттарын модернизациялоону пайдалануучу акча-кредиттик саясаттын негизин өнүктүрүү боюнча иштерди улантат. Бул пайыздык трансмиссиялык каналдын ишин жана Улуттук банктын эсептик ставкасынын рыноктук ставкаларга болгон таасирин күчөтүүгө мүмкүндүк берет.
Улуттук банктын валюталык саясаты мурдагыдай эле өлкөдө кабыл алынган өзгөрүлмө алмашуу курсунун режимине ылайык жүргүзүлөт. Интервенция жүргүзүү алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жөнгө салуу максатында гана ишке ашырылат. Эл аралык резервдерди башкаруу ликвиддүүлүктү колдоонун негизги принциптерин сактоо жана резервдик активдердин коопсуздугун камсыз кылууну эске алуу менен жүргүзүлөт. Улуттук банк өлкөнүн ички рыногунда улуттук валютага алтынды сатып алуу боюнча операцияларды дүйнөлүк финансы рынокторундагы жагдайды эске алуу менен эл аралык резервдердин көлөмүн толуктоо максатында жүзөгө ашырат.
Өлкөнүн финансылык секторундагы валюталык тобокелдиктерди чектөө максатында Улуттук банк тарабынан экономиканы долларлаштыруу деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар ишке ашырылат. Улуттук валютаны сактоо каражаты катары пайдаланууга дем берүү үчүн Улуттук банк улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелери боюнча милдеттүү резервдик талаптардын ченемдерин белгилөөдө дифференциялык мамилени колдонуу, жаңы валюталык кредиттерге карата талаптарды күчөтүү боюнча иштерди улантат. Экономиканы доллардан ажыратуу боюнча чаралардын бири болуп, калк үчүн инвестициялоо жана аманаттардын альтернативдүү инструменттерин берүү максатында чендик уютмалардагы алтын куймалар рыногун мындан ары өнүктүрүү саналат.
Акча-кредит саясатынын өткөрүү механизмин күчөтүү максатында Улуттук банк накталай акча эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча иш чараларды улантат. Бул багытта Улуттук банк Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга мамлекеттик программанын иш-чараларынын ишке ашырылышын андан ары координациялоону жана контролдоону жүргүзөт (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 14-майындагы № 289/5/1 токтому). Чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүү, төлөм кызматтарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн деңгээлин жогорулатуу артыкчылыктуу багыт болуп саналат.
Банк системасынын туруктуулугун жана бүтүндүгүн сактоо максатында банктардын уставдык капиталды акырындан көбөйтүүгө карата белгиленген талаптарды аткаруусу боюнча иш улантылат. Керектөөчүлөрдүн банктык, микрофинансылык жана төлөм кызматтары укуктарын коргоону күчөтүү, коммерциялык банктарда тобокелдиктерди башкаруунун сапатын жана тобокелдин даражасын баалоону караштыруучу тобокелдикке багытталган көзөмөлдү киргизүү финансы секторун өнүктүрүүгө шарт түзөт.
Банк секторунда укуктук реформа жүргүзүү алкагында Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун илгерилетүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт, аны кабыл алуу өлкөнүн банк мыйзамдарын сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарууга, карама-каршылыктарды жана үзгүлдүктөрдү жок кылууга, банк ишин ишке ашырууда жана жөнгө салууда пайда болгон мамилелерди так укуктук жөнгө салууларды белгилөөгө мүмкүндүк берет.
Улуттук банк 2013-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын ТӨУСде аныкталган финансалык секторунда атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүү, коммерциялык банктар тарабынан берилген кредиттердин пайыздык өлчөмүн төмөндөтүү механизмдерин киргизүү, 2016-жылы финансы-насыя мекемелеринин финансылык ортомчулук деңгээлин көтөрүү жагынан негизги милдеттерин ишке ашырууну улантат.
Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирге Ведомстволор аралык координациялык кеңештин үзгүлтүксүз иштеген акча-кредиттик жана бюджеттик-салык саясатынын чараларын туруктуу негизде макулдашууну улантат.
Экономикалык изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү, анын ичинде изилдөөчү институттар, эл аралык уюмдар, башка мамлекеттердин борбордук банктары менен кызматташтык боюнча иштер улантылат.
Улуттук банк активдүү коммуникациялык саясатты жүргүзүү практикасын сактайт, ал жүргүзүлүп жаткан акча-кредиттик саясат жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт. Коомчулукту өз убагында жана транспаренттүү маалымдоо калктын инфляциялык күтүүлөрүн төмөндөтүүгө көмөктөшөт.
Ишкердик активдүүлүктү жана инвестициялык жагымдуулукту өстүрүү үчүн шарттарды түзүү ишкердик иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө чарба субъекттеринин кошумча чыгымдарын түзгөн, ишкердик иштерди ашыкча жөнгө салууларды кыскартуу, ыйгарым укуктуу органдар мамлекеттик функцияларын ишке ашырууда жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө натыйжалуулукту жогорулатуу жана чыгымдарды азайтуу, чарба субъекттеринин инвестициялык форумдарга жана жарманкелерге катышуусуна көмөктөшүү, чарба субъекттеринин жана потенциалдуу инвесторлорду маалыматтык камсыздоо деңгээлин жогорулатуу аркылуу жетишилет.
Лицензиялык-уруксат берүү системасындагы иш лицензиялануучу иштердин түрлөрүнүн санын 91ге чейин кыскартууга, чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу боюнча иштерден башкаларга лицензия берүү үчүн төлөмдү жокко чыгарууга, онлайн режиминде электрондук лицензиялоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүгө багытталат.
"Жөнгө салууну тутумдук талдоо" жөнгө салуучу реформа активдүү улантылат. "Гильотин" принцибин колдонуу менен рыноктук экономикага негизделбеген жана багытталбаган ченемдик укуктук актыларды жоюу иштери алдыда турат, тактап айтканда бизнес үчүн жасалма тоскоолдуктарды түзгөн жана ашыкча, негизсиз талаптарды белгилеген бардык ченемдер мыйзамдан алып салынат.
Мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлорун иштеп чыгууда ишкердик ишке тиешелүү чечимдердин долбоорлорун жөнгө салуучу таасирди талдоонун сапаты жогорулайт.
Биринчи жолу кампа тил каттарын күрөөгө коюу менен каржылоонун жаңы системасы ишке киргизилет, ал айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба продукцияларын күрөө катары пайдаланып, кыска мөөнөттүү банк зайымдарын алууга мүмкүндүк берет. Негизги милдеттер болуп, товардык кампалардын ишин жөнгө салуу эсептелет, бул айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө кыймылдуу мүлкүн жана товардык-материалдык баалуулуктарын күрөө катары колдонууга мүмкүндүк берет, бул узак мөөнөттүү кредиттерди камсыз кылуу үчүн колдонууга мүмкүн болгон зарыл болгон негизги каражаттарын сактоого болот.
Өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу максатында, 2016-2017-жылдарда "Doing Business" рейтингинде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча иш-чаралардын орто мөөнөттүү планын иштеп чыгуу жана рейтингди 10-пунктка жакшыртуу пландалууда. Артыкчылыктуу багыттардын бири катары мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү боюнча иштер улантылат. Ошондой эле, Кыргыз Республикасында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) программасын иштеп чыгуу боюнча иштер башталды, ал өлкөдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн "жол картасы" болуп калат. Бул Программа МЖӨ механизмдерин ишке ашыруу үчүн негизги милдеттерди, шарттарды аныктап узак мөөнөттүү экономикалык өсүштү жана өлкөнүн натыйжалуулугун камсыздоо үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү, болгон инфратүзүмдүк объекттерди модернизациялоого жана жаңыларын түзүүгө көмөктөшөт. Инвестициялык долбоорлорду тандоо жана артыкчылык берүү механизмин ишке киргизүү пландалууда, ал тышкы жардамдарды тартуу процессинин максаттуу багыттарын жана ачыктыгын камсыздоо тармагындагы милдеттерди чечүүгө багытталат.
Өндүрүштүн көлөмүн өстүрүү, иштебей калган ишканаларды ишке киргизүү, иштеп жаткан өндүрүштөрдү активдештирүү жана жаңыларын түзүү максатында, 2016-2018-жылдарга текстиль-тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү программасы, "Индустриялык парк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыгууда, алар инвесторлор үчүн атайын шарттарды түзүп, индустриялык технологиялык парктарды уюштуруунун мыйзамдык негизин түптөөнү болжолдоодо.
Айыл чарбасын өнүктүрүү төмөнкү артыкчылыктуу багыттарда топтолот: өлкөнүн калкын негизги азык-түлүк товарларынын зарыл болгон көлөмү менен камсыздоо; иштетүүчү ишканаларды чийки зат менен камсыздоо; айыл чарба өндүрүшүнүн кирешелүүлүгүн жогорулатуу; айыл жергесиндеги жакырчылыктын деңгээлин азайтуу, өндүрүштүн өсүшүн жана агроөнөр жай продукцияларынын экспортун колдоо; айыл чарба өндүрүшүн сервистик кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу; суу жана жер ресурстарын үнөмдүү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Айыл чарбасын мамлекеттик колдоону чыңдоо, айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүүдөгү өз ара аракеттерди өркүндөтүү жана өнүктүрүү, айыл чарба сырьёсун экспорттоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташтыкты түзүү, айыл чарбасына техникалык жардам көрсөтүү, ата мекендик жана чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу боюнча иштер улантылат.
Инфратүзүмдү өнүктүрүү жана транзиттик мүмкүнчүлүктү ишке ашыруу ЕАЭБ алкагында экономиканы иштетүү шарттарынын артыкчылыктуу багыттары болуп саналат, Товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, капиталды жана жумушчу күчтү эркин жүгүртүү инфратүзүмдү өнүктүрүүнүн деңгээлине жараша болот.
Транзиттик потенциалды ишке ашыруу маселеси транспорттук инфратүзүмдүн өнүгүшү менен чектелбейт. Транспорттук кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, бажы, чек ара жол-жоболорун жана транспорттордун түрлөрүнүн функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен транспорттук контролдоо жол-жоболорун өркүндөтүү маанилүү роль ойнойт. Келечекте транспорттук-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү менен талап кылынган багыттарга транспорттук коридорлорду түзүү продукциялардын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
2016-жылдагы жол тармагынын негизги багыттары: оңдоолорду жүргүзүүнү камсыздоо боюнча иштерди улантуу жана жалпы пайдалануудагы жолдорду кармоо, жолдордун ички тармактарын жакшыртуу; темир жол транспорт чөйрөсүндөгүлөр - Китай-Кыргызстан темир жол курулуш долбоорун илгерилетүү; жарандык авиация чөйрөсүндөгүлөр - аба транспортунун транзиттик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү, "Манас", "Ош", "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторунда навигациялык жабдууларды, техникалык каражаттарды жана атайын техникаларды модернизациялоо, учуулардын коопсуздугун жогорулатуу; байланыш тармагындагылар - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасын модернизациялоо жана өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын аймагында цифралык теле-радио берүүлөрдү ишке киргизүүнү аяктоо.
Токтогул суу сактагычында суу ресурстарынын топтолушунун татаал кырдаал шарттарында, ресурстарды үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери өзгөчө актуалдуулукка айланууда. Энергия секторун натыйжалуу башкаруу жана энергия ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасында 2015-2017-жылдарда энергияны үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук саясатын пландоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-августундагы № 601 токтому), Кыргыз Республикасынын чакан гидроэнергетикасын 2017-жылга чейин өнүктүрүү концепциясы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-июлундагы № 507 токтому) ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги иш-чаралар болуп, иштеп чыгуучу кубаттуулуктарды модернизациялоо жана жаңыларын ишке киргизүү, электр берүүнүн жаңы жогорку вольттук линияларын жана 110-500 кВ көмөкчү чордондорду куруу, бөлүштүрүү түйүндөрүн өнүктүрүү, электр энергиясын эсепке алуу тутумун автоматташтыруу эсептелет. Андан тышкары башка чаралар көрүлөт:
- кубаттуулугун 300 МВт көбөйтүү менен "Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо" долбоору ишке ашырылат, бул 50 жыл мурда ишке киргизилген, Бишкек ЖЭБинин эскилиги жеткен жабдууларды алмаштырууга, суу режимдерине көз каранды болбогон, базалык, кепилденген электр кубаттуулугун түзүүгө жана жергиликтүү көмүрдү пайдаланууну көбөйтүүгө мүмкүндүк берет;
- экспорттук коридорлорду диверсификациялоо үчүн "CASA-1000" долбоорунун алкагында 500 кВ электр линиясынын "Датка-Ходжент" (Тажикстан) курулат.
Ошондой эле, өлкөнүн чакан гидро энергетикасын өнүктүрүү үчүн чакан гидроэлектростанцияларды курууга инвесторлорду тартуу боюнча иштерди жүргүзүү, кредиттик каражаттардын, ошондой эле энергия компаниялардын өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен гидроэлектрстанцияларды, берүүчү жана бөлүштүрүүчү түйүндөрдү реабилитациялоо жана реконструкциялоо боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашыруу, көмүр казуучу тармактарды өнүктүрүү керек (ата мекендик көмүр казуучу ишканаларды колдоо, Кабак күрөң көмүр бассейнинен көмүр казып алууну жылына 942,0 миң тоннага чейин көбөйтүү).
2016-жылы тышкы соода мүмкүнчүлүгүн ишке ашыруу республиканын экспорттук мүмкүнчүлүгүн өстүрүү жана өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ЕАЭБдин документтери менен айкалыштырууну камсыз кылууга багытталат (техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү).
ЕАЭБде иштөө шарттарында экономикалык өнүгүү, туруктуу негизде, анын ичинен ички рынокто жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторунда атаандашууга жөндөмдүү өндүрүштү интенсификациялоо жана товардык агымдарды географиялык диверсификациялоонун эсебинен ишке ашырууну ошондой эле үчүнчү өлкөлөр жана интеграциялык бирикмелер менен өнөктөштүк мамилелерди колдоону, экономикага инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылууну жана транзакциялык, анын ичинде тышкы соодадагы чыгымдарды азайтууну болжолдойт.
Ички жана тышкы суроо-талаптардын чектелиши менен катар экономикадагы дисбаланстар мүчө - мамлекеттердин тышкы жана өз ара соодасынын өсүш темпинин басаңдоо тенденциясын шарттады.
Дүйнөлүк сатык-өткөрүү рыногундагы атаандаштыктын күчөшү өндүрүлгөн продукциянын экспортун камсыз кылууну жана бул маселени чечүүнүн өзгөчө ыкмаларын жана инструменттерин мамлекеттин экономикалык саясатынын өзүнчө милдети катары караштырат. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга карата планын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-мартындагы № 174 токтому) ишке ашыруу жана экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" борбору" Мамлекеттик ишканасынын функцияларын кеңейтүү зарыл.
2016-жылы социалдык өнүктүрүү саясаты мамлекеттин кепилденген социалдык милдеттерин толук көлөмдө аткарууга, жашоо-турмуш деңгээлин жогорулатууга жана мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларынын абалын жакшыртууга багытталат. Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 85 токтому) ишке ашыруу боюнча иштер улантылат, ал жарандардын кыйла аялуу категорияларына даректүү социалдык жардам көрсөтүүнү, ишке жарамдуу калктын экономикалык активдүүлүгүнө түрткү берүүнү жана турмуштук оор кырдаалдан чыгууга көмөк көрсөтүүнү көздөйт.
Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясына жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планына (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 токтомуна) киргизилген, пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, пенсияларды көбөйтүү жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тармагындагы укуктук мамилелерди өркүндөтүү боюнча чаралар ишке ашырылат.
Пенсиялык саясатты өнүктүрүү алкагындагы негизги аракеттер төмөнкүдөй багыттар боюнча ишке ашырылат:
- республикалык бюджеттин пенсиялык камсыздоо чыгымдарын оптималдаштыруу;
- пенсиянын базалык бөлүгүнүн ролун жана пенсиялык тутумда электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү кайрадан баалоо;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун тарифтик саясаты;
- пенсия алуучулардын айрым жеңилдиктер берилген категориялары үчүн пенсияга чыгуу курагын жогорулатууну караган мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизүү;
- пенсияга карата кошумча төлөмдөрдү дайындоо жана төлөө шарттарын кайрадан карап чыгуу;
- эмгек мигранттарын пенсиялык камсыздоо.
Иш менен камсыздоо саясаты 2020-жылга чейин калкты иш менен камсыздоого көмөктөшүү жана ички жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу программасынын алкагында аныкталат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 485 токтому), анын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- иш менен камсыздоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү аркылуу жумушсуз жарандарды жана калктын социалдык аялуу катмарларын иш менен камсыздоого көмөк көрсөтүүчү активдүү иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле айрым аялуу топтордун өзгөчө керектөөлөрүн эске алуу менен бир катар чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- окутуу, кайра окутуу жана квалификациясын жогорулатуу, иш берүүчүлөр тарабынан кадрларды даярдоону көз карандысыз баалоо жана сертификатташтыруу механизмдерин ишке киргизүү маселелеринде социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү тутумун өркүндөтүү аркылуу эмгек рыногундагы жумушчу күчүнүн сапатын жана атаандашуу жөндөмүн жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө иштеген жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча системасын толук камсыздоо;
- мыйзамдарды өркүндөтүү, маалыматтык билим берүүнү камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө иштөөнү каалаган жарандарына кызмат көрсөтүү аркылуу эмгек миграциясын мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуу тутумун түзүү жана өнүктүрүү;
- эки тараптуу жана көп таратуу мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүгө негизделген эмгек миграциясын жөнгө салуунун формаларын жана ыкмаларын өнүктүрүү.
Саламаттыкты сактоо тутумунда негизги иш багыттары 2012-2016-жылдарда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун "Ден соолук" улуттук программасына (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 309 токтому) ылайык ишке ашырылат.
2020-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо стратегиясында ("Ден соолук-2020") (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 306 токтому), тилектештик принциптерин сактоонун жана адамдардын, ар бир адамдын кызыкчылыктарындагы ар кандай оорулардын натыйжалуу алдын алуу, саламаттык сактоо уюмдарындагы медициналык кызматтардын сапатын, мүмкүнчүлүктөрүн жана туруктуулугун жогорулатуу үчүн зарыл болгон социалдык, экономикалык жана башкаруу шарттарын түзүү.
Кыргыз Республикасында билим берүү тутумун реформалоо 2012-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын алкагында ишке ашырылат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 токтому). Аны ишке ашыруу ата мекендик билим берүүнүн жана эл аралык тажрыйбанын эң мыкты деген салттарын эске алуу менен ийкемдүү, ачык, заманбап талаптарга туура келген улуттук билим берүү тутумун түзүүгө багытталган.
Өнүктүрүүнүн региондук экономикалык борборлорун-шаарларын түзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу жана андан ары ишке ашыруу максатында "Шаарлар - региондук өнүктүрүүнүн башаты (баскычы)" программасы иштелип чыгат, анда салык саясатын региондордун пайдасына кайра карап чыгуу аркылуу жер жерлерде инфратүзүмдүк өзгөртүүлөр, кредит берүүнү жана чакан жана орто бизнес үчүн айылдарда финансылык ресурстарды алууну кеңейтүү, регионду өнүктүрүү максатында тышкы жардамды координациялоо деңгээлин жогорулатуу, географиялык жана табигый-климаттык шарттардан улам, "өнүктүрүүнүн башаты" - шаарлардын экономикалык адистешүүсүн географиялык, табигый-климаттык шарттарына жараша чыңдоо, ошондой эле региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган бир катар башка иш-чаралар каралган.
Ошентип, 2016-жылы Өкмөт менен Улуттук банк жүргүзүп жаткан экономикалык саясат инфляцияны бир маанидеги көрсөткүчтүн деңгээлинде кармоо менен өлкөнүн ИДПсын түзүүчү экономиканын бардык тармактары тарабынан колдоого алынып, экономикалык өсүштүн оң деңгээлин сактоого мүмкүндүк берет.
Керектөөлөрдүн кыскарышы менен коштолгон, дүйнөлүк экономикадагы кризистик көрүнүштөрдүн кайталанышы ата мекендик экономиканын өсүшүнүн басаңдашына алып келиши мүмкүн.
Өкмөт жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан тобокелдик факторлорунун таасирин минималдаштыруу, атаандашууга жөндөмдүү, экономиканын стратегиялык таламдарына ылайыктуу заманбап банк секторун чыңдоо үчүн биргелешкен жигердүү аракеттер көрүлөт. Банк секторлорунун туруктуу иштөөсү, ошондой эле кредиттик активдүүлүктүн өсүшү экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна кредит берүүнү мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө, экономикалык өсүшкө дем берүүгө көмөктөшөт.
Макроэкономикалык туруктуулукка жетишүүнүн негизги шарттары болуп өлкөдө коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу, ички ресурстарды жана жеке потенциалды натыйжалуу пайдалануу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү саналат.
Өкмөт менен Улуттук банк өз кезегинде Биргелешкен билдирүүдө жана программалык документтерде каралган негизги милдеттердин ишке ашырылышына мыйзам чыгаруу бийлиги, бүтүндөй ишкердик коомчулугу тарабынан колдоо көрсөтүлөрүнө ишеним артат.
(1) Тийиштүү мамлекеттердин статистикалык комитеттеринин алдын ала маалыматынын негизинде.
(2) Эл аралык валюталык фонддун маалыматы боюнча.
(3) Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча.
(4) Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча.